«АЯЛЗАТ МАЙРАМЫНА КАРАТА БЕЛЕК»

№591 28-февраль-06-март, 2014-ж

7-8-март күндөрү Айымдардын эл аралык майрамына карата «Ырдайлы, достор, ырдайлы» аттуу фестиваль уюштурулат. Иш-чаранын уюштуруучусу Айчүрөк Иманалиеванын жолдошу Таалай Ороскулов фестиваль тууралуу кыскача маалымат берди.

– Саламатсызбы, Таалай, айтсаңыз, аталган фестивалды кандай максатта уюштуруп жатасыз?
– Негизи эле масштабдуу, чоң майрамдардын көбү жаз айында болот эмеспи. Биз да бул майрамдарды куру кетирбей, фестиваль өткөрүүнү пландадык. Аталган фестивалды быйыл биринчи жолу өткөрүп жатабыз, буюрса, бул иш-чараны жыл сайын өткөрүп салтка айлантсак деген ойлорубуз бар. Бул жылдагы жазды жакшы маанай, эргүү тартуулаган музыка менен баштайлы деген максатта фестивалды уюштуруудабыз, жыйынтыгы жемиштүү болот деген ишеним бар.

– Концертте сюрприздер болобу?
– Албетте болот, аны азырынча сыр кылып туралы. Ал эми катышуучулар тууралуу айтсам, кыргыз искусствосунун корифейлеринен баштап жаш эстрада ырчыларына чейин катышышат. Зейнеп Шакеева, Гүлмайрам Момушева, Роза Аманова, Алина Жетигенова, Айчүрөк Иманалиева, Гүлзат Байзакова, Салима Балтаева, Гүлзинат Суранчиева, Курал Чокоев жана башка ырчылар обон созуп, куудул Күмөндөр Абылов элге күлкү тартуулайт.

Роза Аманова:
– Өнөр ар качан жашоодо жакшылыкка үндөгөн, өзгөчө элибиздин муундан-муунга өткөн кылым кайрыктарын жаңыртууда бүгүнкү күнгө жеткен руханий күлазыгыбыз болуп эсептелет. Жаз менен келген жакшы маанай, жылуу күндөрдө жан дүйнөдөн чыккан жакшы чыгармалар аткарылышы керек деп ойлойм. Андыктан бул өңдүү фестивалдарга ар дайым катышууга даярбыз.


 

Айчүрөк Иманалиева:
– Репертуарымда апаларга, эжелерге арналган ырларым көп. Жазды жагымдуу маанай менен баштайлы деген максатта аталган фестивалда өз өнөрүмдү тартуулап, аялзатынын ыйыктыгын дагы бир жолу даңазалайм.

Лунара Бекиева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(6)
03.03.2014. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айчурок эже.,Роза эже сиздерге ийгилик!!!
03.03.2014. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таалай дегени ЭЛТР да алып баруучу беле
03.03.2014. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы идея!
03.03.2014. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аялзаты сен улуксун, тунуксун. Сен жарыксын жарык жанды кабыл алган ыйыксын. Жаратасын бул жарыкка жарык кошуп келесин, Мына ошондон сен сулуусун, улуусун.
03.03.2014. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баардык айымдарды келе жаткан майрамыныздар менен куттуктаймын! Бул коцертке мен созсуз барам.
19.08.2014. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Роза Эжеке ырдабай калдыгго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо