ЧАҢДАГЫ ГҮЛ

№593 14-март-20-март, 2014-ж

(Башталышы өткөн сандарда)

Айдай көпкө чейин өрөпкүп ыйлап жатып уктап калыптыр. Эртең менен көзүн ачса Тариел жанында жок, бөлмөдө өзү жалгыз жатат. Туруп чоң залга барса, кечээки кафеде чогуу отургандар жаңы туруп, чай ичип жатышыптыр.
– Кел, чай ич!
Тариел эрдик жасагансып, Айдайды көзүнүн кыры менен карап, жылмайып койду.
– Сага эмне болгон, маанайың жок го?
Заринанын көздөрү алайып, Айдайга суроо узатты.
– Баары жайында. Жүр, кетеличи. Ооруп жатам.
Айдай уйпаланган чачын жыйнаштыра ага жооп кайтарды. Зарина да кеткиси келип араң эле турган, шашыла жыйналып, экөө эшикке чыгышты.
– Силер кайда шашып? Бир аз отуруп, чай ичсеңер болмок.
Тариел кыздарды токтотмокчу болду эле, анысынан майнап чыкпады.

ххх

Окурман, эми көп жыл мурун болуп өткөн каармандардын тагдырына көңүл бурсак. Айдайдын атасы сүйүүдөн бактысыз болгон Айдар, Канышайды жоготкондон кийин ызасына чыдабай ичип жүрүп, аракеч болуп кеткен. Арадан канчалаган суулар агып, жылдар алмашса да «баары бир ага жолугам» деген үмүт менен күн кечирчү. Бирок Канышай экөөнүн ортосунда кыз бар экенин, ал башка адамдардын колунда тарбияланганын билчү эмес. Ушундай күндөр өтүп жатты.
Бүгүн да адаттагыдай башы ооруп, кайдан акча табарын билбей көчөдө турган. Кулкуну кургап, жанындагы дүкөнгө баш багып, сатуучу кызга жалдырай кетти.
– Карындашым, мага 50 грамм карызга бере турчу.
– Жок, байке, бере албайм!
Сатуучу кыз жактырбай корс этти.
– Башым ооруп жатат. Мени түшүнүп койчу, карындаш...
– Мен сизге кыргызча айтып жатам. Башыңыз ооруса иштеп акча табыңыз, бул жерге келип менин да башымды оорутпай!
Бул сөздү уккан Айдар унчуга албай туруп калды. Так ушул маалда эшиктен кычырап кийинген бир жаш жигит келип, соода кыла кетти. Бул Тариел эле.
– Иним, баш жазганга бир аз тыйын таштай кетчи, - деди Айдар коруна.
Тиги жигит Айдарды баштан-аяк сыдыра карады да, 50 сом карматып койду. Анан:
– Биздин үйдө жумуш бар. Эгер кааласаңыз барып иштеңиз, акчаңызды төлөп берем, - деди.
– Макул, эмне жумуш?
– Бишкектин четинде дачабыз бар. Ошол жактан ажаткана казганга киши издеп жаткам.
– Жарайт, иним.
Айдардын колдору калчылдай, тиги жигит берген акчага 100 грамм арак куйдуруп алып жутуп жиберди. Анан бейтааныш жигитти ээрчий, артынан чыкты. Экөө кара Жипке отуруп, шаардын түндүк тарабын көздөй жөнөштү. Жолдо кетип бара жатканда тиги жигит күзгүдөн Айдарга карап суроо узатты:
– Атыңыз ким болот?
– Айдар.
– Меники Тариел. Үй-бүлөңүз барбы?
– Жок.
Айдар терезени карай, улутуна башын чайкап койду.
– Ичип жүрсөңүз сизге ким тиймек эле?
Тариел тигиге акылдуусуна сүйлөдү.
– Ээ, иничек. Мени да убагында бир кыз сүйгөн. Мен да аны сүйгөм, бирок жаштык кылып, кызганычтын айынан бактымды колдон чыгарып жибердим. Ага жетпей калган соң башка
кыздардын мага кереги жок эле. Ошондон бери арак менен достошком. Азыр сүйгөнүм – бөтөлкө.
Айдар сөз соңунда калп күлүп койду. Бирок ал айтылган сөздөр чын дилинен чыккан эле.
– Сүйгөнүңүз азыр кайда?
– Билбейм.
Ушуну менен баарлашуу токтоду. Экөө жетчү жерине жетишти. Машина тоо этегинде жайгашкан бак-шактуу, көз жоосун алган чоң үйлөрдүн биринин дарбазасына кирди.
– Жүрүңүз, сизге кайсы жерди казыш керек экендигин көрсөтүп коёюн. Ага чейин чай кайнап калат.
Тариел Айдарга эмне кылыш керек экендигин көрсөтүп коюп, өзү үйгө кирип кетти. Айдар карап турбастан ишке киришти. Күндүн ысыктыгына байланыштуу тез эле тердеп чыкты. Жарым сааттай иштеген соң акактап, көлөкөгө отура кетти. Ушу тапта Тариел үйдөн чыгып, Айдарга басып келди да, бир сыйра текшерген соң:
– Жүрүңүз, үйгө кирип салкында чай ичип алыңыз, апам дасторкон даярдап койду, - деди. Тариелдин артынан ээрчий басып, үйгө кирип келген Айдар босогодо нес боло, катты да калды. Бет маңдайында сүйүктүүсү Канышай турган эле. Ал да Айдарды көрө сала, эмне кыларын билбей бозоро түштү. Ушу тапта Айдар үчүн кара жер калыңдык кылып, кирерге тешик таппай карбаластады. Мындай болуп кетет деп ким ойлоптур. Экөө бири-бирине үн катышпады. Бейтааныш адамдардан бетер учурашып гана тим болушту. Бирок чай ичилип жатканда Айдардын армандуу каректери ашыгын улам тиктейт, Канышай болсо тике кароого батына албады. Экөө тең Тариелдин көзүнчө айыбы ачылып калуудан сестенгенсип турушту.
Чайдан соң Айдар менен Тариел эшикке чыгып бара жатканда Тариел Канышайга кайрылды.
– Муздаткычта конокторго деген арак бар беле? Болсо жарым бөтөлкө берип коюңузчу? Ансыз иштебейт экен.
– Муну кайдан таптың?
Канышай акырын шыбырады.
– Көчөдөн таптым. Аз акча эле беребиз, кайра жакшы. Буга арак болсо болду.
Тариел муздаткычтан бир бөтөлкө алып сыртка чыкты.
Ал чыгар замат Канышайдын жашы жаак ылдый төмөн кулады. Бир кездеги сүйгөнү ушундай абалга келип калат деп үч уктаса түшүнө кирген эмес. Балким Айдардын аракеч болуп калганына өзү күнөөлүү болуп жүрбөсүн? Аны сагынып, көптөн бери көргүсү келип жүргөн.
Ушу тапта эшик шыңгырап калды. Канышай чыкса милиция кызматкери турган экен.
– Саламатсызбы, Абдыкеримов Тариел ушул үйдө жашайбы?
– Ооба. Эмне болуп кетти?
Канышай чочуп сурады.
– Уулуңуз бейбаштык кылып коюптур. Азыр үйдөбү? Менин суроолорум бар эле, жооп алайын дегем.
– Ии, үйдө. Азыр чакырам.
Канышай эч нерсе түшүнбөй, тигини ээрчитип жөнөдү.

(Уландысы кийинки санда)

Асхат Субанбеков


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Башка сандарда:
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ (жаӊы сериал) 584-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ (жаӊы сериал) 585-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 586-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 587-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 588-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 589-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 590-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 591-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 592-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 594-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 595-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 596-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 597-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 598-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 599-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 600-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 601-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 602-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 603-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 604-сан
Комментарийлер(33)
17.03.2014. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коптон эле жазбайт беленер?(((
17.03.2014. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мына кызык! Экоо бир тууган болуп калабы? Башын унтуп калыпмын, эми кызыгып башынан окуп чыгууга туура келет.
17.03.2014. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azem2013, Жок алар бир тууган эмес Саматтын баласы бар эмес беле ошол болуш керек
17.03.2014. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мына сага, акыйкат эле Тариел Канышайдын огой уулу болуп чыкты го. Айдай устунон арыз жазган окшойт Тариелдин.
17.03.2014. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оо кудааай, жаман кызык болуп жатат гоо.. Дагы бир жума кутомбу э))
17.03.2014. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коп эле жазса болбойбу эми бир апта кутуш керек
17.03.2014. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
неге аз чын эле ушул чыгарма учун кирип атсам(((
17.03.2014. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
китеби барбы? болсо каяктан тапсак болот. аябай кызыктуу болуп баратат.
17.03.2014. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сабыр сабыр кылыныздар мен биричи болсом керек деп кирсем менденда биринчи киргендер барго
17.03.2014. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менда унутуп калыпмын коптон жазса болмок
17.03.2014. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башынан окуп чыгыш керек болдуго унутуп калыпмын..
17.03.2014. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коптон эле жазгылачы!!!Именно ушуну окуганга киргемин да,2минуталык эле гоооо!!!
17.03.2014. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баарын эле кооптон жаз депсинерге баарын айтып койсо кызыгы кетип калаткоо
17.03.2014. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аз, аздан жазып отуруп баш жагын унтуп калып жатабыз,окуя эмне жонундо болчу деп.Сериялдын кунары качып.
17.03.2014. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер инфо китеби сатыка чыкканбы?
17.03.2014. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
medetbek,
Саламатсызбы! Жок, чыга элек.
17.03.2014. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо бир тууган карындашынбы? Астафираллах

17.03.2014. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да ушул учун эле кирсем эххх тез эле бутуп калды (
17.03.2014. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мынча тез бутуп калды....
17.03.2014. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чындап башын унутуп калып жатабыз
17.03.2014. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул чыгарма жакпаса деле окуп койчумун. менимче кызык боло баштады.
17.03.2014. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тариэл Саматтын баласы Канышайдын огой баласы болот а Айдай Айдар менен Каныйшайдын кызы болот бир тууган болушпайт
18.03.2014. 01:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соонун болтат кооптон жазышса жакшы болмок
18.03.2014. 09:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менде китеби бар...
18.03.2014. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
NES1380, Китеби бар болсо, адабият болумуно жаза салбайсынбы соопко калып?
18.03.2014. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
NES1380, Кандай бактылуусун биздей саргарып кутпой каалаган убагында окуйсун.
19.03.2014. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Elit, )))
18.03.2014. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Суппер инфо аябай эле коптон жазбайсынарбы, же тугонуп калабы.
20.03.2014. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Вый..эми мен дагы силерге окшоп күтөт экенминда.Сонун чыгарма экен.
20.03.2014. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
тезирээк жазгыла
21.03.2014. 01:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Калганын качан окуйбуууууз.
21.03.2014. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кадимки коломдо эле жазылган туугандар кызыктуу болгон учун аздай сезилет экен.Кутобуз!!
23.03.2014. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мынаа кыззыык
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо