Бактыгүл Закирова:«МУРУН АПАМ ҮЧҮН ЖАШАСАМ, АЗЫР ҮЙ-БҮЛӨМ ҮЧҮН ЖАШАЙМ»

№591 28-февраль-06-март, 2014-ж

Бала жытына мас болуп отурган Бактыгүл Закированын жаркылдап жүргөнүн көп көрөбүз. Бул сапар да маектешим жайдары тосуп алды. Бирок жалгыз эмес. Колунда беш айлык, апасындай ууртунан күлкү кетпеген, өңү атасына окшогон Ширин аттуу кызы менен. Ырчы айым «Ширин жоош, кимдин колунда болбосун быйтыйган колдорун сербеңдетип эле кыткылыктай берет» деп маегин баштады.

– Бактыгүл, биринчиден башка үй-бүлөгө бүлө болдуң, экинчиден кыздуу болдуң, ата-эненин баркын мурункудан да жакшы түшүнсөң керек...
– «Балам, балалуу болгондо билесиң» деп коюшат го. Ошол чын экен. Кичинекей чагымда эле эмес, бой жеткенде деле эч качан апамды укпай, тентектик кылып же өз билгенимди жасаган эмесмин. Апам өзү жалгыз төрт баланы өстүрдү. Айткан сөзү биз үчүн мыйзам. Анын үстүнө жалгыз деп аяп, жүрөгүн оорутканга жол бербейбиз. Кыздуу болгондо ого бетер сыйлап, кадырын билдим. Мен да ушундай кичинекей болуптурмун да, мени да түн уйкусунан айрылып караптыр да деп көп ойлойм. Апама эле эмес, кайненеме болгон урмат-сыйым да күчөдү. Анткени ал жолдошумду өстүрдү. «Апа, Алмаз дагы ушундай кичинекей болгон да, ээ?» дей берем. «Албетте» деген сайын кызымды жүрөгүм эзилип кучактап, өпкүлөп-өпкүлөп алам.

– Кош бойлуу кезиңде жолдошуңа аябай эркелесең керек, жашоодо сен гана бактылуудай сезим болот эмеспи...
– Жолдошум мени менен кошо толкунданды. «Эмне жейсиң, эмне ичесиң?» деп көзүмдү карап турду. Кош бойлуу кез кол жеткис бакыт экен. Бир чети ушундай сүйүнүп, балам ичимде кыймылдаган сайын жан дүйнөм эзилди. Экинчиден, отуруп-турушум кыйын болду, «тигил жерим, бул жерим» деген сайын жолдошум «эмне болду?» деп ордунан ыргып турчу.

– «Бактыгүл ары өтүп деле, бери өтүп деле «рахмат, апа, Алмазды бул жашоого алып келгениңиз үчүн» деп бетимден өбөт» деп кайненең сени жакшы көрөт экен. Кайын журтка кандай келинсиң?
– Кайын журтум абдан жакшы адамдар. Мени келини эмес, кызындай көрүшөт. Мен дагы аларды аяп, эс алсын деп турам. Эс алсын деп аяганым ишке ашпай калган бир окуяны айтып берейин. Ай-күнүмө жетпей эле ичим ооруп калды. Кайын энем, кайын атам жаңы эле көлгө эс алганы кетишкен. Ичим бурап ооруйт да кайра басылып калат, эмне болуп жатканын түшүнбөй, коркуп кетип Алмазга, апама телефон чалдым. Кайненем менен кайнатамдын тынчын албайын дегем. Алмаз келди, анан апам Токмоктон баланын кийим-кечесин, толтура памперс көтөрүп бир саатка жетпей келип калды. Артынан эле кайненемдер келишти. Көрсө, аларга апам айтып коюптур. Ошентип, ал күнү жакындарымды эркелеп эле чогултуп алыптырмын, көрсө, ай толгоо экен. Анан каттама жасап ортосун жедирип, кийизге ороп тоголотушуп кыргыздын ырым-жырымдарын кылышты.
Мен төрөт үйүнө кеткенде эки тарап тең чогулуп алып биздин үйдө жакшы кабар уксак экен деп отурушту. Ширинди угушканда сүйүнүчтөн баары ыйлап алышыптыр. Үйгө чыгып келгенде кой союп, чоң дасторкон жасап эки апам тосуп алышкан.

– Кызыңды таенеси менен чоң энеси эркелетип жатышкан экен...
– Экөө тең үйгө кирип келип эле «кана Ширин?» дешет. Алар келишкенде кызым колума тийбейт. Апам тамашалап «мен сага келген жокмун, Ширинге келдим» деп оюнчук, тыпырайган кооз кийимдерди алып келет. Апам байкем, жеңем менен Токмокто жашайт да, дайыма жанымда болгонго көнүп алыптырмын, Бишкекке көчүп келиңизчи деп суранып жатам.

– Жолдошуң кандай күйөө бала?
– Алмаз «апашка» деп кайненесин жакшы көрөт. «Апа, бизге качан келесиз, сагындык, келиңизчи куурдак жейбиз, кой сойдук, балык жейбиз» деп эле телефон чала берет. Жолдошум өзү балыкты жакшы көрөт да. Апамды сагынып кетсек, тез эле чогулуп жөнөп калабыз. Апам да жолдошумду өз уулундай көрөт.

– Бала менен үйдө отурганда адатта айымдар өзүнө каранбай, өзүн унутуп калат. Сенде да ушундай болдубу?
– Жок, мен кайда эмне кылып жүрбөйүн, дайыма өзүмө караганга аракет кылам. Бул сапатым апамдан калган. Апам иштебей үйдө отурганда деле өзүн чыкыйтып алып жүрчү. Эсимде, жаңы чыккан кездемелерден мода менен көйнөк тиктирчү. Атам Баткен райондук аткаруу комитетинин жетекчиси эле, конокко көп чакырышчу, көйнөктөрүн ошондо бийик така менен кийчү. Бир гана белгилүү фирманын кымбат косметикасын колдончу. «Кыздын көзү кызылда» дегендей, апам жокто уурданып колдонуп алар элем. Колготкимди башыма кийип, чач деп өрүп ойночумун. Апам колдонгон ошондогу косметиканы, атырды азыр мен колдоном. Жолдошум «сен дайыма жыпар жыттанасың» деп турат. Мен негизи косметика менен ырчы болуп чыккандан кийин эле «достошо» баштадым. Ага чейин апамдын катуу көзөмөлүндө болдум.

– Ата-энең сен кичине кезде эле ажырашып кетишкенин билем...
– Алар ажырашканда мен мектепке бара элек болчумун. Атам Баткенден Жалал-Абадга кетти. Биз Баткенде жашап жүрдүк. Апам өзү Кочкордон болот. «Аркалык» деген сөздү уга берип тажадыбы, айтор, мен 3-класска киргенде Токмокко көчүп келдик. Бир туугандары анда борбордо жашашчу. Бир туугандарыма да, Кочкорго да жакын болсун деп Токмокту тандаган окшойт. Апам өз кесиби менен мал доктур болуп жумушка кирди. Баткенде жүргөндө эч нерседен кем болбой, бардар турмушта жашадык да. Жумасына 2-3төн кой союлчу. Апам ошондой турмушту алып кеткиси келип, бизге жок дегенди билгизбейин деп катуу аракет кылды. Апамдын жан далбастап иштеп жатканын көрүп баарыбыз аячубуз. Акча таппасак дагы үй жумуштарына жардам берейин дечүмүн. Эртең менен мектепке барам, чуркап келип тамак жасайм, үй тазалайм, кечинде сабак окуйм. Мектептен канчада келеримди апам билет да, 5 мүнөт эле кечиксем колунда кашык болобу, чыны болобу, мени көздөй учуп кетчү. Тартипке бекем, катуу адам. Ойноого уруксат берет, бирок «үйдүн жанынан кетпейсиң» дечү.

– Атаң менен катышып турасыңбы?
– Жок, катышпайм.

– Эс тартканда өз жаныңды өзүң багууну көздөгөн тың кыздардан болсоң керек...
– Менден улуу бир туугандарымдын баары борбордо окушчу, апам жалгыз өзү алардын окуу акысын төлөйт. 7-класста окучумун, бир күнү ойлонуп отуруп өзүм акча табуунун жолун издедим. Апамдан «мен өзүм акча тапкым келет» деп
15 000 сом алып, маршруттук такси жалдадым. Таңкы 5те туруп алып Бишкектен мөмө-жемиш алам да, дүңүнөн Токмоктун базарына өткөрөм. Эртең менен окуйм да, мектепке жетишип барып калам. Ошентип, апамдын акчасын бир айда чыгарып берип, соода кылганга өзүмө акча топтоп алгам.

– Эртең менен товар алып келсең, мектептен түштө чыксаң, үйгө келип тамак жасап, үй жумуштарын кылып дегендей, баарына жетишчү белең?
– Бизди апабыз кичинебизден эмгекке үйрөткөн. Сабакты жакшы окуп, ал гана эмес, мектептин коомдук иштерине активдүү катышчумун.

– Тамакты жакшы жасаарыңды уккам. Ашканада жолдошуңдун мактоосуна татып жатасыңбы?
– Алмаз «бирдеме жасай койчу» дегенде тез эле арыдан бери туурап, казанга салып жасай коём. «Бат эле жасай койдуңбу?» деп таң калып калат. Анан «даамдуу экен» деп тамшанып жейт. «Кайнененин камырынан» дейт го, ошонун сыңары кайненем да тамакты абдан даамдуу жасайт.

– Ким үчүн жашайсың?
– Чынын айтсам, турмушка чыга электе апам үчүн жашап келгем. Апам кыйналып калбасын, оорубасын, апамды сүйүнтөйүн дейт элем. Азыр кызым үчүн жашап калдым. Жолдошум, үй-бүлөм деп турам. Бирок апамды да көңүлдөн сырт калтырбайм. Эненин батасын алышыбыз керек.

– Сахнага качан кайтасың?
– Азырынча кайтуу оюмда жок. Кызымды бастырып алайын, анан көрө жатабыз. Ошентсе да оюмда бешик ыры, үй-бүлө туурасында ырдасам деген пландар бар.

– Рахмат маегиңе.

Ырчы жолдошу Алмаз жана кызы Ширин менен.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  16 
Комментарийлер(76)
04.03.2014. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
булардын жашоосу айтып отурса озунчо эле жомок,мен ишенбейм.
04.03.2014. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Красивая семья. Но скажу сразу что полнота не к лицу Бактыгуль.Она состарила ее лет на десять.Еи пора в спорт зал..
05.03.2014. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ayabai suluu kyz tolgon dele ozuncho jarashyp kalyptyr, ech kandai uluu korunboit ozunun jashyna abdan tuura kelet
04.03.2014. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеге ишенбейсинер соода кылганына?Менин бир эжем (тууганыбыз)7-8-класстарында эле шаардан айылга алпарып соода-сатык кылчу.Аябай шустрая,"саратан" деген сигаретти ошол биринчилерден болуп сатканы эсимде бар.Анын да апасы жалгыз 6 баланы бакчу...
04.03.2014. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Baktyluu bolgula,kyzynardyn omuru uzun bolsun!
05.03.2014. 02:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызы бултушкатомпошка экен коз тийбесин кудайым омур берсин
05.03.2014. 03:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактыгул бактылуу болунуз, Ширин кыздын омурун берсин. Уй булолук бакыт каалайм
05.03.2014. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ммм дааа биздин уйдо жалгыз Айша баарын озу башкарды болгон го
05.03.2014. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
негизи ырчылар жомок кылбай эле реальный жашоосун айтышпайбы, жомок и жомок. Атасы менен катышпаганы жаман экен, озун деле ордуна койсо болот да. Куйоосу деле атасындай биринчи семьясын таштады да.Негизи аял эркек ажырашса да ортодо сый калган жакшы
05.03.2014. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болгула!Кызынардын омурун берсин.Эми уул балалуу болгула.Эми ырдап чыкпай эле койсон да болот.Если жолдошун толук обеспечить эте алса.
06.03.2014. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соонун маек болуптур. Бактылуу болун. Негедир жемиш сатканмын базарда дегени баякы супердеги сериялдагы кыздын (Асмандын) тагдырына окшош экен ээ достор.
06.03.2014. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жолдошунун балдары бар экенин мен да уктум эле, мындай деле корунуп турат, Бактыгулдон улуурак киши экени.
Кандай болгон кундо да балдары м.н бактылуу болсун
06.03.2014. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаман мактаныптыр го.
06.03.2014. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аялы ушуну окуп алып жаман болотат болуш керек.. бактыгуль куйоосун мактагандан мактап... озу да ото толуп кетиптир.. мурунку аялы арык сулуу болчу...
06.03.2014. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болунуздар
06.03.2014. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болунуздар бул жашоодо ар бир адам оз тугойун таап бактылуу жашаса жашоонун кызыгы ошондо болсо керек.
07.03.2014. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кызыныз аябай ширин экен омурун берсин бактылуу болгула
07.03.2014. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эсимде бир жолку Жаңы Жылдык Көгүлтүр отто "Алмаз" деген ыр ырдаган.. Көздөрү бактылуу эле.. :)
07.03.2014. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен анекдотторду таппай жатам кайсыл жагында
07.03.2014. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чындап эле мактанганы жакпады. Эгер куйосу "Эмне жейсин? Эмне ичесин?" деп козун карап жургон болсо, баланы аябай жакшы коргон болсо, эмнеге балдарын таштап башкага уйлонуп алды? Эркектерге тушунбойсун. Биринчи аялынын деле козун караса керек эле мурда ээ
08.03.2014. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аябай толуп кеткенго
08.03.2014. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baktyluu bolgula kyzynardyn omuryn bersin!!!! elder biz biroonyn jetishkendigin korsok ele emnege korolbaibyz.biz Kyrgyz eli ech onykpoibyz .jamandap ele kai jakta bolbosyn,kimdi bolbosun ushinte bersek.andan koro ushundai uibyloolor koboyo bersin. kyrguz elim onygyp oso bersin.
08.03.2014. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уйбулолук бакыт каалайм.
08.03.2014. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Куйоосу экоо аябай окшош экен.Бактылуу болсун!!!
08.03.2014. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болунуз
09.03.2014. 08:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baktyluu bolunuz uy bulooluk bakyt kaalaimmmm
09.03.2014. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бктылууу болгула!!!!!!
09.03.2014. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула.Бактыгулдун жакшы сапаттары коп...айкандай кыйналбаган жашоо эч кимде жок.Дунуйо бир тыйындан куралат демекчи аракет кылыш керек.
09.03.2014. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
толуп кетиптир аябай
10.03.2014. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уйбулоолук бакыт но Бакуля аябай толуп кетитир азыркы Бактыгул менен биринчи чыккан Бактыгулдун айырмасы аябай чоон
18.03.2014. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактыгул Бадыева деген ысым атына заты жарашкан эле.Эми минтип Бактыгул Закирова десе унута жаздапмын ким болду экен деп.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо