«МАШИНАМДЫ ТАЛКАЛАГАН МАИчилер КОЛУҢДАН КЕЛГЕНИН КЫЛ ДЕП ЖАТЫШАТ»

№588 07-февраль-13-февраль, 2014-ж

Аргасыз таң каласың! Жол көзөмөлдөө кызматкери «жол эрежесин бузду» деп өзү токтоткон автоунааны ээси жокто айдап жол кырсыгына кабылган. Бирок МАИчи айым «бир аз чийилген эле» деп ийин куушурууда. Бул кокустукпу же МАИчилердин чектен чыкканыбы?

Автоунаа дале айып аянтчасында токтоп турат

Табалды Мадраимов, жабырлануучу:«ҮНДҮГҮҢҮЗДҮ АЛЫҢЫЗ, МАИчилер БЕРИП ЖИБЕРДИ»
–2013-жыл­­дын 21-декабры эле. 3 киши болуп базардан үндүк алып менин машинамда келе жатканбыз. Гүлчө шаарынын борбордук базарына келгенде жол көзөмөлдөө кызматынан бир сержант кыз токтотту. Келип «Ичтиңизби?» деди. «Жок» дедим. «Үйлөңүз!» деди эле, үйлөсөм таза чыкты. Анан документ сурады. Үйдөгү кийимим менен чыгып келе бериптирмин, машинанын документтери костюмумдун чөнтөгүндө калган. Аны айтсам айнек ачык турган эле, колун салып ачкычты жулуп алды. Артынан үчөөбүз тең ээрчип алып: «Кечирип кой, кызым, үйдөн алып келе калалы»,- дегенибизге карабай, сөзүбүздү укмаксан болуп ары-бери басып жүрдү. Базардан үйгө барып документтерди алып келгенче бир сааттан ашык убакыт өттү.
Келсем машинам турат, бирок мени токтоткон Зарина Камбарова жок экен. Аны бир топ күтүп турдум. Келбеген соң таап келейин деп издесем жок экен. Малдарга чөп салып, анан чыгайын деп үйгө келсем, таксист кошунам чакырып, «үндүгүңүздү алыңыз, МАИчилер берип жиберди. Машинаңызды унаа токтотуучу жайдан алып алат экенсиз» деп үндүк менен чогуу бир кагаз берди. Кагазга «Зарина» деп телефон номерин жазып коюптур. Коңшум кайра баратса, Ленин көчөсүндөгү бозокананын жанында менин машинам менен бир тергөөчүнүн машинасы сүзүшүп калыптыр. Аңгыча Оштон келаткан аялым чалып: «Тынчсыңарбы? Машина МАИнин астында авария болгон абалда турат го»,- деп калды. Барсам машинамдын арты былчыйып, капталы алдыңкы эшикке чейин чийилип кетиптир. Жыйырмага жакын милиция, ЖКК кызматкерлери бар экен. Мени тегеректеп «эки миң сомго эле оңдотуп аласың» десе, дагы бирөөсү «эч жерде оңдоп бер деген мыйзам жок, каякка барсаң ошол жакка бар» дейт. «Зарина, мен сага машинаны жакшынакай абалда тапшыргам. Кандай тапшырсам, сен да мага ошондой абалда тапшыр!» деп кетип калдым.

«КЫЗДАРЫМ БЕЛЕККЕ БЕРИШКЕН, АЯП МИНЧҮМҮН»
– Машинаны бир жарым жыл мурун кыздарым маңдай тери менен иштеп жүрүп 8500 долларга алып беришкен эле. Кыздарымдан мага кымбат белек болгондуктан аяп минчүмүн. Заринага күндө телефон чалам, 2-3 күндөн кийин алды. «Машинаңызды оңдотуп жатам, алып барып берем» деди. Шарап, мөмө-жемиш, таттууларын алып үйгө келиптир.»Машинаны сатасыңбы, өзүң минесиңби, эмне кылсаң ошол кыл. Мага өзүндөй машина алып бер же акчасын бер. Сага ишенбей калдым, тил кат жазып бер» десем жазып берди. Көз айнегим жок окуй албадым, анан «келиңиз, мен окуп берейин» деп алды да, «мен машинаңызды жаңы алып берем же акчасын берем» деп окуду. Кийин билсем «оңдоп алып келип берем» деп жазган экен. Зарина дайынсыз жоголуп кеткендиктен, жолугалы деп кызым экөөбүз РИИБге барсак жок экен, күтсөк келбеди. Анан прокуратурага арыз жаздык. Кызым Ошко кетти. Биз эмне кылганыбызды, кызым кайсы такси менен Ошко кеткенин милиция кызматкерлери толук Заринага айтып турган экен.

«КӨЧӨГӨ ЧЫГЫШЫҢДЫ ОЙЛО ДЕП КОРКУТУШТУ»
– Кечинде сыналгы көрүп отургам, неберем: «Таята, машинаңызды дарбазадан киргизип жатышат»,- деп чуркап кирди. Чыксам машинаны киргизип коюшуптур. Бир топ адамдар жана Зарина Камбарова болуп келишти. Машинанын бардык жагына боёктон чаптап алып келишиптир. «Эптеп оңдоп келип, «ме ал» дегениң эмнең? Албайм, алып кет»,- деп ачууландым. Такыр көнүшпөйт, машинасына отуруп жөнөйүн деп калды эле, астынан тосуп туруп алдым. Тажаганынан машинаны айдап чыгышты да, «көрөм сени, ушул жерде жашаганыңды. Эртең көчөгө чыгышыңды ойло» деп кетип калышты. Биз жазган арызды эч ким карабай жатат. Райондук ИИБге барсак жетекчиси 3 орун басарын жанына отургузуп алып, «машинаны да, жазган арызыңды да аласың. Албасаң колуңдан келгенин кылып ал. Алсаң ушул машина, үстүнө 500 доллар кошуп берем» дейт. Арызыбыз эмнеге каралбай жатат деп прокуратурага кайрылсак, алар ар шылтоону айтып жатышат.

«ЖАҢЫ АЛЫП БЕРҮҮ МЫЙЗАМДА ЖОК»
Бул боюнча окуянын каарманы болгон ЗАРИНА КАМБАРОВАга кызмат өтөп жаткан убагында жолуксак, Алай РИИБинин жетекчисинин уруксаты менен гана маалымат берерин айтты. РИИБге барып жетекчилигинен уруксат алган соң гана төмөнкүлөрдү билдирди:
– 2013-жылдын 21-декабрь күнү Нар­матов көчөсүндө жайгашкан базардын жанында кызматымды өтөп жаткан учурда тыюу салынган бир тараптуу жолдон Ниссан Примера унаасы баш бербей өтүп бара жатканынан токтоттум. Барып үйлөтсөм бир аз ичимдик жыттангандай болду.Документ сурасам «калып калыптыр»деди. Өздүгү такталбаган кишини мен коё бере албайм да. Сылык мамиледе эле машинанын ачкычын сурадым. «Кызым, кармап тур, мен барып алып келе калайын» деп колума ачкычын карматып кеткен боюнча келген жок. Ал киши эч кандай мага бир саат жалдыраган эмес. Келбегенинен улам жумушчу топ чакырып, машинага кароо жүргүздүм да, акт түзүп аны айып аянтчасына алып барайын десем, документтерим ишканада калып калыптыр. Алып алайын деп Ленин көчөсүндө баратып, жолдун тайгактыгынан улам жол четинде турган Хонда Фит үлгүсүндөгү унаанын четине тийип өттүм. Машина чийилип гана калды. Мен оңдотуп бермек болгом, жаңы алып берем деген эмесмин. Ал нерсе мыйзамда да жок. Оңдотуп, 500 доллар материалдык чыгым төлөйүн дегениме көнбөй жатат.

Уулбү Каныбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(125)
11.02.2014. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Капа болбо синдим, такыр башын иштебейт экен. 1) бироонун машинасын айдаганга акын жок
2) документи жок айдаса, адам уйдо унутуп калышы мумкун. Сен деле унутуп каласын кээде. Мындайда штраф гана жазып берет. Аны толоонучу жерге барып толоп койот.
3) авария кылган сон, озундой кылып ондошун керек. 500$ га ондотулбайт.
4) коркутууга акын жок
11.02.2014. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Oi myn4a ynsaby jok milisia! Bordordogu ajym milisialar 4ykyyat, munun bir korku dele jok eken. Alailyk bir tuwunugu jok milisiadyr da, zakondu jakwylap okup anan iwtese bolmok je tooluktardy uwintsem jarawa beret degen go. Zarinanyn da agalary bardyr, Allah bar ustudo, tarazalap koet.
11.02.2014. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Прократурага кайрылганда арыз боюнча иш алып барыш керек болчу, мшинасын ключун алып, айдап кеткенге акысы жок, бул копкончулук, озундой ондоп бериш керек, же кызмат ордун кыянатчылык менен пайдаланды деп А.Салямова камак жаткандардын катарына кошуп жазалаш керек.
11.02.2014. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бизде МАИ кызматкерлери иттерден айырмасы жок ырылдап тиштеген жерин кой бербей коюшат.
Атасындай болгон кишини кечирип эле койсо болмокда ошолжерде ушул ак сакал кишинин ордунда документи жок бир мент же прокурор или бандит болсо бир жерин кысып эле кетирип жибермек. Байкуш бее бейчараларга гана кучу жетет булардын ээси жок айып аянтчасына алып барып койгонго да укугу жок болчу ошол штраф стоянкага койгон учурда ээсинен кол койдуруп алып анан коюш керек. Ичип алса протокол тузбойсунбу к
11.02.2014. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде МАИ кызматкерлери иттерден айырмасы жок ырылдап тиштеген жерин кой бербей коюшат.
Атасындай болгон кишини кечирип эле койсо болмокда ошолжерде ушул ак сакал кишинин ордунда документи жок бир мент же прокурор или бандит болсо бир жерин кысып эле кетирип жибермек. Байкуш бее бейчараларга гана кучу жетет булардын ээси жок айып аянтчасына алып барып койгонго да укугу жок болчу ошол штраф стоянкага койгон учурда ээсинен кол койдуруп алып анан коюш керек. Ичип алса протокол тузбойсунбу к
11.02.2014. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде МАИ кызматкерлери иттерден айырмасы жок ырылдап тиштеген жерин кой бербей коюшат.
Атасындай болгон кишини кечирип эле койсо болмокда ошолжерде ушул ак сакал кишинин ордунда документи жок бир мент же прокурор или бандит болсо бир жерин кысып эле кетирип жибермек. Байкуш бее бейчараларга гана кучу жетет булардын ээси жок айып аянтчасына алып барып койгонго да укугу жок болчу ошол штраф стоянкага койгон учурда ээсинен кол койдуруп алып анан коюш керек. Ичип алса протокол тузбойсунбу к
12.02.2014. 01:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
ГАИ булар кайырчылар эптеп эле акча алмай оздору законду билбей туруп киттептен окуп мынанчанчы статия менен кылмыш кылдын деп эле мойнуна койо берет жолдун аркы бетинде туруп бер жактагы машинени тосушат уят жок ГАИлерде уялсанар боло айлыгынарда теги которуп койгон.
12.02.2014. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sharos,
Коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат!
10 күн банга!
12.02.2014. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шоопур документтерин костюмунун чонтогvндо калтырып, МАИчи кыз Зарина да машинага акт тvзvп айып аянтчасына алып барайын десе документтерин ишканада калтырып койуптур... боло берет турмушта, оссобенно кыргызда...
12.02.2014. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Гаи кызматкерин айткандары чындыкка эч жакындавайт эгер штраф стоянкага койо турган болсо мне учун озу айдайт анын эч кандай укугу жок бироонун мулкун колдонгонго штраф стоянкага койо турган болсо эвакуатор менен гана алып барууга болот тузгон актында айыпталуучунун колу болуш керек же кол койбой койду деп куболордун колу болуусу зарыл бул жерде гаи кызматкери машине эле эмес моралдык чыгым да толоп беруусу керек машиненин ээси жогорку сотко кайлылуусу керек
12.02.2014. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
бул ГАИ кыздыкы туура эмес алыбетте,анча болду Ошко келип кетсе болмок Гулчодон по пути клиент салып алып, кайра Оштон Гулчого клиент салып,Зарина кайда журдун десе документтерим Ошто болчу деп.
13.02.2014. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошко деле жоносо керек эле, авария болуп барбай калыптыр да (Бул жагы ойлогон ойду кыстаган турмуш женет болуптур...)
12.02.2014. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жалал абадтагы ГАИ лерден улгу алсанар алар машинага бир жаш баланы отургузуп койуп ошол балага текшертет ичиппи десе ал дагы жок деп койот
12.02.2014. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аябай кызык иш болуптур кимди кунолошту билбей турам бирок мен дагы озумдун машинам менен копле жолу гайге тушком документтерди унутуп калып эмес бирок документер машинан ичинде журот
12.02.2014. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кыз Ноокаттан экен.Гулчого МАИчи болуп барганына аз эле болуптур.Ары бери откон машиналарды жону жок тосо берип' эмнеге тосконун сурашса озу да билбейт экен.Албетте чала сабат Камбарова куноолу.
13.02.2014. 04:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин МВД ны толук алмаштырыш керек.Грузиянын президенти туура кылган.отурукташып калган содрудниктерди туп тамыры менен жулуп ыргытыш керек!!! наглый аттестасиядан откон дейт,баардыгы тооктун мээсиндей айрыкча Ош,Жалал-Абадтагы мвд сотрудниктери.мыйзамдын м тамгасын окуган эмес баары...
18.03.2014. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
japar37, baaryna kowulam birok Gruzi9 AKWnin diktovkasyna tuwup kalgan olko hehe-he........
13.02.2014. 05:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bizdin alayga GAI kizdar da payda bolo bawtadibi? Xa xa
13.02.2014. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Елки палки куда катимся???эсен эле болгулачы..Менттер!!!
13.02.2014. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ит иттигине бара берет кыргызстандын иттери адам болбойт,бекер еле убара болосуз байке машынанызды ондотомун деп.
13.02.2014. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Закунду кыйын билсен Зарина кандай сенин акын бар экен бироонун машинасын айдаганга? Пара менен эле иштеп алган окшойт да.

14.02.2014. 06:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Зарина сенде уят деген жок акмакчылык кылба..
14.02.2014. 09:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туура да жакшына машинаны талкалап акын жок да, эмне министир сезип атасынбы озуну.озун да мындан жаман нерсегше туш болооруну унутпа ошондо эстейсин
14.02.2014. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен эки инсанды тен тааныймын айта турган соз башка... бул боюнча "Супер инфодо" кызуу талкуу жургондой Алайда да талкуу катуу болгон! бардык нерсеге акыл калчап иш кылышыбыз керек Зарина жакшы эле айткан 500 долларды алып ремонт кылып алса болмок дагы да кеч эмес. Заринада да кемчилдик бар аны мойунга алышыбыз керек ошол куну машинени айдап жургон Нарматов кочосунон бозо канага эмнеге барат бозо кана менен айып аянчасы алда канча алыс болгонун эске саламын кайф кылып журушкон
14.02.2014. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Зарина бети жок кыз эенсин.Тез жумуштан айдоо керек сени.Жетекчилик ххххх карап отурасынарбы
Модератор admin_media түзөттү 14.02.2014 14:10
15.02.2014. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
МАИ кызматкери мыйзамга ылайык озунун кызматын аткарып жаткан. Штраф стоянкага айдап баратып кырсыка учурап калды да, мындай кырсыка ар бирибиз кабылып калышыбыз мумкун. Ондотуп бериптир, акча кошуп берем деп жатканына карабай "сасып" жатканыныз адамкерчилике жатпайт, кечирип коюнуз. Машина кара жерге кирсин, кудай ден-соолук берсе, андан жакшысын аласыз да. Андан коро озунузго, уй-булонузго, кыздарынызга ден-соолук,ыйман сурасаныз болмок Алладан
15.02.2014. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kushchu, мыйзам жолунда тууган арестованный машинени эвакуаторго жуктоп кетиш керек туурабы...сен кайактагы законду айтып атасын билбедим......
16.02.2014. 08:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
japar37, Эвакуатор? Хехехе, боорум ий боорум, сиз батыш олколорунун кинотасмаларынан коргонунузду айтып жатасызбы? Эвакуатор алып кетет деген укуктук ченем актысын айтынызчы, анан ийи дейин. Иши кылып эмнеси болсо баары бир бул кырсык, атайын болсо бир жон. Эх, темирди адамкерчиликтен кымбат койгон замандаштарым. Адам деле олуп калып жатат го машина эмес
16.02.2014. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kushchu, эвакуатор бизде азыр копойуп калга ,сен мага батыш фильмин айтай эле кой!!! Кыргыздардын акттысын окуй элекмин барсам окуп мен жазып ийем...озунм госс структурада иштейт окшойсун!!жанагы карганын козун,карга чокубайт болуп!!!!
18.03.2014. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kushchu,bul jerde MAI4inin kunoosu bolup atat go je andai emespi?!Adam bolsok olbogon janga jazda kelet dep juro bereli ar kimibiz moinubuzda MAI4ilerdi oturguzup alyp.Zakon degenden kiyin zakonduu boluw kerek da batyw olkolorun tuurabasak da,anda 200-300 sommun alyp adam4a ketirip jiberbeibi jok kamaw kerek degenden kiyin 4iyip alaby suzup salaby tolow kerek kojoiun suzulgon mawinany algysy kelbese tolop beriw kerek.Sen dele mawina menen ketip baratsan mawinandy alyp suzup salsa sen alat belen?
16.02.2014. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мандай терин мн иштеп таап,машина сатып ал.Анан ошол машинанды бироо айдап сузуп салды. дейли.Корот элем ошондо сени,уяты жок.
16.02.2014. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бизде маи кызматкерлерин ххххх айырма жок ал озу атасына подарка кылган машинесин маи Уруп алсынчы себепсиз кандай абалда калат хххх
Модератор admin_media түзөттү 16.02.2014 18:04
16.02.2014. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошондой машинелерди минип адаттангандардын бирида Зарина
17.02.2014. 08:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акт тузоюн десе документтери жумушунда калып калыптыр, ойбоорум эзилип какалыпды, ал жалгыз, документери жок базарда эмне кылып журу, же сабашка кылайын деген го чагымда! Ош обласынын облГАИ ден баштап баарын иштен алыш керек! Мелис байкесине да согуш жарыялаш керек! Таныш билиш болуп эле ишке киршени билинип турат, эчканда билими жок!
17.02.2014. 09:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Законду бизде ГАИ лер да, айдоочулар да билбейт оозу, ГАИ лердин 90% проценти левый акча учун эле ишке кирет, кообун карасан, мурдагы кочонун бандит балдары же кыздары! Айдоочу да коркконунан акча сураса бере берет! Эмнеге токтоттун деп сурапта койбойт кээ бир айдоочу, колуна 100-200 алып, маичи мн саламдашып кете берет!
02.03.2014. 07:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бети жок десе эмнеге айдайсын бироонун машинасын
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо