Токтобек Асаналиев:«АЗЫРКЫ ЫРЧЫЛАР АР КИМДЕН КАЙРЫКТАРДЫ УУРДАП ЫРДАШАТ»

№589 14-февраль-20-февраль, 2014-ж

Кезинде «арманым аттын башындай...» деп ырдап жүргөн Токтобек Асаналиев учурда кыргыздын мыкты ырларын аткарып келет. Маектин алкагында ырчы кыргыз маданиятынын күнгөй-тескейине, учурдагы абалына өз баасын берип өттү.

– Кандайсыз, сурообузду аба ырайынан баштасак. Эшиктеги суук сиздин маанайыңызга таасирин тийгизип жатабы?
– Биз, кыргыздар, төрт мезгилди убагы менен көргөн өтө бактылуу элбиз. Жашаган жерибизди туура пайдалансак ханга салам бербей, завод-фабрика курбай, ядролук, атомдук бомба жасабай эле алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кирмекпиз.
Биздин мөңгүлөр канча миң жылдык суунун запасын камсыздайт. Нанды улук дейбиз, бирок нандан да суу улук. Өлүп бараткан адам эч качан «бир үзүм нан берип койчу» деп айтпайт, сөзсүз суу сурайт. Табияттын берген белегине ыраазы болуп, ар бир мезгилден ырахат алып жашашыбыз керек.

– Былтыр жандуу үн менен театрлаштырылган концерт койдуңуз эле?..
– Болгон каражатымды аябай, кыргыздын улуттук жүзүн көрсөтүү максатында концерт бергем. Концертиме силердин Толик сынчыңар келип, «Токтобекке эки жолу «Эмгек сиңирген артистин» берсе болмок» деген мактоосун жазган. Аны окуп алып мүшөктөп акча тапкандай эле болдум. Мындай мактоолордон руханий азыктанып, эрдемсип калат экенсиң.

– Жаштар фольклордук музыканы анчейин уга беришпейт, бул жаатты кантип өнүктүрсө болот?
– Бул нерсе айланып отуруп баягы эле мамлекеттик башкарууга такалат. Мисалы, фольклорду өнүктүрүүгө аз эле убакыт кетет. Эмне деген чоорчу, кыл кыякчы, комузчу, акын, жазуучулар бар. Мамлекет мына ошолордун башын бириктириши керек. Булар жылаңач баатырлар, бирок кылычы курч. Ар бир замандын өзүнүн залкарлары болот, балким, биз менен катарлаш жашаган адам залкар экенин билбей өтөрбүз, бирок кийин тарых ташы таразалап коёт.
Токтогул Сатылганов атындагы филармониянын тегерегинде болуп жаткан окуялар ал жактагы өнөр адамдарына терс таасирин тийгизбей койбойт. Айла жок, бийлик баары бир өзүнүн адамын коёт экен. Ал жакта музыканын жоголушуна кайыл адамдар көп. Утурумдук акча табуу үчүн отургандар деп ойлойм.

– Ал эми учурдагы музыканын абалына кандай баа берет элеңиз?
– Өзүм учурда Кыргыз улуттук консерваториясында мугалим болуп иштейм. Ошол жакта окуган айрым жаштарды көрүп көзүң тоёт. Алар биздин «жылдызмын» деп төш каккылагандардан эмес, чыныгы искусствого башын урган балдар. Үндөрү укмуш, биринен экинчисиники өтөт.
Бизде мурун обончу деген термин бар болчу, ошол азыр жоголуп баратат. Жаш ырчыларыбыз интернеттен аркы-беркинин кайрыгын алып, түрктүкү же орустуку, өзбектики кылып чампалап, уурдалган ырларды ырдап жатышат. Алар акча таап, курсагын тойгузуп, үй-бүлөсүн багып жаткан чыгар, бирок булар кыргыздын музыкасынын келечегине балта чабууда. Ошон үчүн урпактарга шерменде болбой, улуу залкарлардын ырын уялбай эле өзүнүн боёгун кошуп эстрадалык мотивде ырдап чыгышса болмок.

– Кеп учугун үй-бүлөңүзгө бурсак. Жубайыңыз Саадат менен кантип таанышып калдыңыз эле?
– Саадаттын жездеси той бергенде Жеңишбек акын экөөбүз ырдап барганбыз. Ошол кезде «Боогачың сенин болоюн» деген ырым жаңы чыгып жаткан. Саадат ал ырды аябай жактырыптыр. Бирок мен ал тойдо Саадатты көргөнүмдү кийин эстей албай койдум. Андан көп өтпөй досумдун үйүнө конокко барып, Саадатты ошол жактан көрүп таанышып калдым. Өзү Жумгалдан болот. Ушул кезге чейин кубаныч-капамды тең бөлүшүп, ынтымакта жашап келебиз. Үйдөгү түйшүктөрдүн баары анын мойнунда. Түшүнүктүү, мени сыйлайт, эң негизгиси «качан келдиң, кайда баратасың?» деген суроону бербеген киши.

– Уулуңуз Канат да көптөгөн сынактардын жеңүүчүсү экенин билебиз...
– Уулдарымдын улуусу Канат. «Атадан үч уул туулат» деген макал бар. Менин оюмча, атадан эки эле уул туулуш керек, атадан артык уул жана атага тең уул. Эгер атадан кем уул төрөлсө, анда тукумуңдун өлгөнү. Канат кенедейинен оюнчук эмес, комуз менен ойноп чоңойду. Бир жылда 4-5 баш байгени утуп алган учурлары болду. Азыр 16 жашта, Мураталы Күрөңкеев атындагы окуу жайда билим алат. Келечекте мына мен да комузчумун деп капталыман чыкса, ошондо татыктуу уул тарбияладым деп айта алам. Экинчи уулум Боогачы да эки айга жетпей 4-5 күү үйрөнүп алды.

КЫСКА СУРОО-ЖООП

– Кичинеңизде ким болгуңуз келчү?
– Атам чабан кылам дечү. Мен ырчы болом деп шаарга келе бергем. Бирок баарынан мугалим болгум келчү эмес, анткени мектептеги балдар мугалимдерге ат коё беришчү.

– Музыкалык билимиңиз барбы?
– 2 жыл филармониянын алдындагы студияда, 4 жыл Искусство институтунда, 4 жыл Улуттук консерваторияда окугам. Музыкалык билимим Кудайга шүгүр эле.

– Үй-бүлөңүз тууралуу...
– Үй-бүлөдө он бир тууганбыз. Өзүм да он балалуу болгум келет. Учурда беш балам бар, үч уул, эки кыз.

– Спорттун кайсы түрүнө кызыгасыз?
– Футболду өзүм жакшы ойнойм. Чоң футболду сыналгыдан көргөндү жакшы көрөм.

– Акыркы жолу сиз окуп таасирленген китеп?
– Ашым Жакыпбековдун «Теңир Манас» деген китебин окуп таасирленгем. Кызыгы, аягына чыккан жокмун. Манас чоң казатка аттанып, Аккуласын минип душмандарды каптап келаткан жеринен токтотуп койдум. Анткени Манас мен окуган боюнча жүрөгүмдө аман жүрсүнчү дедим.

– Мүнөзүңүздөгү кемчиликтер?
– Кемчилигим өтө көп. Көп сөгүнгөн кишимин, апам айткандай, «энеңди урайын» деген сөздү «ананайын» деп айткандай эле колдоном. Ишенчээкмин, канча кишиге алдандым.

– Жашооңуздагы кыйын учур?
– Турмуштагы кыйынчылыктарды эч кимге айтпай жеңе билген киши – чыныгы эр жигит. Андыктан андай майда-чүйдөлөрдү айтпаганга аракет кылам.

«Уулум менден кем калышпай улуу өнөрдү аркалап келет».

«Саадатым» деген ырды жубайым Саадатка арнап ырдагам».

Лунара Бекиева
star@super.kg


"Эмгек сиңирген артист" наамын алуудан уялам" дейт Токтобек Асаналиев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(37)
SUPER.KG видео
15.02.2014. 07:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы токтобек байке ырларынызды жакшы кором,анан казыркы ырчылар оа кээ бири уурдашат эми арасында да бар да озу жазып озу обон чыгарып ырдаган анткен туура эмес го
SUPER.KG видео
15.02.2014. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ku4tuuu yr4y Toktobek baikeeee))))
SUPER.KG видео
15.02.2014. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Токтобек байаке сиз андай дегениниз менен азыр 21чи кылым, тошундо Курманжан Датканын медалы болсо да.( Демакратия) тааншы барда утук.
SUPER.KG видео
16.02.2014. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Токо байкенини ырлары соонун го чиркин.
SUPER.KG видео
16.02.2014. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар бир ырчынын оз орду
бар . Кыбырап аракет кылып ырыскысын таап жейт , бирок эл озу эле таразалап тандап угат .
SUPER.KG видео
16.02.2014. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен да бул агабызды аябай сыйлайм, кыргыз элинин сыймыгы, озгочо талантуу инсан. Патриот, мындай ырчылар барда кыргыз элинин кооногус мурастары, фольклор, элдик ырлары эч качан очпойт. Мындай адамдар мн маектешкенден жан дуйном башкача болуп, эргуу алам. Азаматсыз дегим келет, аман болунуз, бар болунуз!
SUPER.KG видео
17.02.2014. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сизге ийгилик каалайм.
SUPER.KG видео
17.02.2014. 03:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Токо байке ийгилик сизге. Ар дайым бар болуп дагы дагы нечендеген бийиктиктерди багынтыныз. Сиз бир гана Ачакайынды эмес бут Кыргызстан сыймыгысыз. АЛГА
АЛГА АЛГА
SUPER.KG видео
17.02.2014. 04:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Aitkandarynyz tuptuura Toktobek baike.Sizge chygarmachylyk iygilik!Alysta jursom da sizdin yrlarynyzdy ugup turuuga shasham.
SUPER.KG видео
17.02.2014. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Токтобек,чыгармачылыгына ийгилик, ден-соолук, уй-булоон менен бактылуу болуп,элге булбулдай болгон унун менен жакшы жакшы ырларынды тартуулай бер.Кызыл-Суудагы (Покровка) достордон
17.02.2014. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Озун атайы акылдуу сынып суйлогону билинип калыптыр. Бирок талантына таазим этем, баардык ырларын суйуп угам чыгармачылык ийгилик! Баланыздын омуру узун болсун, атасынын баласы да дегидей болуп
17.02.2014. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бир чакан кечеден бул инсан унун бир созуп ырдаганда болмонун терезеси сынып кетет деп коркком.Ошондон бери Токтобек мырза-кыргыздын уникалдуу таланты деп билем.Азыркы эптеп унун компьютерге жасалмалап ырдаган ырчы соройлорго караганда ушундай кыргыздын образын чагылдырган азаматтар кобойсо дейм.Ийгилик сизге,Токтобек.
17.02.2014. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз маданиятына кызмат кылып журо берин, бар болун.
17.02.2014. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Таланты ашып-ташкан мырзаларыбыздын бири.Бар болунуз.Тиги биринчи суроттон эч эле тааный албай койдум,башкача эле болуп тушуп калыптыр.
17.02.2014. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Талантынызга таазим! Иштеринизге ийгилик!
17.02.2014. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
аялын жаман мактаптыр го.эмне кылып журдун?кетип атасынбы деп.анда жактырбайт окшойт аялы.
18.02.2014. 02:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
010288, jaktyrbait emes,tuwunuktuu jana iwenet boluw kerek owon u4un ashyk4a sozkylgysykelbeit boluw kerek
17.02.2014. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Токтобек Асаналиевдин илгерки ырларды өзгөртпөй, ошол калыбында ырдаганы өзгөчө жагат. Атам Мусаны, Бектемир Эгинчиев, Асек Жумабаев дегендерди көзүн жумуп алып, жыргап бир ынтаа менен угар эле. Бул байке ырдаганда ошол маалдар кадимкидей көз алдыма келет. Атамды, анын эски кызыл радиосун эстетет. Ошонүчүн да өзгөчө жагат, ушул ырчы агабыз.
Модератор Шаиста Шатманова түзөттү 17.02.2014 18:56
17.02.2014. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Баары сонун,уну да сонун,аткаруусу да сонун,билими да сонун.Футболду жакшы ойнойм дегени окшошпой калыптыр.Мындай салмак менен топ ойноо эмес,жугуруу кыйын.Арык маалда жакшы ойночумун десе окшошмок.
18.02.2014. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
hakker, кечиресиз футболду жакшы ойнойт, мен Ахунбаев кочосундо токтобек байке менен бирге футбол ойногом. Футболду жакшы ойнойт бул факт.
17.02.2014. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ee ushundai yr4ylardyn yrlaryn uksanar!!! Toktobek aga nukura Kyrgyzdyn yr4ysyda! Aman esen den soolukta jurunuz!!!
18.02.2014. 01:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Toko baike azamatsyz!bizdin syimygybyz jogorudagy kommentariilerdi okup suiunup aldym,ununuz keremet bar bolunuz uibulonuz menen!
18.02.2014. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз Токтобек! Мен сиздин боогачы ырынызды биринчи жолу укканда ыйлап жибергем. Себеби менин да суйлошкон кызым Нарындан болчу, анан ала качып кетишкен. Клипти коргондо мен озуму коргондой болом. Бар болунуз,аман болунуз. Сизди терен урматтаган тити
19.02.2014. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыгармачылык ийгилик уй булолук бакыт! Чынында уну укмушго талантыныз оркундоп осо берсин!
19.02.2014. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
TolonturCN,
Сайтка курамы окшош сайттарды жарнама кылууга тыюу салынат!
3 күн банга!
21.02.2014. 03:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уну керемет кооз экен чынында
21.02.2014. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кенже эже кандай журот болду экен
22.02.2014. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
накта кыргыздын жигити таланттуу
23.02.2014. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mykty yr4y. Maga da jagat yrlary.
SUPER.KG видео
26.02.2014. 01:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура маек берген кошулам
27.02.2014. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Унунузго береке
SUPER.KG видео
01.03.2014. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы маек болуптур,чыгармачвлык ийгилик сизге!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо