Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЧАҢДАГЫ ГҮЛ

№589 14-февраль-20-февраль, 2014-ж

(Башталышы өткөн сандарда)

– «Таш түшкөн жеринде оор» деп коёт. Эми кайда бармак элең, отур! Баары эле ушинтип ыйлап келип, кийин жашап кетишет! Болбосо менин үстүмөн аттап кет!- деген тиги кемпир босогого туурасынан жатып алды.
– Отурбайм дедимби, отурбайм! -деп кыйкырды да, жанына киши жолотпой, айласы куруп отура калып ыйлап жиберди.»Ыйлап алсын» дештиби, айтор, баары башка бөлмөгө чыгып кетишти. Аз өтпөй эшик акырын ачылып, куурчагын бекем кучактаган кичинекей кыз кирип келди.
– Эже, сиз эмнеге ыйлап жатасыз?
Бала эмеспи, баёо көздөрү менен ыйлап жаткан Айдайды бир саамга таңыркай карап калды.
– Эч нерсе.
Көзүнүн жашын сүртүп, тиги кызды карагыча, эшиктен бир жигит баш бакты. Артынан жеңеси кирип келип Айдайга карап:
– Ай, жоолукту эмне салынбай отурасың? Мына сенин жолдошуң. Бой десең бой, өң десең өңү бар. Экөөңөр өзүңөрчө жакшылап сүйлөшүп алгыла! Кийин тез эле сүйүшүп
кетесиңер, - деп кайнисин далыга таптап коюп кайра чыгып кетти.
Айдай бул жигитти сыртынан таанычу. Бирок аты ким экенин эстей албай жатты. Жана машинанын алдыңкы орундугунда унчукпай отуруп келе жатканында көзү чалган.
– Айдай, мен сени жакшы көрөм!
– Жолобо!
Тиги кыздын көзүнө тике карай албай:
– Суранам, мени уят кыла көрбө. Мен сени бактылуу кыла алам,- деди мукактана.
– Түшүнсөң... Керек болсо мен сенин атыңды да билбейм. Анан биз кантип жашайбыз?
– Жашап кетебиз.
– Суранам, мени коё бергилечи?
Айдай жалбара үн катты. Аңгыча эшиктен бир досу үйлөнмөкчү болгон жигитти чакырып калды.
– Талант, келсең...
Бул учурда жаңыдан гана айланага күүгүм түшө баштаган. Аңгыча эле оозгу бөлмөгө топураган кишилер кирип, ага удаа эле:
– Ассолому алейкум. Кулдугубуз бар!- деген үндөр угулду.
– Кана менин кызым?
Керимдин өктөм чыккан үнүн уккан Айдай сүйүнүп кетти. Жүрөгү элеп-желеп болуп, отурган ордунан так секире тура калды. Жулкуна кирип келген Керим көшөгөнүн ичинде
бүрүшүп турган кызын көрө сала суроолорду жаадыра баштады. Жанында аймактык тескөөчү Азамат да бар эле.
– Бул баланы тааныйсыңбы?
– Жок
– Кызым, ачык айт. Эгер көңүлүң болуп, жашайм десең калтырайын,  жок жашабайм десең да сенин тандооң. Апаң экөөбүз сенин бактыңа каршы чыга албайбыз.
– Ата, мен отурбайм. Мени алып кетиңиз...
Аңгыча Азамат да кепке аралашты.
– Дагы ойлонуп көр. Эгер көңүлүң жок болсо алып кетели.
– Жок, мен калбайм!
Айдай буулуга ыйлап жиберди. Ушул тапта топурап көшөгө турган бөлмөгө кишилер толуп алган болчу. Туш тараптан Керим менен Азаматка ар кайсыны айта башташты:
– Кой эми, Керим. Кызың жаштык кылса да сен туура чечим чыгар!
«Кызды сураганга, кымызды суусаганга бер» - дейт. Кудай кошкон куда бололу!
– Ай, милийса бала, сен кийлигишпей тура турчу!
– Киргиле чайга!
Жабалактаган үндөргө Азаматтын бир эле жообу жетиштүү болду.
– Таарынбагыла, туугандар! Кыздын көңүлү жок экен, демек, алып кетебиз. Эгер балаңар камалышын каалабасаңар, жолду бошоткула!
Ошентип ай-буйга келбей Керим кызын алып чыгып кетти. Аңгыча каргап-шилеген жанагы кемпирдин үнү угулду. Ыйлап алган кемпирдин:
– Менин алмончоктой уулумду чанып кеттиң. Ылайым жакшылык көрбөй кал! Күйөөгө жетпей, зар какшап кал! - деген үнү далайга угулуп турду.

                             ххх

Күн көтөрүлүп калган учур эле. Дем алыш болгондуктан Айдай үйдө болчу. Ал шыпты телмире тиктеп, ойлуу жата берди. Кемпирдин каргаганы улам эсине түшүп, түнү бою уктай албай койду. Сабира кызын эс алсын деп өзү оозгу бөлмөдө камыр жууруп жаткан. Керим болсо кечээ Салимбайдын жайлоосунан алып келген күрөң музоолуу уйду сатыш үчүн райондун борборуна кеткен болчу. Аңгыча коңшу жашаган Калича кирип келди.
– Кандайсыз, Сабира эже?
– Жакшы, кел, кир үйгө. Мен азыр камыр жууруп бүтө калайын.
Сабира шаштысы кете ага кайрылды.
– Шашпай эле коюңуз, күтө турам. Деги эмне болуп кетти, билип коёюн деп баш баккам. Кандай жатасыздар?
– Ой, жакшы. Кечээ Айдайды ала качып кетишип, атасы барып алып келди, уктуң да?
– Ооба, бүгүн уктум коңшулардан. Жаман болгон турбайбы...
– Ошентип кызыбызды көчөгө чыгарбай, кайтарып отурабыз,- деди Сабира.
– Ооба, кыз чоңойгон сайын кайтарбаса болбойт экен да...
Калича шуу үшкүрдү да, жыландын башын кылтыйта буларды кошумчалап койду:
– Бирок тиги балага да жаман болду. Жапжаш эле кете бериптир байкуш.
– Эмне болуптур?
Сабира эси чыга Каличаны карады.
– Сиз уккан жоксузбу?
– Жок, ботом! Эмне болуп кетти?
– Тиги Айдайды ала качкан бала намыстанып муунуп алыптыр...
– Апе-ей, кашайгыр!
Сабиранын өңү бозоро түштү. Жанатан бери Айдай да тигилердин кебине кулак түрүп жаткан эле. Эмне кыларын билбей, жуурканын чүмкөнө калды. Он гүлүнүн бири ачыла элек кыздын тагдырына биринчи жолу балта чабылды. Азыр бар-жогуна кайыл боло, жашоосу менен коштошкусу келип кетти.
Ал ортодо көчөдөн кечээги кемпирдин ачуу ыйлаган үнү чыкты.
– Сенин айыңан ушундай болду, шуркуя! Керим, Сабира, чыккыла. Мына, мен келдим. Көкүрөк күчүгүмө кошуп, мени да өлтүрүп таштагыла!
– Апа, болдуңуз! Сабыр кылыңыз!
Топтошкон кишилер кемпирди үйгө жолотпой, ары алып кетишти. Сабира менен Калича өң-алеттен кете, үн-сөзсүз бири-бирин тиктеп туруп калышты.

(Уландысы кийинки санда)

Асхат Субанбеков


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Башка сандарда:
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ (жаӊы сериал) 584-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ (жаӊы сериал) 585-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 586-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 587-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 588-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 590-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 591-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 592-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 593-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 594-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 595-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 596-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 597-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 598-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 599-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 600-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 601-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 602-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 603-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 604-сан
Комментарийлер(30)
17.02.2014. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тооба кылдым. Эх, ушул ала качуу...
17.02.2014. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кудайга шугур азыр ала-качуу деген жоюлду а...
17.02.2014. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
айдайда эмне куно,тура кылган суйбосо озун кыйнап жашап эмне .а тиги бала ойлонуп иш кылбайбы.
17.02.2014. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эх жошоо жошоо, кызык жерине келгенде бутуп калды даагы кутмой
17.02.2014. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менимче отуруп эле калса болмок
17.02.2014. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен бул чыгарманы окуугам.
17.02.2014. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tori, Айтып койчу,эми не болот?
17.02.2014. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tori, анда сен жазып койчу баарын, биз окуп бутуруп коелу )))
17.02.2014. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызык экен асынып алган бала озунун алсыздыгына намыстанбай кыздын кетип калганына жанып кыйып эмне болсо да чыгармада жашоодо бундай нерсе болбой эле койсун ылайым...
17.02.2014. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кетип калса эле олуп алганы жаман экен.Жакшынакай жигит болсо кыздын журогун жон эле багындырбайбы.Бул кыз болбосо башкасы болот эле да.
Модератор admin_media түзөттү 17.02.2014 12:56
17.02.2014. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул чыгарманы бир жыл дегенде бутобуз го,мынтип барактап отурсак
17.02.2014. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Суйбогон кыз болбойт суйдуро албаган еркек болот бала если чындап суйсо максатына жетсе болмок оз жанын кыйбай еле
17.02.2014. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин досум да ала качып алган башы ушул сыяктуу ызы чуу болгон азыр очор бачар эки баланын ата энеси болушту бактылуу жашашат бири бирин сыйлашат кыскасы...
17.02.2014. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каргышка калган эн жаман эмеспи,омур бою Айдайдын эсинде болот кемпирдин айткандары.
17.02.2014. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kunoo Aidaida emes balada go aa? 1 kyz uchun ata-enesin oiloboi kete bergen kyzzzyyyk jerinen daagy butup kaldy gooo
17.02.2014. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
kempirdin akili jok go emnege kargayt desen..
17.02.2014. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буга окшош окуя озгон тарапта бир айылда болгон,3,4 жыл мурун.Бирок, бала алып качкандан асынып олбой....
кызы менен 1,2 жылдай жигит кыз болуп суйлошуп журуп,эртен той деген куну,кыз москвага качып кеткени учун намысына чыдабай асынып олуп алган,эмне учун аны озу жана кудай билет.
17.02.2014. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уффф журогум ооруп кетти
17.02.2014. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nike yssyk deewetko oturup kalganda balkim jyluu mamile paida bolmok. Bul menin jeke oium.
17.02.2014. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баланын олуп калганы жаман болуптур.
17.02.2014. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кызык, ал балага башка кыз жок беле? анан Айдайда эмне куноо?
17.02.2014. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жон гана чыгарма да журокту эзгенден не пайда достор
18.02.2014. 01:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин досум деле ала, качып алган азыр, жакшы эле жашап атышат.
18.02.2014. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кобуроок эле жазыныздарчы
18.02.2014. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
иий жаман болгон гоо кызыгына келгенде
18.02.2014. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мени банга айдап жиберишбейби,эгер баарын жазып койсом?
20.02.2014. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
men da okugam birok estei albai jatam aidai ozunun kizin kelin kil4u bele kiin uwundai kitebin karap kproiun4u uidon
21.02.2014. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
4ynygy erkek eken ala ka4paile bolup albaiby.
21.02.2014. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыныгы эркек эч качан кыз ала качпайт!А илгери чон ата,чон энелерибизде кыз-жигит болуп суйлошуу мумкунчулугу болгон эмес.Ошол учун алакачуу ыкмасын колдонушкан.Азыркы заманда бул нерсе алсыз адамдын гана колунан келет.
26.12.2015. 03:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ай тоба аны емнеге намыс кылат,олуп алыш оной екен да е .Ошол мурунку аталарыбыздын ушу ала качу салты канча суйушкондорду,анан дагы минтип олуп алгандарчы ,Жакшы азыр ала качууга тыйу салынды.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо