Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

САПЁР ӨМҮРҮНДӨ БИР ЭЛЕ ЖОЛУ ЖАҢЫЛАТ

№590 21-февраль-27-февраль, 2014-ж

«Сапёрлор жай басат, бирок аларды ашып өтүүнүн кереги жок». Таамай айтылган бул сөздү ар бир адам бөркүндөй көрүп, тиешелүү жерде аткарууга милдеттүү. Шартты бузган адам минанын курмандыгы болушу мүмкүн. Жарылуучу заттарды зыянсыздандырып, өз өмүрүн башкалар үчүн тобокелге салган сапёрлор тууралуу төмөндөгү баянды тартуулайбыз.

Толук аты-жөнү – Калчаев Байыш Бильгельдиевич
Туулган жылы, айы – 1983-жыл, 28-февраль
Туулган жери – Чүй облусу
Билими – Жогорку билимдүү. Түркия, АКШда билим алган


«КЕСИБИМ МАГА АДРЕНАЛИН ТАРТУУЛАЙТ»
КРнын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабындагы инженердик башкармалыктын улук офицери БАЙЫШ КАЛЧАЕВ менен сапёр кесиби тууралуу маек курдук.

«Сапёр эки жолу жаңылат. Биринчиси кесип тандоодо» деп коюшат экен. Кесип тандоодо жаңылдым деп ойлобойсузбу?
– Кесибим абдан кызыктуу. Бул сөзгө мен кошулбайм. Ата Мекенге кызмат кылам деп тандаган кесиби үчүн ар бир аскер кызматкери сыймыктана алат жана өкүнбөйт. Кесибим адреналин тартуулайт дегенимдин жөнү бар. Жарылуучу затты зыянсыздандырып жатканда 2-3 секунддун ичинде эле өмүр менен кош айтышып калышың мүмкүн. Ошондуктан зыянсыздандыруу учурунда каныңда чочулоо сезими менен бирге адреналин ойноп турат. Мындайда сабырдуулук жана токтоолук жардамга келет. Эгер сен өз кесибиңдин чыныгы адиси болсоң, мындай коркунучтун өмүрүңдө бир нечесин артка таштайсың.

– Азыр Кудайга шүгүр, тынч мезгил, согуш жок. Мындай убакта эмне менен алектенесиздер?
– Сапёр бир гана жарылуучу затты зыянсыздандырып коюу менен чектелбейт. Алар коомдук жайларды, майрамдык кечелерди жана адамдар массалык түрдө чогулган жерлерди да текшерүүдөн өткөрүшөт. Жылдын 10 айында күжүрмөн даярдык программасынын негизинде окуу, машыгууларды өткөрүп, квалификациябызды жогорулатып турабыз. Коомдун өзгөрүшүнө жараша биздин кесип да жаңыланып турат. Сапёр жогорку билимдүү болушу шарт. Айрыкча математика, физика өңдүү так илимдерди билбесе, жарылуучу заттарга жолобой эле койгону дурус. Коомдо ар түрдүү адамдар бар. Алар бизди зериктирбейт. Дегеним, айрым тентектер «жардыргыч коюлган» деген жалган маалыматтар менен укук коргоо органдарын дүрбөтүшөт. Мындан сырткары ӨКМнын кызматкерлери менен бирге дарыяларда тоңуп, суу каптоо коркунучун пайда кылган муздарды жардыруу менен сууну өз нугуна келтирүү иш-чараларын жүргүзөбүз.

– Өлкөбүздүн тынчтыгын жана элдин коопсуздугун сактоодо сапёрлордун саны жетиштүүбү?
– Учурда эл аралык абал тынч же ойдогудай деп айтууга негиз жок. Көп өлкөлөрдө террорчулук, экстремисттик топтор даярдаган иш-аракеттер, жанкечтилик, улуттар аралык козутуулар күч алып, адам өмүрүнө коркунучтар туулуп жатканына күбө болуудабыз. Бизде өлкөнүн коопсуздугун кооптуу жагдайлардан сактоо үчүн инженер-сапёрлордун саны жетиштүү. Тынчтык учурда да, согуш талаасында да иш алып кетүүгө даяр турабыз. Ошондой эле УКМК, ИИМ, ӨКМ менен тыгыз байланышта иштейбиз. Бардык эле кесиптин негизги кырдаалы бул кадр маселеси. Бизде да жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо жана тартуу кыйынга турат. Айлыктын аздыгынан же башка кемчиликтен эмес, ошол эле өздөрүнүн билим сапатынан, жөндөмсүздүгүнөн аксап, ишке алынбай калгандар болот.

«ӨМҮРДҮН БАРКЫН БИЛҮҮГӨ ҮЙРӨТӨТ»

– Мина же бомбаны зыянсыздандыруу учурунда сапёр кандай сезимдерге кабылат?
– Жарылуучу затты зыянсыздандыруу учурундагы сезимдер сөз менен айтып жеткире алгыс. Ал сезимдердин жагымдуу же жагымсыз экенин да аныктай албайсың. Бир эле зымды кесүү менен сен өзүңө жана өмүрү сага байланып калган жаныңдагы бир нече адамга эки гана нерсе тартуулай аласың: же өлүм, же өмүр. Эгер ийгиликтүү болсо, анда бир гана нерсеге ынанасың. Өмүр бир берилген жана ал бардыгынан баалуу. Биздин кесипти аркалаган адам анын баалуу экенин өзгөчө сезет.

– Айрым өлкөлөрдө келемиштерди мина издеп таптырганга үйрөтүп жатыптыр. Бизде да жаныбарларды пайдаланган учурлар болобу?
– Бизде андай ыкмаларды колдонуу жокко эсе. Үйрөтүлгөн жаныбарлар жок, бирок иттерди иш процессинде колдонобуз.

Маегиңизге рахмат.

КЕСИП ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТАР

  • «Сапёр» («sape») сөзү француз тилинен алынган. Бизче которгондо «казуу» дегенди түшүндүрөт. 16-19-кылымдарда сепилге жакындап баруу үчүн аң же тоннель казуу, сепил бузуу иштерин жүргүзгөн жумушчу жоокерлерди «сапа» деп аташкан.
  • Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде сапёрлорго үйрөтүлгөн иттер ийгиликтүү жардам беришкен. Алардын ичинен Жолборс аттуу ит согуштун акыркы жылдарында кооптуу аймактардан 7500дөй мина жана 150гө жакын снаряддарды тапкан. Москванын Кызыл аянтында Улуу Жеңиш майрамы үчүн уюштурулчу салтанаттуу параддан Жолборс да өтмөк. Бирок ага чейинки алган жараатынан анын өз алдынча басууга мүмкүнчүлүгү жок эле. Иосиф Сталин кандай болгон күндө да итти параддан өткөрүү керек экенин айтып, өзүнүн кителинде алып өтүүнү буйрук кылат. Ошентип Жолборсту жарадар боюнча парадга катыштырышкан. Ата Мекендик согуш мезгилинде жасаган эрдиктери үчүн медаль менен сыйланган жападан жалгыз ит Жолборс болгон.
  • Голландияда үйрөтүлгөн келемиш-сапёрлор кызмат кылышат. Алар Танзания менен Мозамбиктеги 100дөгөн миналарды табууга жардам беришкен. Келемиштер жеңил болгондуктан, миналарды тебелеп өтүп кетсе деле жарылбайт. Машыктыруучулар алгач кичине келемиштерди түз чийин менен четке чыкпай басууну үйрөтүшөт. Келемиштер мина табууда иттерден да жакшы жыйынтык берерин машыктыруучулар айтат.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(11)
25.02.2014. 02:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
абдан опурталдуу,кызыктуу кесип экен. САПЁР.
25.02.2014. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байыш рада тебя видеть.
25.02.2014. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
абдан опурталдуу кесип
25.02.2014. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
да
25.02.2014. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай кана кесиб болбосун ар бир кесибтин терс жана оң жактары бар!
Сапёр кисиб аябай кообту опурталду мисалы кинолордон деле көрүб жатабыз! Канчалаган Адамдардын өмурун сактаб келишет.....
27.02.2014. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Капкарашка сенин п ларын б га айланып кеткенби кесиб, кообтукоруб сактаб же эмне оруссунбу. Арасында бир тамга калып калса автоматтык ката дейт элем. Бул деген орфогафиялык ката. Уят болот коментарий болсо да туура жазып журолу кыргызчаны, орусча жазган болсон тушунуп кое берет элем
27.02.2014. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оа негизи аябай эле коопту орусча айтканда рискованный кесип да. Бирок азамат ар бирибиз оз кесибибизди суйсок майын чыгара иштесек КАНДАЙ соонун. Узак омур ийгилик сизге сапер мырза
28.02.2014. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sonun90, А сенин катанчы?
02.03.2014. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sonun90, ооба болот оа эмес
01.03.2014. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кажылдашпагыла, эй
02.03.2014. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бака майрыктыгын билбей, жылаанды ийри дейт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо