ЧАҢДАГЫ ГҮЛ

№592 07-март-13-март, 2014-ж

(Башталышы өткөн сандарда)

Ошентип Айдайдын шаардагы жашоосу башталды. Ойлонуп отуруп окуусу башталгыча шаарда калып, кафелердин биринде иштеп, кем-карчына жеткидей акча таап алмакчы болду. Окуусу башталып, жатаканага студенттерди кабыл алгыча Керимдин досунукунда жашамак болгон эле. Аяш атасынын Зарина аттуу өзү теңдүү кызы бар. Экөө тез эле ынак болуп кетишти.
Бир күнү кечинде Зарина күзгүнүн алдында жасанып жаткан эле.
– Айдай, бул көйнөк жарашат бекен? - деп калды Айдайды токтотуп.
– Ооба, сонун көйнөк экен.
Өмүрү мындай көйнөк кийип көрбөгөн Айдай кызыгып кармалай кетти.
– Бир жакка барасыңбы?
– Ооба, бир курбумдун туулган күнү. Жүрү, чогуу барып келебиз.
– Уят го, ушу кебетем менен барсам курбуларың шылдыңдап жүрбөсүн...
– Эмнеси уят? Жүр, кайра чогуу келебиз. Кебетең жакшынакай эле болуп турат. Менин бир көйнөгүмдү кие тур.
Зарина өзүнүн бөлмөсүнө чуркап кирип, кызыл түстөгү жайкы көйнөк алып чыгып, Айдайга кармата салды.
– Муну кийип көрсөң.
– Чын элеби?
Айдай көйкөлгөн кооз көйнөктү алсамбы же албасамбы деп бир саамга кыйыла тиктей, буйдала түштү.
– Карма! Кечигебиз. Атаман уруксатты мен сурайм. Бол эрте, мен келгиче кийинип даяр тур!
Зарина келгиче Айдай көйнөктү кийип көрдү. Ага көйнөк чак экен, укмуш жарашып калды.
– Кеттик, атам уруксат берди,- деди Зарина өктөм үн ката.
Жолго чыгып алгандан кийин Айдай Заринадан кайда баратканын билүүгө ынтызар болду.
– Биз кайда бара жатабыз?
– Түнкү клубга.
– Концерт көрөбүзбү?
– Кайдагы концерт? Бийлейбиз.
– Аа, дискотекагабы?
– Ооба.
Ортодо бир саамга тынчтык өкүм сүрдү. Анан Зарина бир нерсени эстегенсип кайра сөзүн улады:
– Айтмакчы, азыр менин Тариел деген группалашым келет. Атасы бизнесмен, өзү да шаарда үч кафе иштетет, эң негизгиси жакшынакай бала. Жакшылап таанышып көр, сүйлөшкөн кызы жок, балким, сен чаап аласың...
– Койчу, аның мени карамак беле?
Айдай уяла акырын жооп кайтарды.
– Апей, неге карабайт? Сен деле татынакай болуп турасың. Айтып коёюн, көргөн-билгендериң тууралуу үйдөгүлөргө ооз ачпайсың.
Үйдөн созолонгон Зарина заматтын ортосунда өзгөрүп, шайыр, шок кыз болуп чыга келгенине Айдай таңданып бара жатты. Жетчү жерине да жетишти. Айдайдын башы айлана түштү. Саркеч кийинген шаардык улан-кыздар, жагымдуу музыка, түрлүү дасторкон, жалт-жулт эткен түстүү жарыктар... Жолдо экөө сөз кылган Тариел отурушка эмнегедир кечигип келди. Чындап эле келбеттүү жигит экен. Зарина экөөнү тааныштырып коюп, өзү бийлегени кеткен. Тариелге да Айдай жаккан окшобойбу, жакын келип ыктай отурду да, кепке тартты:
– Чоң кыз, сиз Заринанын кимиси болосуз?
– Азыр убактылуу алардыкында жашап жатам.
– Аа, жакшы. Окуйсузбу же иштейсизби?
– Азырынча үйдө элемин, окуум күздө башталат. Ага чейин иш табыш керек эле...
– Кандай жумуш издеп жатасыз?
– Билбейм, айлыгы жакшы болсо болду.
– Мм...
Тариел кызды баштан-аяк сыдыра карады. Анан кепти алыстан баштады.
– Балким, менин кафелеримдин биринде иштейсиз. Айлыгын убагында төлөп берем.
– Эмне жумуш?
– Азырынча официант болуп турасыз. Бир аз көнсөңүз администратор кылам. Ойлонуп көрүңүз.
Тариел Айдайды карап мээримдүү жылмайды да, жанында турган винодон куйган соң:
– Буга кандайсыз? - деп сунду.
– Жоок!
Кайдан-жайдан алардын жанына Зарина жетип келди.
– Айдай, алып жибер. Кичинекей кыз эмессин го, бир бокалдан эч нерсе болбойсуң, - деди ал да коштой.
Айдай аңчыдан качып, буктурмада калган кийиктей эле болду. Акыры тигилердин көңүлүн кыя албай бирди жутту. Аз өтпөй ичи ысып, беттери тамылжып чыкты. Тариел экөө элден оолак барышып, көпкө чейин сырдашып отурушту. Дискотека бүткөндөн кийин да кечени улантмак болушту. Айдай мындайды күткөн эмес.
– Биз үйгө эле кетели,- деди кетенчектей.
– Түн ортосунда ушул кебетең менен кантип барасың үйгө? Жүр, ушунча болду биз менен чогуу отур.
Зарина баш болуп беркилер аны машинага салып, белгисиз жакка алып кетишти. Көп өтпөй шаардагы кафелердин биринен отуруш уланды. Шаңкылдаган кыздардын күлкүсү жаңырган сайын шараптар суудай куюлуп жатты. Айдай да беркилерге кошулуп кызып калган. Бир маалда Тариел анын жанына басып келип, кулагына шыбырады.
– Жүр, сага иш бөлмөмдү көрсөтүп келейин.
Айдай эч нерседен шекшинбей аны менен жетелешип жөнөдү.
– Мына, ушул жерге эртеңден баштап иштей бер.
Тариел кызга карап жылмайып койду. Аздан соң экөө төрдөгү караңгы бөлмөгө киришти. Беркилер бака-шака түшүп отуруп, экөөнү элес алышпады өңдөнөт.
– Ушундай, мен ушул жерде иштейм. Кел, бийлейбиз.
Тариел шымалана музыка коё салып, Айдайды бийге чакырды. Экөө кыналыша жеңил музыканын ыргагында бийлеп жатышкан. Аңгыча Тариел кызды өпкүлөй баштады. Айдай каршылык көрсөтүүгө аракет кылды. Бирок олбурлуу неме карап турабы, кыздын «мен тазамын, мага тийбечи» деп жалынганына карабастан, акыры өз мүдөөсүнө жетти. Айдай эмне болуп абийиринен айрылып калганына түшүнө албай, караңгы бөлмөнүн ичинде көзүнүн жашын көлдөтүп жатты. Ызага муунуп, бул жакка келгени үчүн өзүнө-өзү нааразы болду. Тариел болсо эч нерсе болбогондой нары карап жатып алды.

(Уландысы кийинки санда)

Асхат Субанбеков


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Башка сандарда:
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ (жаӊы сериал) 584-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ (жаӊы сериал) 585-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 586-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 587-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 588-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 589-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 590-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 591-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 593-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 594-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 595-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 596-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 597-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 598-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 599-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 600-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 601-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 602-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 603-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 604-сан
Комментарийлер(34)
10.03.2014. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kuttuu dagy 1 juma
10.03.2014. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
okuusuna kirbei ele myndai bolso. aidai andai ele jakwy kyz emes.
10.03.2014. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
omeeeei oldu go kyz...
11.03.2014. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sara90, олду да
10.03.2014. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
корбой атасынбы зордуктап койду
10.03.2014. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бузулуп калуу ошол убактале бар экен да. Азыр биздин заманбап жаштарыбыз деле ушинтип эле жашап жатышпайбы. Кыз жигит алгач журушот, обушот, бир кун жатышат экен. анан дагы гражданский брак деп жашап алышат экен. Дагы жакшы балдары ак нике менен торолсо жакшы. Бирок ишенгиле шаардагы ар бир учунчу жаштар ушинтип калышыптыр
11.03.2014. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Sonun90, "Ошол убактале"деп кайсы убакты айтып жатасын?Чыгарма азыркы эле жашоону чагылдырып жатат го дейм.
10.03.2014. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эркектер неге ушундайсынар
10.03.2014. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Zordoboi ele kyzdardyn ozunon zavisit ko ichpew kerek ele
10.03.2014. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
чыгарма деп эле жаза берет экен да тообо
10.03.2014. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Озунон корсун Айдай. Бул да болсо аз ага. Ар бир нерсеге адам озу куноолуу. Тариэлге барибир эмеспи ал эркекда. Кыздардын озундо куноонун баары. Жур деген жака эле кете берген акмакго.
10.03.2014. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тариел Саматтын баласы. Айдай Канышайдын кызы. Самат менен Канышай жашашкан, ошондо Тариел менен Айдай бир тууган го менимче?
10.03.2014. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айдай акмак экен.
10.03.2014. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айдай кыйкырбайт белен тигил жактагылар угуп калып сага жардам беришмек да "мен тазамын,мага тийбечи" деп отура бербей обушуп
10.03.2014. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дагы бир жума кутуу
11.03.2014. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
байкуш айдай кызык болдуго бул жагы
11.03.2014. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ЭЭЭЭЭЭЭЭЭЭЭЭЭЭЭЭх адамдын озу татаал
11.03.2014. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айдайдын башы жокпу жур десе кете бергидей тиги опкулоп баштаганда эле качпайбы кыйкырып озуда каалап тургангоо дейм
11.03.2014. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баратбай Аракеевдин "Чандагы гул" чыгармасын окугандай болдум эле,ал таптакыр башка мааниде болчу.Бул башка чыгармабы?
11.03.2014. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Aidai jash bolchuda erkekter akmaktar
11.03.2014. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Гулжигит.сен бул чыгарманы окудун беле.Саматтын баласы экенин кайдан билдин
11.03.2014. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бечара иш десе суйунду да озу издеп жургон неме кайдан билсин Тариэльдин ою жаман экенин кыйкырбайбы дейсинер кыйкыргандан не пайда музыкадан угулбаса. Айдайда эмне куноо акмак дегидей кызыксынарго алдырганына озу суйунуп жатат дейсинерби !!!
11.03.2014. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ой айылдан жаны келсе шаар королек болсо айдаган жака кете берет да
12.03.2014. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саматтын баласынын аты да тариель беле же даниельби?архивди караш керек
12.03.2014. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Койбодунда койбодун мейличи дегенго))
13.03.2014. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айдай даамын таткысы келген экенго кандай болот экен деп чупа чупс.
14.03.2014. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаштык мастык кылды го Айдай, болбосо не кылып жатканын сезмек. А Тарел болсо анын мастыгынан, жаштыгынан, айылдык жонокой кыздыгынан пайдаланды го чиркин.
15.03.2014. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каарманыбыз Айдай ото эле ишенчээк экен. Андай учурда туруштук бере албай калаттыр, анткени Тариелде тажрыйба бар да, канча кыздардын башын айлантты болду экен. Автор Айдайды, бир коргон балага алдантпай, классташы, суйгону Эрмек беле ошого бирининчи тунун арнатса болмок экен.
15.03.2014. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир жума кутуу жана кутуу...Чыгарма аябай жакты да.
16.03.2014. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мерринин сойкунун күндөлүгүнө окшоп кетип жатат.
16.03.2014. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Түнкү клуб, диского барган кыздар жана балдар соо болбойт. Жүрүп-жүрүп Кудайдын каарына калышпаса болду. Көп баскан аяк бок басат.
16.03.2014. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
укмушго Айдайы
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо