Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Гүлнур Сатылганова, «Заманыбыздын супер ырчысы», КРнын Эл артисти: «ҮЙ-БҮЛӨ КУРУУГА ТАТЫКТУУ ЭРКЕКТИ ЖОЛУКТУРА АЛБАДЫМ»

№593 14-март-20-март, 2014-ж

Гүлнур Сатылганова. Кыргыз эстрадасын бул ысымдан бөлүп кароо мүмкүн эмес. Жаш ырчылардын сахнага болгон сапарына чыйыр жол салып келе жаткан Эл артисти алтындай өмүрүн, ашып-ташкан жаштыгын, күнү-түнү иштеген мээнетин, кара терин сахнага арнаганын айтат. Ошол эле учурда аял, эне катары тагдыры, баш айланткан атактуулукка ырчы кантип жеткени, Гүлнур деген ысымдын түптөлүшү бизге кызык болду. Шашпаңыз, окурман, бардык суроолорго төмөндөн жооп аласыз.

«АЙЫЛГА БАРСАМ АЛА КАЧЫП КЕТЕТ...»
-Мектепти 1985-жылы Токтогулдан бүтүп, Искусство институтуна тапшырам деген ойдо августта Бишкекке келсем, кабыл алуу аяктап калыптыр. Айылга барсаң түшүнүктүү да, ала качып кетет же ата-энең сүйлөшүп туруп күйөөгө берет. Айылга кетким келбей, кондитердик окуу жайда окуп калдым. Окуумду аяктагандан кийин Беловодск шаарчасындагы нан чыгарган заводго практикага жөнөтүштү. Барсам улгайып калган эжелер чоң камыр жууруган чараларды сүйрөп иштеп жүрүшөт. Мен ырдашым керек, бул жерде кантип иштейм деп капа болуп айылга кетип калдым. Барсам Токтогулдун колхоз-совхоздор аралык ыр кесеси болгону жатыптыр, байкем да жакшы ырдайт, ал мени катышпайсыңбы деди. Гитара менен ырдасам эл коё бербей 4-5 ыр ырдаганым эсимде. Ошондо райондук «Миң кыял» ансамблинин жетекчиси Жакыпбек Исаков мени байкап калып, «сен жакшы ырдайт турбайсыңбы, биздин топко кошул» деди. Ырчы болуу кичинемден келе жаткан кыялым эле, агайдын сөзү майдай жакты, ырчылык жолум ушинтип башталды.
Менин ырчылык пайдубалым мыкты куюлду. Анткени ал кезде компьютер деген жок, жалаң жандуу үн менен ырдап Кыргызстанды айланып гастролдочубуз. Репертуарымда Алла Пугачёванын «Айсберг», «Без меня», «Расскажите, птицы», кыргызча «Сагыныч», «Сүйөмүн моокум канбастан», «Кызыл өрүк» деген ырлар бар болчу. Бала кезден эле Пугачёванын ырларын жакшы көрчүмүн. Ырдын сөздөрүн кылдат тыңдап, маанисин түшүнүүгө аракет кылчумун. Азыр текст менен катуу иштейм, ойлоп көрсөм, бул сапатым тээ бала кезден эле калыптаныптыр. Ошентип бул топто 2 жылга жакын иштедим. Жакыпбек агай эгер мени ошол кезде ыр кеседен байкап калбаса, кайра келип нан заводдо иштеп кала берет белем, билбейм.

«ЭЖЕ-АГАЙЛАР АРТЫМДАН КУБАЛАП ЖҮРҮП ОКУТУШКАН»
-Ырдагым келип ары урунуп, бери уруна берчү экем, ойлоп көрсөм. 1987-жылы Искусство институтуна тапшырып, студент болорум менен эле «Жетиген» ансамбли тууралуу жарнамадан окуп калдым. Шаарды түрө кыдырып жүрүп аны таап, ырчы болуп кирдим. 2-3-курста болсо керек, Каныкей Эралиева менен таанышып, ал кишинин концерттерине катыша баштадым. Ошол кезде атагы чыккан, абройлуу «Ариет» тобуна ырчы керек деп мени чакырып калышты. Гитара менен ырдатып көрүшүп, «биз менен иштейм десең окууңду ташташың керек, гастролго кетебиз» дешти. Араң өтүп алып, анан окуумду кантип таштайм деп болбой койдум.
Хор-дирижёрлук бөлүмдө окучумун, өтө таланттуу, талапты коё билген мугалимдерден сабак алдым. Жашмын, жалкоомун дегендей, менин артымдан калбай кубалап «сен абдан таланттуусуң, окушуң керек, сенден күчтүү ырчы чыгат» деп окуткан эжейим Надежда Хохлова болду. Анан кошумча сабакты опера ырчысы Талгар Жакшылыковдон алгам.

«БАШ БАЙГЕЛЕР БИРИНИН АРТЫНАН БИРИ КЕЛДИ»
-Эрик Кадырбаев менден бир курс ылдый окучу. Кийин экөөбүз «Агым» деген топ түздүк. Ушул топ менен 1991-жылы Нарында өткөн «Тянь-Шань-1991» сынагына «Сүйөмүн моокум канбастан», «Туулган жер» деген ырларым менен катышып, алгачкы сынагымда эле биринчиликти багындырдым. Бирок «Агым» тобу көпкө жашай алган жок. 1992-жылы «Жаштык ыры-1992» сынагында жолдошум Даниель экөөбүз гитара менен «Жалгыз там» дегенди ырдап, баш байгеге ээ болдук. «Ыр десте-1993» сынагында да баш байге мага ооду. Ушинтип эле баш байге биринин артынан бири келе берди. Анда деле атактуу боло албадым. 1998-жылы Минск шаарында өткөн «Славян базары» фестивалына бардым. Айта кетпесем болбос, ошондо Феликс Кулов жол киребизди төлөп берген. Барарын бардык, келгенге акчабыз жок десең. Эмне кылабыз деп отуруп казактардан сурайлы деген чечимге келдик. Аңгыча эле көмүскөдө калгандардын арасынан бизди баса белгилеп, 1000 доллар сыйлык берип жатышпайбы. Сүйүнгөнүбүздү айтпа. Биз акча сураганы жаткан казактар кайра бизден жол кире сурап келишти.
Атактуулук мага «Ысык-Көлдө кадыр түн-1998» сынагында баш байгеге коюлган машинаны утуп алганда келди. Муратбек Бегалиевдин «Кызгалдак гүлүм» деген диапазону чоң, сынакка ылайыкталган ырын аткарып жеңип алдым. Аны Бегалиевдин чыгармачылык кечесинде ырдамак болуп жаздыргам.
Атактуулугумду андан да арттырган ыр «Туулган жерди сагынуу» болду. Каныкей Эралиеванын чыгармачылык кечеси болуп, эже «мен аткарып жүргөн ушул ырды байкап көрсөң» деп сунуштаган. Бирок ал «Кызгалдак гүлүмө» чейин эле чыккан. Артынан эле «Булуттар», «Ыр десте» деген ырларым да ыр ышкыбоздорунун алкышына ээ болуп, атымды элге таанытты.

«Мектептен эле Пугачёванын ырларын ырдачумун. Ырчы катары эл алдына 1-жолу гитара менен чыккам».

«ЖОЛДОШУМДУН ӨЛҮМҮ МЕН ҮЧҮН ДА ТАБЫШМАК»
-Союз убагында мыйзам абдан күчтүү эмес беле. Окууну бүткөндөн кийин өкмөт кайсы жакка жибербесин баш тартуу мүмкүн эмес эле. Мен институтту аяктаганда Аламүдүн райондук маданият бөлүмүнө караштуу «Арашан» фольклордук тобуна киргем. Ошондо Каныкей Эралиева мени көрүп, куудулдар театрына чакырган. Кетем десем «Арашандын» жетекчиси Болот Эдигеев кетиргиси келбей, араң коё берген. Мен анда ырдачумун, аса таякта укмуш ойночумун. Ошентип, Шаршен атындагы куудулдар театрында иштеп жүрүп жолдошум экөөбүз таанышып калдык. Мен Искусство институтун бүтүрсөм, ал болсо Ленинграддагы Луначарский атындагы окуу жайдын актёрлук бөлүмүн аяктап келген кези экен. Абдан таланттуу, келбеттүү, сулуу жигит болчу. Боорукер, бала кыял эле. Эч кимге, эч нерсеге карабай бири-бирибизди катуу сүйүп калып баш коштук. Билбейм, чыныгы сүйүү болсо керек, бизге көз да тийип кеттиби деп ойлойм. Аз эле жашадык, уулум Арназ 5 айлык кезинде атасы каза болуп калды. Мына ошондо мен жөнүндө ар кандай ушактар айтылды. Өзүм жолдошумдан айрылып кабыргам кайышып турган кезде, өлгөндүн үстүнөн көмгөн кылышты. Себеби анын өлүмү мен үчүн да табышмак болду, бүгүнкү күнгө чейин жоопсуз калган суроолорум толтура, бирок баарына Кудай күбө. Айтылган ушак сөздөргө карабастан уулумду тарбиялап чоңойтуп, өзүмдү бүтүн чыгармачылыкка арнадым.
Уулум Даниель уулу Арназ 18ге чыкты, кыргыз-түрк лицейин ийгиликтүү аяктап, Кытайдын Далянь шаарында Эл аралык бизнес жана экономика университетинде 1-курста окуп жатат. Англис, түрк тилдеринде жакшы сүйлөйт, эми кытай тилин үйрөнүүдө. Кайда жүрбөсүн аман болсун, ата-энесинин жолун, тукумун улай турган уулумдун өмүрү узун болсун деп Кудайдан тилеп отурам.

«1992-жыл. Жолдошум Даниель менен».

«ЫРЧЫЛАРГА СӨЗСҮЗ ДЕМӨӨРЧҮ КЕРЕК»
– Мен жаңы чыгып жаткан кезде акчалай жардам берген киши болсо, андан да катуу чыкмак элем. Эптеп-септеп алгачкы клибимди чыгардым. Андан кийин бир да клип тарта албай канча жыл жүрдүм. Ошондуктан ырчыларга сөзсүз демөөрчү керек. Элдин мага суроо-талабы күчөп тойлорго бара баштадым, капчыгыма бир аз акча түштү, анан 2006-жылдан кийин удаасынан ыр жазып, клип тарттырдым.
«Азия дауысына» 2 жолу барып, катышуучу гана болуп келдим. Демөөрчүм болсо жакшынакай форма тиктирип, сонун ырларды жаздырып, майын чыгара репетиция кылып анан барсам, албетте, жакшы жыйынтык чыкмак. Бул фестивалга 3-жолу конок катары чакырышкан.
1990-жылдардын башы болсо керек, атыбыз элге таанылып калган ырчылар ашар концерт уюштуруп алганбыз. Түшкөн акчаны бир ырчы алып, өз муктаждыгына сарптайт. Ошол концерттен түшкөн акчага бир топ эле белгилүү ырчылар үй алышты. Эмнеге экенин билбейм, аягына чыкпай тарап кеткенбиз. Албай калгандар нааразы болгон деле жокпуз. Алардын үйлүү болгонуна абдан кубанам. Бирок ал кезде менин үйүм бар болчу. Кош бойлуу экениме карабай жолдошум экөөбүз айылдарды кыдырып концерт коюп жүрүп алганбыз.
2004-жылы жеке концертимди берейин деп даярданып жүргөм. Ыраматылык Мелис Эшимкановдун гезитине интервьюга чакырып калды. Барсам Мелис байке «эмне жардам керек?» деди. «Демөөрчү керек» десем, белгилүү фирманын демөөрчү болушуна түрткү болуп 4000 доллар алып берген.
Буга чейин 2008-жылы берген концертим өтө бийик деңгээлде өткөн. Ошондой бийиктикке жеткирип, колдоо көрсөткөн коомдук ишмер, ошол кездеги башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев болду. Ал киши менин чыгармачылыгыма акыркы 5-6 жылда жакшы эле көмөк көрсөттү.
Буюрса, апрель айында концерт бергени турам. Көмөк көргөзөм дегендер болсо жакшы болот эле. Азыр бардыгы кымбат. Түшкөн акча менен залдын ижарасын жабам дечи. Бирок жакшы концерт жакшы акча турат экен. Күйөрмандарымдын баары жыргап, концерттин таасиринен көпкө чыга албай жүргүдөй маанай тартуулагым келет.

«АТАКТУУЛУКТУ КӨТӨРҮШ КЫЙЫН»
-Сахнада жүрүп атак-даңк таптым, элдин сыйына, сүймөнчүлүгүнө арзыдым, миңдеген күйөрман күтүүгө жетиштим. Күйөрмандарым мен жөнүндө жакшы сөз айтса маанайым көтөрүлүп, жыргап калам. Мүмкүн, менин жеке жашоом оюмдагыдай болбой калгандыр. Жакшы сүйлөгөн эле бирөөгө баш кошо койгондой турмуш оюнчук эмес. Ошондуктан өзүмө татыктуу адам таба албай жүргөндүрмүн. Мен чыгармачыл адаммын, мени түшүнүп, атагыма чыдаган адам керек. Эң негизгиси уулум бар. Өкүнүшүм мүмкүн, уулум жалгыз болуп калды деп. Себеби мен 10 бир тууганмын, жок дегенде 4-5 балалуу болсом деп тилек кылчумун. Бирок дагы балалуу болууга татыктуу эркекти жолуктура албадым. Айрымдар ырчылыгыма кызыгышат, кээ бирлер атак-даңкыма көз артышат. Андай эркектердин мага кереги жок. Балким, жолдошумдун көзү өтпөсө эмдигиче бактылуу жашамакпыз. Атактуулукту көтөрүш кыйын. Сен жөнүндө адамдар жакшы-жаман сөз айтышат. Сени тааныбай туруп эле ушак чыгарышат. Ит үрө берет, кербен жүрө берет дейм. Мен эң негизгиси бирөөнү алдабайм, нанын тартып албайм. Жашоодогу милдетим – элге жакшы маанай тартуулоо. Элиме жакшы маанай тартуулап келе жатканыма 28 жыл болуптур.

«Жолдошум экөөбүз «Каркыранын канаты» спектаклинде башкы ролду ойногонбуз. Анда шаардык театрда иштечүбүз».

«Уулум Арназды кичинесинен жалгыз бактым. Чоңоюп, элдин уулу болсо дейм».

«АЛГАЧКЫ КАДАМДАР...

  • 1-жолу телеге 2-курста Асылбек Ырсалиев жетектеген «Жетиген» ансамбли менен «Көпөлөк» деген ырды аткарып «Мыскыл жана тамашага» катышып чыккам. Ал ырды эл билбей деле калды.
  • 1-жолу Рыспай Абдыкадыров, Асанкалый Керимбаев сындуу залкарларыбызды гастролдо жүрүп көрдүм. Рыспай агай ырдаганымды көрүп «келечегиң алдыда, өсө турган кыз экенсиң» деп жакшы сөздөрүн айтып, бир ырын берген. Элден сураштырсам буга чейин ырдалбаптыр, жакында өзүм элге тартуулайм. Асанкалый агайдын айткандары эсимде түбөлүк калды. Ал киши «Гүлнур, сен Пугачёваны туурап ырдайт экенсиң, 2-Пугачёва боло албайсың. Сен Гүлнур Сатылганова болушуң керек. Өзүңдү изде» деген. Бул сөздөр кулагыма көпкө чейин жаңырып, ойлонгонум эсимде.
  • Радиого берүү үчүн жаздырган биринчи ырым обону Канат Амановго таандык «Сүйөмүн моокум канбастан» болду.
  • Алгачкы клибимди 2000-жылы «Кызгалдак гүлүм» деген ырыма тарттырдым. Эсимде, утуп алган машинамды айдап алып кызгалдактуу талаа издеп көпкө жүргөм.
  • 1-жеке концертим менин гана эмес, күйөрмандарымдын да эсинде калыптыр, азыркыга чейин айтып калышат. «Ысык-Көлдө кадыр түн-1998ди» жеңип алганда эл арасында ар түрдүү айың кептер айтылды. «Гүлнур тиги таанышын салып баш байге алды, колдоп коюшту» деген сыяктуу кептерди угуп, талантымды көргөзөм силерге деп намыстандым. Катуу иштедим да, бир жылдан кийин жеке концертимди бердим. Бул концертимдин чыгымын Токтосун, Гүлмира деген токтогулдук байке-эжем көтөрүшкөн.

ГҮЛНУР ЖӨНҮНДӨ ЭМНЕ ДЕШЕТ?

Муратбек Бегалиев, КРнын Эл артисти:«ГҮЛНУР ТЕАТРДА МЫКТЫ РОЛУ МЕНЕН ДА ЭСТЕ КАЛДЫ»
– Учурунда Гүлнур Сатылганова профессионалдык жолго түшкөндө менден жакшы эле сабак алды. Обону мага таандык «Жароокерим», «Кызгалдак гүлүм», «Жаңы жыл», «Ысык-Көлдү сагынуу» сыяктуу бир топ ырларды ырдады. Ал аткарган ар бир ыр классикага айланып калды. «Ата Мекен» деген ырды Болот Миңжылкыевдин суранычы менен ага ылайыктап жазып бергем. Ал ырды Гүлнурдан башка эч ким ырдай алган жок. Бир топ хит ырлары жаралганда консерваториянын студиясында иштечү. Үнү кооз, тембри уникалдуу, диапазону кенен.
Көп концерттерге, фестивалдарга катышып жүрдү, көбүндө мен төрага болчумун. Жаңы чыга баштаганда эле күчтүү ырчы болору билинген. Япондордун «Каркыранын канаты» деген спектаклине музыка жазгам. Башкы ролду Гүлнур жолдошу экөө ойногон. Анда ал шаардык театрда иштечү. Гүлнур театрда аз, бирок эсте калгыдай роль жаратты.

Каныкей Эралиева, КРнын Эл артисти:«ЖОЛДОШУ КЕЛИШИМДҮҮ ЖИГИТ ЭЛЕ»
– Гүлнур жаш кезинен эле эстүү кыз болчу. 1990-жылдары Шаршен атындагы куудулдар театрына иштегени келип калды, ошондо таанышканбыз. Аккордеон менен чабандарга концерт коюп эле жүрчүбүз. Жолдошу Даниель менен ошондо таанышкан. Ал Ленинграддан жаңы эле окуусун бүтүп келип иштеп жаткан эле, өңдүү-түстүү, келишимдүү жигит болчу, өмүрү кыска экен. Жолдошу да аябай жакшы ырдачу.
Гүлнур менин аткаруумдагы «Туулган жерди сагынуу», «Кызгалдак» деген ырларга жаңы түс берип кайрадан иштеп чыккан. Ал ар бир ырын жан дүйнөсү менен берилип, жүрөгүн берип ырдайт.

 

Эркин Мээрканов, композитор, аранжировкачы:«ГҮЛНУРДУ ЫРСЫЗ ЭЛЕСТЕТЕ АЛБАЙМ»
– Мен Гүлнур менен 1990-жылдардын башында таанышып калдым. «Жаңы жыл» жана дагы бир ырына аранжировка жасап бергем. Ал учурда Эрик Кадырбаев менен иштешчү. Эриктин ооруп калгандыгына байланыштуу 2005-жылдан баштап экөөбүз тыгыз иштешип баштадык. «Апакем», «Сүйүү күчү», «Керемет дүйнө», «Ак санат», «Ал сүйүүнүн келгени» жана башка ырларынын обондорун жазып бердим, аранжировкасын жасадым.
Биздин процессте алгач обон жаралат, мен пианино менен ойноп берем. Кээде Гүлнурга жакпай калып кайрадан чогуу иштеп чыгабыз. Жумуш учурунда анча-мынча тартышуулар көп эле болот. Ал киши өтө сезимтал, ырдын бир жери көңүлүнө толбой жатса кабатырланып, өзү каалагандай болгуча күчүн, убактысын, энергиясын аябайт. Гүлнурду ырсыз элестете албайм. Буюрса, апрелде концерт беребиз. Учурда жаңы ырлардын үстүндө иштеп жатабыз.

Гүлмира Мадиярова, жеке ишкер:«БИРИНЧИ КОНЦЕРТИНИН ЧЫГЫМЫН КӨТӨРҮП БЕРГЕНБИЗ»
– Жолдошум экөөбүз тең чыгармачыл адамдардан эмеспиз, бирок талантты сыйлайбыз. Ошол себептен Токтогул жергесинен чыккан таланттардын баарын колдоп келебиз. Гүлнур менен 1993-жылы таанышып калдык. «Азия дауысы» фестивалына барарда бир аз колдоо көрсөттүк жана биринчи жеке концертинин чыгымын көтөрүп бердик. Ошондон бери эже-сиңди катары жакшы мамиледе келе жатабыз.

Кыялбек Урманбетов, акын:«ТЕКСТ ЖАКПАЙ КАЛСА КАЙРА ЖАЗДЫРАТ»
– Таланттуу обончу Камчыбек Букалаев бир ирет «бир обон жаратып койдум эле, текст жазып берчи, жакшы ырчы чыгып келе жатат» деди. Эмне болгон ырчы деп чоо-жайын сурасам, «жолдошу ушинтип каза болуп калды, бир уулу менен жалгыз» деди. Обонун уксам муңдуу экен. «Ардагымды жолдон кантип жоготтум...» деп Гүлнурдун тагдырына байланыштырып жазып бердим. Көп ырдын бири болуп калбасын деп аталышын да «Көл булуттар» деп атадым. Ырдап чыкканда эле эл жакшы кабыл алды. Текст Гүлнурга да жакса керек, ошондон кийин мага кайрыла баштады.
Башка ырчылар кандай ыр жазып берсең ошо боюнча көтөрүп кетишет. А Гүлнур «бул жери мага жакпай жатат, мындай кылсак кантет» деп кайра жаздырат. Кээде ыр жаздырып жатканда да студияга чакыртып алат. Кээ бир кайрыктар келишпей калганда дароо оңдотуп жиберет.

Cүйүн Кулматова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(68)
18.03.2014. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун ырдайт.талантыныз оркундой берсин.Гулнур эже былжырактар толтура конул бурбаныз.
18.03.2014. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
абдан сулуу,уну жагымдуу эжесиз да!мен сиздин талантынызды сыйлайм!!!!!!!!!!!!!
18.03.2014. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ким менен журот,кимди спонсор кылат биздин кандай ишибиз бар дейм да.Ырчылар эле эмес жон адамдар деле 3-4 тон аял алып,эрлери туруп ойнош кvтvп жатышпайбы.Ар бир адам кудай алдында озv жооп берет. Коро албагандардын козуно кок топурак. Гульнур эжеге ийгилик,ден-соолук,чыгармачылыгыныз мындан да оркvндоп-осо берсин,коп неберелvv болуп балпайган байбиче болунуз
18.03.2014. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Идеалдуу адам болгон эмес жана болбойт дагы ар бир нерсенин эки жагы бар.Гулнур эжени карасак таланты жагынан идеалдуу адам ал эми жеке жашоосун биз караганга талкуулоого акыбыз да жок.Ырчыбы чоорчубу башчыбы кандай жашайт ким м-н жашайт же ким м-н журот ал оз эрки.
18.03.2014. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыгармачылык ийгилик каалайм.ушул эженин баардык ырлары жагат.озгочо "апакем"деген ыры ийгилик сизге
18.03.2014. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Демоорчу керек болсо айтатта. Бир озу жетишпесе. Баласын окутуп ататкен.
19.03.2014. 03:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулнур эже современный, ырлары да конкретный!
19.03.2014. 09:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sonun90, ашыкча мактадынго,Гулнур эжебиз жаштар алдында таза иштеп улгу болсо, примадонна деп атасак болот эле, Талантында кеп жок, бирок ырчылар арасында, мына мындай кылып журсонор, мендей болосунар дегендей эле болуп калды. Аны сен айткандай элдин баары билет. Чын эле эжекебизге эмгек синиргенди Бегалиев, Эл артистин Сатыбалдиев ондуулор алып берген. Гулнур эже туура созго таарынбаныз, бул чындык. Алдыдагы концертинизге ийгилик.
19.03.2014. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин апамдын суйгон ырчысы.талантынызга таазим чыгармачылык ийгилик каалайм
19.03.2014. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
талантыныз оркундой берсин
19.03.2014. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулнур эже сиздин чыгармачылыгынызга ийгилик каалайм.сиздин ар бир ырынызды сыймыктанып угам.Талантыныз ташкындай берсин мындай ун минден бир адамда гана болсо керек.
19.03.2014. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз Гулнур эже ийгилик каалайм!
19.03.2014. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага да уну жакпайт сага сага деп жумшак кылып ырдайт
20.03.2014. 01:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тили заар жана дили заар адамдар ичиндеги ачуу каарын уу, чалкан, тикенек, бок создору менен чыгарышканына тан калам. Ириген ооздон чириген соз чыгат. Гулнур айым эл артисттигин оз эмгеги менен алды деп ойлойм, Сатыбалдыев менен журсо кимдин кандай иши бар?! Жеке жашоосун ар ким озу билет.Сизге тен келээрлик сахна ырчысы азырынча жарала элек, сиз журттун каухары,эл аздектеген,калк кадырлаган эрке кызсыз!
21.03.2014. 07:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балдарым жолдошум баарыбыз ырларын суйуп угабыз.
21.03.2014. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мени жолдошунун олуму кызыктырып койду. Кайнатасы да бул жонундо будомук нерселерди айтат. Билгендер барбы
21.03.2014. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азамат аял зат
21.03.2014. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулнур еже сизге ийгилик унунуз абдан жакшы башка ырчыларга караганда айырмаланып турат сиз жонундо суйлогон адамдар учун капа болбонуз сизди коро албаганда жаза беришет
21.03.2014. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биринчи Гулнур ежедей аттакту ырчы болуп алысынчы коро албагандар
21.03.2014. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
М она сильная женщина.Сильная женщина всегда не счастьная.
22.03.2014. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми эже озунузду жылдыз сезбей айлананызды карасаныз татыктуулар толтура. Кантип эле кыргыздан 1 ылайыктуу эркек чыкпасын, сизге уй-булолук бакыт каалайм, азыр да кеч эмес..
23.03.2014. 00:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулнур эжеке унунуз мага жагат ийгилик сизге!!!
23.03.2014. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
песни ее все хорошие и со смыслом!хорошая певица.но скажу вам она высокомерная.это чувствуется по ее поведению.
23.03.2014. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бироонун ийгилигин, талантын коро албаган чычкак улактар да жок эмес да бизде. Оздору жарытылуу эч нерсе жасай алышпайт, анан ичкуйдулук кылышат. Анан жанагы колдонуучунун апасы кызганса керек да очурчу деп жаман соз менен акаарат кылганына караганда. Кээ бир аялдар бар эмеспи кайсы бир аял ырчыны куйоосу талантын, сулуулугун баалап жактыргандыгы учун кызганып жек корот.
Гулнур эже таланттуу, сулуу, жонокой, жылдыздуу, ишинизге ийгилик!
29.03.2014. 23:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kymyzkyz,ты точно заметила. Я думаю она как человек замечательный.
23.03.2014. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
otkondo angliyadan aldiram koynogumdu dep jatpayt bele... anan sponsor izdegeni kizik eken da. toylordo en kimbatirdagam ayim da ozuuuuuuuuuuuuuu...
23.03.2014. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кимдин ким менен жашашы менен башканын кандай иши бар. Анан эмне жашырбай, баланча менен жашайм деп мактанып чыксынбы, күйөөсү бар туруп башка менен жүрүп атабы. Ал эми үнүнө, талантына сөз тийгизбей койсоңор деле болот го дейм, аябай таланттуу.
23.03.2014. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн сонун ырчы ийгилик.
24.03.2014. 05:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адам бир ишти озу кыла албаса, ошол ишти жасай алган адамдын эмгегин баалай билуу керек. Гулнур эжеде накта талант, керемет ун бар. Жеке жашоосундагы башка маселелер ал озунун иши. Ага башка адамдын кийлигишуусу мумкун эмес.
24.03.2014. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
respektmoi,
Кимдир-бирөөнү мазактоого тыюу салынат! Эскертүү!
29.03.2014. 22:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bulochkaнын апасы Гулнур эжеден куйоосун кызганса керек да))) ишинизге ийгилик Гулнур эже, дагы-дагы жакшы ырларды ырдап журо бериниз!!!
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо