Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Шахзода Матчанова:«АПАМ КЫРГЫЗСТАНДА ТӨРӨЛГӨН»

№591 28-февраль-06-март, 2014-ж

Акыркы учурда кыргыз тасмаларына тартылып жаткан өзбек актрисасы Шахзода Матчанова менен маек курдук. Ал кыргыздардын «Жатакана» телесериалында жана «Туман» тасмасында башкы роль жараткан. Актриса кантип кыргыздар менен иштешип калды? Мекенибиз ага эмнеси менен эсте калды? Бул суроолорго жооптор назарыңыздарда.

МАТЧАНОВА ШАХЗОДА АЛИШЕРОВНА
1987-жылы, 8-августта Өзбекстандагы Каракалпак автономиялуу республикасынын борбору Нукус шаарында туулган.
Ташкент шаарындагы Дүйнөлүк экономика жана дипломатия университетин аяктаган.
Актриса фобиясы катары адамдарды айтат: «Адамдарды жакшы көрөм, бирок алардан коркуу керектигин да түшүнөм».
Хоббиси деп спорт менен машыгууну, француз тилин үйрөнүүнү, адабий китептерди окууну, кино жана театрларга барууну эсептейт.

– Алгач эле сөздү кыргыз тасмаларына кантип тартылып калганыңыздан баштабайлыбы?
– Мени «Жатакана» («Общага») телесериалына кастингге Ташкенттеги тааныш режиссёрлордун бири чакырган. Көрсө, ага Эльдияр Кененсаров кайрылган экен. Ойлонбой туруп дароо бардым. Анан видеотандоодон өтүп кеткенимде аябай сүйүнгөм. Себеби улуттар аралык биримдикти бекемдөө үчүн жасалган иш оң түшүмүн берерине ишенгем. Анын үстүнө менин апам Кыргызстанда төрөлгөн да. Ошондуктан Кыргызстанда тартылган алгачкы тасмамды апама арнагам. Азыркыга чейин Камила Абдил менен Эльдиярга (Кененсаров) ыраазымын. Алардын жардамы менен Кыргызстанды көрдүм. Андан кийин эле «Туман» тасмасына тартылууга сунуш түштү. Анда да ойлонбой туруп макулдугумду бергем.
Чыгармачыл адамбыз да, дайыма изденүүнүн үстүндө болушубуз керек. Мага Кыргызстандагы тартылуу иштери чоң тажрыйба берди.

– Кыргызстанда тасмага тартылып жүргөнүңүздө сизге ашык болуп, сезимдерин айткан кыргыз жигиттери болсо керек?..
– Чынын айтсам, мен жумуш десе баш-отум менен кирип кеткен адаммын. Ашык болгондору бар чыгар. Бирок мен аны байкабадым. Бош убактыбыз жокко эсе болчу. Бошой калсам эле уктаганга шашылам. Балким, башында баарына «жигитим бар» деп айтып койгонго эч ким деле сунуш кылбады.

– Сиздин жүрөктү жибиткен жигит тууралуу айта кетиңизчи...
– Мен тартынчаакмын, а жигитим ал сапатымды жокко чыгарат. Себеби түрдүү темаларга маек курууга умтулат. Алгач эң мыкты дос катары сыйлап жүрдүм, карап көрсөм, сымбаттуу да жигит экен. Кийин сүйлөшүп алдым.

– Качан турмуш жолуна аттанайын дейсиз?
– Менин дагы бир фобиям – турмушка чыгуу (күлүп). Эмнеден улам экенин түшүнбөйм, бирок турмушка чыккандан аябай корком. Азыр ансыз деле бактылуумун, ошондуктан шашылыш жок.

– Айтыңызчы, Кыргызстан эмнеси менен эсиңизде калат?
– Мен көбүнчө Бишкекте жүрдүм да. Бишкек чакан, бирок кооз, жашыл шаар. Кыргыз эли аябай меймандос, боорукер, адамгерчиликтүү жана ак көңүл калк келишет экен. Кыргыз кыздары сулуулугу менен эсимде калды. Анан тасмага тартылган актёрдук курамдагылар, биз менен иштешкендер ушунчалык шайыр, керемет адамдар экен.
Эң өкүнүчтүүсү, эки жолу Кыргызстанга барып тасмага түшкөнүм менен, кереметтүү Ысык-Көлгө жетпей койдум. Ал көл тууралуу аябай көп уккам, бирок көрүүгө мүмкүнчүлүгүм болбоду.

– Билимиңиз боюнча эл аралык мамилелер факультетин аяктапсыз. Тасма талаасына кантип келип калдыңыз?
– Мен дайыма мыкты адвокат же саясатчы болсом дечүмүн. Ошондон улам ушул кесипти аркалоону чечкем. Кызыгы, эч качан актриса болуу тууралуу ойлонбоптурмун. Бирок ырдаганды жактырчумун.
Эсимде, бир жолу курбу кыздарым менен Алишер Навоинин спектаклин көргөнү барганбыз. Ал жерден мени Зулфикар Мусаков деген режиссёр көрүп калып, Өзбекфильмге тандоого чакырды. «Сөзсүз ата-энең менен кел» дегенин дале унутпайм. Ошентип кайсы бир тасманын кастингине барып өтпөй калдым. Бирок мен тууралуу маалыматтар актёрдук бөлүмдө калган. Бир нече айдан соң мага бир режиссёр чалып, кайрадан тандоого чакырды. Кудай жалгап, өтүп кеттим. 2008-жылы алгачкы жолу «Апрель-май» тасмасына тартылгам.

«Кыргыз тасмаларына тартылып көп дос таптым».

Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  17 
Комментарийлер(37)
03.03.2014. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргыздарга окшош экен.сулуу назик кыз э,жагат.
03.03.2014. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мага да аябай жагат ушул кыз бул тартылган кинолордун деерлик баарын эле коруп койдум окшойт... апасы Кыргызстанда торолсо бизге жеен экен да е
03.03.2014. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
сулуу,жагымдуу кыз экен кинодо!
03.03.2014. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
banks,
Биринчиден, улуттар арасында талаш-тартышты жаратуучу пикирлерди калтырууга, ушундай иш-аракеттерди жасоого тыюу салган талап бар.
Экинчиден, аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга жол берилбейт! БАНга!
03.03.2014. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Созунон байкалып турат,ичи да сырты да таза сулуу экени.Ушундай жубайым болгондоооо!!!))))
03.03.2014. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сулуу назик таланттуу кыз.
03.03.2014. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сулуу аябай.
03.03.2014. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Негизи каракалпактар кыргыздарга окшоп кетишет го. Мага да жагат ушул актриса. Качан интернеттен корот экенбиз аа Кыргызстанда тартылган кинолорун?
03.03.2014. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Asyl.jazi, Ушул сайтта "Общага" телесериалы бар го.
03.03.2014. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Красотка!!! Негизи эле,озбечкалар сулуу да,ыймандуу да болушат.
03.03.2014. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Негизи бул бийкечти жон гана актриса эмес,а сулуулуктун символу десек болот.Себеби "Общага"сериалынан эле байкасак болот сулуу,жонокой,жылдыздуу жана назиктиги менен озгочолонуп турат.Ал эми маек береген жагынан абдан жонокой жана,бир нерсени билип туруп жооп берген сыяктуу.Ал эми биздин жылдыздардын маеги менен,Шахзоданын маегин салыштыргыла....Биздикиклер аябай эле мактана беришет,бул ачуу чындык.
04.03.2014. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
saru, Эн туура байкапсын.Шахзоданын жонокойлугу мага да жакты.Сулуулугу да ничего.Ушул эле гезиттен биздин жылдыздардын маегин окусан,мактанбаган эч нерсеси калган эмес(тамак жасаганынан бери мактанган).
Бирок эми кыргыз болгондон кийин кыргыз кыздары дайым бизге сулуу корунот--силер биз учун дуйнодогу эн сулуу аялзатысынар!
05.03.2014. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
hakker, созунуз жакты. Биздикилер мактана эле беришет.
04.03.2014. 00:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Adamdin en jakshi sapati bul anin -JONOKOILUGU.En sonun maek bolgon.
04.03.2014. 02:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
maga jakpait !
04.03.2014. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
talanttuu suluu kyz iygilik
04.03.2014. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жонокой кыз экенин маегинен байкасак болот
04.03.2014. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
soonun kyz go
04.03.2014. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
сулууу го
05.03.2014. 00:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ooba chundugunda ele Waxzoda aitkandai kurguzdar jakshu kelet ozbekterden aiurmalanup tyrat betke aitup biri biribizdi satpaibuz. Birok byl jerden forymchylar jalan erkek patriottor ozbechkalar sylyy jana nazik bolot dep .
05.03.2014. 01:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
соз жок келбетине сулуулугуна и куруп берген маегине
05.03.2014. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Магада жагат ийгилик сизге
05.03.2014. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Самая волшебная девушка на свете!!!
06.03.2014. 01:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Колдо бар алтындын баркы жок,
06.03.2014. 07:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
о о о супер красивая девушка,я ее люблю и уважаю,желаю вам удачи,счастья и кончено же здоровья:-) я смотрю все фильмы с вашим участием :-)
06.03.2014. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
шахзоданы бул жакка калтырат го
06.03.2014. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurbek savitaxunov ekoo aiabay para tandalgan serialda nadeius'. jawoodo andai bolboit antkeni Nurbekti berbeibiz tem bolee...... tuwundunorda
06.03.2014. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жонокой жана сулуу.
07.03.2014. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бир коруп суйуп калууга болотко чиркин
08.03.2014. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
сонун майек куруп бериптир.азаматсын дагыда кыргыз кинолоруно тартыла бер!буйурса кереметуу Ысык Колду да коросун.
09.03.2014. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыз кезинде баары жакшы жаман катын кайдан чыгат мунун ичинде узууууууууун тилдер жатат
09.03.2014. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай жагатда мага ушул актриса
10.03.2014. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жонокой,татынакай кыз экен чыгармачылык ийгилик
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо