Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«ОСКАР-2014» ЛЕОНАРДО ДИ КАПРИО БУЛ САПАР ДА СЫЙЛЫКТАН КУРУ КАЛДЫ

№592 07-март-13-март, 2014-ж

2-март күнү АКШнын Лос-Анжелес шаарында жылдыздар бир жыл бою эңсеп күткөн 86-»Оскар» сыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү. Жыйынтык көптөрдү кубантты, бирок...

КҮТҮЛГӨН ЖАНА КҮТҮЛБӨГӨН ЖЫЙЫНТЫК
«Оскар-2014» сыйлыгынын жыйынтыгы коомчулукту көп деле таң калтырган жок. Айымдар кечеге сулууланып барганды жактырат эмеспи. Мындай дүйнөлүк масштабдагы аземге Голливуд жылдыздары салтка айлангандай белгилүү дизайнерлердин колунан жасалган кымбат баалуу жасалгалары, кооз көйнөктөрү менен мактанып кетүүнү унутушкан жок. Жылдыздардын кийимдеринин мыктысын аныктоо үчүн Твиттерде добуш жүргүзүлүп, алдыңкы үчилтикке Кейт Хадсон, Люпита Нионго, Женнифер Лоуренс чыгышты. Быйылкы аземде Мексикада төрөлгөн кара терилүү актриса Люпита Нионго «Голливуддун супер жылдызы» болду деп айтышууда. Ал сыйлыкты колго алганына кубана: «Менин колумда «Оскар» турганына ишене албай жатам. Мүмкүн эмес нерсенин жок экенине көзүм жетти», - деп билдирген. Ал эми көпчүлүк жан үрөп колдоп, күтүп жаткан ийгилик Леонардо Ди Каприого буюрбай калды. «Мыкты актёр» наамын «Оскарга» биринчи ирет көрсөтүлүп жатса да, Мэттью Макконехи илип кетти. Актёрдун роль үчүн 17 килограммга арыктаганы бекер болбой, тарыхка калчу ийгиликке жеткени кубандырат.

ЛЕОНУН КҮЙӨРМАНДАРЫ НААРАЗЫ
Леонун сыйлыкка татыбай калганы өзүнчө кеп кылууга татыйт. Сыйлык тапшыруу аземи аяктаган соң, миңдеген Твиттер колдонуучулары Леонардо жеңбей калганына нааразычылыктарын билдиришкен. Жадакалса, өздөрүнүн социалдык жеке баракчаларында «Лео «Оскарсыз» эмес, «Оскар» Леосуз калды» деген ойлорун жазышкан. Анан да аземге чейин бир нече ай мурун актёрдун күйөрмандары кинематография искусствосу жана илим академиясынын мүчөлөрүнө кумирине сыйлык берип коюу өтүнүчү менен кайрылып, кат жолдошкон эле. «Сиздерден өтүнөбүз. Леонардонун тагдыры белгилүү режиссёр Мартин Скорсезеникиндей болуп калбасын. «Оскар» карьеранын аягында берилген сыйлык болушун каалабайбыз. Сыйлыкты ал татыктуу болуп турган азыркы кезде берсеңиздер. Сураныч, Леонардо Ди Каприого «Уолл-Стриттеги бөрү» тасмасы үчүн статуэтканы ыйгарыңыздар».
Бирок, канчалык эл актёрду жактырып, колдогону менен ийгилик кушу ага 4-ирет да буюрган жок.

ИЙГИЛИК КОШТОГОН ЭМГЕКТЕР
«Мыкты тасма»
– «Кулчулуктагы 12 жыл» (реж. Стив Маккуин).
«Мыкты режиссёр» – Альфонсо Куарон («Гравитация»).
«Мыкты актёр» – Мэттью Макконехи («Далластагы сатып алуучулар клубу»).
«Мыкты актриса» – Кейт Бланшетт («Жасмин»).
«Экинчи пландагы мыкты актриса» – Люпита Нионго («Кулчулуктагы 12 жыл»).
«Экинчи пландагы мыкты актёр» – Жаред Лето («Далластагы сатып алуучулар клубу»).
«Мыкты анимациялык толукметраждуу фильм» – «Муздак жүрөк».
«Мыкты чет өлкөлүк тасма» – «Даңазалуу сулуулук» (Италия).

«Мыкты тасма» наамын багындырган режиссёр Стив Маккуиндин «Кулчулуктагы 12 жыл» тарыхый драмасын тартууга 20 миллион доллар коротулуп, 5 айдын ичинде 128 миллион доллардан ашуун акча чогултууга үлгүргөн. Абдан таасирдүү бул драмада Соломон аттуу кара терилүү мырзанын 12 жыл бою кулчулукта көргөн кыйынчылыктары чагылдырылат.

Былтыр сыйлык тапшыруу аземинде чалынып эсте калган актриса Женнифер Лоуренс бул жолу да мүдүрүлүп кетти.

Кейт Хадсон аземдеги эң кооз кийинген актрисалардын сап башында болду.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(11)
10.03.2014. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да Леону алат деп ойлогом.
10.03.2014. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Lenardonun ,,Uool strittegi boruu,, tasmasydan kiyin vashe jaktyrbay kaldym jindi ele kinooo... TITANIKTE ukmush oynogon bolchuu....
10.03.2014. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
shanushka, эгер кайсы бир ролу үчүн актерду жактырып же жактырбай калсаңыз, анда актер максатына жеткен болот. Ролду жашоодогудай мыкты ойногондуктан биз, көрүүчүлөр, таасирленип, кандайдыр бир көз караш калыптанат. Леонардо Ди Каприо акыркы жылдарда аябай жакшы иштеп, жакшы ролдорду жаратып жатат. Менимче, "Мыкты актер" наамына таптатыктуу болчу, "жалко" болду аябай(((.
10.03.2014. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
это не у Лео нет оскара, а у оскара нет Лео!!!
10.03.2014. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
биздикиндей болуп калыптырда ээ! коррупция
11.03.2014. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кап, жаман болуптур
12.03.2014. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага да Леонардо аябай жагат
12.03.2014. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кейт хадсондун койногу жакты.
16.03.2014. 08:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Adi020896, мага дагы.
12.03.2014. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Леонун 1 эмес 99 киносу оскарга талапкер катары көрсөтүлсө дагы баары бир ага берилбейт.
14.03.2014. 01:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кулчулуктагы 12жыл тасмасы чынын да эле мыкты тартылган,жана актерлор мыкты ойношкон.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо