Кубат Кубанычбеков:«КҮЛДҮРҮҮДӨН ЫРАХАТ АЛАМ, БИРОК ЖАНДЫ ДА БАГЫШ КЕРЕК»

№590 21-февраль-27-февраль, 2014-ж

Учурда кайсы тасманы, телеберүүнү көрбө «тамашоучу» жигиттерди кезиктиресиң. Бүгүн биз дал ушул долбоордон аты таанылган тамашакөй жигит Кубат Кубанычбеков менен кеп учугун улоону туура көрдүк.

– Салам, Кубат, биз сени «тамашоучу» катары тааныйбыз, бирок акыркы убакта алып баруучулукка ыктап кеткендейсиң...
– Кандайсыздар, элге жылуу маанай тартуулоо, аларды күлдүрүү өзүм үчүн. Мен ошондон ырахат алам. Ал эми алпаруучулук кесип келечегим үчүн, жанымды багыш керек эмеспи. Мен өмүр бою «Тамашоудо» ойноп жүрө бербейм да, ал да бүтөт, башка жумуш менен алектениш керек дегендей.

– Cендеги чыгармачылык шык кимден берилген?
– Эсимде, ата-энем кечинде жарык өчүп калганда шамдарды күйгүзүп, бизди жаткызып, уктаганча ырдап беришер эле. Мендеги чыгармачылыкка болгон кызыгуу ошондон башталса керек. Кичинемден уюштуруучулук талантым күч, мектепте бир нерселерди ойлоп таап сынак өткөрө салчу жайым бар эле. Бирок тентектик жагын да катырдым. 6-класста эң көп упай топтоп түрк лицейине өтүп кеткем. Өтүп алсам апам «барбайсың, сени ал жакка бере албайм» десе болобу. Чынында обу жок тентек болчумун, апам «түрк лицейинде тартип күчтүү, барса бир жумадан кийин айдалып кетип, бизди уят кылат» деп жибербей жаткан экен. Жалынып-жалбарып, ыйлап жатып араң макул кылгам.

– Ошондон кийин тентектигиң жоюлдубу?
– Жакшы ой менен эле баргам, оңолом деп. 2-сентябрь күнү бир бала ак көйнөгүмдү тартса колтугу айрылып кетип жатпайбы. Ал убакта ата-энемдин мага ай сайын көйнөк алып бергенге чамасы жок болчу. Жиним келип, тиги бала менен мушташа кеттим. Ал окуядан соң менин тартибим үчүн коюла турган упайдан 20 упай кемитип коюшкан. Намыскөймүн да, 1 ай эч ким менен сүйлөшпөй, унчукпай жүрдүм. Апама сөз бергенимди эстеп алып улам-улам жаман болом, айтор, бир ай депрессияда жүргөм, айдалып кетемби деп коркуп жүрүп, бирок окуумду бүттүм.

– Үй-бүлөң жөнүндө да уккум келип турат...
– Апам – медицина кызматкери, атам – куруу иштери боюнча прораб. Үй-бүлөдө төрт бир тууганбыз, үч эркек, бир кыз, мен экинчиси болом. Байкем 19 жашында үйлөнгөн, учурда эки баласы бар. Байкем эрте үйлөнүп туура кылган экен, себеби мени үйдөгүлөр «качан үйлөнөсүң?» деп тажатышпайт. Кичинемден бөлөк жашап калбадымбы. Ошондуктан үй-бүлөм менен бир айдан ашык чогуу жашаган мезгил боло элек. Кээде үйгө барып калганда өзүм 2 метр болуп турсам деле атам-апам кучактап эркелете беришет. Атам тамашалап «кел менин койнума, сени кучактап жатам» дегенде өчөсүң да.

– «Тамашоуго» кантип келип калдың?
– Кыргыз-Орус Славян университетинде окуп жүрүп да КВНден башым чыкпады. Ошентип, 1-курста эле факультеттин 2-3-курстагы балдары менен чогуу КВНде ойноп калдым. Кичинемин да, улуу балдар айткан оюмду угушпайт, жөн эле эки жакка жумшап чуркатып коюшат. Баса, Эрмек Нурбаев биздин окуу жайдын юридикалык факультетинде окуган. Ал ойногон юридикалык факультети биздин атаандаштар эле. КВНчилер баары эле сахнада атаандаш, көчөдө дос эмеспи. Эрмек Нурбаев менен ошол жакта ойноп жүргөндө таанышкам.

– Кыздарды кайырмакка илүүдөгү ыкмаларың менен «Тамашоудо» көп эле жолу бөлүшүп келесиң, айтыла элек башка ыкмалар калдыбы?
– Түрк лицейинде жалаң балдар окуп, кыздардын кадырын жакшы эле билип калдык го. Негизгиси кыздар менен чын жүрөктөн, жаман ой жок таанышыш керек. Чынын айтайын, ушул убакка чейин мен бир да кыз менен жаман ойдо таанышкан эмесмин. Бишкекке жаңы келгенде сулуу кыздардын көптүгүн көрүп аябай таң калгам. Өзүм окуган университеттин кыздарын көрүп оозум ачылып эле жүрчү, көзүм тойбой. КВНде ойноп тааныла баштагандан кийин сулуулар менен таанышуу «проблема» болбой калды. Мендеги азыркы ишенимдүүлүктү Кудай 18 жашымда берип койсо, далай кыздар менен таанышат элем го деп калам (күлүп).

– Сүйлөшкөн кызың менен чогуу клипке да тартылганыңарды билебиз...
– Ооба, сүйлөшкөн кызым Айжан экөөбүз Анжеликанын сунушу менен клипке чогуу тартылганбыз. Анжелика, Омар, Арсендер менен достук катышыбыз бар. Кийин үй-бүлөлүү болсок да аяштарыбыз менен бул алаканы үзбөйбүз деген ойдомун. Ал эми Айжан экөөбүздүн кыз-жигит болуп жүргөнүбүзгө 2 жыл болду, жашы 22де, Медициналык академияда окуйт. Буюрса, жай же күз айларында үйлөнөбүз деп жатабыз.

«ТАКЫР СЫМБАТТУУ ЭМЕСМИН :)»

– Чыгармачылыктагы жетишкендиктериң?
– Чакан ийгилигим – «Тамашоу» курама командасында жүрүп Сочиде, Орусиянын Биринчи каналынан чыгып ойногонум.

– Өзүңдү дагы кайсы тармактан көрө аласың?
– Бийчи болмокмун. Анткени 2-курста заманбап бий түрү боюнча биринчи орунду алгам.

– Жиниң чукулбу же чогултуп бир чыгарасыңбы?
– Жиним бат келген адаммын. Анан да ачыкмын, бетке-бетке эле айтып салмай адатым бар. Кээ бирин таарынтып алган да учурлар болот.

– Өзүңдү сымбаттуумун деп эсептейсиңби?
– Жок, такыр эсептебейм. Айжандан да сурай берем «эмнемди жакшы көрөсүң же кебетем жок, мурдум картошкадай, көзүм бүтүк болсо» деп.

– Сүйлөшкөн кызың бар экенин билип туруп тийишкен кыздар барбы?
– Уялбай эле «билем сүйлөшкөн кызың бар экенин, жүрбөйлүбү тиякка» деп сол жакка чакырганда «вай, бети бетон го» деген бойдон каласың.

– Сараңсыңбы же берешенсиңби?
– Эркек киши берешен болуш керек. Ысырапкерчиликтин деле кереги жок, анан акчаны чеги менен иштеткен адамды сараң деп эсептебейм. Бирок кыздарга сараңдар жакпайт, ээ? «Белекти эң аз алган аял – жакшы аял» деп коюшат го. Айымдар ошондой эле болсо (күлүп).

«Кичинекейимде мотурайган, сүткө тойбогон пончик бала элем».

«Тамашоудо» ойноп көп ийгиликтерге жетиштим».

«Сүйлөшкөн кызым абдан сабырдуу, акылман. Ушул сапаттарын өзгөчө баалайм».

Лунара Бекиева
star@super.kg


Кубат Кубанычбеков: “Балдарымды бага алгандай аял керек”

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(19)
SUPER.KG видео
22.02.2014. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Талантту бала суйуктусу менен бактылуу болсун
SUPER.KG видео
22.02.2014. 05:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өтө эле сындап албай жөн эле көрүп койо бергиле, Кубат деле жакшы эле таанылып калганго
Модератор admin_media түзөттү 22.02.2014 13:53
SUPER.KG видео
22.02.2014. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Puwkin,
Эскертүү!
Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
Ал эми сунушуңуз кабыл алынды.
SUPER.KG видео
22.02.2014. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азамат жонокой бала екен суйуктууно коз тийбесин келечекте чоооон бакыт каалайм экоонорго
SUPER.KG видео
22.02.2014. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Караколдук экенин ушул убакытка чейин билбептирминда, корсо жердеш экенбизда. Красавчик суйгон кызын менен бактылуу бол!
SUPER.KG видео
22.02.2014. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
мыкты жигит экени корунуп турат кызы аябай сулуу экен,суук создон ,суук коздон алыс болгула.бактылуу болгула.Бираз да брлсо кыйынчылыкты коруп оскону жакшы озу баланын мынтип зынкыйган тын киши болуп чоноюшат.
SUPER.KG видео
22.02.2014. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсын эн мыкты маек болуптур келечегин кен болсун.
SUPER.KG видео
23.02.2014. 04:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
мурун чалжандай берет эле бул жолу жакшы серьезно суйлоп маек куруптур ийгилик.
SUPER.KG видео
23.02.2014. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Соонун маек болуптур, озгочо 09:15 оба милашки!!!
24.02.2014. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат! Ийгилик сага)))
24.02.2014. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аракет кылсан берекет деп ушуну айтат. Маанилуу жоопторду анан дагы так кыргызча суйлоптур. Азамат. Кызы таптатынакай экен )))
25.02.2014. 01:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биринчи жолу корушум бул баланы.звездагоо....
SUPER.KG видео
26.02.2014. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
balani ayal bakmak bele ayal karait da a akchani erkek taap balani dagi ayaldi dagi bagish kerek da
SUPER.KG видео
26.02.2014. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Красавец!
28.02.2014. 01:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
девушкасы Айжан айтып коюнузчу эмнесин жакшы короорунузду кызык болутат))) зор бала экен ачык-айрым
02.03.2014. 03:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ийгилик
SUPER.KG видео
03.03.2014. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ойлогон ойлорун ишке ашсын,бактылуу бол!
SUPER.KG видео
10.09.2014. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sonun maek boluptur)Xarizmasy bar,jonokoi bala eken.Baktyluu bolsun.)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо