Руслан Акун:«ЭЛДИН КЫЗЫГУУСУНАН КУТУЛУШ ҮЧҮН ЖУБАЙЫМ БАР ДЕП КОЙГОМ»

№588 07-февраль-13-февраль, 2014-ж

Америкада жүргөн кыргыз жигитинин тагдырын чагылдырган тасманы көрүп, тарткан режиссёруна эрксиз кызыккан элем. «Бишкек, мен сени сүйөм!», «Салам, Нью-Йорк!» аттуу хит тасмалардын режиссёру Руслан Акун жаңыча ой жүгүртүүсү менен таң калтырат.

– Руслан, сизди көбү шаардык жигит деп ойлошот экен, мындан улам сиздин түпкү тегиңиз бизге да кызык болуп жатат?..
-Ата-тегим Ат-Башыдан болот, чоң ата-чоң энелерим азыркыга чейин ошол жакта турушат. Өзүм Нарын шаарындагы «60 жылдык» деген кыргыз мектепте окугам. Атам Кубанычбек – инженер-механик, апам Канышай – медицина кызматкери. Үй-бүлөдө 4 бир тууганбыз, мен улуусумун. Бишкекте төрөлгөм, бирок чоң атамдар атамды «сени башкарма кылабыз» деп айылга алып кетишиптир. Балалык дегенде эле мектепте тентектик кылган күндөрүм, партанын артына отуруп алып кыздардын чачынан тартканым эске түшөт. Өзү бизде эркек балдар сабак окучу деле эмес, четинен «хулигандар» эле, мен да ошолордун катарында болчумун.

– Тентек балакайдын режиссёрлук кесипке болгон кызыгуусу качан башталган?
-3-класста окуп жүргөндө көп кесипти аркалагым келе берчү. Адвокат, учкуч, мугалим, айтор, ким гана болгум келген жок. Акырында актёр болсом бардык кесипте өзүмдү көрө аларымды билдим. Ошентип, актёр болууну чечтим. 1 жыл өтпөй оюмду кайра өзгөртүп, режиссёрлукка кызыга баштадым. Ойлосом, ошондо эле балдарды чогултуп алып кинодогу эпизоддорду туурата берчүмүн «тигини теп, сен эми кулап кал, сен жа-ай окшоштуруп чурка» деп көрсөтмө берер элем. Мен теңдүү курдаштарым режиссёр болом десем таң калышчу, «ал эмне деген кесип?» деп. Ошол кезде Торугарт өтмөгү жаңы ачылып, ал жакта иштегендер «шабашканы» жакшы табышчу, анан да районду, шаарды кармаган кримавторитеттердин заманы эле. Ал кезде кичинекей балдардан «ким болосуң?» деп сурасаң, «бажы кызматкери же кримавторитет болом» дешчү.

– Режиссёрлук кесибиңиз сизге эмнеси менен жагат?
-Мен бир калыптагы адам эмесмин, бир нерсеге бат кызыгам да, кайра каалоом бат сууп калат. Бирок режиссёрлук кесипте андай болгон жок. Себеби бул кесип адамды тажатпайт. Сенден дайыма жаңы нерселерди, интеллектуалдык ойлонууну талап кылат. Жайбаракат жүрө албайсың, согушта жүргөндөй сезилет, мына ошонусу менен кызык. Кээде жүдөп, кыйналып кеткенде «мен өзү эмне иш кылып жүрөм?» деп жинденип алам. Анан тарткан тасмам бир аз окшошуп баратса өзүмө ыраазы боло түшөм.

– Режиссёр катары кээде катуу ачууланып, жиниңизди тартуучу топтон же актёрлордон чыгарган учурлар болобу?
-Мен мындай нерселерди алдын ала эле сүйлөшүп алам. «Мүнөзүм кырс, жиним бат келет, туура түшүнгүлө, бул нерсе тартуу аянтында эле. Кийин мамилебиз мурункудай эле болот» деп айтып коём. Анан айла жок көбү чыдайт (күлүп).

– Америкадан окуп келгениңизди билебиз, дегеле ал өлкө тууралуу кыялдарыңыз качан калыптана баштаган?
-Ушуга байланыштуу бир кызыктуу окуя болгон. 9-класста окуп жүргөндө линейкада тентектик кылып арт жакта турсам, мугалимим келип «баягы эле Акуновбу?» деп кулактан чоюп туруп биринчи катарга тургузуп койгон. Биздин мектептен менден 2 жаш улуу Мээрим деген кыз Америкага окууга кеткен эле. Ошол жактан булгаарыдан жасалган топ менен өзүнүн сүрөтүн салып жибериптир. Линейкадан ошол топ менен сүрөттү көрүп башымда бир «лампочка күйүп» кетти. «Мээрим барган жерге эмнеге мен баралбайм?» деп абдан көпкө ойлондум. Үйгө келдим да инимдин англис тили китебин ачып, сөздөрдү жаттай баштадым. Ошентип өжөрлөнүп отуруп англис тили сабагынан райондук, облустук олимпиадалардан биринчи орунду, республикалык олимпиададан 4-орунду алгам.

– Сизге бир жолу байланышып «Бойдоктор бурчуна» чыгаралы десек, «жубайым бар» дедиңиз эле?
-Ооба, элдин кызыгуусунан кутулуш үчүн «жубайым бар» деп койгом. Атактуу болгум келбейт, жөн гана кадр сыртындагы адам бойдон калсам дейм. Көбү «сен баягы режиссёрсуңбу?» десе «жок, эй, жаман тажаттыңар, ар кимге окшоштура берип» деп кутулуп кетем. Учурда жубайым жок, бойдок элемин (күлүп).

ШААРГА ЖАҢЫ КЕЛГЕНДЕ...
– Шаарга жаңы келгенде жанымда ата-энем окууга деп берген 3 миң сом бар эле. Бир мамлекеттик университеттин босогосун аттаар замат бирөө чуркап келип апама «эже, балаңызды окууга тапшыртасызбы, 700 долларга бюджетке окууга өткөрөбүз» десе болобу. Ал акча бизде кайда? Өз күчүм менен берем деп компьютердик тестирлөөдөн өтүп кеттим. Сынакка келгенде мугалимдер ар кайсы суроолорду жаадырышты, баарына жооп бердим. Айла жок «3» деген баа коюшкан. «4» же «5» коё алышпайт да, анткени акча берген жокмун. Бирок ал окууда 2 жылдай эле окуп, акча топтоп БААУга тапшыргам.

«САЛАМ, НЬЮ-ЙОРК» ТУУРАЛУУ...
– «Тасма сатыктан 700 миң доллар тапты» деген маалымат чындыкка коошпойт. Биздин кино тармак чектелүү эле, андай чоң акча табалбайбыз. «Салам, Нью-Йорк!» тасмасы сатыкта өзүн-өзү актап, бир аз ашып калды. Ал ортодо алып-жутмайлар чыгып, алар да сатыкка бир топ тоскоолдук жаратышты.
Көп учурда оюмдагы нерсени экрандан көрбөй калам. Мисалы, «Салам, Нью-Йорктун» сценарийинин 40 пайызын тартып жатканда эле өзгөртүп жибергенбиз. Шарт болбой же бир жери туура эмес болуп калса дароо өзгөрткөнгө туура келет. Бет ачарында аябай кабатырлангам, «элге жагабы, жакпайбы» деп ичиме батпайм десең, улам кинотеатрдан сыртка чыгам, кайра кирем же кино бүтпөйт, айтор, аябай кызыктай болгом.

«ЖАСАЛМА АДАМДАРДЫ ТАРТКЫМ КЕЛБЕЙТ»
– Актёрлорду тандоодо көбүнчө камерадан уялбаган, таланттуу, жөнөкөй актёрлорду тандагым келет. Мисалы, жасалма адамдарды такыр тарткым келбейт, анткени «тигил жактан тарт, бул жактан тарт» деп камерага сулуу көрүнгүсү келе беришет. Кино жасалмалуулукту сүйбөйт, жашоодо кандай болсоң, ошондой эле аткарышың керек. Мага «Салам, Нью-Йорктогу» америкалыктардын аткарганы жагат, анткени алар камерага жакканга аракет кылышкан эмес.

КЫЗДАР ЖӨНҮНДӨ...
– Студент кезде бир кыз жакчу. Ал убакта акчам жок. Эмне кыларымды билбей ага чалып, «сени үйүңө чейин жөө узатып коёюнчу» деп сурандым. Ал макул болду. Экөөбүз сүйлөшүп келе жатсак ал «кедей болсоң бирөөнү бактылуу кыла албайсың» деген маанидеги макал айтып койду. Ошол жерден башым даң деп жарылып кете жаздады десең. Жогоруда айтпадымбы, 9-класста Америкадан салып жиберген топ менен сүрөттү көрүп башымдагы «лампочка күйгөндөй» болгон деп. Ошол нерсе дагы бир жолу жанып кетти. Аны узатып коюп үйгө келдим да, алдыга койгон максаттарымды бир сыйра карап чыктым. Ошол кызга рахмат, ортобузда мамилебиз уланбай калды, бирок анын айтканы мага көп таасир тийгизди. Мен андай кыздарды күнөөлөбөйм, алар деле татыктуу жашагысы келет, бул ачуу чындык. Бактылуу кылыш үчүн эркек киши үй-бүлөсүнө бүт шартты түзүп бериши керек.

«Салам, Нью-Йорк!» фильми «2013-жылдын супер тасмасы» наамын алган.

«Эркиндикти сүйөм, ошол мүнөзүмдү Америкага окшоштурам».

Лунара Бекиева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  14 
Комментарийлер(43)
10.02.2014. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
журогум ай журогумммм
10.02.2014. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
700000$ dollar kirewe tuwtu dep ele aitkan oz sozu mn emi kaira kalp dep ne tanip jatat, aitkanin aityp alip
10.02.2014. 21:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
iiiii emi men Ruslan baikeni suyup kaldym okwoit...))) Iwterinizderge iygilik kaalaim, abdan jaktynyz. Sizdei insandar koop bolsun...
10.02.2014. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kstati Super Info, emnege video su jok
10.02.2014. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Daa talantta much tartkan kinoloru jakkan.
11.02.2014. 01:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Красавчик экен гооо
11.02.2014. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Хе-хе журоктон кеткендер жакты:)))Руслан Акундун журогу бироо эле кыздар:)))
16.02.2014. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bela77, ошондой эле болсун
11.02.2014. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nusha,
Жалаң баш тамга менен жазууга тыюу салынат!
11.02.2014. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Салам Нью Йорк аябай жакшы тартылган дагы коп коп кинолорду кутобуз


11.02.2014. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aiabai jagimduu eken, menin jerdeshim, syimiktanip kaldim siz menen. Kop-kop yigilik sizge.
11.02.2014. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Энергиясы ашып-ташып турат экенда,ушундай адамдар коп ийгиликке жетишет.Азамат Кыргыздын красавчиги!!!
12.02.2014. 01:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
жакшы, жашоодо идеалдуу жонокой жашаганга аракет кылаткен. Чыгармачылык ийгилик!
12.02.2014. 01:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ийгилик сага!жакшы маек куруп бериптирсин.
12.02.2014. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Граматный бала экен
12.02.2014. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы бала экен,озуно тен жубайга жар болсун
12.02.2014. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sonun jigit eken
13.02.2014. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мынча сулуу болбосо...
13.02.2014. 09:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Неге, элдер катуу кызыккан бекен бул жигитке?
13.02.2014. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Da maga da jakty! Symbattuu eken! Talanty tashkynday bersın!!!!!!!
13.02.2014. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ruslan birinchiden ishinge iygilik!Azamatsyn!!!
Sen okugan mektepte men dagy okuganmyn....
Chet jerdegi,misaly Evropadagy studentter, degi ele kyrgyzdar tuuralu dagy kino tarta tursan,szenariyin jazyshkanga jardam berishebiz.....
Evropadan yssyk salam!
13.02.2014. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ruslan baike sizdin tasmanyz (Salam NY) chyndygynda kop kyrgyz kuiormandarga choon taasir berdi, sizge iygilik Tailandtan yssyk salam!
13.02.2014. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсыз, тасма эн жогорку денгээлде тартылган. Талантынызды баалайм, сизден дагы жаны–жаны тасмаларды кутобуз, ийгилик!
14.02.2014. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чыныгы таланттуу режиссер. Ишинизге ийгилик. Кыргыз кинематографиясын кайталангыс шедеврларга байытарынызга терен ишенебиз.
14.02.2014. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mynnnncha krasavchik jurokton kettim okwooit )
14.02.2014. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
iwinizge iygilik myndan da jakwy kinolordu kutobuz
14.02.2014. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тооба кылдым анча мынча эркек балдар деле жактырып калдым сулуу экен деп жибериптир го? Кыз болсонор бир жон,Эркеке антип айткан болбойт го .уят
15.02.2014. 23:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соз жок кийимге болгон таабити дагы сонун экен
16.02.2014. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Маладес жигит экен!! Жонокойлугу анан сабаттуулугу жакты азамат
19.02.2014. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бойдок болгону учун суйуп калдым деп атасыңар да ... а так булар калп айтат сүйгөнүн жашырып келишет чыгармачыл адамдар
21.02.2014. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу байкенин киносуна тартылгым келет да аябай(( мени тартсынчы
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо