Гүлнара Салахидинова, Айнура Салахидинованын эжеси:«АЙНУРА ЭКӨӨБҮЗ МИТХУН ЧАКРАБОРТИНИ ТАЛАШКАНБЫЗ»

№589 14-февраль-20-февраль, 2014-ж

Бир тууган – жашоодогу таянар тооң, өйдөдө өбөгүң, муңайсаң сырдашың. Ырчы Айнура Салахидинованын эжеси Гүлнара каарманыбыз тууралуу төмөнкүдөй маек куруп берди.

«Айнура экөөбүз жана бажалар. Эки бажа «баш тырмашабыз» дешип ынтымактуу.

«АПАМ АЙНУРАНЫ ЖЕРИГЕН ЭКЕН»
– Айнура 8 айлык болуп төрөлүптүр. Анда мен 2 жашта болчумун. Дарыгерлер апама «сиз үйгө кете бериңиз, балаңызды дагы эки жума карашыбыз керек» дешиптир. Апам менден кийин эркек бала күткөнүн айтат. Анан Айнура төрөлгөндө бир чети аны жерип, экинчиден, мени сагынып, төрөт үйүнөн үйгө кетем деп чыгыптыр. Таежемдер «Сен эмне болуп жатасың, кызыңды таштап каякка барасың? Көрөсүң, ушул кызың сени багат, сулуу кыз болот» деп кетирбей коюшкан экен.
Кийин ата-энем мени Нарынга таенеме беришкен. Мен ал жакта 7 жашка чейин болуп, анан ата-энемдин колуна келгем. Келсем Айнура, иним экөө мени бөлүп, «башка жерде өскөнсүң» дегендей мамиле кыла башташты. Бир күнү апам «силер бөлө берсеңер, анда мен Гүлнараны терезеден ыргытып жиберейин» деп мени терезеге отургузуп койду. Экинчи кабатта жашачубуз. Айнура кыз эмеспи, чырылдап «Ыргытпаңыз!» деп кыйкырып жиберген. Ошондон кийин алар мага жакшы мамиле кылып, үй-бүлө мүчөлөрүнүн катарына кошушту(күлүп).

«ҮЙДҮН ТҮБҮНӨ КЕЛИП ТАМЕКИ ТАРТЫП...»
– Айнуранын музыкага шыгы кичинесинен эле ойгонгон. Ата-энем экөөбүздү музыкалык мектепке комуз үйрөтүү үчүн беришкен. Ээрчишип барып-келип, жакшы эле окуп жүргөнбүз. Баары апам экинчи инимди төрөгөндөн кийин башталды. Иним төрөлүп, үй оокатына жетишпей кыйналган окшойт. Таежелерим «эки кызыңды тең музыкалык мектепке берип койдуң, оокатка тыңын чыгарып ал, сага кол кабыш кылсын» дешиптир. Анан апам мени чыгарып алган, ошондо катуу таарынгам. Айнура болсо музыкалык мектепте окуп жүрдү. Башында жалаң күү чертчү. Кошуна байке «Сен күү эле черте бересиңби, ырдабайсыңбы? Бир чака балмуздак алып берем, ыр үйрөн» деген. Бир чака балмуздак жегиси келген Айнура комуздун коштоосунда ырдоону ошентип баштаган.
Мектепте окуп жүргөндөгү кызыктуу окуясын айтып берейин. 6-7-класста болсо керек, Айнура классташтары менен тамеки чегели деген ойдо музыкалык мектептен чыгышып, так үйүбүздүн түбүнө келип, кыздар менен тамеки чегишиптир. Апам көрүп калып аябай жаман болуп урушкан эле.

«ӨЛҮП КЕТЕЙИН ДЕГЕН СӨЗДҮ КОШУП СҮЙЛӨЧҮ»
– Индия кинолорун көрүп, экөөбүз тең Митхун Чакрабортини сүйүп калганбыз. Талашып, сеники-меники болуп эле уруша берчүбүз.
Айнуранын «өлүп кетейин» деген сөзү бар эле. Бир нерсени далилдеш керек болсо ошол сөздү кошуп жиберет. Анан «өлүп кетейин, мен кийин сөзсүз Митхун Чакрабортиге тием» дегени эсимден кетпейт. Акыры мен башка актёрду сүйүп калгандан кийин кырылбай калдык. Бул эми балалык сезимдер да. Урушканда Айнурадан коркуп, тайсалдап турчумун. Анткени ал өз үйүндө өсүп, мен таенемдикинде жүрүп калгандыктан, батына алчу эмесмин.
Үй жыйнаганда бөлүшүп алчубуз, «сен муну жыйнайсың, мен муну» деп. Айнура бир нерселерди кооздогонду жактырчу. Кийин ойлосом, мага кара жумушту берип койчу экен.»Гүлнара, сен үй шыпыр, пол жуу, идиш жуу, чаң сүрт. Мен үйдү кооздоп чыгам» дейт. Мен баарын жууп-тазалап, жыйнап чыккандан кийин Айнура ар кайсы жерге түрдүү открыткаларды чаптап койчу.

«АТАМ – АЙНУРАНЫН №1-КҮЙӨРМАНЫ»
– Айнуранын мүнөзү абдан жумшак, ак көңүл, ичинде кири жок. «Кичине жашырып же жымсалдап койсоң болмок» десем, «мен кандай ойлосом, ошону айтам» дейт. Борбордогу №68-мектепти аяктадык. Сабактарына тырышып жетишип, жакшы окуду.
Биринчи ырдап чыкканда аябай сүйүнгөнбүз. Бирок чоң сахнага чейин деле мектеп сахнасынан түшчү эмес. Айнуранын №1-күйөрманы атам болуш керек. Айнура катышкан концерт болсо же сыналгыдан көрүп калса, өзүнүн бөлмөсүндөгү сыналгыны кой, биздикиндегини да Айнуранын ырына коюп кетет. «Ата, коюңузчу, муну көрбөдүк беле!» десең да такыр укпайт.

«ЭЧ КИМГЕ АЙТПАЙ ТУРМУШКА ЧЫГЫП АЛГАН»
– Мен турмушка чыгарда элдин баарына жар салып, жигитимди үйдөгүлөр менен тааныштыргам. Айнура болсо бул жагынан өтө зымпыйды. Болочок күйөө баланы тааныштырмак түгүл, сүрөтүн да көрсөткөн жок. Мен турмушка 27 жашымда чыккам, ал дагы ушул жашта жоолук салынды. Жалал-Абадга эс алганы кетип эле турмушка чыгыптыр. Жар катары да, келин катары да абдан мыкты. Мен ушунча болуп бир эле жолу жоолук салынсам, ал кайындары келгенде башынан жоолугун түшүрбөйт. Жолдошун дайыма «сиз» дейт. Мен «Ал сенин жолдошуңбу же байкеңби?» деп тамашалай берем.

«Айнура кичине кезинде мурду барбайган, капкара, көзү алайган кыз болчу».

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Атам – Айнуранын №1-күйөрманы" дейт Гүлнара Салахидинова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(34)
SUPER.KG видео
15.02.2014. 02:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Айнуранын эжеси сонун кылып баяндап бериптир! Айнуранын балалык кундору аябай жакты! Уйду кооздогону , балмуздака ырдап бергени! Айнура , уйбулон менен бактылуу бол! Уулун дагы Кыргыз эллине чон пайдасы тийген жигитерден болуп чонойсун!!!!!
SUPER.KG видео
15.02.2014. 02:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мага Айнура аябай жагат, супер
SUPER.KG видео
15.02.2014. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
иийй,эне болгон кандай сонун.Айнура бешик боонор бек болсун,ден-соолукта болгула.чыгармачылыгында ийгилик,уй-булолук бакыт.эжеси жакшы суйлоп бериптир,азаматсыз.
SUPER.KG видео
15.02.2014. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Айнура бешик боон бек болсун!!! Уулун дагы кыргыздын сыймыктанган жигитти болсун.
SUPER.KG видео
15.02.2014. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ЭАйнуранын эжекеси да бир муноз, созун орду менен суйлогон айым экен. жакшы маек болуптур, азаматсыз, бактылуу болгула! Айнура бешик боонуз бекем болсун!
SUPER.KG видео
16.02.2014. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мага жакты, эже-синдилер жана бажалар тушкон суроту жакшы болуптур. Гульнара айым акжуумал болсо Айнура кара тору экен. Ынтымагынар узулбосун!!!
SUPER.KG видео
16.02.2014. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Айнура мага башынан эле жагат. Ырлары уккулуктуу,таланттуу, сулуу ырчы. роза Шакирова менен ырдаган акыркы ырында озгочо сулуу чыккан. Азамат!
SUPER.KG видео
16.02.2014. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
azamat Aynura eje .munozu da adeptuu, tarbiyaluu kiz .
SUPER.KG видео
17.02.2014. 06:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
эжекесине караганда Айнура алда канча акылдуу кыз экенине ынандым...эмнелерди эле айта берген ыя?тообо...Айнуранын ийгиликтерине (чёрная завесть) бар экени даана корунуп турат.Ийгилик Айнура!!!
17.02.2014. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айнура эч нерсени жащырбай эле айтып салат эле, айтпай эле койбоптур ушунусун дейт элем, эжеси эч нерсени койбой эле айтып салыптыр гоо
17.02.2014. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кичинесинен эле сулуу экен
17.02.2014. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нарындык кыз Жалабатка келин болуптур да. Бактылуу болушсун. Негизи сиз деген бул сый эле мамиле. Болгондо да жолдошу озунон улуу болсо. Мен деле жолдошум менен тенмин кыз жигит маалда сен элек, сизин жерге турм чыг сиз деп калб бы. Бирок озун экообуз турганда сен эле деп кое берем
17.02.2014. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айнураны суйом да.
SUPER.KG видео
17.02.2014. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чыгармачыл ийгилик Айнура эже.Бир туугандарыныз менен ынтымакта болун,балакайыныз кыргыздын келечегине жараган инсан болсун омурун берсин!
17.02.2014. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр эмне жалан эле жылдыздардын бир туугандарынан интервью алып калганбы?
17.02.2014. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кыйын ырчылардын арасына кирбейт. орто эле
17.02.2014. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арманым батпай калды кимге айтам арманымды, бактылуу болгула!!!
17.02.2014. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мама дебей апа десе не болот?
17.02.2014. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оо Айнура Салафадинова бизге кошуна болдуго Санжар байкеге турмушка чыгып
17.02.2014. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оо Айнура Салахидинова бизге кошуна болдуго Санжар байкеге турмушка чыгып
18.02.2014. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы ырдайт уну да жагымдуу ырлары да маанилуу кыскасы супер суперский!
SUPER.KG видео
19.02.2014. 03:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жакшы маек болуптур! Бактылуу болгула!
20.02.2014. 02:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
талантуу ырчы! бактылуу болсун!
SUPER.KG видео
20.02.2014. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Шаардыктар качан АПА деп айтасынар же АПА деп айтуу уят созбу.Киргиз болбой кыргыз болуп, кичине мекенчил,улутчул деген сезимдерди ойготолу.Адам бололу---киргиздер!!!
20.02.2014. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айнура соонун ырдап коет мага жагат ырлары дайым угам! БАКТЫЛУУ БОЛСУН! УВАЖУХА))
21.02.2014. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага Айнуранын бардык ырдаган ырлары жагат бактылуу бол
22.02.2014. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эжесинин интервьюсу жакпады. Же мактаганы билинбейт, же жамандаганы билинбейт.
SUPER.KG видео
16.03.2014. 23:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айнура сага чыгармачылык ийгилик,эжеси коро албайт эмес болгону чындыкты гана айтып маек куруп берген.Эжен болсо аябай жакшы бул озунчо бакыт себеби мен эки кыздын эжесимин алардын ийгилиги менин ийгилигим.
SUPER.KG видео
14.04.2014. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Черная зависть эмес эле ачык суйлогон, балпылдаган , сонун эже экен.
Ачык айтып , кала суйлобосо да. Иши кылып эле кыйтык таап турасынар.
07.03.2018. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айнура кайсыл жылы торолгон
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо