ШРИ-ЛАНКА АРАЛЫНДАГЫ КЫЗЫКТАРГА БАЙ ЭС АЛУУ

№589 14-февраль-20-февраль, 2014-ж

Мектеп жашындагы көпчүлүк кыргыз балдары дүйнөдө Цейлон (учурдагы аталышы Шри-Ланка) аттуу арал бар экенин, ал Жараткандын мээрими түшкөн, жайы-кышы бирдей жапжашыл, берекелүү, керемет жер экенин «Эрте келген турналар» повестин окуп жатып билет эмеспи. Таластын кычыраган кышынан, согуш жылдарындагы кыйынчылыктардан тажаган Султанмуратка ал арал бейиштей элес берет. Ошол бейиштей аралды көрүп, учу-кыйыры чексиз Инд океаны менен таанышуу бакыты таланттуу инсандар Эрмек Нурбаевге, Нурзат Токтосуновага, рэп ырчысы Добрга, өзгөчө үнгө ээ Каныкейге жана кыргыздын айчырай кызы Орункүл Шабралиевага буюруптур. Кыргызстанда суук 20 градустан ашып, кычыраган кыш каарына алып элди үшүтүп жаткан чакта алар күнөстүү аралга барып, океандын суусуна түшүп, күнгө кактанып, эс алып кайтышты. Мындай түшкө киргис эс алууну аларга «Супер-Инфо» гезити тартуулаган.
2013-жыл, 14-декабрь, Бишкек шаары, Улуттук филармония... Эсиңизде болсо, бул күн филармонияга «Супер концертке» келген көрүүчүлөр үчүн да, жылдыздар үчүн да өзгөчө сюрприз менен аяктап, көпкө чейин эсте сактала тургандай болгон эле. «Заманыбыздын супер ырчысы» Каныкейге, «Заманыбыздын супер рэп ырчысы» Добрга, «Заманыбыздын супер алып баруучулары» Нурзат Токтосунова менен Эрмек Нурбаевге жана «Супер сулуу-2013» сынагынын жеңүүчүсү Орункүл Шабралиевага кышында ысык, экзотикалуу өлкөгө барып эс алып келүүгө жолдомолор тапшырылган. Жаңы жыл алдында мындай белекке ээ болом деп эч бири күткөн эмес. Сюрприз дегендин тузу ушунда эмеспи, ал айттырбай, күтүүсүздөн келет.
Жылдыздар менен кошо Шри-Ланка аралына саякатка редакциядан үч адам бармай болдук. 30-январь күнү таңкы саат алтыда уйкулуу көздөр менен башталган саякатыбыз өмүр бою эсте кала тургандай кызыктуу жана окуяларга бай өттү. Кыштан жайга жетүү оңой иш эмес, албетте, алдыда бизди узак жол күтүп турган. Алгач 4 саат жол жүрүп Алматыга жеттик. Андан аркы жолду учак менен улантмакпыз. «Эйр Арабия» компаниясынын учагы менен абага көтөрүлүп, Араб Эмираттарынын Шаржа шаарын көздөй жол алдык. Төрт сааттан ашык жол жүрүү керек эле. Арабдардын шаарында көпкө кармалган жокпуз. Эки сааттык тыныгуудан соң Коломбону көздөй багыт алган учак абага көтөрүлдү. Кайрадан узак жол, иллюминатордон анда-санда жылт этип көрүнгөн оттор... Таңкы саат төрттө Коломбодогу эл аралык аэропорттон тосуп алган Дарак аттуу гид бизди Берувелла шаарын көздөй алып жөнөдү. Шри-Ланкадан чу дегенде эле көзгө түшкөнү жол чырактардын жоктугу жана көчөлөрдүн кууштугу болду. Калктын жыш жайгашканынан улам болсо керек, көчөлөрдүн баары кууш, ири магистралдарда эле болбосо жол чырак башка жерлерден көрүнбөдү.
Биз түшкөн автобус ири көлөмүнө карабай аралды жээктей кеткен темир жолдун бирде ары жагына, бирде бери жагына өтүп, кууш көчөлөрдөн кыйналбай шуулдап улам бир туристтер тобун тийиштүү отелге таштап жүрүп отурду. Керектүү жерге жеткенде «уфф, аман-эсен жеткенибизге шүгүр» деп жеңилдене дем алдык.

Уюлдук байланыш, телефон, смартфон, интернет жок кезде кантип жашадык эле? Азыр жашоону буларсыз элестетүү кыйын. Жылдыздарды достору, күйөрмандары интернет аркылуу тынымсыз куттуктап, «биздин ордубузга да эс алуунун планын толтуруп келгиле» деп жатышты. Мындайда аэропорттогу бекер Wi-Fi аймактары майдай эле жагат экен.

Мейманканага жетип, мындай кооздукту көргөндө жолдун алыстыгы заматта унутулду. Алыс жол басып келип, номерлерге жайгашкыча коноктордун эс алып туруусу үчүн мейманканада бардык шарттар түзүлүптүр. Дегеле кардарларды тейлөө, өздөрүн жакшы жагынан көрсөтүү аракети боюнча шри-ланкалыктар кыргыздардан бир топ алдыда экен. Кызматкерлер баары менен сылык-сыпаа жылмайып учурашып, колунан келсе, келбесе да маселени чечип берүүгө аракет кылат. Атүгүл маселени чече алышпаса да, түшүнүп туруп түшүнбөгөндөй түр көрсөтүшсө да жылмайганынан жазышпайт :) Жапжашыл чөп, таза, кенен бассейн, пальмалар, элди аралай чуркап бир пальмадан экинчисине секирип ойногон бурундуктар, жай сызылган музыка, толкуну аппак болуп түрүлүп келип жээкке урунган чалкыган Инд океаны... Террасага чыкканыңда көз алдыңа жомоктогудай ажайып кооз көрүнүш тартылып, турмуштук көйгөйлөр, кыштын суугу тээ алыста калып, тим эле жаның жыргай түшөт. Шри-Ланкадагы эс алуубуз дал ушундай эмоциялар менен башталды.

Беш жылдыздуу мейманкананын номерлери атына заты куп жарашып турду. Таптаза, бардык шарты бар. Биз жайгашкан номерлердин бир капталын ээлеген терезелерден көрүнгөн Инд океаны ажайып бир көрүнүштү берет экен.

Тамак-ашты даярдоо жагынан шри-ланкалыктар туристтерди такыр капа кылышпайт. Тамактанып отургандардын алдынан жок дегенде эле ысык тамагы, салаты, таттуусу, жер-жемиши салынган 4 тарелканы көрөсүң. Деңиз чөптөрүнөн, деңиз жандыктарынан жасалган тамак-аш басымдуулук кылат. Ал эми жемиштердин ширелүүлүгүн, даамын айтып сөз менен жеткире албайсың.

Артынан кубалап сүрөткө тарта албай жүргөн бурундук биз берген кириешкини кемирип былк этпей отуруп сүрөткө түшүп берди.

Миңдеген чакырым жол басып келе жатканда эле оюбузда «жетерибиз менен сууга чумкуйбуз» деген каалоо турган. Жайгашарыбыз менен түз эле бассейнди көздөй чуркадык. Ммм... Жыпжылуу суу, кандай керемет?! Сууда балыктай сүзгөн Нурзат, андан кем калбаган Каныкей жарыштарда башка кыздарды артта калтырып жатышты.

«Мен 2-3 күндө эле капкара болуп күйүп калдым. Жергиликтүү калктын эмнеге кара болушарын ошондо түшүндүм :) Кайыкка отуруп алып дарыяга барып, крокодилди көргөндө кинодогудай сезим болду. Азыр бизге кол салса кармашабыз деп ойлонуп жибердим. Кинодо кайыкчандардын жырткыч жаныбарлар менен согушкан моментин көп колдонушат эмеспи. Балык уулаганыбыз да эсимден кетпей турган окуя болду. Океанда катер менен жарым саат жол жүрүп токтодук да, баарыбыз бирден балык кармадык»,- дейт Добр.

Эртең мененки, түшкү, кечки тамактануу учурунда барда жанга жагымдуу жандуу музыка жаңырып жатты. Музыканттар пианинодо, скрипкада, гитарада классикалык музыкаларды ойногонучу. Добр алар менен тез эле тил табышып, чогуу ырдаганга да жетишти.

Бентота дарыясы. Бул дарыя Шри-Ланкадагы кыска жана суусу мол, жылуу дарыя болуп эсептелет. Биздин топту Берувелла шаарынын тургундары моторлуу кайыкка салып алып, көп кызыктарды көргөзүштү. Дарыянын четинде тамыры 3-4 метр өйдө чыгып, бир нече кылым карыткан дарактарга да күбө болдук. Жээгинен узундугу 1 метрдей эчкемерлерди да кездештирдик. Баалуу таштардан зер жасалгалар жасалуучу фабрика, татымалдар өстүрүлүүчү бакча менен кеңири таанышып чыктык.

Өзөн бойлой жай каалгып суу ичип жаткан мынчалык көп пилди күн сайын эле көрө бербейсиң.

Шри-Ланкадагы жаракат алган, ар түрдүү ооруларга тушуккан, жетим пилдерди багуучу Пиннавела аттуу жайга бардык. Бул жай 1975-жылы жунглиде жетим калган кичинекей пилдерди багуу максатында ачылган. Биз пилдерди сууга алып барып жуунтуу учуруна туш келдик. Айрымдарын жаткырып алып жуунтушту. Учурда 100гө чукул пил ошол жайда багылып жатканын айтышты.

Коробкага крокодилдин баласын, мангуст салып алып, туристтерге сүрөткө түшүүгө карматып акча тапкан адам дагы биздин эсибизде калды. Бул крокодил азырынча 2-3 айлык экен. Андыктан бизге тиш сала албады.

Татымалдар жана дары чөптөр өстүрүлгөн бакчаларда сөзсүз бирден аюрведа боюнча дарыгер болот. Кайсы ооруга эмне дары шыпаа экенин дарыгерлер эринбей көпкө саймедиреп беришти. Эрмектин анча-мынча англисче, дарыгердин анча-мынча орусча сүйлөгөнү жылмаюу жаратып жатты.

Шри-Ланкада сойлоп жүрүүчүлөрдүн жүздөн ашык түрү бар. Жээкте күнгө кактанып жаткан крокодилди көргөнүбүздө алгач таңдандык, кубандык, сүрөткө тарттык. «Булар балдары болсо, атасы менен энеси азыр суу ичинде жүрөт да» деген ой кийинчерээк пайда болуп, чочулоо башталат экен.

«Кыштын ызгаарында ысыкка түшүп калуу жомокко келип калгандай эле болот экен. Чачымды төбөмө байлап, көзүмдү чийип алгангабы, мени «япон, кытай» деп жатышты. «Кыргызмын» десем, башында «казакпы?» деп сурап жатышкан. 1-2 күндөн кийин өздөрү эле «салам, Кыргызстан!» дей башташты. Кайсы жакка барбайын, «сулуу кыз» деген комплиментти көп уктум. Индия кинолорун кичинемден жакшы көрүп, сарилерине кызыкчумун. Берувелладан сари кийип аябай сүйүндүм. Эң кызыгы, өз атымды унутуп кала жаздадым. Анткени биздин топтогулардын баары мени Сулуу деп чакырып жатышты. Башында «Орункүл дегиле» деп көнбөй жаткам, азыр сулуу дегенди өз атымдай кабыл алып калдым»,- дейт Орункүл.

«Буга чейин кышында ысык өлкөлөргө барып эс алып эле жүргөм. Бирок бул сапарым эч бирине окшогон жок. Бүт дүйнөнү унутуп, толук кандуу эс алдым. Көбүрөөк философиялык ой жүгүртүүгө кабылдым. Жашоо деген өзү эмне, эмне үчүн жашап жатабыз, жашоонун акыркы аялдамасы кайсы деген суроолорго жооп издедим. Шри-Ланканын эли өтө токтоо экен. Биздикиндей кышкыга көмүр алайын, өтүк алайын, куда тосоюн деген маселелери жоктой туюлду. Анан да табият тартуулаган жаратылышына суктанып тойбой жатам. Ушунун баарын көрүүгө мүмкүнчүлүк берген «Супер-Инфого» аябай ыраазымын. Бир жума эс алуу гана эмес, жашоомду кайрадан барактап чыгуу болду»,- дейт Нурзат.

Перадения падышалык-ботаникалык багы 1821-жылы негизделген, аянты 60 гектар. Азиядагы эң сонун делген бактардын алдыңкысы. Бактын көркүн түрдүү декоративдик дарактар ачат. Андан да кызыгы, бул жерде бөлмө өсүмдүктөрүнүн 750 түрү бар, алардын жалбырактарынын түзүлүшү жана түстөрү бири-бирине окшобойт. Бактын дагы бир сыймыгы – орхидеялар, алардын 100дөн ашык түрү өстүрүлөт. Ал мындай турсун, пальманын 175 түрүн кезиктиресиз. Кооз өсүмдүктөрдөн сырткары бул бакта мемориалдык дарактардын аллеясы жайгашкан. Анда көптөгөн атактуу адамдар өз колу менен отургузган дарактарды көрө аласыз. Аллеяга алгачкы жолу өз дарагын Улуу Британиянын падышасы Эдуард VII, экинчи даракты орус падышасы Николай II отургузганы маалым. Андан сырткары атактуу аллеядан космонавт Юрий Гагариндин колу менен тигилген даракты да кезиктиресиз. Кыскасы, бактагы таң калычтуу өсүмдүктөр туристтерди көңүл кош калтырбайт. Анын үстүнө дарактарга тырмышып сапарыңды коштоп жүргөн маймылдар маанайыңды болушунча көтөрүшөт

«Каныкей экөөбүз пилге отуруп жарышалы дегенбиз. Пилдерди көргөндө жарышмак түгүл мингибиз келбей боорубуз ооруду. Анткени алардын кебетелери жүдөгөн, моюндарында оор чынжырлар, буттарында чынжырдын издери. Бирок Каныкей экөөбүз тук-туктарга отуруп жарыштык. Кимибиз уттук деп карай келсек, экөөбүз бир тук-тукка отуруп алыптырбыз»,- дейт Эрмек.

Бир күнүбүздү пилдерди багуучу жай, дагы бирин чай плантациясы, падышалык-ботаникалык бак менен таанышууга арнап, бирде океанда, бирде бассейнде, айтор, активдүү эс алдык. Бул жайларга Дарак аттуу гид менен бардык. Дарак алгач кичи автобустун салонунда биз менен эле отурган. Ар кайсы суроолорубузга жооп таба албай чарчадыбы же Эрмектин тамашаларына чычаладыбы, айдоочунун жанына барып отуруп алды. Эрмектин «Митхун Чакрабортини, Радж Капурду, Шахрух Ханды тааныйсыңбы?» деген өңдүү суроолоруна «жок» деп жооп бергенинен улам Индияга жакын болгону менен, ал өлкөнүн кинолорун бизчелик билишпейт экенин түшүндүк. Кайтып келе жатканыбызда бизге жакшы маанай тартуулап өзүнүн эне тили – сингалча ырдап берди. Айтмакчы, биз мекенибизге кайткан күнү Дарак үйлөндү.

Чайдын мекенине барып, чай өскөн талааны көрбөсөк болбос. Чай плантациясы биздин эгин талаасындай тегиз эмес экен. Бутактары катуу келип, өйдө-ылдый жерде өсө берерин көрдүк. Сүрөттөгү айым бизге чай кантип терилерин көрсөтүп берди. Бул жерден чыгып чай чыгаруучу фабриканын дүкөнүнө барып, базарлык деп жакындарыбызга чай сатып алдык.

«Мен мындай эс алууларда, орустарда «капризный» деп коюшат го, ошондой чыргоо кыздардан элем. Бирок бул жолу бир дагы «капризимди» көргөзө албадым. Анткени укмуштуудай сонун эс алдым. Чогуу баргандар бири-бирибизди аябай жакын сезип калдык. 100 метр бассаң эле шарпылдаган океан, кайра келип бассейнге түшөбүз. Анан да жергиликтүү калктын сабырдуулугуна, чынчылдыгына баа бердим. Көчөсүндө бир да жол чырак жок, бирок бирин-бири сүзүп алып урушкандарды байкабайсың. Аэропорттон түшкөндө эле «мадам» деп жол берип сыйлап турушат экен. Мисалы, туристтерди алып жүргөн гид, таксист мамлекеттин жүзү да. Жергиликтүү элди көрүп, менин да сабырдуу болгум келди»,- дейт Каныкей

Адамдын ден соолугун чыңдап, жашартып, сулуулугун арттыра турган укалоонун түрлөрү бар экен. Кыздар Эрмектин акчасын коротпой эле, укалоонун «Тамашоу» түрүн тартуулашууда.

Шаиста Шатманова,
Сүйүн Кулматова
star@super.kg


Жылдыздар жана "Супер-Инфо" Шри-Ланкада (1-бөлүк)

Жылдыздар жана "Супер-Инфо" Шри-Ланкада (2-бөлүк)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  16 
Комментарийлер(132)
SUPER.KG видео
21.02.2014. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оо уу Аябай сонун жеер турбайбы! Менында баргым келып жатат сууктан кчып....
SUPER.KG видео
21.02.2014. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Көрсө Добыр балыкчы турбайбы
SUPER.KG видео
21.02.2014. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз да качан корот экенбиз ушундай жерлерди тирилик деп эле олуп болдук го...
SUPER.KG видео
21.02.2014. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эрмектин аялы барган турбайбы анын эмнесин жашырасынар )эрмектин аялы озу деле не удобно болсо керек камерага тушойун десе кайрып кетип атат камераны аялын тартпай)))
SUPER.KG видео
21.02.2014. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кандай деген шаарга барышты ?айтып койгулачы?
SUPER.KG видео
22.02.2014. 06:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун эс алып келишиптир,кызыктырып жибердиңерго.
22.02.2014. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшыы..

Каныкей фотогеничная экен ээ.
SUPER.KG видео
22.02.2014. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Эрмектин ар бир учунчу созу "кудай буйруса". Кыжырды келтирет. Созду керектуу жерде колдонсо жакшы болмок!
SUPER.KG видео
22.02.2014. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Койчу ушуларды
22.02.2014. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ЭЭЭэхх кандааай соонун керемет чиркииин.
22.02.2014. 23:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Super!sonun es aluu boluptur..
22.02.2014. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Super
SUPER.KG видео
23.02.2014. 00:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
2013-жылкы сулуу Орункул кечиресин жасалма сулууга окшоштурдум сени.Ийгилик!
SUPER.KG видео
23.02.2014. 06:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ваауу сонун эс алуу болуптур го. Мен да супер инфо менен баргандай болдум го.
SUPER.KG видео
23.02.2014. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
maga jakty
SUPER.KG видео
23.02.2014. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айии жакшы ойноп келишиптир Нурзат,Эрмек,Каныкей ишинерге ийгилик!
SUPER.KG видео
23.02.2014. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эн сонун биздин жылдыздардын омурундогу эн жакшы мезгилдер болуп калаарына шек жок... кут болсун бул сапарынар акыркысы эмес алгачкыларынан болсун азматсынар топтоп келген куч-кубатынарды эми эргуу менен чыгармачылыктан чыгаргыла... элинер силерден копту кутот анда Алга!!!
SUPER.KG видео
23.02.2014. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баары эле жакшы болуптур, только Шаиста эженин маанайы анча эмес го.
24.02.2014. 01:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх, чиркин, кандай сонун ээ?! Алла Тааламдын ар бир пендесине ушундай эс алуулар буюрсун! Супер инфо– эл менен!
24.02.2014. 03:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ийгилик супер инфо жамаатына!
SUPER.KG видео
24.02.2014. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы ес болуптур ийгилик силерге
SUPER.KG видео
24.02.2014. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нузат Токтосунова кыйын айым , баардык жагынан топ келишкен . Сизге Кудайым ден соолук , бакыт берсин ! КТРК нын , акыркы болуп жаткан ызы чуусунан алыс болунуз.
SUPER.KG видео
24.02.2014. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Нурзат эжеке азамат. Бисмиллях, инщаллах деген создорунуз кобойсун!!!!
25.02.2014. 04:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
крокодилдерди коргону бараткандагы сюжетеги кара футболкачан айым ким? Дагы ким барды эле?
SUPER.KG видео
25.02.2014. 20:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окурмандардын арасында конкурс болуп,женип алсам,коп балалуу энеге жолдомону белек кылаар элем.Бир балама тарбия берем деп,кээде чарчап калам. Биздин жылдыздар деле бир бечарага белек кылышса болмок,алар кунуго эле тойдо журушот го, жыргап.
SUPER.KG видео
26.02.2014. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
соонун болуптур 5
27.02.2014. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
барынар эле журналис синер го
SUPER.KG видео
12.03.2014. 02:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kayakta Nurzat suluu, jaman emes, jakwy alyp baruuchu. Orunkulgo emne ele azylasynar? Uwul kyzdai suluulugunar jok owon uchun. Maga Orunkuldun 10% berse jetmek. Orunkul iwine iigilik ayaw avalardyn aitkanyn ukpai dele okubai dele koi. Talastyn mykty kyzy dep bilem seni) eee uwakchylar oilop kalbagyla Orunanyn tuugany dep, jon gana jerdewim bolot))
SUPER.KG видео
02.06.2014. 01:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин хозяинимин да пили журот го...
SUPER.KG видео
02.12.2014. 02:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
abdan soonun boluptur esaluunar,di-djeilerden bir bir adam kowup alsanyzdar abdan jakwy bolmok boluw kerek, azamatsynar super-info! silerge iygilik!
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо