АТАКТУУЛАРДАН КАЙНАТА, КАЙНЕНЕ КҮТКҮҢҮЗ КЕЛСЕ...

№587 31-январь-06-февраль, 2014-ж

Кечээ эле мотурайган балакайлар бүгүн минтип бой жетип, алды кыз, жигит болгонго жарап калыптыр. Бул жолу атактуулардын уул-кыздарын сиздерге тааныштырып коюуну чечтик.

Асел Турдалиеванын кызы Бегайым:«АПАМ ЫРЧЫ БОЛУШУМДУ КААЛАБАЙТ»

Толук аты-жөнү – Өмүрканова Бегайым Сабырбековна
Туулган жери – Бишкек шаары
Туулган жылы, күнү – 1998-жыл, 24-июль
Хоббиси – Музыка угуу, бийлөө, китеп окуу
Учурда – Кыргыз-Түрк «Айчүрөк» кыздар лицейинде окуйт
Үй-бүлөдө – Жалгыз кыз

Асел Турдалиеванын кызын ырчы эжебиздин клиптеринен көрүп калчу элек. Биз билген кичинекей Бегайым азыр 10-класстын окуучусу. Созулган кыз өзү окуган лицейдин президентинин милдетин аткарат.
Апасынын эркеси бир жылдары сахнага чыгып ырдап да жүргөн, бирок ырчылыкты алып кете албады окшойт. Көрсө, кызынын ырчы болушун Асел эжебиз анчейин колдобой коюптур. Учурда билим алуунун үстүндө жүргөн Бегайым «Азыр деле ырдагым келет, бирок апам ырчы болушумду каалабайт. Анан өзүм да ойлонуп, элчи болууну чечтим. Ал үчүн чет тилдерин үйрөнүп жаткан учурум» дейт. Жеке жашоосун сурасак, «азыр мага жигит жандаганга эрте, кат жазып сүйүүсүн билдирген балдар бар, аларды апам деле билет» деди. Демек, Асел айымга күйөө бала болууну көздөгөн жигит бул жагдайды эске алганы оң го...
Бегайым кемчилиги катары унутчаактыгын айтат: «Апам таштандыны төгүп койчу деп же дагы бир башка жумушту дайындап кетсе, эстен чыгарып коём. Бул нерсе башымда көп маалыматтар аралашып калганына байланыштуу болуш керек». Көрдүңүзбү, эгер дароо өзгөчөлөнбөсөңүз, Бегайымдын башындагы «көп маалыматтардын» арасында калып калышыңыз да мүмкүн. Кана анда, Бегайым чоңойсун деп күтүп турабызбы же азыртадан аракетти баштайбызбы?..

Назым Мендебаировдун уулу Аскат:«АТАМ БИЗГЕ ДОСТОЙ ЭЛЕ МАМИЛЕ КЫЛАТ»

Толук аты-жөнү – Кенжекулов Аскат Назымович
Туулган жери – Нарын шаары
Туулган жылы, күнү – 1995-жыл, 5-октябрь
Хоббиси – Футбол жана баскетбол ойноо, музыка угуу
Учурда – Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык училищеде окуйт
Үй-бүлөдө – 3 бир туугандын ортончусу

Көптөгөн тасмалардын көркүн ачкан театр жана кино актёру Назым Мендебаировдун 18 жаштагы Аскат аттуу уулу бар. Өспүрүм кыздардын кыялындагы жигит, каш десе каш, бой десе бой, өң десе өң, айтор, баралына келсе далай кызды артынан чуркатып ыйлатчудай. Андыктан эртерээк жүрөгүнө жол тапканга камыныңыз.
Актёр байкебиздин уулу «Москванын сүйүүсү» деген тасмада роль жараткан, «Тамашоунун» «УКГ №5» командасынын экс-оюнчусу, абдан шайыр жигит. Таарынсаңыз карегиңиз менен тең айланып жүрүп эле таарынычыңызды жазып коёт. Кыздарга койгон талабы да өтө катаал эмес. Кадимки селкилерге таандык жөнөкөйлүк сапат болсо жетиштүү. Баса, кыздар, Аскат саксофондо мыкты ойнойт. Музыкага жакын адамдар сезимтал келишет эмеспи, андыктан жашооңузда романтика жетишпей жатса, терезеңиздин түбүнө барып саксофондо ойноп бериши да мүмкүн.
Аскат таланттуу атасы тууралуу: «Атам аябай жоош адам. Көп урушпайт. Биз менен чогуу отуруп кино көрөт, бирге ырдайбыз, бийлейбиз, компьютер оюнун, футбол, баскетбол ойнойбуз, бири-бирибизге достой эле мамиле жасайбыз»,- дейт. Назым Мендебаировдой кайнатаңыз болсо жаманбы, кайненеңиз менен тил табыша албай жатсаңыз, кайнатаңызга шыбырап коёсуз, калганын өзү бүтүрөт.

Cайра Момунбаеванын кызы Акбермет:«СҮЙҮКТҮҮМ АПАМДАЙ ЭРКЕЛЕТИШИ КЕРЕК»

Толук аты-жөнү – Акбермет Азат кызы
Туулган жери – Нарын облусу, Ак-Талаа району, Баетов айылы
Туулган жылы, күнү – 1993-жыл, 4-апрель
Хоббиси – Бийлөө
Учурда – Кыргыз-Кытай институтунда 3-курста окуйт
Үй-бүлөдө – Жалгыз кыз

Ырчы, актриса Сайра Момунбаеванын Акбермет аттуу жалгыз кызы бар. Акбермет учурда 20 жашта. Бий менен кичинесинен бери алектенет. 8 жылдай «Аяр» элдик бий тобунда, 3 жыл «We`ll be» бий студиясында бийлеген. Мындан сырткары жаш моделдерди тарбиялайт.
«Азырынча жигиттерге кызыгуу жок, апам үчүн дале кичинекей кызмын» дейт ал. Ананчы, апасы бооруна кысып «берекем, Кудай берген кубатым» деп эркелетип жатса. Акберметти сүйүктүүсү апасынан кем калышпай эркелетиши керек, антпесе сиздин сүйүүңүздөн күмөн санап калышы мүмкүн. Мырзалардын эсине, чебер эжебиздин кызына адамгерчиликтүү, жөнөкөй жигиттер жагат. Анан да жүрөгүңүзгө барчу жолду оңой эле табат, анткени палоо, ганфан, дымдама деген тамактарды катыра жасайт экен.
Кемчилиги – бир аз жалкоо, апасынан «ушул сапатыңды оңдо» деген эскертүүнү көп угат. Айымдардын ачуусу бат келет эмеспи, Акберметтин жини оңой менен келбейт, абдан сабырдуу. Калган жакшы жагын ашыра мактап, жаман жагын жашыруу сиздин колуңузда, урматтуу мырза.

Кубик Калыковдун уулу Улан:«СҮЙЛӨШКӨН КЫЗЫМДЫ АПАМ ЭЛЕ БИЛЕТ»

Толук аты-жөнү – Калыков Улан Кубанычбекович
Туулган жери – Жалал-Абад облусу, Кочкор-Ата шаары
Туулган жылы, күнү – 1994-жыл, 20-сентябрь
Хоббиси – Музыка угуу, кино көрүү
Учурда – Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтунда 2-курста окуйт
Үй-бүлөдө – 3 бир туугандын ортончусу

Сакадай бою сары алтын куудул агабыз Кубик Калыковдун 19 жаштагы уулу бар. Атасына сүйлөө манерасына чейин окшош. Учурда режиссёрлук кесипке окуп жаткан чагы. «Салам, Бишкек!», «Баары бир звезда болом» деген комедияларда роль жараткан. Окуудан тышкары кафеде музыкант болуп иштейт. Атасы куудул эмеспи, Уландын да тамашакөйлүк жайы бар, кокус одоно тамаша айтып алса, капа болгондун ордуна түшүнгөнгө аракет кылыңыз.
Улан чыгармачыл үй-бүлөдө чоңойгон жигит, атасы куудул, эжеси ырчы, өзү келечектеги режиссёр, бирок үйдө апасы менен көп сырдашат. Сүйлөшкөн кыздары менен баскан-турганын төкпөй-чачпай апасына айта берчү сапаты бар. Андыктан эртелеп кайненеңизге «подход» түзө бериңиз. Айтмакчы, Улан «сүйүү жашка карабайт» деген кепке ишенет, анткени учурда сүйлөшкөн кызы өзүнөн бир жаш улуу жана аны апасы эле билет. Кыскасы, «жүрөгү бош эмес экен» деп коркуп калбай, «аракетке берекет» деген тайманбас, өрт кыздар, чамдагыла!

Лунара Бекиева
star@super.kg


Атактуулардын бойго жеткен балдары

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(56)
SUPER.KG видео
05.02.2014. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ибрагимдин баласы Эламан кандай бала болду экен.
SUPER.KG видео
06.02.2014. 01:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
бироосуда озунун кучуно ишенбейт.
SUPER.KG видео
06.02.2014. 04:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кубиктин баласы мен жашаган шаарда торолгон экенда. Братишка десе.
SUPER.KG видео
06.02.2014. 09:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
турдалиеванын кызы тын кыз экен мамасындай болуп
SUPER.KG видео
06.02.2014. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
турдалиеванын кызынын тиши сонун го
SUPER.KG видео
06.02.2014. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Улады кинодон коргонндо бир жерден коргондой болобердим эле корсо Кубик байкенин баласы турбайбы!
SUPER.KG видео
06.02.2014. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
аккан арыктан суу агат ийгилик силерге.
SUPER.KG видео
06.02.2014. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул жаштарга келечекте коп коп ийгиликтерге жетишишине тилектешмин. Элге кызмат кылган жаштардан болушун каалайм .
SUPER.KG видео
06.02.2014. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аскат красавчик досум)
SUPER.KG видео
06.02.2014. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Асель эженин кызынын голосу мамасынын эле озу го.
SUPER.KG видео
06.02.2014. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Баарына кен келечек каалайм бирок,башка Асель еженин кызындай болуп,ырчылыктан башка кесип тандасанар жакшы болот жана актер да емес.Жеке оюм.
SUPER.KG видео
07.02.2014. 00:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Селена Гомес го Аселдин кызы. жакшы кыргызча суйлоптур баардыгы, тамтырап орусча суйлошчу эле анча мынчасы.
07.02.2014. 01:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Asel ejenin kyzy 4onoiup kalyptyrgo takaya milawka i serezna9 uwunan jazba Begimaika
07.02.2014. 02:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Асель Турлалиеванын кызы жакшынакай экен.
07.02.2014. 02:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Турдалиева
SUPER.KG видео
07.02.2014. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аселдин кызы эжеге окшосо супсулуу болмок:((( атасына окшош экен
SUPER.KG видео
07.02.2014. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Руслан Маматкулов менен Аскат Кенжегулов жылдыздуу балдар экен.
SUPER.KG видео
07.02.2014. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кайсыл кесипти тандашса да, кыргызыма кереги тийген инсандардан болушсун. Ийгилик!!!
SUPER.KG видео
08.02.2014. 07:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактияр Токторовдун, балдары кандай болду экен кызык болуп жатат)))
SUPER.KG видео
08.02.2014. 09:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баары элле талаттуу,жылдыздуу балдар экен ийгилик силерге.
SUPER.KG видео
08.02.2014. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Булар да атактуу уул-кыздар болушун
SUPER.KG видео
08.02.2014. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тиги Расул агабыздын уулу коёндой окшош экен атасына иииии лапочка
08.02.2014. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Asel ejenin kyzyna yigilik
SUPER.KG видео
08.02.2014. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оооо Аскат красавчик)))
09.02.2014. 00:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кубик акенин баласы Улан.апана сырынды айтканын жакшыгоо бирок 100%айтып салба.)))
22.02.2014. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бегайым татына кыз экен. Бактылуу бол,балалыктын алтын доорун текке откорбо. Ийгилик окууларына!
28.02.2014. 04:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молодцы!
07.03.2014. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Улан "Салам Бишкек" тасмасында ким болуп аткарган эле?
SUPER.KG видео
17.03.2014. 02:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
достор Аскаты однаклассникте кантип тапсам болот?
01.06.2014. 01:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mmm
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо