№593 14-март-20-март, 2014-ж

Жаз. Айымдар гүлдөй ачылып, ааламды багындыра башташты. Кылыктанган кыздар кай бир жигиттерди дароо эстен тандырса, айрымдар мырзаларды имерүү үчүн атайын ыкмаларды колдонушат. Келгиле, атактуу айымдарга суроо салабыз, алардын кыздарга айтчу кеңештери бар чыгар...

Фарида Карбосова, ырчы:«ЖИГИТТЕРГЕ ЖАСАЛМА КЫЗДАР ЖАКПАЙТ»
-Мен эч качан жигиттерге жагалданбайм. Себеби билем, аларга жасалма сүйлөп, жасалма күлүп, жасалма тамак жеген кыздар жакпайт. Мырзаларды өзүмө имерүү үчүн атайын ыкмаларды деле колдонбойм. Болгону өзүмдү эркин алып жүрөм. Айтымдарында, менин каткырып күлгөнүм мырзаларга жагат экен. Анан тарс-тарс сүйлөгөнүмдөн улам көптөр мени боюн көтөргөн кыз деп ойлоп, сүйлөгөндөн коркушарын да угуп калдым. Бирок андай эмес. Сүйө турган жигит кебетең келишип турса деле сүйүп калат. Анан кыздарга эң керектүү кеңеш: эркектерге тез-тез чалып, «кайда жүрөсүң? Эмне иш кылып жатасың?» деген суроолорду бербеш керек. Ошондуктан эгер жигитиңерди жоготуп албайын десеңер, аларды тажатпаганга аракет жасагыла.

Сайкал Садыбакасова, ырчы:«КЫЗДАР, СҮЙҮҮҢӨРДҮ БИРИНЧИ БИЛДИРГЕНДЕН КОРКПОГУЛА»
-Ар бир кыздын «изюминкасы» болот. Ошол артыкчылыкты таап, ачыкка чыгара билүү керек. Алгач жактырган мырзага боёксуз, табият тартуулаган сулуулукту көрсөтүүгө умтулуу керек деп ойлойм. Себеби мырзалар макияжсыз келбетиңизге тартылса, анда бул сиздин жеңишиңиз. Анан да бой көтөрүү жигиттердин кыжырын кайнатат. Ошондуктан жөнөкөйлүктөн жазбаганыбыз оң. Менин оюмча, «кыз бала биринчи болуп сүйүүсүн билдирбеши керек» деген ой жаңылыштык. Себеби ар бир адамдын сүйүүсү үчүн күрөшүүгө толук акысы бар. Ошондуктан, кыздар, эч качан биринчи болуп кадам жасоодон коркпогула.

Элиза Орозова, ырчы:«НАЗИК ЖЫЛМАЮУМ МЕНЕН БАГЫНДЫРАМ»
-Биз, кыздар, назиктик менен жигиттердин жүрөгүнө чок сала алабыз. Мага, мисалы, бирөө жагып калса назик жылмайып калам. Анан байкабастан кайра-кайра жагып калган мырза тарапты карай бермейим да бар (күлүп). Албетте, ар бир кыздын негизги куралы болуп анын тазалыгы, дайыма өзүнө каранып жүрүүсү болуп эсептелет. Анан сөзсүз түрдө кийимге көңүл буруу зарыл, кыздар романтикалуу көйнөктөрдү, юбкаларды кийип жүрсө, сулуулугу ашат. Бирок мени сүйчү жигит кийген кийимимди эмес, себинген атырымды эмес, өзүмдү сүйөт да, ошондуктан кыздын жан дүйнөсүнүн тазалыгы да чоң роль ойнойт.

Бегимай Бекбоева, ырчы:«КЕЛБЕТИҢЕ ЖАРАША СҮЙЛӨГӨН СӨЗҮҢ ОРДУНДА БОЛУШ КЕРЕК»
-Өзүмдөн баштасам, мырзаларга менин кайгылуу көздөрүм жагат экен. Көп учурда көздөрүм жардамга келет. «Ойноп сүйлөсөң да, ойлоп сүйлө» деп коюшат го, ошол ураан ар бир кыздын акылына сиңип калышы керек. Анан да акылдуу болот десе эле аша чаап жиберүү эмес. Себеби мырзалар табиятынан лидер келишет, алардан баары бир такты талаша албайбыз. Тескерисинче, сыр бербей жигитиңиз айткан кеңешти угуп коюу зыян келтирбейт. Кээ бир кыздар бар, «сен сулуусуң» деп беш-алтоосу айтып койсо эле толкунданып, эмне сүйлөгөнүн билбей калышат. Өтө орунсуз сүйлөп мырзаларды ирээнжитип алуудан алыс болушубуз зарыл.
Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
8
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Саламатсызбы! Ошол эле маалымат бул жакта бар, шилтеме: http://www.super.kg/kabar/news/54209/
мен сени суйом !!!деп
Менин оюмча ал кыз учун кыздык намысы кызыктырбаган кыз айтышы мункун.омур бою ошо балага кор болуп жашаш учун.Суйоом деген соз емес,сен мага жагасын деген созду айтыш канча кыйын анан суйом деп ата албы.суйгон адам эч качан мен сени суйом деп айтпайт. Даже эркек адамга да гордость керек айтыш учун. Сайкал мен сеанга кошулбайм и туура деп да ойлобойм.
мырзага боёксуз, табият тартуулаган
сулуулукту көрсөтүүгө умтулуу керек
деп ойлойм." Сайкалга кошулам.