«УНИВЕР. ЖАӉЫ ЖАТАКАНА» СЕРИАЛЫН КЫРГЫЗДАР ТАРТАТ

№588 07-февраль-13-февраль, 2014-ж

Өз жеринде атактуу болуу кыйын, чет жерде өз кызматы менен көзгө илинүү андан да кыйын эмеспи. Орусиянын атактуу «ХБ», «Универ. Жаңы жатакана» («Универ. Новая общага»), «Интерндер» («Интерны»), сыяктуу сериалдарынын артында эмгектенген эки кыргыз уулу жөнүндө угуп, алар менен байланыштык.

Маектешим ЭМИЛ РАЕВ 26 жашта. 5 жылдан бери Орусиянын «ТНТ» телеканалында оператордун жардамчысы катары эмгектенет.

– Эмил, алгачкы жолу Москвага келгениңизди эстей кетсеңиз...
– Айылдан 2008-жылы эл катары Москвага кара жумушчу болуп иштөө үчүн келгем. Мындай атактуу телеканалдардын биринде орус жылдыздары менен кол алышып иштеп калам деген нерсе он уктасам түшүмө кирген эмес.

– Кызык, анда мындай жумушка кантип орноштуңуз?
–Туруктуу жумушум жок бир топ кыйналдым. Бир күндүк жумуштарды аткарып ар жерде иштеп жүрүп, кокустан 2009-жылы «Универ. Жаңы жатакана» сериалынын бир сериясы көчөдө тартылып, бир күнгө камера ташуучу болуп орноштум. Жумуш бүткөндө сериалдын директору келип «Туруктуу жумушуң барбы?» деп сурады. «Жок» десем, «Сен аракетчил экенсиң. Бизге сендейлер керек. Ушул жерде иштебейсиңби» дебеспи. Ошентип иштеп калдым.

– Атактуулар менен иштешесиңер да, силерге жасаган мамилеси кандай?
– Көңүлүмдү жылытканы, бизди адаттагыдай «чёрныйлар» деп бөлүшпөйт. Иштешкен актёр, актрисалар жөнөкөйлүгү менен жагат.

– Кыргызстандын тасмаларын көргөндөрү барбы арасында?
– «Универдин» режиссёру биздин «Общага» деген сериалды көрүптүр. Анан мени чакырып кемчиликтерин көрсөттү. Ошондо мекенибизге барып, жакшы киностудия ачсак деген ой пайда болду. Буюрса, 2015-жылы келишим бүтсө мекенибизге кайтып, ойлогон ойлорубузду ишке ашырабыз деген ниет бар.

Айлык маянаңыз канча?
– Иш күнүбүз 12 саатка созулат. Андагы тартылуу иштери үчүн 3500 рубль алабыз, андан ашык болуп кетсе, ар бир саатына 500 рублдан төлөшөт.
Тапкан акчабыздын баарын айылга салып, туугандарыбыздын жашоо шартын оңдоого көмөктөшүп жатабыз. Бирок биздин айлык маянабыз актёрлордукуна салыштырмалуу күлкүлүү эле болуп калат.

Экинчи маектешим МИРБЕК НАМАЗБЕКОВ да 26 жашта. Ал 2010-жылдан тартып ошол эле телеканалда сүрөтчүнүн жардамчысы катары эмгектенип келет.

– Мирбек, эми сиздин Орусияга болгон сапарыңыз тууралуу билгим келип турат...
– Мен Москвага 2008-жылы келдим. Бөлөм «Домодедово» аэропортунан тосуп алмак. Барсам эч ким жок. Бөлөмө чалсам «мына, күтүп турам» дейт. Кайра издейм, жок. Бир маалда карасам, «Шереметьево» аэропортунда жүрүпмүн.
Бөлөмдү ээрчип батирге бардым. «Жакшы, аз экенбиз» деп сүйүнүп жүргөм. Кечинде эле адамдар келип жатат, келип жатат, басарга жер калбады. Ошондо үйдүн ээси «капталыңардан жаткыла, көбүрөөк батасыңар» дегени эсимде.

– Дароо эле кыялыңыздагы жумушка орношпосоңуз керек?..
– Ооба, алгач куруучу болуп иштегем, 3 айдан соң акчабызды бербей айдап жиберишти. Анан магазинде сатуучу болдум, анда Эмил досум «ТНТда» эмгектенчү. Бошогондо ага барып кара жумушчу боло калам. Ошентип жүрүп көтөрүлүп, азыр сүрөтчүнүн жардамчысымын. Сериалдардагы декорацияларга жооптуумун. Түнкү клуб жасайбыз, спорт зал, сулуулук салону, кыскасы, окуя кайсы жерде тартылыш керек болсо, павильонду ошондой кылып жасайбыз.

– Тасма тартуу учурунда кызыктуу окуялар болсо керек?..
– Албетте, бир жолу сценарий боюнча сериалдагы Кузя (Виталий Гогунский) диванды көтөрүп бир нерсе издеш керек эле. Анан ошол кадрды тартып жатсак, кошуна бөлмөдө уктап жаткан оператор ойгонуп, актёрго «Эмне жалгыз көтөрүп жатасың?» деп жардамдашып кирсе болобу. Баарыбыздын боорубузду эзген ошондо. Мындай тамашалуу учурлар күндө болуп турат.

– Жумушуңуздун пайдасы тийдиби?
– Албетте, көп атактуу адамдардын чөйрөсүнө аралаштым. Дүйнө таануум өзгөчө өзгөрдү. Үйлөндүм-жайландым.

«Биз тарткан «Универ. Жаңы жатакана» сериалы студенттердин кызыктуу жашоосу тууралуу».

«Башында атактууларды жанынан көрүп күндө чогуу жашагандарга мактанып барчубуз».

Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg


"Универ. Жаңы жатакана" сериалын тарткан кыргыз жигиттери

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  12 
Комментарийлер(102)
SUPER.KG видео
10.02.2014. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодцы!!!:*
10.02.2014. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишиңиздерге ийгилик братандар супер
SUPER.KG видео
10.02.2014. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынында Москва шаарында кыргыз азамат кыз жигиттер коп....Алардын бири Нурсултан орустар менен КВН коммандасында ойнойт..Дагы бир продюсер бала бар коптогон орус ырчылары менен иштешет...озунун карамагында орус ырчылар бар,..Бывший КВНщик Жанат,ырчы Жылдыз Осмоналиева бул жерде ресторан ачып иштетип журушот...ошолор жонундо да чыгарып элдерге корсотуп койсонор жакшы болмок....Элге мотивация да болмок...сыймыктана турган патриоттук сезимдер ойгонот...
11.02.2014. 01:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оо менин жердештерим экен го ийгилик силерге
SUPER.KG видео
11.02.2014. 03:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар балдар.
11.02.2014. 06:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жетишип калган жердештерибиз толтура эле москвада деле буйурса ,супер ишиниздерге ийгилик !
11.02.2014. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уколору жаман кобойуп кетиптир гоооооо. ииии биздин бир ушундай кылыгыбыз бар да озу
11.02.2014. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иииииии ТНТнын сериалдарын аябай жакшы кором.Кузянын ролу укмуш да,Кузясыз бир аз супсак боло тушот жкен.
SUPER.KG видео
11.02.2014. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
просмотрела видео с улыбкой до ушей, заряжает позитивом, гордостью и восхищением... молодцы ребята, всех благ вам!!!
11.02.2014. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молдцы коруп алып абдан сыймыктандым бул эки кыргыз жигиттери менен! 15-жылы келишим бутту деп келе бербестен алар менен кобуроок иштешип, карьералык бийиктиктерди багындыруу менен бирге дагы беш-он жыл иштеп тажрыйба топтоп анан келесенер, мен ишенем биздин Кыргызстанга дагы БУМ жарата турган, креативдуу, бардык жанрды камтыган, аудиториясын жаштар эле эмес баардык муун тузуп, суйуп коро турган тасмаларды жаратаарынарга. Ийгилик силерге! Алга Кыргызстан!!!
SUPER.KG видео
11.02.2014. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тынып тынчыбаган кыргыздар каерлерде корбойсун
11.02.2014. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оой аябай суйундум окуп Алга жигиттер
SUPER.KG видео
11.02.2014. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыздар !!! дагы да ийгилик каалайм Аллахым озу жар болсун сиздерге!!!
12.02.2014. 01:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшыы, молодцы!
12.02.2014. 02:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодцы ай,менин суйуктуу сериалымда,калтырбай корчумун.Биздин жигиттер тартат экенда азаматтар
SUPER.KG видео
12.02.2014. 05:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы..абдан жакшы!Ийгилик силерге!Актриса кыздар абдан жонокой,балдары дагы адамгерчиликтуу экени байкалды.Проектин режиссёру деле жакшы экен,бирок сагызды уйча балчандап алып суйлогондо кыжырым келип кетти,угуп алып!А биздикилер бир соз менен айтканда крассссавчиктер экен) Илимдуу-билимдуу болуп,оз мекенинерге салымынарды кошуп журо бергиле!Кыргызстанга жаны проект тузуп калсанар,буюрса,мени кошуп алгыла)))
SUPER.KG видео
12.02.2014. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар!Кыргыздардын атынан да универ ачкыла
SUPER.KG видео
12.02.2014. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооо классно я так люблю это сериял смотреть,и как же классно когда снимают наши....удачи вам
13.02.2014. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
obayatelnaya га кошулам 15жылы эрте болуп калат дагы тажрыйба алып анан келсенер сонун болот
13.02.2014. 23:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар! Ийгилик силерге!
14.02.2014. 01:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
soz jok.azamatsinar.
15.02.2014. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар жигиттер. Кыргыздын да кино тармагын которуш керек!
15.02.2014. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыңар жигиттер! Кыргыздын да кинотармагын өнүктүрүш керек!
SUPER.KG видео
17.02.2014. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат Мирбек коруп аябай кубандым Аллахым колдосун ийгилик силерге.Универди калтырбай кором
SUPER.KG видео
21.02.2014. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик жигиттер, коруп алып аябай сыймыктандым!!!+10000000000000000
24.02.2014. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
raimzhanov81,
Жалаң баш тамга менен жазууга тыюу салынат!
SUPER.KG видео
09.03.2014. 02:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чооооооон РахмаааааааааааааТ
Модератор admin_media түзөттү 10.03.2014 10:17
SUPER.KG видео
04.06.2014. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamatsynar jigitter aman bolgula bar bolgula dagy dagy koptogon iygilikterdi jarata bergile!!!!
SUPER.KG видео
04.08.2014. 02:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен бул комедияны калтырбай кором аябай жагат,актерлордон Кыргызстанга салам айтаарын жана кыргыз жигитерин мактаарын куткон эмесмин,озгочо Майклдын "Ош Бишкек"дегени жакты
Ийгилик силерге Эмилчик&Эмирчик
SUPER.KG видео
20.08.2014. 01:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мына сага жанылык...... Жигиттин гулдоруу ийгилик....
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо