Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Кенже Дүйшеева:«САХНАНЫ ЖЕЛКЕМДИН ЧУҢКУРУ КӨРСҮН ДЕГЕМ»

№590 21-февраль-27-февраль, 2014-ж

«Мен сатуучу боломбу, юристпи же үйдө жөнөкөй кожойке боломбу, баарынан мыкты болушум керек. Эгерде чыгармачылыкты тандабасам, баары бир башка чөйрөдө атактуу болмокмун» деген Кенже Дүйшеевага бул сапар чыгармачылыгы жана «Жебе» тобу тууралуу суроо салдык.

– Саламатсызбы? Эки күн дегенде араң жолугуштук окшойт...
– Саламатчылык. Ооба, алдыдагы концертибизге чуркап жүрүп чачырап жаткан учурубуз. Күйөрмандарымды сагындым, эл менен жолугушуп, ыр аркылуу сырдашкым келип жатат.

– Азыр продюсер катары иш алып баруудасыз. Мында «Кыз-Бурактан» алган тажрыйбаңыз жардам берсе керек?
– Уюштуруучулук шыгым жаштайымдан бар. Мектепте кыздар экиге бөлүнүп ырдап жарышканда «Кенже кимдин тобуна кирет?» деген маселе жаралчу. Анан эки тарап мени талашышат. Себеби мен кошулган топ сөзсүз түрдө жеңчү. Кийин «Кыз-Бурак» тобуна келдим, ал жерде да тырышчаактыгымдан улам аткаруучу директор болдум. Эгерде адамда төрөлгөндөн шык болбосо, көп нерсеге жетишпейт.

– Кыздар менен иштешип жүрүп жигиттерден топ түзүүңүзгө эмне түрткү болду?
– Бул ой мага 10 жыл мурун келген. Өзүмдүн купуя сырым болчу. Бирок турмушка чыккан соң шоу-бизнес менен коштошуп, «сахнаны желкемдин чуңкуру көрсүн» дегем (күлүп). Жолдошумдун айтканын угуп, үйдөгү кожойкеликти кыйратам деп ойлоптурмун.
Бирок бир күнү жолдошум менен сүйлөшүп отуруп «жигиттердин тобун түзөйүн дедим эле» десем, «колдойм, ушунча жылдык тажрыйбаң текке кетпей, жаштарды алып чык» деди.

– Анан «Жебе» тобундагы жигиттерди кантип таптыңыз?
– Келиндик кызматты кыйратып Алматыда үйдө отурсам, Кыргызстанга телеберүүгө конок катары чакырып калышты. Ошондо бир ок менен эки коёнду атып, түз эфирден «топ ачам» деп учун чыгарып койгом. Өзүм музыкалык окуу жайларга барып, жигиттерди караштырдым. Алгач Минур менен Саматтын ырдаганына көзүм түшкөн. Медер менен Кумардын апасы мага жарнаманы угуп чалган. Ошентип балдарды алгач көзүм менен багып, анан ата-энеси менен таанышып, чогуу иш алып барууга билек түрдүм.
Башында баарынын телефон номерлерин алып туруп Алматыга кетип, такыр байланышпай койгом. Себеби булардын чыгармачылыкка болгон кызыгуусун билгим келди. Жигиттер чалып «Кандайсыз? Жакшысызбы?» деп ал-акыбал сурагандан башка эч нерсе сурашпайт. Акыры Минур чыдабады окшойт, 6 айдан соң «Кенже эже, жарым жыл өтүп кетти, топ ишин баштайбы?» деди. Ошончо убакыт чыдап мени күтүшкөнүнөн булардын кызыгуусу бар экенине ынанып, чыгармачылыкка кириштик.

– Топтун атын ким сунуштады эле?
– Өзүм. Негизи «Асаба» жана «Жебе» деген аттарды жактыргам. Анан жебе жаанын огу, ал максаты жок атылбайт деп ырымдап ушул атты койгом.

– Байкашыбызча, эски чыгармаларды жаңылап ырдасаңыздар тез популярдуу болууда. Ал эми жаңы жазылган ырларыңыздар анчейин эмес. Буга эмне себеп?
– Топтогу балдар жаш, дайыма заманбап ырларга ыктап турушат. Бирок мен тең салмактуулукту сактоо максатында эски ырларды аралаштырам. Кызыгы, бизге жакпай, анча көңүл бурулбай жазылган ырлар элге бат тарап, табитине ылайык болуп чыгат. «Кечинде келемин сага» деген ырды алгач өзүм ырдамакмын. Аранжировкасын жасатып коюп, ошол бойдон унутуп калыптырмын. Анан топ негизделген соң аны эстеп, жөн эле ырдап көрмөй болгонбуз. Ырды ырымдап 12-апрелде жаздырганбыз, себеби ал күн адамзатынын алгачкы жолу космоско аттанган күнү эмеспи. Ырыбыз да ракетанын ылдамдыгындай тез элге тарасын деген ниетте ушул күнү даярдадык (күлүп).
Кийинки «9 жаш» деген ырды балдарга «ырдайлы» деп сунуштасам жактырышпады. Анан эптеп эле жаздырып койгондогу кербезибиз бул. Элге аябай тез тараганын көрүп, өзүбүз да таңбыз. Негизи угармандын табитине жол табуу татаал. Эмне жагарын билбейсиң, ар бир аткарган ырың тобокелдикке салынат.

– Төрт жигит чогуу иштешип баштагандан бери кыял-жоруктары да сиңишип кетсе керек, ээ?
– Ооба, алгач Минур аябай көп сүйлөчү. Азыр токтоо, оозунан ашыкча сөз чыкса сүйүнөбүз. Кумар болсо кызуу кандуу, анан дардаңдап күлкүсү тыйылбаган бала кыял. Эгерде муштумдун жардамы керек болсо дароо колдоно калат. А Медер өтө тартынчаак. Анан дос кыздары эле көп. Самат жумушка, тиричиликке аябай тың. Жалпысынан алсам, башында төртөөнүн кыялы төрт башка эле. Азыр баары бири-бирине окшошуп калышты.
Жигиттерди чыгармачылыкка алып келерде «эгерде бир кыз келип «боюмда бар, Саматтан же Минурдан, же дагы бирөөңөрдөн» деп көз жашын агызса капа болбогула» дегем. Ошол сөздөрүнө турушат деп ишенем.

– Дайыма жумуш менен алпурушуп жүргөн жаныңыз үй-бүлөгө көңүл буруп жетишип жатасызбы?
– Сөзсүз түрдө, жашоомдо үй-бүлөмдөн артык эч нерсе жок. Ошондуктан ишим чачымдан көп болсо да кызымдын жытын искеп, жолдошума эркелегенге убакыт сөзсүз табам. Кокустан эле жолдошум «чыгармачылыгыңды жыйыштыр» десе сөзүн эки кылбайм.

– Кызыңызды бир туугандуу кылуу планда барбы?
– Буюрса, быйыл үй-бүлөбүздү толуктап, эркек балалуу бололу деген ниетибиз ишке ашса экен деп отурган кезибиз.

– Ишиңизге ийгилик!

Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg


“Бүгүнкү күндө бирөөнүн артынан сын айтуу мода” дейт Кенже Дүйшеева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(60)
24.02.2014. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чыгармачылык ийгилик каалайм. Кенже эже азаматта
24.02.2014. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсыз Кенже эже дайыма ушундай тарсылдаган ачык айрым айым болуп журо беринииз. Кызыныз Томириске мээримдуу эне, жолдошунуз Талгатка суйуктуу жубай болунуз
24.02.2014. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уй булолук бакыт каалайм. Балдарыныз коп болсун.
24.02.2014. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
jebe tobuna igilik!
24.02.2014. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ийгилик Кенже сиздин унунуз озгосо.
24.02.2014. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кенже эженин уну уккулуктуу.жигиттер да жакшы ырдашат анча мынча озун озу пиар кылып кынкылдап апараттын кучу менен ырдаган ырчыларга караганда.
24.02.2014. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
азаматсыз ийгилик сизге!
SUPER.KG видео
24.02.2014. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
кыз бурактан кеткенден бери жарытып ырдаган ырын укпадык азыркы учурда аткарган ырлары кыз бурак кезиндеги ырлор.эртенки концертине баргандарда кыз бурака келгендей болсо керек деп ойлойм туугандар.
25.02.2014. 01:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ой 6 ай чындап куттурдунузбу?анан жолдошунузга эркелегени убакыт тапканызды кенениреек айтсаныз болмок)))
25.02.2014. 02:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кенжени Кыз-Буракта жургондо анча жактырчу эмесин,азыр анын ийгиликтерин коруп аябай сыйлайм,кантсе да асыл таш чанда жатпас,жаркылдап чыгат Бир кун.чыныгы аял экен сынбады.Ийгилик,чоон бакыт каалайм.тилегиниз орундалып манастай уулдуу болунуз!!!!!
SUPER.KG видео
25.02.2014. 08:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Азаматсыз сиздин талантынызды сыйлайбыз !
25.02.2014. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кенже эже ишинизге ийгилик, Жебе тобу алга!
25.02.2014. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ийгилиик



25.02.2014. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыз буракты соз кылбайт ко.мен эле мен деп.хотя кыз бурактан чыккан.отурмак да мырзакеден алыс чыкпай
26.02.2014. 02:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
vangolu,туура айтасын,Кенже деген атты кызбурак тааныткан.Анан эле баары ой менин озумдун талантым бар эле,шыгым бар эле,жондомум бар эле дешет.Тажрыйбаны кызбурактан алсаныз керек деген суроого,жондом жаштыгымдан бар дейт.Ушундай талантту болсо эмнеге Гулшайыр эженин колуна келет.
25.02.2014. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Admin, men takyr ele konok statusunan chykpai koidum go, (sayasat temasyna koment jazain desem..)))
26.02.2014. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mirrow, Жаңы катталган суперстандыктар КОНОК болуп саналышат жана 100 күндөн кийин толук кандуу ЖАРАН болушат. Коноктордун кээ бир мүмкүнчүлүктөрү (Суперстандын саясат жана коом бөлүмүнө билдирүү жазуу, Соңку кабардын саясат, коом рубрикасына комментарий калтыруу, дил кутуна билдирүү жазуу, сурамжылоо жүргүзүү ж.б.) чектелген.
25.02.2014. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озу ажарлуу аял бирок жебе тобунан эч кандай майнап чыкпайт.
26.02.2014. 03:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озун аябай мактаптыр , мен кыйынмын, башка жаатардан деле кыйын болмокмун дептир да, стили, ырлары баягы эле кыз бурактыкы. Гулшайыр эженин кочурмосу боюнча калды. Анжелика болсо Айчуроктун кочурмосу . Канча тансанар деле, кимден тарбия алсан ошого окшошуп калдынар.
26.02.2014. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
суротундо Кенже эже Назира Токоновага окшоп калыптыр.
26.02.2014. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
талантуу болгон учун кыз буракта ырдап журду.Эгерде таланты болбогондо Гулшайыр коймок эмес кыз бурактан чыккан кыздар бири да ыраазы болуп чыкбайт го.
27.02.2014. 02:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жебе тобу аябай жагат.ийгилик силерге.жаны ырларды кутом.красавчики.
27.02.2014. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыз бурактын тузун ичип жургон ошол жерден агарып когоргон бир жолу болсо дагы ыраазычылыгын айтып койуш керек да ..а так мага сулуулугу уну жагат
27.02.2014. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
САЛАМАТСЫЗБЫ,Баардык Кыргызстандын талантуу продюсерлерине кайрылат элем: эмне учун- Сулуу, ай чырай, арыкчырай, суйкайган, Кыргызымдын кыздарынан соонун бир группа тузбойсунор?? Казакстандын Kesh You, жана башка коптогон групаларын карагылачы,кандай кооз клиптери да. оздору да, бизде 1 Кыз бурак бар и то жетпейт алардын сулуулугуна! уят! канча сулуу кыздар бар Кыргыздын, кайда алар?!
SUPER.KG видео
27.02.2014. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
мага бул эже баардык жагынан жагат .молодец ийгилик сизге эже
27.02.2014. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Корейлердей назик болбой балдары эркектей эле ырдашса болмок.Кенже эже эркектей,балдары кыздардан отот созулушуп жакпады.
SUPER.KG видео
28.02.2014. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
молодец Кенже эже ийгилик сиздерге..
01.03.2014. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
chika78 созуно кошулам, Кенже слишком семирип кеткен
SUPER.KG видео
03.03.2014. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Азаматсыз Кенже эже!Чон-чон ийгиликтерди каалайм! Баардык жактан жетишкен мыкты айым деп эсептейм,ырдаган ырлары,топ да аябай жагат.
SUPER.KG видео
10.03.2014. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
zhyky, Anqelina2,
Эскертүү!
Кимдир-бирөөнү мазактоого, кемсинтүүгө, анын абийирине, кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат!
SUPER.KG видео
14.03.2014. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
мисалы азыркы кызбурактын тобуна караганда
Жебе тобун эл коп угат жана бул чындык.Кенже эже азаматсыз!!!
SUPER.KG видео
28.03.2014. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
алып баруучу кызды суйууп калдым
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо