ЧАҢДАГЫ ГҮЛ

№588 07-февраль-13-февраль, 2014-ж

(Башталышы өткөн сандарда)

«Убакыт – учкан куш» деп бекеринен айтылбайт эмеспи. Арадан канча суулар агып, канча күн батты. Бөлмө ичинде Сабира ойлуу телмирет. Кечээ эле асырап алган кызы минтип он жетиге чыгып, мектепти бүткөнү калды. Дубалда илинген саат жебеси чыкылдап алдыга жылып жатты. Сабира Айдайды караса, дале кызуу уйкуда. Бүгүн биринчи экзаменин тапшырат, «бир аз уктай турсун» деп ойлоду. Ысык чай демдеп, андан соң акырын бутунун учу менен басып келип, Айдайды бетинен сүйө ойготту:
– Кызым, турагой, сабактан кечигесиң...
– Өөх!
Эки колун жогору карай суна керилген Айдай уйкусуроо менен үн катты:
– Бир аз жата турайынчы, апа?
– Тур, кечигесиң.
Айдай тултуңдап аргасыз турду. Анан көздөрүн ушалап:
– Атам кайда кетти?- деп эки жагын карады.
– Тиги Салимбайдын жайлоосуна кетти. Өткөндө тууган күрөң уйду алып келип сатам дейт.
– Эмнеге?
Айдай таңыркай апасына карады.
– Сатып сени шаарга окутат. Азыр баскан-тургандын бардыгы акча болуп калбадыбы. Анын үстүнө шаарга кетерде баштан-аяк бир сыйра кийинип ал.
Бул сөздү уккан Айдайдын кубанычында чек жок эле. Ордунан так секире туруп, апасын кучактап өпкүлөп жиберди.
– Болду эми, көп эркелебей чайыңды ич да, мектепке жөнө!
Сабира кызы кийинип болгуча дасторкон жая салды. Апасы менен чер жаза чай ичкен соң Айдай мектепке жөнөдү.
Сынак учуру. Коридордо классташтар үймөлөктөшүп класстын ичин шыкаалашат.
– Ары турсаң...
– Ким жооп берип жатат?
Аңгыча биринин үнү угулду:
– Айдай чыгып келатат.
Көп узабай класстын эшиги акырын ачылып, Айдай жаркырап чыга келди:
– Өттүм.
– Куттуктайм!
Алгач эле классташы Эрмек куттуктап бетинен өптү.
– Рахмат.
Негедир бул жолу экөөнүн көздөрү чагылыша түштү.
Классташтар экзамен тапшырып бүтүшкөн соң мектептин артында көпкө сүйлөшүп, ырдап отурушту. Алар үчүн бүгүнкү күн өзгөчө шаң, өзгөчө майрам эле. Түшкө маал гана Айдай
мектептен чыгып үйүнө сапар алды. Аңгыча алдынан бир улгайып калган аял чыкты. Ал эч ким байкаган жокпу дегенсип эки жагын элеңдей карады да, жанынан өтүп бараткан Айдайды утурлай тосту:
– Жакшысыңбы, кызым?
– Саламатсызбы?
Айдай бейтааныш айымга акырын салам айтып, жолун улап кете бермекчи болду эле, тиги аял дагы суроо узатканга үлгүрдү:
– Сен Керимдин кызысыңбы?
– Ооба.
– Айланайын, чоңоюп калган турбайсыңбы. Окууларың жакшыбы? Мен тиги, Кубандык деген кишини тааныйсыңбы, ошонун келинчеги болом.
Суроо узаткан аял өңү тааныш неме, «сыягы, ушул айылдан эле, Кубандыгы ким болду экен?» деп ойлоду бийкеч. Көздөрүнөн мээрим кадимкидей байкалып турду. «Бул мени кайдан тааныйт?» Айдай болсо ичинен ушул суроого жооп таба албай убара. Калп болсо да тиги аялды таанып жаткандай түр көрсөттү.
– Жакшы, азыр эле экзамен тапшырып чыктым.
– Аа, кут болсун, кызым! Иши кылып жакшы жүрсөң болду. Акылдуу, ыймандуу кыз болгун, кагылайын,-деп тиги кыздын маңдайынан сылап, бетинен өөп, жолун улады.
Айдай түшүнбөй жолдун так ортосунда кала берди. Бир аздан соң өзүнчө ар түркүн ойго жетеленип үйүн көздөй жөнөгөн. Аңгыча эле жанынан чы-ыйк деген катуу добуш чыгып, бир Мерседес келип токтоду. Көз ачып-жумганча анын ичинен төрт бала түштү да, Айдайдын ой-боюна койбой делдеңдетип машинанын ичине салышты.
– Коё бергиле дейм. Силер кимсиңер? Мен баары бир отурбайм.
Айдай ый аралаш кыйкырып жатты.
– Кой, аяш, ачууланба. Бизди тааныган жоксуңбу? Биздин көчөгө суу алганы келип калчу элең го?- деп сол тарабында отурганы ырсалаңдап күлө бергенде оозунан арактын жыты бур-р этти.
– Эми кыз кылыгы менен болуп жатат да. Көрөсүң го, отургандан кийин күлүп-жайнап эле биз келгенде ысык чайыңдан сунуп каласың. Ха-ха-ха!- деп дагы бири обу жок күлө беркинисин коштоду. Алдыда отурган айдоочу менен жанындагысы талкан жутуп алгансып үндөшпөдү.
– Балдар, менин жигитим бар, сыйыңар менен коё бергиле. Баары бир отурбайм.
– Ким жигитиң? Тиги классташың Эрмекпи? Аны тез эле ордуна коюп коёбуз.
Машина айыл ичин аралап барып тоо этегиндеги бир үйдүн жанына келип токтоду.
– Апа, келин келди,- деген чыт курсактар жабалактап үйдү көздөй чуркашты.
Бул учурда Айдайдын колу-бутунан мыжый кармашкан балдар тыбырчылатып машинадан алып чыгып жатышкан. Аз өтпөй жоолук көтөрүп жеңелер чуркап чыгышты.
– Айланайын, кой ыйлаба. Биз деле ушинтип келгенбиз. Келегой, жоолук салалы.
– Менин жигитим бар дейм! Отурбайм! Уксаңар боло!
Айдай ачуулуу кыйкыра тигинин колундагы жоолугун жулуп ыргытып жиберди. Олбурлуу балдар карап турмакпы, кызды тыбырчылата төркү көшөгө турган үйгө сүйрөп киришти. Айдай ыйлай берип көзүнүн жашы соолугудай болду, көшөгөнү жулуп ыргытты.
– Ай-ий, бул эмнеси?! Кой, антпе! Жаман жерге келген жоксуң. Биздин уул деле көчөдө жүргөн бирөө эмес.Сени бапестеп багып алат,- деп шаңкылдаган бир кемпир эшиктен кирип келди. Жеңелердин бирөөсү Айдайдан жаакка жегенби, айтор, өзүнчө кобуранып жатты.
– Муну кара, айдан түшкөнсүп. Жетим десе!
– Чүш, бул эмнең?! Эл укса эмне дейт?- деп аны улуураак абысыны тыя аркадан нукуду.

(Уландысы кийинки санда)

Асхат Субанбеков


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Башка сандарда:
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ (жаӊы сериал) 584-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ (жаӊы сериал) 585-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 586-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 587-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 589-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 590-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 591-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 592-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 593-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 594-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 595-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 596-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 597-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 598-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 599-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 600-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 601-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 602-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 603-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 604-сан
Комментарийлер(29)
10.02.2014. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
7жума кутуу баашталды.... бул болумдон элибиздин бир жапайы салтын чагылдырып кетиптир ее...
10.02.2014. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ииий байкуш Айдай эми эмне болот экен кызыгына келгенде бутуп калбадыбы бир жумаа
10.02.2014. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой ушу ала качкандарды((((((((отурбасын
10.02.2014. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уууф дагы куттуу
10.02.2014. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай оозу жырыктардан кудай сактасын да
10.02.2014. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kyzygyp okup kirsem ulandysy kiyinki sanda deitkooo dagy 1 juma uhuuuuu
10.02.2014. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ бул чыгарма китеп болуп басылып чыкканбы?
10.02.2014. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Asapacho,
Саламатсызбы! Китеби чыккан эмес.
10.02.2014. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алдынан улгайып калган аял чыкты деген жерлерин окуп аябай титиреп кеттим коркуп(((
10.02.2014. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айдайга жаман болду го,,,отурбааааааа
10.02.2014. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыдамсыздык менен кутом.
10.02.2014. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
E-hh dagy da kutuu:-(
10.02.2014. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш кыздын шорун кайнатпай ата энеси келип алып кетсе экен эми.((((
10.02.2014. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ermek kelip alyp ketse kerek
10.02.2014. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тушунушуеуксуз болуп калат екен бир жумада бир окусан.
11.02.2014. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алдынан чыккан аял торогон апасы болсо керек менин ойумча
11.02.2014. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айдай жонундо китеп окшойт
11.02.2014. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ажырашып кетип жашоосу бузулбаса болгону...
11.02.2014. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жанакы жоолуккан кемпир Апасы боюнда барда журуп кеткен Эжеси болсо керек андан башка билбейт да.
11.02.2014. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баары жайында болот акыры сабыр кылыныздар туугандар...
11.02.2014. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
иий байкуш Айдай. Отурбаааа такыр, тааныбаган неменин колуктусу болуп калбаса экен эми
12.02.2014. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Индия киносу бар беле чандагы гул деген?
13.02.2014. 00:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен билем уландысын.
13.02.2014. 08:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
достор, бул чыгарманын башталышын кайдан, кантип тапсам болот?
13.02.2014. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жогору жагынан тапсаныз болот
13.02.2014. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
негедир бул чыгармага кызыкпай жатам!
14.02.2014. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
соонун чыгарма экен
16.02.2014. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай кызыктуу экен, мага жакты!!! кийинки санын чыдамсыздык менен кутом...Ээээх дагы бир жумаа
17.02.2014. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
зерикенге убакыт жок болуп баратат го я.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо