КӨРҮНБӨЙ КЕТКЕН ЖЫЛДЫЗДАР КАЙДА?

№592 07-март-13-март, 2014-ж

Убагында бир жарк этип, кийин сахнадан көрүнбөй кетишкен ырчылар азыр эмне менен алек болуп жүргөндүгүн билгибиз келди. Байкашыбызча, баары эле «жакында сахнага кайтабыз» деп убада кылышууда. Бирок качан?

Асел Касымова:«ТОЙЛОРДОН КОЛ БОШОБОЙТ»
«2012-жылдын супер дебюту» наамынын ээси Асел Касымова аттуу назик үндүү ырчы кызыбыз көптөн бери көрүнбөй кеткенинен «Кайда жүрөт?» деп издеп калгандар көбөйдү. Кайда, эмне кылып жүргөнүн ырчы төмөнкүдөй айтып берди:
– Азыр өзүмдүн кичи мекеним Ош шаарында жүрөм. Жаңы жылдан тарта тойлорго заказдар көбөйүп, бир аз сахнадан алыстай түштүм. Бирок чыгармачылыгымды токтоткон жокмун. Башка чөйрөдөгү жумуштарга иштөө тууралуу сунуштар көп эле болду, кабыл албадым. Буюрса, жакын арада Бишкек шаарына барып, жаңы ырларды жаздырууга камынып жаткан чагым. Сахналашым Нурлан Насип бир ыр белекке берген, андан тышкары эски ырларды да жаңыча жаздырып, угармандарга тартуулайм.


Максат Бегалиев:«БАШКА СТИЛЬ МЕНЕН ЧЫГАМ»
«Арноо» аттуу ыры менен эл оозуна алынган Максат Бегалиев да жоголуп кетип таптырбай жүргөндөрдүн арасында:
– Шоу-бизнести бир аз токтото туруп, өзүмдүн кесибим менен алектенейин деп чечкем. Мамлекеттик башкаруу боюнча билим алгам. Дипломду сандыкка катып койбостон, сахнадан алыстаган жылдары белгилүү бир компанияда менеджер болуп эмгектендим. Жакында эле жетекчилигим да «чыгармачылыгыңды улантышың керек» деп уруксат бергенинен жыл жаңырар замат жаңы ырларды жаздырып, жаңы клиптерди тарттырып жатам. Жумушумду да таштабай уланта бермекчимин. Ушул жылы жеке концертимди берүү тууралуу ой бар. Азырынча сыр боло турсун, сахнага мурункудан такыр башка стиль менен кайтып келем.


Бека:«ПРЕЗИДЕНТКЕ ЖАРДАМЧЫ БОЛУП ЖҮРДҮМ»
«Сагындым сени» деп бир убакта хит ыр жараткан ырчы Бека күйөрмандарын сагынтып көптөн бери көрүнбөйт. Көрсө, чыгармачылыктан башка чөйрөдө да өзүн сынап жүргөн экен. Ал сахнадан алыстап кеткенин төмөнкүчө түшүндүрдү:
– Сахнадан алыстап кеткенимдин себеби, 2010-жылдагы төңкөрүштөн кийин ал кездеги президентибиз Роза Отунбаеванын жардамчысы болуп иштедим. Андан соң КТРКнын Жаштар студиясында эмгектенип, ал жак али тазалана электигине көзүм жетти. Пикир келишпестиктерден улам өз каалоом менен жумуштан кеткем. Андан бери өлкөбүздүн ар облусундагы тоолорго чыгып, кооз кокту-колотторду, үңкүрлөрдү кыдырып, альпинист болуп жүргөн чагым. Өз жериңди жакшы тааныбаган соң кайдагы туризмди сөз кылабыз? Жакында сахнага кайтайын деп «Алмаз Шаршенович мыкты президент» деген клип тарттыргам. Ачылышын жасайын деген ой бар эле, тилекке каршы, интернет булактарына чыгып кетиптир.

Жанэл:«САХНАГА СААТЫ ЧЫККАНДА КАЙТАМ»
Бир кездерде «Кайрылбайсың» деген ыры менен катуу чыгып, бирок өзү сахнага кайрылбай жүргөн Жанэл аттуу ырчы кызыбыз бар. Төө-Ашуудагы тоо-лыжа базасында иштеп баштагандан бери чыгармачылыкты жыйыштырып, чемоданга салып койгонбу же чолоосу тийбей жүрөбү, аны өз оозунан угалы:
– 3 жылдан бери жай мезгилинде Түркиянын Кемер деген шаарында чоң мейманканалардын бириндеги дүкөндө кассир болуп иштеп келем. Кышкысын кайра бул жакка келип, кафелерде администратор болуп иштейм. Ошентип чыгармачылыгыма жетишпей калуудамын. Азырынча сахнадан кеттим деп да, сахнадамын деп да айта албайм, ортодо жүрөм. Бирок сааты чыкканда жаңы ырларды жаздырып, сахнага кайтам деген оюм бар.

Угушубузга караганда, ырчылардан Сапар Сопубеков, Алекс кафеде музыкант болуп иштеп жүрүшсө, Кайыргүл соода менен алек. Ал эми ырчы айымдар Мая, Ташкент кызы Гүл дин жолуна түшүшкөндүктөн көрүнбөй калышты. Мындан сырткары Сема, Нурлан Алдаяров, Ирлан Таалайбеков, Мелис Абдрашитов сыяктуу ырчыларыбыз анда-санда гастролдорго чыгышып, чыгармачылык менен иштеп жаткандай сезилгени менен, жарк эте көзгө урунгандай эмгек кылышпай жатат өңдүү.

Асхат Субанбеков
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(29)
10.03.2014. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жанэл эжекебизди абдан жакшы кором батыраак сахнага кайтын сизди сагындык
10.03.2014. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
min talanttyn bolgonu menen prodyuserin bolboso kaidan sahnaga kaityp kelmek elener
10.03.2014. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озу кидер ее булар мисалы мен таныбайм 4ну тен
10.03.2014. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Iygilik!!!
10.03.2014. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
мен булардын баарын тааныбайм
10.03.2014. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Буларды ким эстеп сагынып атат болду экен?
менин эсимде жок экен мындай ырчылар.
Сахна калп эле оюнчук кылып жургон ырчылардан тазаланса экен!!!
10.03.2014. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алихан, Айдин Шер деген ырчылар кайда болду экен?
10.03.2014. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурлан Алдаяровду 6-мартта болгон Бек Бобиевдин Ош шаарында болгон концертинен кордум. мурда твдан көрүп "вау" дечүмүн. көрсө ххх экен ырчы да ошондой болобу үстү башына карап алса болмок...
Модератор admin_media түзөттү 11.03.2014 10:18
10.03.2014. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бегимай Карабаева, Мэри Шакулина ушуларда жок болуп кеттилер.
10.03.2014. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Beka Awa ny maktap juro ber .kan4a ak4a berdi meni maktaisyn dep?
10.03.2014. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айпери Кубик кызы тууралуу маалымат берип койгулачы суранам
11.03.2014. 09:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тааныбаган эле ырчыларго
11.03.2014. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бегимай Карабаева азыр Ошто 2 кыз торогон
11.03.2014. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи чыгармачылыкта дайыма изденип аракет кылып жаны ырларды ырдап турбасан бат эле унутулуп кетесин. Себеби азыр таш ыргытсан ырчынын башына тийет
11.03.2014. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыгармачыл инсандар куйормандарын унутуп коюшат, ал эми куйормандар унутушпайт. Мен баарын тен тааныйм, баарынын тен куйомандары болуп эсептелем. Ийгилик каалайбыз! Кутобуз, батыраак келиниздер сахнага...
11.03.2014. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаз мезгили келип коз карындай болуп,жаны ырчылар кундон кунго кобойуп ,сапатсыз клип ,маанисиз ырлар,кобойуп тааныганга улгурбой бара жатамын...
12.03.2014. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мыкты президент деген клип кайда экен коруш керек экен
13.03.2014. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алексей Пак корей жигитибиз да корунбой калбадыбы, Самандарчы, Алькамиль, Бегимай Эсенгулова, Mr. Баха эгер малымат болсо жазып койунузчу?
13.03.2014. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарына ийгилик каалайм.Бирок азыр пулун болсо кулунмун деп эле акчасын Кичине жыйнап алып эле клип тарттыргандар коп.Бирок аягына чыгышпайт да 5 ыр менен эле кала берет.Чыныгы таланттуу ырчылар акчасы жок колдогонго спонсор жок эле журушот.А бизде таланттуулар бар бирок аз.
13.03.2014. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушулар "жылдызбы" эмне?
15.03.2014. 04:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйун Жусупбаев жок болуп кетти супер инфо
15.03.2014. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
экону эле тааныбасаам калганы тааныш эмес эле го, алар кайда ырдап журушкон?
15.03.2014. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Максат байкеден бирдеке кутсо болот калгпндарын билбейм
16.03.2014. 08:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
timur1995 жакшы деле ырлары жок. сен эмнени кутосун.
16.03.2014. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер инфо!Дооронбек Жолдошев жонундо жазып койгула сураныч.
17.03.2014. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
syrajidin, semakg,
Саламатсыздарбы! Сунушуңуздарды тиешелүү бөлүмгө кабарлап коебуз. Рахмат!
17.03.2014. 00:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ммммммммм Максат байкенин концертине баргым келип журот кутобуз сени Максат байке
19.03.2014. 02:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
eka98 Айдин шер москвада кафеде иштейт
01.04.2014. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бир кездердедеген ыры менен КАНЫМ ыттуу ырчы айым чыккан эле.ф.точно билбейм.Кожоева беле?шумкар фильимине тартылган.ошол эжекебиз ж.до да маалымат кутобуз!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо