Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ШРИ-ЛАНКА – КУТ ДААРЫГАН ӨЛКӨ

№587 31-январь-06-февраль, 2014-ж

Шри-Ланка Демократиялык Социалисттик Республикасы Индостан жарым аралынын Түштүк чыгышындагы Шри-Ланка аралында (Түштүк Азия) жайгашкан. 9 провинция, 25 округдан турат. Эскиче аталышы – Цейлон. Шри-Ланка сөзүнүн бизче мааниси «кут төгүлгөн жер, өлкө» дегенди билдирет. Мына ушул берекеси ашып-ташкан өлкөгө эс алып, саякат куруу максатында «Супер сулуу-2013» сынагынын жеңүүчүсү Орункүл Шабралиева жана шоу-бизнес өкүлдөрү Добр, Каныкей, Эрмек Нурбаев, Нурзат Токтосунова 30-январда жөнөп кетишти.

Расмий борбору – Шри-Жаяварденепура-Котте.
Иш жүзүндөгү борбору ­– Коломбо.
Президенти – Махинда Раджапаксе. Президент 6 жылдык мөөнөткө шайланат.
Мыйзам чыгаруучу органы – Парламент, бир палаталуу, 225 депутаттан турат.
Аянты – 65 миң 610 чарчы чакырым.
Калкы – 21 миллион 675 миң 648 адам (2013-жыл).
Расмий тилдери – Сингал жана тамил тилдери.
Дини – Буддизм (калктын 70,19 пайызы), индуизм (12,61%), ислам (9, 71%), христиан (7,45%).
Валютасы – Ланка рупийи (1 шри-ланка рупийи болжол менен биздин 40 тыйынга барабар).

БИР ЖЫЛДА 305 ТОННАДАЙ ЧАЙ ӨНДҮРҮЛӨТ
Бул өлкөнүн экономикасынын өсүшүнө туризм менен бирге өлкөдө өндүрүлүүчү табигый каучук, корица
(татымал), баалуу таштар салым кошот. Шри-Ланкада дүйнөдөгү чайлардын 10 пайызы, башкача айтканда, жылына 305 тоннадай чай өндүрүлөт. Бул жагынан Индия жана Кытайдан кийин 3-орунда турат.
Экспортко текстиль, кийим, чай, татымал, баалуу таштардан алмаз, зымырыт (изумруд), лаал (рубин), ошондой эле кокос, резина, балык чыгарылат.

ОРХИДЕЯНЫН 150 ТҮРҮ БАР
Өлкөнүн климаты жылуу жана нымдуу болгондуктан, өсүмдүктөрдүн 3 миңге жакын түрү бар жана алардын 25 пайызы гүлдөөчүлөргө кирет. Орхидеялардын көз жоосун алган укмуштуудай кооз түрлөрү табияттын көркөмдүгүн арттырып турат.
Жемиштерден манго, банан, папайя, мангостан, рамбутан, маракуйя, авокадо, ананас, саподилла, дуриан бардык жерде өсүп, айрымдары жыл ичинде бир нече ирет түшүм берет.
Ширесинен табигый каучук алынуучу гевея дарактары атайын плантацияларда өстүрүлөт. Анын ширесин алуу үчүн дарактын кабыгын кесип, кесилген жерге идиштерди байлап коюшат. Топтолгон ширелерди иштетүүдөн өткөрүшүп, каучук чыгарышат. Гевея дарагынан бышык жана бекем эмеректер жасалат.

ФЛАМИНГО МЕНЕН ЛЕОПАРДДЫ ДА КӨРӨ АЛАСЫҢ
Канаттуулардын 450 түрү кездешип, алардын ичинде тоту куш, фламинго, тоос, илегилек жана башкалар бар. Жаныбарлардан жапайы каман жана буйвол, чөө, бугу-эликтин түрлөрү, аюу, крокодил, маймыл, пил, таш бака, леопард жана башкаларды көрүүгө болот. 19-кылымда 30 миңден ашык пил бар болсо, учурда 6 миңдейи гана калган.

ЮНЕСКОНУН МАДАНИЙ МУРАСТАР ТИЗМЕСИНЕ 8 ОБЪЕКТИСИ КИРГИЗИЛГЕН
Алар: байыркы тарыхый шаарлар Анурадхапура жана Полоннарува, Сигирия (Арстан аска) аскалуу бөксө тоосу, Синхараджа токой-коругу, Канди ыйык шаары, Галле шаарынын эски тарыхый бөлүгү, Дамбулладагы алтын үңкүр храмы, Борбордук Шри-Ланкадагы тайпак тоо. Аталган жерлер туристтер арасында абдан популярдуу. Шри-Ланкага баруу мүмкүнчүлүгү болуп калса, аталган жерлерден кыя өтпөңүз.

ТУРИСТТЕР БААЛАП КӨРҮҮЧҮ ЖАЙЛАР
Ботаникалык бак. Перадения шаарчасында ушул эле аталыштагы 60 гектар жерди ээлеген падышалык-ботаникалык бак жайгашкан. Түркүн өсүмдүктөрдү, алардын ичинен пальмалардын жана гүлдөрдүн, фикустардын көптөгөн түрлөрүн көрүп, Шри-Ланканы жердин бейишине окшоштурасың.
Пилдер үчүн атайын жай. Кегаль шаарынан түндүк-батыш тарапта жапайы пилдер баш калкалоочу атайын жай Пиннавела бар. Ал 1975-жылы ата-энеси карабай, жунглиге таштап койгон пилдердин балдарын сактап калуу максатында ачылган. 2008-жылы андагы пилдердин саны 84кө жеткен. Аларды 2 маал сууга киринтип, 3 жашка чейинкилерине бөтөлкө менен сүт берип багышат.
Адам чокусу. Далхаузи кыштагынын жанында Адам чокусу аттуу тоо жайгашкан. Аны буддисттер Шири Пада (ыйык из) деп аташат жана анын чокусунда сакталып калган тамандын изин Гаутама Буддага таандык деп эсептешип, сыйынышат. Чокуга чыкчу эң кыска жол 7 чакырымга созулат жана ага 5 саат кетет.
Сигирия (Арстан аска) аскалуу бөксө тоосу. 5-кылымда падыша тоого чеп куруп, айланасын адам оңой менен өтө албагыдай кылып терең аң казып, аны суу менен толтуртуп салган.
Булардан башка барып көрүүчү кооз жана тарыхый жерлер, шаркыратмалар абдан көп. Чай, гевея (каучук дарагы) жана кокос плантацияларына баш багып, сүрөткө түшүп, аларды өстүрүү сырларын сурап билсең болот.

КҮРҮЧТҮ КӨП КОЛДОНУШАТ
Шри-Ланка Индостан жарым аралынан булуң жана кысык менен гана бөлүнүп, ага жакын тургандыктан ашканасы индиялыктардыкына окшош. Тамак-ашка күрүч, балык, эт, деңиз азыктары, жашылча-жемиштер, буурчак көп колдонулат. Көптөгөн тамактарга кокостун майын, кырындысын жана сүтүн, карри татымалын кошушат. Кирибати – кокос сүтүнө бышырылган ак күрүчтү абдан баалашат. Мындан тышкары питу ­­– күрүч унуна кокостун кырындысы жана суу кошулуп жасалган тамак көп колдонулат. Муну бууга бышырышып, дасторконго сунушат.

Гевеядан (каучук дарагы) шире чогултуу маалы.

Коломбо шаары кооздугунан тышкары завод, фабрикалары менен белгилүү.

Балыкчылар суу ичинде орнотулган шыргыйларга ыңгайлуу жайгашып алышып, балык кармашат.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(17)
03.02.2014. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эээх))) менинда баргым келип жатаат...
03.02.2014. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балыкчылары укмуш го маймылдарга окшоп...
03.02.2014. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыын эле коооз жер экен.....
03.02.2014. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да баргым келип кетти
03.02.2014. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айии укмуш го!
03.02.2014. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биринчи Кыргызстандын кооз жерлерин кыдырып бутоглуда, анан башка жактарга барабыз акырыын....
04.02.2014. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызстанда дагы табигый кооз жерлер коп. Болгону ошол жерлерди реклама кылбайбыз.
04.02.2014. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Салам супер инфо бизге да суротко орун бергиле биз да Кыргызстандын кооз жерлерин чыгаралы коментарий сурот менен болсун.
04.02.2014. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А мен да ушуга окшого эле олкодо журом. Баунти шокалады жагабы силерге. Ошол боунти шокаладынын рекламасы тартылган олкодомун. Жомокто жургондой эле журом. Кстати инд океанын так ортосундагы аралда
05.02.2014. 23:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанга деле шарт тузуп койсо туристтер келмек.Кооз жерлер толтура.Стабилдуулук болуп элди ойлогон жетекчилер болсо биз да онукмокпуз.
06.02.2014. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушуларды коруп дагы бир жолу ынанасын Аллахтын бизге тартуулаган жакшы неаматтарына
06.02.2014. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура айтасынар,бизде табигый кооз жерлер кооп, атка минерлерибиз конул буруп, эс алганга шарт тузсо болмок.(колдо бар алтындын, баркы жок болуп жататда)
06.02.2014. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kyrgyzstanga jetbeyt kantse da abasi taza suusu tunuk gogultur Yssyk-Kolgo ne jetsin...
07.02.2014. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сколько стоит тур?Туда и обратно.
08.02.2014. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай сонун керемет!ийгилик жакшы эс алып келгиле!
10.02.2014. 01:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Керемет олко экен го чиркин.
18.02.2014. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар бир өлкөнүн өзүнчө өзгөчөлүгү бар дегендей ширесинен каучук алынуучу гевея дарагы сонун экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо