Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«АПАМ МЕНИ АГАМДЫН ОРДУНА КАМАТЫП ЖИБЕРГЕН...»

№591 28-февраль-06-март, 2014-ж

– Жүрөктү өйүгөн ый-муңумду кимге айтарымды билбей, сиздерге кайрылып отурам. Эми менин элге аралашып жашап кетишим кыйын. Артымдан «бул зек, түрмөгө отуруп чыккан» деген сөздөрдүн ээрчиши да турган кеп. Бирок ушундай абалга кабылганыма мен эмес, апам менен улуу агам күнөөлүү. Алар менин тагдырымды бир заматта талкалап коюшкан. Ошондуктан түрмөдөн чыксам да өз үйүмө баруудан качып жүрөм. Кокус ичимдеги кектен улам алардын бирин өлтүрүп коёмбу деген ойлор да келет.
Үйдө 5 бир тууганбыз. Атам эрте көз жумгандыктан, жетишпеген жашоонун шорун тартып, азап менен чоңойдук. Мектепти аяктаган соң өзүм иштеп, өзүм окуйм деп институтка тапшырып алдым. Бирок жарым жыл окугандан кийин баары азан-казан түшүп калды. Ал кезде бир эжем турмушка чыгып, улуу агам 3 балалуу болуп, иштеп, үйдөгүлөрдү багып жаткан. Жаңы жылга карата үйгө барган элем. Таңга маал апамдын кокуйлап ыйлаганынан ойгондум. Сыртка чыксам, короодо бир киши жансыз суналып жатат, үстү-башы кан. Үйдөгүлөр ызы-чуу. Көрсө, окуя мындай болуптур. Агам тамдын артынан дабыш чыкканынан ойгонуп, барса, мал короодо ууру жүргөн болот. Ал агамды көргөндө бычагы менен коркутуп, ары-бери шилтегилеп, качып кетмекке далбастайт. Агам бурчта турган темирди алып, аны менен коюп жиберет. Тигил кулап түшкөндө барып дагы бир ирет согот. Ууру ошо менен турбай калат...
Ары-бери чуркап далбастаган апам бир убакта мага «айланайын Самат, эми агаң камалып кетсе бизди, анын 3 баласын ким багат? Банктан алган кредитти ким төгөт? Балам, «ууру менен алышып жатып байкабай өлтүрүп алдым» деп сен мойнуңа ала көр. А биз агаң болуп акча таап, сени эптеп чыгарып аларбыз» деп жалынып-жалбарып ыйлап кирди. Агам, жеңем мага карап жалдырашат. Менин башыма эч нерсе кирбей, дендароо болуп калдым. Аңгыча милиция кызматкерлери келди эле, апам мени көрсөтө берди.
Ошентип мен агамдын ордуна соттолуп кеттим. Үйдөгүлөрдүн акча чогултуп чыгарып алабыз дегендери сөз бойдон кала берди. Түрмөдө кыйналгандан өз жанымды кыйгым келген учурлар болду. Чыккандан кийинки абалым бул. Кокус үйгө барсам ичимдеги кек менен өзүмдү кармай албай, апамды же агамды бир нерсе кылып жиберемби деп корком. Жүрөгүмдү канаткан ой ушул: эмне үчүн мен агамдын ордуна азап тартып, тагдырымды талкалашым керек эле? Мен деле апамдын агам сымал эле баласымын го. Агам камалып кетсе, үйдөгүлөрдү агамдай бага албасам да, колумдан келгенин жасамакмын.

Самат,
Жалал-Абад облусу, Базар-Коргон району

– Самат, сизге кечиримдүүлүк керек. Муну абалдан чыгуу эмес, жан дүйнөнү тынчтандыруу, көтөрүп жүргөн оор жүктөн арылуу деп түшүнүңүз.
Кечирип салыңыз деген кеңешке макул болбошуңуз да мүмкүн. Бирок ойлонсоңуз, апа менен бир тууганга таарынып, кек сактап жашоо өтө оор. Апаңызды кыялбай агаңыздын күнөөсүн мойнуңузга алган өзүңүзсүз. Ошол учурда өз жашооңузду ойлобой калганыңыз үчүн азап тарттыңыз. Бирок өткөн иш өттү, алдыда жашоо турат. Андыктан сизге келечекке умтулуу керек. Түрмөдө отурган адамдын аты жаман. Бирок ушуга макул болуп, калган өмүрүңүздү кайгыруу, жинденүү, кектенүү менен жашап өтөйүн дейсизби?
Дагы да сиздин алдыңызда тандоо бар: сиз жан дүйнөңүздү кектен, таарынычтан тазалап, алдыга карай кадам коёсуз, же тескерисинче, тагдырга таарынып, апаңыз менен агаңызга кек сактап, оор жүк менен жашайсыз. Ишенип коюңуз, ушул боюнча тагдырыңызды кандай болсо да кабыл алсаңыз, сизди да кабыл ала турган ак ниет адамдар кездешет. Күнөөсүз экениңизди өзүңүз билген соң башты жерге салуунун кереги жок.

«ЖИГИТИМ БАШКАГА ҮЙЛӨНҮП АЛЫП, КАЙРА МАГА КЕЛИП ЖАТАТ»
– Жигитим экөөбүз 4 жыл сүйлөшүп, акырында баш кошууну пландап калган элек. Бирок эмне болуп кетти билбейм, ал жөн жерден эле башкага үйлөнүп алды. Ичимден тагдырга таарынып кала бердим. Таап, такып сурап баш ооруткум келбеди. Ошентип арадан 2 ай өтүп, акырындан өзүмө келе баштаганда, бир күнү ал эшигимдин алдында пайда болду. Тигиниси менен ажырашканын, баары бир мени сүйөрүн айтып, кечирим сурады. Өткөн жашоомо эшик жапканымды, эми ага кайрылып барбастыгымды айттым. Бирок ошол күндөн ушул күнгө чейин улам чалып, кечирим суроодон жазбай келет. Чынында, аны жакшы көрчүмүн, бирок башкага үйлөнүп алганы үчүн сезимимдин мурункудан сууп калганы анык. Эмне кылсам, кеңеш бериңиздерчи.

Соната,
Ысык-Көл облусу, Каракол шаары

– Соната, сиздин кырдаалга мен 2 түрдүү жооп берейин.
1) Бир жолу саткан адамга ишенүү кыйын. Ал адамдын сиз менен сүйлөшүп жүрүп, башкага үйлөнгөнү бул – сүйүүнүн жана ал адамдын өз кылган ишине жоопкерчилигинин жоктугу. Мындай адам менен кантип үй-бүлө курса болот деген ой жаралат. Бул жолкусун кечирдиңиз дейли, бирок кокус бир күнү сиз менен урушуп калса, башкага кетип калбайт деп ким кепилдик берет? Анысы менен урушса, кайрадан келип «сүйөм, кечир» десе эле кечире бересизби?
2) Эгер ал адамды чынында эле сүйсөңүз, кечире алсаңыз, аны менен кайра мамиле түзсөңүз болот. Адашпаган адам барбы демекчи, кээде адам кылган кемчилигин сезип, кийин кайталабоого аракет кылат.
Эми ойлонуп, өз жашооңузга жоопкерчилик менен карап, бирин тандаңыз.

«ИНТЕРНЕТТЕН ЧЫНЫГЫ СҮЙҮҮМДҮ ТАПТЫМ»
– Турмушка чыкканыма 3 айдан ашты. Бирок мен бул жолдошумдан кетип, интернет аркылуу таанышкан жигитке баш кошууну ойлоп жатам.
Түшүнүктүү болуш үчүн баарын башынан айтып берейин. Медициналык окуу жайында 1-курста окуйм. Мындан 4 ай мурун тааныш эже мени өзүнүн иниси менен тааныштырган эле. Байкасам, дурус жигит көрүндү. Сүйлөшүп баштадык. Анан бир күнү баш кошуу тууралуу сунуш киргизди. Үйдөгүлөргө айтсам алар да макул болушту. Ошентип, турмушка чыктым. Бирок жашап баштаганда күйөөм менин кыялымдагыдай болбой чыкты. Үйдө интернет болгондуктан бир күнү башка жигит менен тааныштым. Ал экөөбүз бат эле тил табышып, мүнөзүбүздү билип калдык. Сонун сөздөрдү сүйлөп, жакшы тилектерди айтат. Жакындан бери мени жактырарын билгизип, баш кошууну сунуштай баштады. Мен «ишенбейм» десем, үйүндөгүлөр менен да сүйлөштүрдү. Ошентип, мен да аны жактырып калдым. Эми бул күйөөмдөн кетип, ал жигит менен жашасамбы деп ойлонуудамын. Акыл айтыңыздарчы же туура эмес кылып жатамбы?

Айдина,
Ош облусу, Ноокат району

– Баары сиздин эркиңиз менен чечкиндүүлүгүңүздөн көз каранды. Эгер сиз «бул күйөөмдөн кетсем эл, үйдөгүлөр эмне дейт?» деп корксоңуз, анда аргасыз жашап кала бересиз. А эгер элдин сөзүнөн коркпой, алдыдагы кыйынчылыктарды жеңем деп чечкиндүү болсоңуз, анда жолдошуңуздан кетип, жаңы жашоо баштай аласыз.
Сиз ата-энеңизге баарын ачык айтып, алардан кеңеш сурашыңыз зарыл. Ата-эне эч качан баласына жамандык каалабайт. Кайра жаңылбай тургандай болуп терең ойлонуп, анан чечим кабыл алыңыз.

Суроолорго жеке психолог НУРЗАДА МАЯМЕРОВА жооп берди.
Жашоодо ар кандай учурлар болот. Айрымдар сүйгөнүнөн айрылып жанын коёрго жер таппай, бирөөнүн кеңешин уккусу келет. Кээ бири «кимди тандайм?» деген дилеммага такалып, «эми кимге кайрылуу керек?» деген маселеге кептелет. Мына ошондой түйүндүү суроолордун жообун тапкыңыз келсе, биздин гезитке кайрылыңыз. «Психологдун кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы.

Суроолорду (0312) 32-33-28 номери
аркылуу берсеңиз болот же
kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(103)
06.03.2014. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соната сага айтарым, эгер башында сени барктай албаса эми тем более баркына жетпейт, егер сени твштаса анан аялын тыштаса - конумуш адат ал- эрине ишенгиче 2 босгоно ишен -
06.03.2014. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
интернетен суйунду таптынды уят куйоон бар туруп аллахтан корк уятсыз екенсин кыргыздын кыздарына ыйман берсин
06.03.2014. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Самат сен ал кылган ишине эч качан окунбо бирде жигит тоо минет бирде жигит жоо журот алар сенин апан бири аган сени менен сыймыктанышат сен эрдин ишин кылгансын
06.03.2014. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Самат сеен эркектик кылып бир туугандарынды выручат эттин азыр зектер авторитетко так что кайгырба колу менен коргозот деп кайра мен отуруп чыканмын деп зектер мактанып калган заман азыр.
Соонун ал жигитин сени жыргатпайт эртен эле дагы бироого алмаштырат уже ал адамдын ким экени корунуп калды...
Айдина сен мага электрондук адресинди жиберсен мен да сени 7 кунду озумо суйдуруп алам, так что корбогон адамга интернеттен таанышкандарга такыр ишенбе, мумкун ал маняктыр же жана башкадыр
06.03.2014. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Алгычакты алтыным. Алгандан кийин катыным
07.03.2014. 02:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Самат сен эркектин ишин кылыпсын.сага алкыштар болсун!сен ойлонбо чыккандан кийин эмне болот деп.сенин да бешенене жакшы кундорду жазып койгондур кудайым.апан менен агана капа болбо аларда жургондур сени ойлоп.муну палакат деп коюшат кыргызда
07.03.2014. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озунчо эле кузей гюней го
07.03.2014. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
samat, Siz apanyzdyn aytkanyn kylyp tuura kylgansyz.. Bul erdik!!! aga-ini degende ozunuzdun ele on kol mn sol koldu elestetiniz. A ozunuzdu apanyz dep elestetiniz. Bul jerde sol kol kotorush kerek bolgon juktu yngayluu bolush uchun on kol kotorup koydu. Bul jerde och aluuga negiz jok. Siz ozunuzdu karmap kechiriniz. Azamatsyz!!!
07.03.2014. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aydina, "nasyia kuyruktan nak opko" degen soz bar elibizde. Toshogundu suutpay jashay ber. jash ekensin karyndashym, kiyin okunup kalba...
07.03.2014. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
самат сен эркек экенсин али баары алдыда апан менен аганды кечир ата эне бир туган учун жанын бергендер бар сен туура кылыпсын
07.03.2014. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
долбаебы,сарты.я вас терпеть не могу!вы пидары!
06.07.2018. 00:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
cinematica,Жалал-Абаддык, Ноокаттык жалпысынан Түштүктүн тургундары болгону үчүн сартпы? Булар да сендей эле кыргыз. Кыргыз жерин сактап жашап келаткан улутташтарың! Сага окшогон бөрүлөр бесят!
07.03.2014. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
1.Самат сага оор экен, бирок сен озунду агандын ордуна коюп кор сен эмне кылат элен? Эне бир-тууган керек кек сактаган болбойтко.
2. Соната сени суйсо жигитин башкага уйлонмок эмес. (Менин суйлошкон кызым турмушка чыгып кетип 4 жылдан бери чыныгы суйууну издеп келем жанылбаш учун!)
3. Айдина сага тушунбодум эрин бар туруп интернеттен жигит издеген (алмаштыруудан сумма озгорбойт) башында эле тийбей койсон болмок экен!
08.03.2014. 00:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Самат сабырлуу бол.Соната ойлонуп иш кыл дагы алданып калбай.Айдина сен ачык айтканда акмак кыз экенсин куйоон туруп куйоо издеп андай агент куйоо эшике чыксан толуп атат сага айткан создор менен башкалардын да башын айлантып атса керек агент ромео.
08.03.2014. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жолдошунду суйсон башка менен суйлошпойт елен да. байкуш жолдошуна боорум ооруйт койнунда жаткан аялынан андайды кутпойт да
08.03.2014. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kuiogo tier aldynda oilonysh kerek bolchu. kuion bar tyrup bashka erkeke karagan bul kynoooo
08.03.2014. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aika93, мен кошулам сага
09.03.2014. 08:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Internettegi jigitti suygon kyzga aitkym kelet kiyin okunup kalbasan boldu. Je kuyoon urup sogup urbagandan kiyin bashkany emne kylasyn . Internettegi suyuulordun kopchulugu ubaktyluu
09.03.2014. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айдина эртенки кундо окунуп калба, жакшына жашап жаткан куйоонду чанып, анан кеч болуп калат, интернеттеги суйууго коп ишене бербе.
09.03.2014. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айдина копко конбогон кыргыз азга конот болуп журбо
18.03.2014. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айдина жашоо оюнчук эмес да. Эмнеге сен үчүн биз ойлонушубуз керек. Общий эле мекендеш кыздар айткым келип жатат. Айрыкча жаш кыздарга. Жашоо оюнчук эмес, күйөөгө тиерде эч шашпастан жакшылап ойлонуп анан решать эткиле. Эч ким силерди шаштырбайт и шаштырганга да укугу жок. Себеби силердин тагдырыңар чечилип жатат. Түбөлүк жашай аламбы же жокпу деген суроонун үстүнөн иштесеңер. Утасыңар менин алтындарым, деп
18.03.2014. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
терең урматым менен мен Алибек Кубанычбеков
22.03.2014. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Самат сиз сабырдуу болунуз мечитке барып намаз окуп Дааватга чыгыныз.дин жолуна тушуунузду каалайт элем.Ислам дининде гана 2 дуйно бактылуулукка ээ болобуз.сиз бул жалган дуйнодо турмого отуруп чыксаныз балким Аллахымдын сыноосудур жанылган жаак жыгылбаган туяк болбойт
дегендей тообо келтирип дин жолуна тушсонуз жакшы болмок кээ бир адамдардын жаман создоруно конул бурбаныз мусулмандар бири-бирине бир тууган деген азыр адамды болгонго эч кимдин укугу жок.
22.03.2014. 22:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башынызды бийик которуп журунуз. Ак ийилет бирок сынбайт.Жашшодон оз ордунузду таап кетиниз дейт элем
17.04.2014. 05:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айдина турмуш сага оюнчук эмес интернеттеги суйуу суйуу деп ойлойсунбу ал жөн гана кызыгуу,жактырбайт экенсин күйөөндү неге турмушка чыктын,биринчи берген өмурлук жолдошуң кудай берген болот экинчи жолу чыксан кудай урган болот,учунчусу кудайдан жөө качкан адам болот,мейли ажыраштын ал суйлошкон агенттен тапкан жигиттине турмушка чыктын дейли. Казан аяк кагышат миң сүйүшүп күйүшсөда аял эркектин ортос
17.04.2014. 05:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соната 4-жыл сүйлөшүп сөзүнө туруктуу болбогон адамды кантип кечирмек элең эгер чын суйгөн эркек болсо сөзүнөн чыгат ,4-жыл сүйлөшүп башкага үйлөнүптү анын кызыгы бүткөндө кайра сени алам
Деп атыптыр,ал кыз боюнда болсо торосо не болот кайра ага кетет.сени сүйүп башкага үйлөнгөндө көзүн ачылбадыбы.ойлон так что аз
17.04.2014. 05:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Самат бул күндөрда өтүп кетет бөксөргөн толот сен өз бир туугандарынан өч алууну ойлобо ,канча бир убак алардан алыс жур унутууга аракет кыл убакыт озү даарылайт 'жашоого болгон көз карашыңды өзгөрт
25.05.2014. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айдина турмушка чыкканына эми 3ай болуптуп сразу эле жакпай калды дебе ар бир адамдын жакшы доагы болот ошону издеп табышын керек суйлошуп жургондо баары жакшы коруно берет а турмуш башка ал интернеттеги жигитиндин да кемчилиги болот баарибир ал жакпаса аны менен да ажырашасынбы не ойлонуп иш жаса
менин турмушка чыкканыма 4жыл болду эми гана бири бирибизди тушунуп калдык эч ажырашам деп ойлобо азыр жаштык кылып атасын е биринчи турмушка жетпейт эч кимден укпагам экинчи турмушум жакшы деп
28.06.2014. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы коргон балана шаар коргозбо дегендей. Айдина сен женил ойлуу кыздардан экенсин. Башкага бар анын менен жашаганда да анындын да кемчилиги болот. Эсин барда этегинди жапчы суранам.
14.09.2014. 01:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Самат апан сени жаман коргонунон бул ишке турткон жок.Айласы кетип турганда башына келген ой ошол болду да.Чыныгы Адам болсон турмо сени сындыра албаганын далилдеп жакшы жашап кете алсан анда эч ким сени кемсинткенге акысы жок.
13.04.2016. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Самат брат жигит кишинин башынан емнелер гана отпойт дейсин
05.07.2018. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саматка боорум ооруду. Аа Айдинага азыр турмодо жаткандар кыздарды телефон мн колдонот. Ойлонуп иш кыл. Эстуу болсон ошол куйоонду эр кылып аласын. Эсин жок экен.Санота жигитин мн жарашпа. Дейт элем.
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо