Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ТАТЫКТУУ ЖАНА АКЫСЫЗ БИЛИМ АЛУУГА МҮМКҮН

№592 07-март-13-март, 2014-ж

Билеги күчтүү бирди жыгат, билими күчтүү миңди жыгат. Анын сыңарындай, азыркы заманда билимиң болбосо жаркын келечекти үмүттөнүү пайдасыз. Анда келгиле, бүтүрүүчүлөр, терең билим алууга аракет жасап, келечекке кенен арыш таштайлы. Бул жаатында силерге Бишкек шаарында жайгашкан Борбор Азиядагы Америка университетинин (БААУ) астындагы Жаңы муун академиясы (ЖМА) жардам көрсөтүүгө даяр.

Өлкөдө ЖОЖдордун саны арбын. Бирок арасынан сапаттуу жана терең билим берип, замандын талабына ылайык адистерди тарбиялап учургандары саналуу. Ал эми кыялыңдагы окуу жайга тапшыруу оңой иш эмес. Анткени мектептеги билим көп учурларда жетишерлик деңгээлде болбой, бүтүрүүчүлөр тапшыруу экзаменине барганда аксап калып жатышат. Бул маселени жана аймактагы калктын социалдык абалын эске алып, БААУнун жетекчилери ЖМАны ачып отурушат. «Өлкөдөгү ар бир зээндүү бала татыктуу билим алууга укугу жана мүмкүнчүлүгү бар» деди өз сөзүндө ЖМАнын координатору Чолпон Дүйшеева.

«ЖМА БУЛ – ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕК»
– ЖМА бул – БААУнун астында ачылган акысыз бир жылдык даярдоо курсу. Жыл сайын өлкөнүн жети облусунан атайын сынак аркылуу окуучулар даярдоо курсуна кабыл алынат. Айта кетчү нерсе, 11-классты аяктаган жана ЖОЖго такыр тапшыра элек бүтүрүүчүлөр гана арыз тапшырууга укуктуу. Академиянын максаты – студенттердин мектептен алган билимин тереңдетүү, англис тилин мыкты өздөштүрүүгө жардам берүү, кошумча сабактарды өтүү, БААУга жана башка ЖОЖдорго ийгиликтүү тапшырууга даярдоо.
Даярдоо курсунун студенттери бир жыл бою акысыз жатакана, тамак-аш, окуу куралдары, бекер интернет, китепкана менен толук камсыздалышат. Андан тышкары БААУнун бардык долбоорлоруна катышууга, жогорку курстун студенттери тарабынан көмөк алууга мүмкүнчүлүк алышат.

«СТУДЕНТТЕРДЕН КЕП-КЕҢЕШ АЛСА БОЛОТ»
– ЖМАнын ар бир студентине ЖМАнын бүтүрүүчүлөрүнүн бири бекитилип берилет. Ментор деп аталган ал студенттер кичүү досторуна өзүнүн тажрыйбасы, кеп-кеңеши менен бөлүшүп, ар тараптан колдоо көрсөтүшөт. ЖМАнын ар бир студенти жогорку курстагы тажрыйбалуу курбусуна кайрылып, сабактары боюнча же андан башка жеке маселелери тууралуу кеңеш сурай алышат. Бул алардын мектептен тышкары жаңы жашоого оңой аралашып, БААУнун окутуу системине көнүп кетүүсүнө жардам берет.

«БИЛИМ БАЙЛЫКТАН КӨЗ КАРАНДЫ ЭМЕС»
– Академия «Өлкөдөгү ар бир зээндүү бала татыктуу билим алууга укуктуу» деген ураандын негизинде ачылган. Ага ылайык, колунда жок, бирок акылдуу балдар үчүн ири мүмкүнчүлүк түзүлдү десек болот. Академияга кабыл алуунун астында атайын текшерүүлөр жүргүзүлөт. Эгер чындыгында билимге умтулган, таланттуу бала болуп табылып, бирок жогорку билим алууга акча маселеси тоскоол болуп жатканы тастыкталса, анда ал адамга сөзсүз жардам берилет. Тагыраак айтканда, ал ЖМАда акысыз окууга мүмкүнчүлүк алат.

Алмазбек Дүйшебаев, ЖМАнын студенти:
– Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы Т.Уметалиев атындагы орто мектепти аяктагам. Азыр ЖМАда окуп жатам. БААУга тапшырып, анда билим алсам деген менин көптөн берки кыялым болчу. Ошол себептен интернет аркылуу ал университеттен кабар алып турчумун. Бир күнү БААУнун сайтынан ЖМА программасы тууралуу окуп калдым. Бул менин кыялыма жолдомо экенин түшүнүп, дароо анкета толтурууга киришкен элем. Ата-энем бул чечимди туура кабыл алышып, борборго сынакка жөнөтүштү. Башында англис тилин анча деле жакшы билчү эмесмин. Бирок суроолорго түшүндүм жана жооп берип, өтүп кеттим. Азыр бекер жатаканада жашап, акысыз билим алып жатам.
Мектепте жылдап үйрөнгөн нерселерди бул жактын мугалимдери аз эле убакытта үйрөтүп коюшат экен. Англис тилин да жакшы өздөштүрүп калдым. Андан тышкары БААУнун ар кандай маданий иш-чараларына катышабыз. Эми сүйүктүү университетиме да ийгиликтүү тапшырып, кыялымды орундатам деген терең ишеничтемин.

Бегимай Кулукеева, ЖМАнын бүтүрүүчүсү, БААУнун студенти:
– Талас облусуна караштуу Кара-Буура районундагы Ж.Субанбеков атындагы орто мектепти аяктаган соң ЖОЖго тапшырууну максат кылдым. Ошол учурда курбу кызым аркылуу ЖМА программасы менен таанышып калдым. Чынын айтсам, Америка университетине өтө алам деп эч качан ойлогон эмесмин. Бирок кыялдар орундалат экен. Азыр мен БААУнун экономика факультетинин студентимин. ЖМАга тапшыруу кыйын болгон жок. Бирок англис тилин абдан эле начар билчүмүн. Ошол себептен мен эң начар деген тайпада окуп баштагам. Кийин тырышып окуп отуруп, деңгээли жогору группага которулдум.
Ошентип академияны ийгиликтүү аяктап, БААУга да өтүп кеттим. Болгондо да 4 жыл бою акысыз билим алуу укугуна ээ болдум. Андан тышкары ай сайын орто эсеп менен 300 долларга жакын стипендия алам. Бул акча айрым кызматкерлердин айлыгынан да жогору. Кызык, эгер мен окууну аяктап жатканда ЖМАга тапшырбасам азыр кандай жашоодо жашап жатмакмын? Кандай билим алат элем? Албетте, классташтарым катары эле башка ЖОЖдордо акча төлөп окумакмын да. Бирок мен башка жолду тандадым. Мен татыктуу билимди, жаркын келечекти тандадым. Урматтуу бүтүрүүчүлөр, силерге да өз тандооңорду туура жасагыла дегим келет.

Салтанат Мукасова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(9)
10.03.2014. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы экен...синдилеримди буюрса тапшыртырам
10.03.2014. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул боюнча кененирэээк маалымат берип койосуздарбы сураныч кайсы учурда экзамен башталат кайсы жэрде отот. Анкетаны кандай толтура. Айыл арасында коп маалымат жок кенири жарыя кылсаныздар. Сураныч.
11.03.2014. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Akmatov1990, Байланыш учун малымат деп турат го, ошол жерге чалсанар бардыгын тушундуруп айтып берет.
10.03.2014. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы окуу жай екен.сайытын айтып койсонтздар.
12.03.2014. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
рахмат жакшы маалыматар экен, 2014-2015 жылкы мамлекеттик тестин суроолору боюнча малымат бере аласынарбы урматту супер инфо же сайтын,чет олкодо жургондорго керек болуп жатат.
13.03.2014. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurik9090,
Саламатсызбы!
Сурооңузду http://www.super.kg/superstan/index.php?showforum=103 ушул шилтеме менен кирип Суперстандагы атайын бөлүмгө калтырып койсоңуз болот. Жооп алып бергенге аракет кылабыз.
13.03.2014. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул окууга тапшырса болобу экен мен бирок окууну буткомун
14.03.2014. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ska90,
23.04.2014. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бир ЖОЖго тапшыргандар бул жерге тапшыра алышпайт экен. Тапшырып бирок окуусун аяктабагандар да тапшырууга укугу жок имиш. Тап-такыр ЖОЖго тапшырып коро элек, акылдуу мектеп бутууручулору учун гана.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо