МАЙЛИ САЙРУС

№589 14-февраль-20-февраль, 2014-ж

Майли Сайрус аттуу ысым учурда көптөрдүн көңүл чордонунда. Ырчы айымдын 2012-жылдан тартып өзгөрткөн имиджи, акылга сыйбас кылыктары ага атактуулуктун жаңы доорун тартуулады. Бейбаш жоруктары таланттуу ырчынын чыгармачылыгына боёк кошуп, атактуулугун арттырууда. Шок кыз Майлинин чыгармачылыгы, жеке жашоосу тууралуу төмөндөн маалымат алыңыз.

Толук аты-жөнү – Дестини Хоуп Сайрус
Туулган күнү, жылы – 23-ноябрь, 1992-жыл
Туулган жери – АКШ, Нашвилл шаары, Теннесси штаты
Тартылган тасмалары – «Ханна Монтана», «Жай. Классташтар. Сүйүү» («Лето. Одноклассники. Любовь») жана башкалар
Учурда актриса, жеке ырчы
Ырлары – «Биз токтото албайбыз» («We Can't Stop»),»Топту жара» («Wrecking Ball»), «Сенден айланам» («Adore you») жана башкалар

ЧИРКӨӨГӨ БАТ-БАТ КАТТАЧУ
Ырчы айым Билли Рэй жана Тиш Сайрустун үй-бүлөсүндө жарыкка келген. Анын атасы Билли АКШда кантри стилиндеги ырчы катары таанымал. Алгач ырчыга ата-энеси Дестини деген ат коюшкан. Бирок аны кичинесинен эле Майли деп эркелетишчү, себеби бул аттын котормосу «шайыр» дегенди түшүндүрүп, кичинесинде ырчынын кыял-жоругун сүрөттөп турган.
Майли Сайрустун балалыгы Франклин шаарындагы фермалардын биринде өткөн. Беш бир туугандын төртүнчүсү Майли абдан ыймандуу жана чиркөөгө бат-баттан баш багып турган кыз болгонун айтат.

ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫНА АТАСЫ ТҮРТКҮ БОЛДУ
Майли 2001-жылы үй-бүлөсү менен Торонто шаарына көчүп келген. Анда анын атасы «Доктур» Doс») аттуу сериалга тартылып жүргөн кези эле. Атасынын таасири менен Майли алгач «Чоң балык» («Крупная рыба») аттуу тасмага тартылат. Кийин «Ханна Монтана» аттуу сериалда жараткан негизги каарман Ханна аттуу ырчынын образы 14 жаштагы Майлини дүйнөлүк жылдызга айланткан. Ошондон тарта анын музыкага болгон кызыгуусу артып, ырчылык карьерасын баштайт. Көз күйдүргөн бойдок кыз учурда эч нерседен коркпогон бейбаш айымга айланды. Майли кайда барбасын элдин көңүл чордонунда болууга жетишет. Мисалга ырчынын Бритни Спирстин концертинде бейтааныш кыз менен өбүшкөнү, кашын ак түскө боёп алганы, олуттуу кечеде күтүүсүздөн стриптиз бийлеп кириши элди көңүл кош калтырган жок. Анын үстүнө Майлини легендарлуу Мадонна айым да колдойт деген сөздөр айтылып келет.

ЖАЛГЫЗ СҮЙҮҮ РОМАНЫ...
Майли көп жылдар бою «Акыркы ыр» («Последняя песня») аттуу тасмада чогуу тартылган актёр Лиам Хемсворт менен мамиле куруп келген. Жадагалса ал экөө үйлөнүү тууралуу 2012-жылы жар салып, бирок жыл айланбай ажырашканын кабарлашкан. Мындан башка ырчынын жеке жашоосу тууралуу көптөгөн миш-миштер бар, бирок аларды ырчы өзү ушак гана деп келет. 15 жашынан тартып жандаган жигитинен ажыраган ырчы коомдук жайларда чыр чыгарып, болушунча көптүн көңүлүн өзүнө буруу менен алек. Ага карабай Майлинин жакын достору аны шайыр, назик, туруктуу адам экенин айтуудан тажашпайт. Бирок атактуулуктун артынан кууп жүрүп, ырчы айым адам катары өзүн жоготууда деген пикирлерди айткандар да бар.

МАЙЛИ ТУУРАЛУУ:

  • Денесине 18 даана сүрөт тарттырган.
  • 2006-жылы «Дайым алдыда» («На мили впереди») аттуу өзүнүн автобиографиялык китебин чыгарган.
  • 2013-жылы АКШдагы Maxim журналынын сурамжылоосу боюнча «Планетадагы эң сексуалдуу айым» деп табылган.
  • Американын MTV телеканалынын версиясы боюнча «Эң популярдуу поп ырчы – 2013» аталган.
  • 2008-жылы официалдуу түрдө Дестини атын Майли кылып өзгөрткөн.
Майли «азыркы келбетим чыныгы жүзүмдү чагылдырат» дейт.

Ырчы айым жигити Лиамды «кош бойлуумун» деп алдап да кайтара албады

Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(16)
17.02.2014. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Илгерки кебетеси жакшы болчу экен))) Эми биздин обу жок ырчыларыбыз да ушинтип чыкпаса эле болду
17.02.2014. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mmda murda jakshinakay bolchuu. Azyr vashe ujas bolup aliptyr...
17.02.2014. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жагат укмуш эле обу жок кыз)))
17.02.2014. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаш болсо да жакшы ырдайт..бирок ото жылначтанып алышат ушулар.Кинолору да жакшы...мурун чачы узуну жакшы эле.
17.02.2014. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага келбети жагат,ырлары да жакшы эле го.
17.02.2014. 20:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уят жерлери деле корунойун деп калыптыр го.Биздикилер да чечинип алышпаса эле болду.
17.02.2014. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оо Майли Сайрус ырлары жагат бирок озу жакпайт. Анча деле сексуальная эмес.
18.02.2014. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мурда жакшына корунчу экен.
19.02.2014. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оо Майли,каалаганын кылсын Мейли хе,хе..
19.02.2014. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мурункусу кайсынысы экен?тигил жарым жыналач кезиби же чачы узун кезиби?
20.02.2014. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
allan, чачы узун кези
21.02.2014. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырлары жагат
21.02.2014. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Майли Майли хехе
22.02.2014. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Жагат-жакпайт" темасына басым жасалып кеткенбии..))
Жагат, прям фанатымын..дебейм, но, ырлары киччине жагат..
23.02.2014. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Отоле туру суук ырчы кайдагы сексулдуулук. Агент под прикрытием деген кинону корсонор. Бирок жакшы ырдайт. Таланттуу.
26.06.2017. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
майли сайрус кандай болбосун мен анын суйом,мен ага мындан да популярду болушун калайм и селена гомес ариана тейлорду деми лавато кетти перини дайым жолдо калтырып келген и бул ырчы айым эн мыкты ырчы айым топ 10дун катарына кирген и Гиннес китебине кирген
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо