Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Куралбек Чокоев:«СУЛУУ КЫЗ КӨРГӨНДӨ 3-4 СЕКУНДГА МЭЭМ ТОКТОП КАЛАТ»

№592 07-март-13-март, 2014-ж

Шыңга бойлуу, кара каш жигит Куралбек Чокоев учурда жеке студиясын ачып, чакан чыгармачылык бизнес менен алектенип жүргөн чагы экен. Көптөгөн сынактардын жеңүүчүсү Куралбек Чокоев менен болгон маек сиздердин сыныңыздарда.

– Куралбек, жаз келди, айымдардын майрамына карата кимге белек камдап жатасың?
– Мен өзүм үйдө көп турбайм. Ошон үчүн майрамдарда күтүүсүз үйгө барып калсам деле ата-энеме чоң майрам болот. Ал эми 8-Мартка карата карындаштарыма, анан албетте, апама белек берем. Анткени бул жашоодо апамдан жакын болгон адам таба элекмин.

– Ал эми сен үчүн эң ийгиликсиз майрамдар кайсы?
– Эң ийгиликсиз майрам бул – менин туулган күнүм. Билбейм, негедир туулган күнүм дайыма ойдогудай өтчү эмес. Ошол учурда каржы жагы тартыш болуп калат же башка себептер табылат, айтор, өздүк майрамымды эсте каларлык өткөргөнүм эсимде жок. Өзүм да «эртең менин туулган күнүм» деп жар салганды жаман көрөм. Бирок башкалардын туулган күнүндө куудулданган жагат. Быйылкы туулган күнүм гана башка туулган күндөрдөн айырмаланды окшойт.

– Кеп нугун чыгармачылыкка бурсак. Сахналаштарынан айырмаланыш үчүн ырчыга харизма, сулуу келбет жана хит ырдан башка дагы эмне керек?
– Бүт баары керек. Тажрыйба, ишеним, оригиналдуулук, артисттик чеберчилик, үн жана башкалар. Ырчы элге өзү да инсан катары кызык болушу керек. Эгер хит ыр ырдап, бирок харизмаң жок болсо, ал ырың 3-4 жылдан кийин унутулат. Жогорудагы сапаттарды өзүнө камтыган ырчы гана сахнада көпкө кармалат деп ойлойм.

– Сен сахнада көпкө кармалыш үчүн кандай аракеттерди жасадың?
– Мен Искусство институтунда окуп жүргөндө айланамдагылар «эптеп эле сахнага чыгып алсам» деп жан талашышчу. А менин максатым – сахнага сапаттуу чыгыш керек болчу, ошондуктан ырчылыкты сынактарга катышып баштагам. 8 жыл кабактарда ырдап бир топ тажрыйба топтодум. Билсеңиздер, азыр кабактарда ырдаган ырчылардын көбү профессионал музыканттар. Учурда аздыр-көптүр мени уккан күйөрмандарым, угуучуларым бар, ошонусуна шүгүр.

– «Ырчынын кандай ырдаганын элдин кол чапканынан бил» дешет, алгач сахнага чыгып жүргөндө сени эл кандай кабыл алган?
– Негизи, кээ бир ырчылардын атын укканда эле кол чаба башташат. А мен алгач сахнага чыкканда анча кол чабышкан эмес. Бирок аны түшүнүп, элдин эсинде калыш үчүн бүт аракетимди жумшагам. Сахнада бийлеп, тамашалап, тийишип, колдон келсе «сальто» секирип жиберип, айтор, сахнада иштегенди, көрүүчүлөр менен байланыш түзгөндү үйрөндүм. Мен ырдап бүткөндөн кийин көп кол чаба турган болуп калышкан.

– «Билип жүр» деген ырыңды ашып өткөн хит чыгарма жарата алдыңбы?
– Негизи, ырчынын кайсы ыры хит болсо өз аты унутулуп, ошол чыгарманын аты менен аталып калат. Мисалы, «Гүлзар», «Сени сүйгөн бир адам бар», «Кызыл өрүк» дегендей. Менин атым азырынча «Дүрү-дүм» бойдон эле. Чынында, элдин табитин табыш кыйын, ушул хит болот деген ырың деле андай болбой калышы мүмкүн. Биз элдин табитине ылайыктап эмес, жан дүйнөбүздөн чыккан чыгармалар менен репертуарыбызды толтурушубуз абзел. Артист көпчүлүктөн айырмаланып агымга каршы, башкача ой жүгүртсө, чыгармачылыкка башкача «подход» кылса гана артист боло алат деп ойлойм.

– «Жаңы толкун» сынагынын тандоо туруна 3 жолу катышып өтпөй калган элең, аракетти уланта бересиңби быйыл да?
– Быйыл убактымдын тардыгына байланыштуу тандоо туруна катышканга мүмкүнчүлүк болбой калат экен. Эмки жылдан баштайм го. Азыр 27демин, 30 жашка чыккыча дагы 3 жыл бар, демек, келерки эки жылда, балким, аталган сынакта Кыргызстандын атынан ырдап калам.

– 9 жаштагы уулуң бар экенин билебиз, балаңа тарбия берүүгө катышасыӊбы?
– Жок, уулум апасынын тарбиясын көбүрөөк көрүүдө. Биз ажырашып кеткенден кийин уулум апасы менен кеткен. Бирок жолугуп турабыз, келбети, кыял-жоругу апасына окшош. Ал дагы ырдап чыксамбы деп максат кылып жүргөн кези. Учурда таята-таенесинин колунда, Нарында жашайт.

– Эрте үйлөнүшүңдүн себеби эмнеде?
– Ал кезде мен 16 гана жашта элем. Жубайым менден 3 жаш улуу болчу, жаштык-мастык кылыптырмын, жашоону оңой көрүптүрмүн, а чынында жашоо биз ойлогондой боло бербейт экен да.

– Учурда жеке жашоодо абал кандай?
–Жеке жашоом чыгармачылык болуп калды. Кыялымдагы кызды тапсам сиздерге биринчи кабарлайм.

– Көчөдөн сулуу кыз көргөндө биринчи оюңа эмне келет?
– Сулуу кыз көргөндө мээм 3-4 секундга токтоп калат, бардык эле мырзалар ушундай болуш керек, катып туруп каласың го. Андан кийин ар кандай ойлор келе баштайт.

– Учурда продюсери жок иштеп жатасың, кыйналган жоксуңбу?
–Кыйналган жокмун. Ушу кезге чейин 3 продюсер менен иштештим. Продюсер аял менен иштешүү кыйын экен. Эркек менен эркекче сүйлөшөсүң, аял киши менен анте албайсың. Аялдар чый-пыйы чыгып, ашыкча эне боло беришет экен. Менин энем бар ансыз деле.

«КҮЙӨРМАН ЭЖЕЛЕР УЯЛЫП КАЛЫШТЫ ОКШОЙТ»

– Эмнеге ырчы болууну чечтиң?
– Ырчылыкка болгон кызыгуу 9-классымда ойгонгон, музыкалык берүүлөрдү көп көрчүмүн. «Фабрика звёзд», «Народный артист» сыяктуу телеберүүлөрдөн таасирленгем.

– Чыгармачылык үчүн кандай курмандыктарга баргансың?
– Чоң курмандыкка бардым деп айта албайм, бирок кафелерде ырдап жүргөндө окуудан айдалып кетүү коркунучу болгон.

– Сага тийишкен күйөрман эжелериңдин саны азайдыбы же көбөйдүбү?
– Силердин гезитиңерге «Күйөрман эжелерден кутулуш кыйын» деп чыккандан кийин азайып калды. Уялып калышты окшойт.

– Бир жыныстагы никеге көз карашың?
– Биздин шоу-бизнесте мындай адамдар көп эле. Азыр мен каршымын деп айтсам жаман көрүнүп алам. Андыктан ал ар бир адамдын тандоосу, мага баары бир, башкысы мага тийишпесе болду.

– Ырчылык жолду тандаганыңа өкүнбөйсүңбү?
– Жок, өкүнбөйм. Мектепте сабактан начар окучумун, ырчы болбосом аскер адамы, ашпозчу же дизайнер болмокмун. Мага Кудай ырчылык өнөрдү бергенине ыраазымын.

– Жаңы чыгып келе жаткан ырчылар жардам сурап кайрылышабы?
– Ооба, болот, кээде «байке, мен сонун ырдайм, угуп көрсөңүз» деп келип алышат. Угуп көрсөң өзгөчө эч нерсеси деле жок. Байкаганым, азыркы жаштар өзүнө өтө бийик баа беришет, амбициясы күч. Кээде артист өзүн сын көз караш менен карап койсо деле ашыктык кылбайт.

«Уулум Санжар Чокоев 9 жашта. Балам экөөбүз майрамдарда чогуу сейилдеп калабыз».

Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
star@super.kg


"Апамдан артык айым таба элекмин" дейт Курал Чокоев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(48)
SUPER.KG видео
09.03.2014. 04:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Озун чыныгы талантуу ырчы звезда сезип алыптырго жарымына чейин коруп коргум келбей койду
SUPER.KG видео
09.03.2014. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Курал ийгилик сага ырларын бизге жагат.
SUPER.KG видео
09.03.2014. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aziko88 мен жазайын деген созду сен жазып койупсун.
SUPER.KG видео
09.03.2014. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин туулган кунумдо калп эле куттукташат дегени жакпады.мумкун ал адам чын дилинен куттуктап аткандыр.адамдын ниет ар дайым туз болушу керек
SUPER.KG видео
09.03.2014. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Куралды чыныгы жылдыз катары сыйлайм,голос бар бешенеге жазылганын коробуз.
SUPER.KG видео
09.03.2014. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат чындыкты айтыатыр,азыр ырчылардын кобу Курал айткандай эле...Куралдын талантын баалайм,сахнада журчу жузу бар,илгери Темирде бар эле,сахнаны да озуно жараштырган адам жараштырат,Султанда сонуну ырдайт....Куралдай сапаттуу,бийлеп ырдаган адамдар коп болсун...Ишине ийгилик!!!
SUPER.KG видео
09.03.2014. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ушул ырчыбы? вапше жакпайт.бул бала вапше озун жылдыз елестетип алыптыр ха ха. кичине голос болсо кана. кыргызды уят кылып экрандан чыкпай эле койчу иним. Чымчыкты сойсо да касапчы сойсун дейт го, ырды да ырдай ала турган адамдар ырдасынчы? эгер окуп калсан сага айтарым озунду башка жактан сынап кор бирок капа болбо, ырдайсын бирок экрандан чыгып калсан сразу башка жакка алам. Эмнегедир коркун бузасын.
SUPER.KG видео
09.03.2014. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сонун ырдайт
SUPER.KG видео
10.03.2014. 01:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tuulgan kunu bolso kuttuktaim dep aitat anan ne demek ele, che to jakwi mes go bunun tuwunugu...
SUPER.KG видео
10.03.2014. 02:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ото деле мындай сындай тургандай ырчы катары корууго болбой бир ырынын клибин коргон экем озунчо эле здезда го озун Эмгек синирген артис катары элестетип журот билбедим вообще жакшы эмес ,,,,,,кандайдыр бир ,,тушунуксуз кайдагы бир интерью болуптур ииййи
SUPER.KG видео
10.03.2014. 02:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
анан кичине балдар келишет дейт го ха ха ха озу кичирейип бурушуп атпайбы анан ушул денгелге жеттим дегенин тушунбодум Супер инфо сураныч айтып койгулачы бунун денгели барбы же кандайдыр бир чоон сыйлыктары барбы курал сага советим койчу болсон эле он го ойлонуп корсон болот экен,,,,,,,,
SUPER.KG видео
10.03.2014. 03:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сага окшогон артистер чыга берсе, жакында вапше адамдар концертке барбай калышат. сенен кенеш сураган адамдар вапше ырчы боло албайт. уят вапше ырдабай эле койчу.
10.03.2014. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эненден ыйык адам таба элекмин дейтда табылбайт дагы. Энелерибиз аман болсун.
10.03.2014. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсыз, чыгармачылык ийгилик.............
10.03.2014. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир жыныстагы никедегилер коооооп дейт го.Ий бетим.
10.03.2014. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ааиий ото эле эрте уйлонгон экен да...
"кээ бир ырчылар сосискадай туруп ырдашат" дейт го хе-хе...
жакшы маек болуптур,ийгилик.
SUPER.KG видео
10.03.2014. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул жигит озу таланттуу ырчы! Уну бар! Сапаттуу клип тарттырып журот. Чон жетишкендиги озунун студиясын ачканы болсо керек ошон учун "ушул денгээлге жеттим" деп айткан го! Азыркы мезгилде "жылдыз оорусу" менен ооруп журот окшойт.
10.03.2014. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ападан артыгын таппайсын бирок окшошураагын табышын мумкун. Так что артыгын табам деп ойлобо
10.03.2014. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Sonun90, +++созуно кошулам.

Курал азамат жигит,таланттуу,уну бар.
SUPER.KG видео
10.03.2014. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец Курал чыгармачылык ийгилик,унун жакшы Ит уро берет кербен журо берет сен аларга капа болбо
SUPER.KG видео
11.03.2014. 01:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Комменттерди окуп тан калдым.Эмнеге оозунардан 2 ооз жакшы соз чыкпайт?Жон гана ийгилик деп коюнун ордуна,озунорду куноокор кылып адамдын конулун калтырчуу создорду жазасынар?
11.03.2014. 02:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ой тообо
11.03.2014. 03:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ооба Курал байке ачыгын айтыптыр чын эле балдардын кобунчосу ошондойго сулуу кыз корсо катып туруп калышат башынан бутуна чейин карашып))
11.03.2014. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жакшы чыгармачылык ийгилик
11.03.2014. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чыгармачылык, ийгилик каалайбыз!
11.03.2014. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
курал бир жыныстууларды билем мага баарибир дегендей жооп берип коюпсунго.озунду кобуроок суйот экенсин.келечекте сенин балан же кызын ушундай болсо да баарибирби ошондо? биздин коом кабыл албай жатат муну а сен мени жаман коруп калат дейсин..
11.03.2014. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уну болгону менен чойросу начар адамдай сезилет мага
SUPER.KG видео
11.03.2014. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эн жакшы маек.силерге акырын суйлосо жудомуш экен катуурак суйлосо керсейген экен ж.б.дей бересинер жакпаса корбой эле коюш керек такыр
SUPER.KG видео
11.03.2014. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Куралдын баласы бар экенин эми уктум ырчылар башында бойдокмун дейт да звезда болгондон кийин балам бар деп жар салат
13.03.2014. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мммм,озу жакшы ырдаганы м.н,жашоого болгон коз карашы женилдей го
SUPER.KG видео
13.03.2014. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ападан артык адам барбы озу?...
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо