WHATSAPP

№591 28-февраль-06-март, 2014-ж

ВОТСАПП ДЕГЕН ЭМНЕ?
Вотсапп (WhatsApp) билдирүүлөрдү алмашуу үчүн түзүлгөн программа. Android, BlackBerry OS, iOS, Series 40, Symbian (S60) жана Windows Phone платформасында иштеген акылдуу телефондорго жүктөп алууга болот. Ал эми жөнөкөй телефондор менен компьютерлерде бул программа иштебейт. Вотсапп аркылуу текст түрүндөгү билдирүүлөрдү, сүрөттөрдү, видео жана аудио жөнөтүүгө жана алууга мүмкүн. Чатты колдонууда атайын топ ачып, анда 50 адам бир учурда баарлаша алат. Ошондой эле билдирүү жазып, көп убакыт коротуунун ордуна добушуңузду жаздырып жөнөтүү менен убакытты үнөмдөөгө да шарт түзөт. Программанын аталышы англисче What's Up? (Иштер кандай?) деген сөздөрдүн айкалышынан алынган.

ЖҮКТӨП АЛУУ ОҢОЙ
Вотсапптын кызматын пайдалануу үчүн жөнөтүүчүнүн жана алуучунун телефонунда орнотуу зарыл. Аны телефондогу интернет дүкөндөрдөн бекер жүктөп алууга болот. Бирок «Apple» компаниясынын операциондук системинде иштеген телефон ээлери интернет дүкөндөн сатып алуулары зарыл.

КЫЗМАТТЫ ПАЙДАЛАНУУ БЕКЕР ДЕШЕТ, БИРОК...
Программаны көчүрүп алуу акысыз жана кызматты колдонуу 1 жылга чейин бекер. Ал эми андан кийинки жылдары гана жылына бир ирет 99 цент же болбосо 50 сомдун тегерегиндеги акча төлөп туруусу керек. Бирок бул программа интернет аркылуу иштегендиктен, уюлдук операторлор койгон интернет-тарифке ылайык тыйындарын алып турушат. Ит да бекер үрбөй калган азыркы заманда кызматты пайдаланган адам капчыгын жукартууга мажбур.

ПРОГРАММАНЫН ТҮЗҮҮЧҮЛӨРҮ ТУУРАЛУУ
Аталган программаны 2009-жылы америкалык Брайан Эктон жана АКШга көчүп кеткен украиналык Ян Кум түзгөн. Алар өз алдынча компания түзгөнгө чейин «Yahoo!» интернет корпорациясында 20 жыл эмгектенишкен.

УЮЛДУК ОПЕРАТОРЛОРДУН ПАЙДАСЫ АЗАЮУДА
Вотсапптын жардамы менен 2012-жылы апрелде күнүнө 2 миллиард билдирүү жөнөтүлгөн болсо, жаңырган жылы 32 миллиардга жеткен. Ал эми колдонуучулардын саны 2012-жылы айына 100 миллионду түзсө, үстүбүздөгү жылдын февралында 450 миллион кишиге чейин өскөн. Серепчилердин айтымында, программа кулачын кенен жайган сайын, дүйнөдөгү уюлдук операторлордун СМСтен түшкөн пайдасынын суммасы жылына 10 миллиарддаган долларга чейин кыскарууда.


 

ВОТСАППТЫ FACEBOOK САТЫП АЛДЫ
Кечээ жакында дүйнөгө белгилүү Facebook социалдык түйүнүнүн жетекчилиги вотсаппты жалпысынан 19 миллиард долларга сатып алганын билдирди. Бул эбегейсиз каражат Кыргызстандын учурдагы бир жылдык бюджетинен (2 миллиард доллардын тегереги) 10 эсеге көптүк кылат. Facebook`тун негиздөөчүсү Марк Цукерберг мессенджерди сатып алуунун негизги себебин «социалдык түйүндүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана пайдалуулугун арттырууга болгон максат» деп түшүндүргөн. Жогорудагы каражаттын 4 миллиард доллары накталай акча түрүндө берилсе, ал эми 15 миллиарды баалуу кагаздар түрүндө сатылары айтылган.

КЫЗЫКТУУ...

  • Вотсапптын негиздөөчүлөрү жарнаманы, компьютердик оюндарды жек көрөт. Ошондуктан бир дагы жарнаманы вотсаппка жайгаштырууга уруксат берген эмес.
  • Программанын ишин жүргүзүү үчүн болгону 32 инженер иштейт.
  • Вотсапп долбоорун өнүктүрүүгө тартылган суммасы 58, 25 миллион долларды түзөт (2009-жылы 250 миң доллар, 2011-жылы 8 миллион доллар жана 2013-жылы 50 миллион доллар).

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(72)
03.03.2014. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен да ватсап кочурсомбу же андан жакшысы каптап кетеби
03.03.2014. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
KakaoTalk жакшы, смайликтери да сонун тим эле, болгон эмоцияңды айтып берет.
03.03.2014. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн жакшысы Tango скачать этип салыштырып коргуло. акысыз дагы
03.03.2014. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
LINE жакшы деп алайнбы мен дагы)) Аудио, видеозвоноктору да акысыз, и сүрөт, файл жөнөтөт. Ватсап бир жылга акысыз болсо, лайнда чектөө жок)) смайлдарынын орусчасы да бар))

Бирок Кыргызстанда жок экен, саналуу гана өлкөлөрдө, мисалы Россия, Корея ж.б
04.03.2014. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Вотсапп мен учун да ото ынгайлуу.
04.03.2014. 01:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Лайн кыргызстанда бар. Мен келинчегим менен лайндан суйлошом. Видеозвонокко дакшы лайн.
04.03.2014. 04:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mailagent жакшы дейинби? телефонбу, ноутбукбу, планшетпи любойуна кете берет;-))))))))))))))))))))))))
04.03.2014. 04:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Агент ватсап одноклас.и баары бир.мага эч кандай айырмасы жок го.


04.03.2014. 08:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
LINE, VIBERлерди кайдан, кантип көчүрсөк болот. Билгендер болсо шилте жиберип койбойсуздарбы. Сураныч
05.03.2014. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mixi_94, маркеттерде бар. Болбой баратса гуглга жазсаңыз таап берет))
04.03.2014. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ватсап супер соз жок мага жагат эн ынгайлуу программа.
04.03.2014. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
номер калтырышмай кетти
04.03.2014. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mixi94 менин билуум бойунча гугулдан вибер скачать деп издесениз любой соткага жарай турганы чыгат ошону откоруп карап корунуз бирок жонокой соткага болбойт андройтка жакшыыыы!анан wap.pux.su деген сайтка киирсениз агент скайп опера вибер деп турат кирип сотканыз андройт болсо андройт же жаваны тандап кочуруп колдонуп корсонуз болот!дагы билгендерден сурап кор мен озум ошентип кочуруп эле иштетем!
06.03.2014. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
akzuura, рахмат сизге
04.03.2014. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
алай кызы! ошону очуром оа бирок менде отменит еылып баарын бир очурулбойт бирден очуромдааа ошого бир аз жакпай кетет бирок сурот музыка бат жеткени ынгайлуу мага
04.03.2014. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен билишимче what's up интернетсиз иштечу эле эмне болду билбейм жакындан бери интернет м н иштеп калды же мен адашып жатамбы?
04.03.2014. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
вай фай мн кирсен ошонун ичинен болот мб болсо мб алат акча болсо акча алат менен ошондой
04.03.2014. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
What's app жакшы бирок батареяны ыйлатат да ))) vibеr'ди sуmbiаnдын кеебирлери которо албайт а andrоid'дин баары которо алат. Кыскасы уюлдук телефондун кучуно жараша
04.03.2014. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
what's app, viber, line, mailagent, wechat, кайсынысы жакшы? Мекендештер кайсынысында копсунор, ошого мен да кошулайын?
04.03.2014. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
мунун чыкканына канча болду угуп атасынарбы супер инфо...
05.03.2014. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Destro,
Саламатсызбы! Жогоруда жазылып турат.
04.03.2014. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Play market
05.03.2014. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эн сонун экен ватсап.
06.03.2014. 02:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кампютерде иштебейт деп жазылыптыр а мен кампютер мн эле иштетемго,баарысы жакшы иштейт.
06.03.2014. 03:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен бугун очуруп салдым,а то жумуштан чалат албай койсон балчайтып what'sappтан жазышат.)))
06.03.2014. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы маалымат экен бирок бул программа компьютерлерге дагы болот,вайбер дагы компьютерге болот булардын мооноту озу 1 жыл андан кийин сатып аласа же болбосо жаны кочуруп алса болот
07.03.2014. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин контагымдагы адамдардын эч кими. Vibeгде жок экен
07.03.2014. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Men dele viber shakshy eken dep kosho ketejinchi. Surot video tel.she kompton alyp she srasu ele surot video tartyp shonotson oshol samaz ele shetet eken. AUDIO soobshenije kylsan da bolot eken. Baarynan da kolgo surot tartyp turup shi erhen shakty maga.
10.03.2014. 01:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Вибер тууралууда жазсанар,балким копчулукко пайдалуу болот.
24.03.2014. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Wechat программасына окшошуп кетет экен. Тамга терип суйлошсон да болот и жон эле суйлоп кое берсен суйлогонун суйлогон боюнча барат да
12.04.2014. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"УЮЛДУК ОПЕРАТОРЛОРДУН ПАЙДАСЫ АЗАЮУДА"...
Ошондо уюлдук операторлор пайдасыз, кереги жок болуп калат бекен???
"Кирешеси" десеңер болмок, "пайдасы азаюуда" дегенде башкача түшүнүк болуп калат экен...
21.04.2014. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага ват сап жакты анткени кайсы убакта болсо да смс жиберсен барат .жетпей калдыбы деп ойлонуп отурбайсын.
11.01.2015. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайдагы 99цент жейт,ото эле к0п жейтко.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо