Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«СААТ БИЛИМ» МЕКТЕБИ ЖАПОНИЯГА БАРГЫСЫ КЕЛГЕНДЕРДИ ЧАКЫРАТ

№593 14-март-20-март, 2014-ж

«Кыргыз маданият күнү Киото шаарында» деген көргөзмөдө «SB» жапон тил мектебинин окуучулары Калыйнур Турдукулов менен Насип Маматисаев.

Күн чыгыш өлкөсүнүн тили менен маданиятын Ала-Тоо жергесине тааныштырып, ал эми Жапония өлкөсүндө кыргыз маданиятын жапон элине тааныштырууга багытталган «Saat Bilim» SB») жапон тил мектеби 2010-жылы ачылган. Аталган «SB» билим берүү мекемеси кыргызстандык окуучуларды Жапония өлкөсүнө окууга жөнөтүп, ал жакта ишке орноштурууга жардам берип келе жатат. Мектеп ушул жылдын 9-февралында «Кыргыз маданият күнү Киото шаарында» деген көргөзмө өткөрдү.
«SB» жапон тил мектеби 11 жаштан жогорку балдарды кабыл алат. Күн чыгыш өлкөсүнүн тилин үйрөнүү жапон элчилигинин эсебинен каржыланчу бюджеттик негиздеги жогорку окуу жайларын колдоо программасынын негизинде, өз алдынча программага ылайык жүргүзүлөт. Сабактан мыкты жетишип, программалык талаптарды так аткарган окуучулар атайын сынактын жоболору аркылуу «SB» мектебинен 2 жумага Жапонияга саякаттап келүүгө, ошондой эле калган билимин ал жерден улантып окуп келүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Буга чейин 3 жыл аралыгында 8 мектеп окуучусу дал ушул программа боюнча Киото шаарына жиберилген. Мындан сырткары 2 жылдык программага окууга жана ишке 8 окуучу барып келишти.
2013-жылы Кыргызстандагы жапон элчилигинин бюджеттик программасына өлкө боюнча 35 окуучу сынакка катышып, жазуу сынагынан 4 окуучу тандалып алынса, анын үчөө «SB» жапон тили мектебинин окуучулары. «SB» жапон тили мектебинин окуучусу Бекболотова Айгерим сынактан ийгиликтүү өтүп, Токио чет тилдер университетинин бюджеттик орунуна бөлүнгөн стипендияга татыктуу болду.
Мындан башка «SB» жапон тили мектеби Жапониядагы колледждер менен келишимдердин негизинде күн чыгыш өлкөсүнө өз акысы менен барып билим алуу программаларына да багыт көрсөтөт.
2014-жылдын 15-мартында Кыргызстандын Улуттук китепканасында, Абдрахманов көчөсү-208 дарегинде 10:30–17:00 «SB» мектеби жана Жапония өлкөсүнөн келген жапон тил мектептери жана колледждеринин өкүлдөрү аталган өлкөгө окууга жана жумушка баруунун сырлары менен бөлүшөт. Жапон тилин окугусу келгендерди, Жапония өлкөсүнө жумушка кетүүнү каалагандарды «SB» жапон тил мектебине окууга чакырабыз. Сиздер үчүн биздин эшик ар дайым ачык. Сурап-билүү телефону: 0312 30-47-32, 0707 84-53-89


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(3)
18.03.2014. 01:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
урматтуу суперчилер бул мектептин интернет адреси барбы . жок болсо кененирээк маалмат берип койгулачы
23.04.2014. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул мектеп Бишкек шаарында оз ишин алып барып журот. Анын жетекчиси БГУда япон тили факултетинин мугалими. Аты Нуркамал. Бул жеке мектеп. Бирок Япониялыктар менен катышы жакшы корунот. Жылына бир топ окуучу алар аркылуу виза ачтырып кетип жатканын билем. Бирок, жогорудагы суроттогу жигит Калыйнур(он жактагы биринчи) Саат-Билимдин студенти эмес. Ал БГУну аяктап, азыр Япониянын окуу жайларынын биринде оз кучу менен окуп жатат. :)
14.05.2014. 02:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздын улуттук оймо чийме менен жасалган кийимдери кандай гана кооз корунот. Бирок бир Озбекстандын Фарход Ширин деген групасын интернеттен кокустан коруп калып абдан кейидим кыргыздын арнаменттери менен жасалган кийимдерди уялбай кийип алышыптыр эми биздики деп чыгышса керек. эми не улуттук арнаменттерибизди дагы ушинтип алдырып койобузбу эми ошол эле калды эле алдырбаган.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо