ДАЙЫР ИСМАДИЯРОВ:«КЫЗДАРГА КАРАГАНДА МАШИНАМА АЗ АКЧА КОРОТОМ»

№593 14-март-20-март, 2014-ж

Кээ бир адамдарга машина бардар жашоодон кабар берген буюм болсо, кимгедир жөн гана жумушун бүтүрүү үчүн керектелген транспорт. Ырчы Дайыр Исмадияров экинчи топтогу адамдардын катарына кирет. «Ойлоп көрсөм, жашоомдун 60 пайызы темир тулпарымда өтөт экен» деген ырчы мырза унаасы тууралуу кызыктарды айтып берди.

Үлгүсү – Мерседес-Бенц
Модели – С 200
Эң жогорку ылдамдыгы – 260-280 км/с
Кыймылдаткычынын көлөмү – 2000 см3
Түсү – күмүш
Чыккан жылы – 2003-жыл
Баасы – белекке алган
Чыгарган өлкө – Англия, оң рулдуу

– Салам, Дайыр! Темир тулпар сенин жашооңдо канчалык маанилүү?
– Салам, чынында, мен телефон, машина дегендерди артынан кууп жаңылабайм. Машина мага жумушту бүтүрүү үчүн колдонулуучу техника. Азыр ойлоп көрсөм, өмүрүмдүн 60 пайызы рулда жүрүп өтөт экен. Себеби концертке барганда машинаң болбосо кийим-кече менен таксиге түшүп жатып жүдөйсүң.

– Бул унааны агам белек кылды деп жаттың эле...
– Ооба, бул машинамды бир тууган агам туулган күнүмө белек кылды. Машинаны алып беришине өзүм себепчи болдум окшойт. Буга чейин Гольф 4 үлгүсүндөгү унаа айдап жүргөм. Агам улам чалган сайын «машинам ремонтто, уруп алдым, бузулуп калды» дей берчүмүн.

– Убактыңдын көпчүлүгүн рулда өткөрөт экенсиң. МАИчилер менен жакшы эле тааныш болуп калсаң керек?
– МАИчилерге көбүнчө ылдамдыкты ашырып кармалам. Бирок алар менен мамилем жакшы эле. Чындыгында, ылдамдыкты жакшы көрөм. Алыс жолго чыксам эч качан бирөөнү «обгон» кылдырбайм. Эгер бирөө менден өтүп кетсе, ага жетип, сөзсүз ашышым керек. Ошол адатымды калтыра албай келем.

– Бойдок эмессиңби, кыздарга көп акча коротосуңбу же машинаңабы?
– Машинага көп деле акча кетпейт. Жумасына эки жолу жуудурам, 500 сомго, майын алмаштырыш керек болсо айына бир алмаштырышым мүмкүн, 2000 сомго. Азыр кафеге бир кирип тамактанып чыкканың 1500-2000 сомду чапчыйт. Киного барсаң 1000 сом кетип калат. Машинамды «жаным» деп эркелетем да. Кыскасы, «жаныма» кыздарга караганда аз акча коротом (күлүп).

– Эң биринчи рулга отурган күнүң эсиңдедир?
– Эсимде, бала кезде, таякемдин ЗИЛи бар эле. Бир жолу жайында семичке жүктөгөнү талаага бардык. Таякем ЗИЛин арыктын четине токтоткон экен, аны байкабай эле уурданып барып жүргүзсөк арыкка түшүп калып жатпайбы. Дароо өчүрүп, семичкенин арасына качып кирип кеткенбиз. Ошондон кийин тынч жүрөйүнчү деп машинага жакындабай калгам. Кийин агам үйдө желим бөтөлкөлөрдү тизип, ошолорду айланып өт деп үйрөттү. Ошентип 2004-жылы биринчи жолу Мерседес С үлгүсүндөгү темир тулпарымды сатып алдым. Аны көпкө айдап, Тойота Камри, андан соң Гольф 4кө алмаштыргам.

– «Техникага ишенич жок» деп коюшат эмеспи. Машина менен жол-белде калган күндөр болгонбу?
– Гольф үлгүсүндөгү унаам менен Кыргызстандын булуң-бурчун кыдырып чыккам. Бир жолу Таш-Көмүрдөн Жалал-Абадды көздөй келатканбыз. Тегиз асфальттын бир жерин сел оюп жууп кетиптир. Катуу ылдамдык менен баратып аңга аз калганда тормозду басканга жетишпей кыйкырган боюнча аңдан өтүп кеттим. Анан эле бир аз жүрүп-жүрбөй машина өчүп калды. Көрсө, аңдан өткөндө таш мотордун поддонун тешип кеткен экен. Майдын баары чууруп жүрүп, түгөнүп калыптыр. Өтүп бараткан машиналардын бирине салондогу коопсуздук курларын кыркып чиркештирип, Шамалды-Сайга чейин жеткенбиз. Андан ары Жалал-Абаддагы досум алып кеткен.

– Ушинтип машинаң бузулуп калганда оңдоп коюу колуңдан келеби?
– Майын эле текшертип койбосом капотту ачпайм деле. Оңдогонду билбейм, түшүнбөйм. Эгер жумушум ошого байланыштуу болсо үйрөнүп алмакмын. Элестет, бузулуп калса аны ачып оңдосоң колуң май болот. Ал да оңою менен жуулбайт, май колуң менен эл алдына чыга албайсың да. Ошон үчүн ачпаганга аракет кылам. Бирок 3 машина алмаштыргандан кийин эмнеси бузулуп жатканын ачпай эле билип калдым. Мурун «тык-тык деп жатат» деп СТОго барар элем (күлүп). Азыр дароо эмнеси бузулганын айта алам.

– Эми жеке жашооңо өтөлү. Акыркы кезде мурунку сүйүүм менен кайра табыштык деп, көп өтпөй кайра ажыраштык деп чыктың. Сүйүүңөр бат эле муздап калдыбы?
– Туура, табышканбыз. Ал кызды үйүнөн алып келип, бир жумадай меникинде чогуу жашадык. Бир урушуп кеткенден кийин муздап калат экенсиң. Мурунку сезим менен эле сүйгөнмүн деп айта берипмин, көрсө. Азыр өзүмдү толук чыгармачылыкка арнап жатам. Ага өчөшүп тез арада бирөө менен мамиле куруп, туура эмес кадам кылып алгым келбейт.

– Чыгармачылык кандай болуп жатат анан?
– Жакында эле Караколго гастролго чыгып келдик. Эми Ноорузга карата Жалал-Абад шаарында 20-21-март күндөрү концерт коём. Көрүүчүлөргө оюндар ойнотулуп, белектер коюлууда. Андан сырткары ар бирин сүмөлөк менен тосуп алам.

Гүлжамал Бөрүкулова
Адилет Бектуров
star@super.kg


Унаасын кыздарга салыштырган Дайыр Исмадияров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(70)
SUPER.KG видео
16.03.2014. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эмне эле барын коро албайсын.бизге сындатып эле койсо.дайыр сага айтарым терс комментарийлерге конул бурба.мышык майга жетпей сасык дептир.
SUPER.KG видео
16.03.2014. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
El syndash kerek oshon uchun el da, al emi eldin eldin synynan jakshilari gana otot, kyrgyz elim jamanyn jaman dep ele betke aitip kelgen i aita beret el aitsa tuurasin aitat antpese azir yrchy degen chopton kop ushuntip bir eki yrdy darildap koiup zvezdamyn degender koboidu, dagi temirdi kyrgyzymdyn kyzdayna tenep ххх ххх ххх!!!
Модератор admin_media түзөттү 17.03.2014 09:25
SUPER.KG видео
16.03.2014. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kurguzdar degi bizge emne jagat aitkulachu? Sunchunun sunar otygy mairuk deit dostor. Jash urchu al az da bolso elge salum koshyp kele jatat.
SUPER.KG видео
16.03.2014. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
АААй ДАйыыыыыыыыыыыыыыыыыыыыр!
SUPER.KG видео
17.03.2014. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Дайыр озунчоле жасалма.озун тим эле красавчик сезет.Бесит ушундай балдар
SUPER.KG видео
17.03.2014. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kg.boi,
Коомдук адепке туура келбеген создөрдү жазууга тыюу салынат!
ilia,
Далили жок билдирүүлөрдү жазып, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынат!
БАНга!
SUPER.KG видео
17.03.2014. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Саатын эле мактана берет байкасанар баардык эле клибинде саатын корсоткон
SUPER.KG видео
17.03.2014. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
DAYAN,
Кимдир-бирөөнү мазактап, кемсинтүүгө тыюу салынат! Буга чейин эскертүү берилген, БАНга!
17.03.2014. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат Дайыр Исмадияров. Озгондун Мырзакесинин кулуну да. Анан жонокойлугу жагат
SUPER.KG видео
17.03.2014. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эээх эл журт!..негизи адамдын адеп-ахлагы,билим денгээли кандай болсо мандайдагы адамды да ошол денгээли мн сындайт.кара коз айнек таксан,айлананды кара,кызыл таксан кызыл коросун демекчи...
SUPER.KG видео
17.03.2014. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Албетте бул жигиттин жакшы саппаттары да болгонуна шек жок. Бирок коп билим алып,озун онуктуруш керек.дайыма коздор алдында жургондон кийин.Эл жасалмалуулукту суйбойт деп аша оозду бош коюу адепке жатпайт.бул жерде супер инфонун да кемчилиги жолдо интервью алганы.ийгилик ээлери сынды туура кабыл алгандар.баш кесмек бар,тил кесмек жок бурадарлар...
17.03.2014. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Машина есть,машина. А кыздар деген...
17.03.2014. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куйдурот
17.03.2014. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
бир жума бирге жашаганычы аны суйгону менен.
17.03.2014. 19:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы)))акылдуу жигит экен))))))))))
17.03.2014. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
сен машинан менен кыздарды салыштырба кыз деген АПАН кыз деген карындашын кыз деген ежен
18.03.2014. 02:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
чыгармачылыгына ийгилик Дайыр байке ырларынды суйуп угам да ждакшы ыр клиптерди кутобуз
18.03.2014. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Kyzdardy mashinege salyshtyryp koigongo moo ххх
Модератор admin_media түзөттү 18.03.2014 10:46
18.03.2014. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Малыштырса эмне экен. Ото эле томон адам боло бербегилечи урматтуу кыргыз элим. Кичине заманбап ой жугурткулочу. Болбогон нерсени эле чоон нерсе кылып. Негизи Ддайыр мыкты жигит, мыкты ырчы
SUPER.KG видео
19.03.2014. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ИИИй ушул ырчы жакпайт даааа
19.03.2014. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мм даа Дайыр бир жума жашап эмне кылдынар экен кызык
20.03.2014. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
машинасын жаным десе кыздарды ананай дейби.
20.03.2014. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аппагым дейт
20.03.2014. 23:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
негедир ушул ырчы такыр жакпайт
21.03.2014. 00:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
biraaz chon suilop koiuptur kolun mai bolotdep er jigitke 70 onor azduk kulat mashina ondogonduda uironda mingenden kiuin
SUPER.KG видео
21.03.2014. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мынча мактанат, тим эле Уну укмуш болгонсуп( противно было смотреть)
Модератор admin_media түзөттү 21.03.2014 09:45
23.03.2014. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Элестет, бузулуп калса аны ачып оңдосоң колуң май болот. Ал да оңою менен жуулбайт, Баякы корбогондун коргону курусун болуп катуу кетиптиргоооо
23.03.2014. 23:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таза адам болуп алыптырго тим эле.
29.03.2014. 07:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
адам тоготпой калганго
29.03.2014. 07:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурлан Насип деле журотко жонокой жигит болуп.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо