Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«КАРЫШКЫР БАГЫП, ИТ МЕНЕН АРГЫНДАШТЫРАМ»

№593 14-март-20-март, 2014-ж

Ош шаарында 27 жылдан бери карышкыр багып, аны ит менен аргындаштырган адам бар деп угуп, маектешүүгө шашылдым. «Учурда 5 итим, 1 карышкырым бар» деген Аман Патышев, карышкырды колго көндүрүп, ит кылганын баяндады.

«АДАМДАР ИТЧЕЛИК КЕЧИРИМДҮҮ ЭМЕСПИЗ»
-1986-жылдан бери карышкыр багып келем. Алгач бир ургаачы, бир дөбөт карышкырды бактым. Ал эки жолу 7ден 14 бөлтүрүк тууду. Бөлтүрүктөрүн бир жолу Өзбекстандын белгилүү ырчысы Шерали Жураевдин балдары Асаке шаарынан келип, 500 доллардан сатып алып кетишкен. Ал акчага ошол замат эки автоунаа сатып алгам. Yйрөтүлгөн карышкырларга кавказдыктар көп кызыгышат. Бир карышкырга бир машина алмаштырган учурлары да болот. Андан бери ар кандай жердин 30дан ашуун карышкырларын бактым, 3 жолу ит менен аргындаштырып тукум алдым. Бирок бир дагы үйрөтүлгөн карышкырдын айбандык кылып, кол салганын көрбөдүм. Иттерим менен карышкырларымдын ынтымактуу болуусуна өтө аракет жасайм. Азыр да канчык итим Алеся менен карышкырым Акбара бир жерде жашайт. Өткөн жылы Алеся тууса, карышкыр түнү менен күчүктөрүн жеп коюптур. Экөө ошондо кечке урушушту. Бирок азыр ынтымактуу, карап туруп адамдар да мынчалык кечиримдүү эмес деп ойлонуп калам. Чамамда Алеся кечирди окшойт. Эки ит, эки мышыгыбыз бар эле, байбичемдин көзү тирүү кезинде эртең менен жумушка бара жатканда артынан ээрчип, аялдамага чейин узатып чыгышчу. Ал коомдук унаага түшүп кеткенче жанында турушчу. Кечинде ал келер убакыт болгондо, дарбазанын астында төртөө тең күтүп турушар эле. Азыр иттерим байбичемди кадимкидей жоктойт. Маанайы жок болуп жата беришет.

«КЫЗЫРГА ЖОЛУГУП, КИЙИН БААРЫ ЖАКШЫ ЖАККА ООГОН»
-Жаш кезимде кызырга жолуккам, 10-класста окуп жатып, бир айылдан ат менен келе жатсам, булакта аксакал жуунуп жатыптыр. Көзүмдү жумуп, атымды чаап, качып жөнөдүм. 50 метрдей барганда катуу шамал болуп, атымды тоголотуп жиберди. Карасам аксакал дагы деле турат. Асманда тарсылдап, куйруктуу аппак неме мени кууп келе жатат. Чуркаган боюнча 15 чакырым жолду басып үйгө бардым. Жетейин дегенде апам келе жаткан экен, аны кучактап калдым. Артыбызда атам турган болчу, ал «сени кууп келе жаткан куйруктуу неме сени 10 жолу айланды да, столбага сүзүлүп жарылып кетти» деди. Ошол окуядан кийин мага оомат конду. «Менин колумдан келбейт» деген жумуштун өзү жок. Мыкты сүрөтчү, Ошто эң биринчи унааларды оңдоп баштаган адамдардын катарында болдум. Автосервистердин көбүн мен ачтым. Бала кезимден аңчымын, балык, кекилик кармайм, карышкыр атам, самса, шишкебек, палоо дегендерди да даамдуу жасайм. Короодо кекилик, карышкыр сыяктуу көп жаныбарларды, атүгүл балыкты да бактым. Эчкиге кошуп кийик бактым. Тоого коё берсем эчкилер менен жүрө беришчү. Кийик үй эчкисине караганда чоң болот. Негедир алар да акылдуу болду. Короомдо бош жүрүшсө да бир багымды кажыган жок, кошуналарым «эчкиң биздин бакты кажып койду» деп эле арыздана беришчү.

«КАРЫШКЫРЛАРЫМ МЕНИ ӨЛҮМДӨН АЛЫП КАЛЫШКАН»
-Бала кезде үйдө ит бар болчу. Тоого аңчылыкка чыкканда иттерди ээрчитип алар элем. 1987-жылдар болсо керек, аңчылык кылып жүрүп бөлтүрүктөрдү таап, алып келип баккам. Жаман адаттарын көрбөдүм, бирок бала-бакыра, кошуна-колоңдон кооптонуп калчумун. 90-жылдагы Ош окуясында түнү үйдү кулптап келе жатсам, бир машина токтоду да, ичинен эки бала түшүп, «мобуну союп салыш керек» деп мага карай жүгүрүштү. Ошол учурда эки карышкырым бар болчу. Бири аргындаштырылган, ал бош эле. Жапайысы торчодо камалып турган, аны бузуп чыга келди. Экөөлөп тигилерди мага жеткирбей, биринин шымын, биринин костюмун жыртып, тиштегилеп кууп салышкан.
Ошол окуядан кийин карышкырларды жакшы көрүп, аларга ишенип калдым. Короомдо 6-7 бөлтүрүк бош эле жүрө берчү. Кийин чоңойгондо байлап коюп жаттым. Папан айылында Сарыбай аттуу мергенчи бар эле, ал карышкырларды өзүнүн үнү менен улуп чакырчу. Мен карышкырымды жетелеп алпарып, бир даракка байлап койсом, ал улуганда жанына 5-6 карышкыр келе калчу. Керектүүсүн атып кете берчүмүн. Карышкыр аябай өжөр, сезимтал, акылдуу болот. Жапайы карышкырлар да 5-10 чакырымга чейинки аралыкты өзүнө караштырып, ал жерде жашаган мал-жанга тийбейт. Тынчтыкты сүйөт, бирөө менен жөндөн-жөн душмандашканды жактырбайт, бирок беттегенин бербейт. Карышкырларымды машинама салып, жанымда алып жүрчүмүн. Көргөндөр аябай коркушар эле. Айрыкча МАИ кызматкерлери. Азыр 8 айлык Акбара аттуу канчык карышкырым бар. Кара-Кулжадан 5 айлыгында алып келгем. Адамдардан бир аз чочулайт, эми үйрөтө баштайм. Буюрса, ит менен аргындаштырып, тукум алам. Күчүктөрү 500 доллардан жогору сатылат. Кээде унаага алмаштырам.
Азыр 4 ит, 1 күчүк, 1 карышкырым бар. Давлет, Алеся, Горилла жана Радольф деген иттерим уруштарга катышат. Атаандаштарынан бири да жеңилген эмес. Радольф каардуу болгондуктан дайыма байланып турат. Жакында Оштогу стадиондо болгон ит урушта биринчи орунду алды. Мындан сырткары Бөрүбай деген 2 айлык күчүгүм жана 1 мышыгым бар. Бир айда 2 жолу касаптарга барып, 150-200 килограммдан эт алып келип берип турам. Тамак жагынан жакшы караганга аракет жасайм.

Аман аганын колунан баары келгени чын экен. Үйүнүн жасалгасын, эшигинин астындагы багын, короосунун айланасындагы тосмосун көрүп, оозум ачылды. Таштан атайын тоо сыяктуу кылып өз колу менен жасаптыр. Тосмо дубалынын бир бөлүгүнө «САЗАН» деп балыктын атын таш менен чегиптир. «Бул эмнени түшүндүрөт?»,- деген суроомо, «Эшигимдин алдына көл кылып, сазан балыгын баккам. 3 кыз 2 уулум бар эле. Тилекке каршы уулдарым каза болуп калды. Калган бешөөбүздүн атыбыздан үй-бүлөбүздүн аталышын «САЗАН» деп койгом. Чечмелениши «Саадат, Аман, Зуура, Альбина жана Наргиза». Байбичемдин, менин жана кыздарымдын аттары. Бирок азыр «С» тамгабыз өчүп «АЗАН» болуп калдык»,- деп көзүнө жаш алды (кемпири өтүп кеткен экен).
Оорубаңыз, бар болуңуз Аман ага! Сиз жасачу дагы көп жумуштар алдыда.

«Давлет итим – 8 жашар. Өтө жоош, акылдуу, токтоо ит. Урушта такыр жеңилген эмес. 2009-жылы Өзбекстанга барып, ал жактагы эң күчтүү делинген Япон, Пеле деген иттерди жеңип, 100 миң сом уткан. 60 миңин акчалай берип, 40 миңине Алесяны беришкен. Карышкыр менен ушул итти аргындаштырам».

«Алеся итим– 6 жашта. Иттерди урушка анчалык деле машыктырбайм. Баарын Алеся үйрөтөт. Өзү бир да жолу жеңилген эмес. Сөзгө түшүнөт. Аябай акылдуу, «машинага чык» десең кадимкидей чыгып, отуруп алат. Көп ууруларды кармады. Бир жолу Давлет экөө ууруларды кармап, басып жатыптыр. Алар Алесянын мойнуна бычак да тартып жиберишиптир, бирок аман калган. Үйдөгү тоокторду да түлкүгө алдырбайт».

«Ит бакканды азыр небереме үйрөтүп жатам. Ал азыр үйрөтүп жаткан 1 жаштагы иттин аты Горилла. Мунун атын эрежесиз эр урушка чыккан Горилла деген каймана аттуу татар досумдун атынан койгом. Ал эч нерседен тайманбай, кыйкырган бойдон атаандашын жеңип тынчу. Жаш болсо да бул итим бир да атаандашынан жеңилген эмес».

Уулбү Каныбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  10 
Комментарийлер(45)
17.03.2014. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бору баласы ит болбосун билбесе керекта бору эртели кечпи борулугун кылбаса экен,
17.03.2014. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз!омурунузду берсин
17.03.2014. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баары бир опасно мен карышкыр эмес итен канча корком.
17.03.2014. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик
17.03.2014. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азыркы заманда "бору баласы ит болуп,ит баласы бору болуп" калган.
Кызыгуусу чон экен,тилектерине жетсин аксакал!
(Шерали Жураевдин баласыда,кызыда жок болуш керек. Бакма балдары келгенго...)
18.03.2014. 02:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алла Таалам ден соолук берсин сизге.Ийгиликтерди жарата бериниздер!
18.03.2014. 06:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
хе хе мен карышкыр мн иттен жаман коркомда бул айбандар бирде болбосо бирде кол салышы мумкунда
18.03.2014. 09:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз. Бирок баарыбир корктум, эч кимге зыяны тийбесе экен деп тиленип ийдим заматта.
18.03.2014. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кемпирин абдан сүйөт окшойт,үйүнүн бурчуна атын жазып коюптур го.
18.03.2014. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
адамдын колунан келбеген иш жок екенин далилдептир
18.03.2014. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз
18.03.2014. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адамды айбан кылып коюш оңой эле,бирок итти адам кылың кыйын.Аман ава кыйын киши экен.Даже сөзгө түшүнөт экенго иттери,дегеним,кыргызчага.
18.03.2014. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аксакал айткандай Сарыбай деген аксакалда чын еле карышкырга окшоп улууп карышкыр чакырат аны жакшы билем
18.03.2014. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
karywkyr it bolboit e4 e4 dostor
18.03.2014. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kara-kul89, Ит болбойт туура айтасын, бирок ушул кишинин карышкыр бакканын мен кичинемден бери билем 94-95 жылдары черемушкада автомастерскоюнда байланып тура берчу, жетелеп журчу адамга тап бербейт кадимкидей созго тушунот эле.
19.03.2014. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
пайдасыго жакшы экен бирок адамдарга катылса кыйналып калбанда.бош койбербоо герек карышкыр эмес ит баш бербейт гебир учурда.
19.03.2014. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ислам дин жагынан кандвй киши экен????? Эн оболу адамдын ушул нерсесин билиш керек.
20.03.2014. 00:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ишинизге ийгилик
20.03.2014. 00:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат экенсиз аксакал
20.03.2014. 09:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын эле Азамат экенсиз!!! сизге аллах таалам омур берсин сиздин бизге берер улгулорунуз коп экен!!!
20.03.2014. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Канчык дебей кичине ургачы десе болмок екен
20.03.2014. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менимче итти карышкырга аргындаштырган туура эмес. Жаратылыштын законун бузбоо керек. Бул кишини эмес, дегеле ученный профессорлордун да кээ бир жасаган опыттары эч жакшы жака алып барбашы эчак далилденген. Увактынча пайда табам деп, кудай жараткан нерсени озгортуу туура эмес. Мынтип отурса коп отпой жаныбар менен адамды да аргындаштырып калышат пайда учун.
21.03.2014. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Араб эл макалы. Табияты жапайы болгон сон,Тарбиядан не пайда
21.03.2014. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адамдын сырткы көрүнүшүнө караганда ички дүйнөсү, жаныбарларга болгон мамилеси жогору эмесби.Алар эмне бирөөгө жагыныш үчүн кымбат баалуу кийимдерди кийинип сүрөткө түшүш керек беле? Акчага бөлтүрүктөрүн сатканы болсо, анын адал эмгеги. Мээримин төгүп багып-асырап,тарбиялап,үйрөтүп жатбайбы. Ар бир инсан колунан келген жумушту кыл
21.03.2014. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kutman.kg, .созуно кошулам братка 99+
22.03.2014. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эрктуу адам экен))) Жырткычтан коркпой бакса анда ото журогу кенек анан акылдуу адам кен, баа бердим. Ден соолукта болуп, артынан небереси улап кетсин.
22.03.2014. 09:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ит багам деп эле озун карабай койгонбу? окуп жатканда аябвай тан калдым эле суротторун коруп саал ишенбей калдым
22.03.2014. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bulda bolso bizdin eldin erktuulugu. Manas eposunda aitylgandai jaratylysh menen shaikesh boluu bul adam balasynyn mildeti.
22.03.2014. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Myndai adamdar jonokoi bolotta. Kiyimige baa berbegile, zato talanty bar eken.
23.03.2014. 01:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ыйманда жок нерсе мунун баары
24.03.2014. 01:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз.Аябай эмгекчил адам экен.
20.12.2014. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бирок бир нерсеге саресеп салгыла карышкырды сыздатып болтуругун алып келип бакчуу экен алла таала ал кишини сыздатып уулдарын алып койуптур бундай нерсеге мен такыр кошулбайм
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо