№589 14-февраль-20-февраль, 2014-ж
Эсиңиздерде болсо, өткөн жылдын декабрь айында Түркияда «Turkvizyon-2013» фестивалы өткөрүлүп, Кыргызстандын атынан Айчүрөк Иманалиева калыстар тобунун мүчөсү болуп барган. Аталган сапарда болгон сүйлөшүүлөрдөн улам ырчыга ушул жылдын май айында Стамбулда биринчи ирет өткөрүлө турган «Дүйнө жылдыздары» аттуу фестивалга чакыруу сунушу түшкөн.
«Фестивалдын негизги максаты – дүйнө элдеринин улуттук ырларынын өзгөчөлүктөрүн чагылдыруу. Азыртадан кызуу даярдык көрө баштадым, кыргыздын улуттук кийимдерин заман талабына ылайык тигүүгө сунуш берип, эски ырлардан «Алымканды» жаздыртып жатам, буюрса, дагы эки ыр даярдасамбы деген оюм бар»,- дейт Айчүрөк айым.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Сиз биздин сыймыгыбызсыз. Унунузго береке.
Устундон кудай карап турарын унутпа да !