КЫРГЫЗСТАНДА СУЛТАН СУЛЕЙМАН ЖҮРӨБҮ?

№593 14-март-20-март, 2014-ж

«Даңазалуу кылым» сериалындагы султан Сулеймандын ролун аткарган актёр Халит Эргенчке куюп койгондой окшош адам Бишкекке келиптир». Мындай кепти угарыбыз менен чын-бышыгын билүү үчүн султан Сулейманга окшош адам менен жолугуштук.
– Аты-жөнүм – Серхат Текин. 19 жылдан бери түрк телеканалдарында эмгектенип, бир топ ырчылардын клиптерин тартуу менен алектенип келем. Учурда TRT-1 улуттук телеканалынын саякат тууралуу берүүсүнүн операторумун. Ишиме байланыштуу дүйнөнүн көп өлкөлөрүн кыдырдым. Минтип 7-март күнү Кыргызстанга да келип калдык. Учактан түшөрүм менен биздин топту тосуп алган адам «султан Сулеймансыз го» деген таңдануусун жашыра алган жок. Ал мени сүрөткө тартып, социалдык тармактагы баракчасына иле койсо, тааныштары «бул чындап эле Халит Эргенч» деп жазууга киришишиптир. Мен үчүн го мындай көрүнүш көнүмүш. Анткени Түркияда жүргөнүмдө, айрыкча ресторан-барларга баш багып калганымда кайра-кайра мени жалт караган көздөрдү көп учуратам. Официанттардын бири «жок, сиз Халит Эргенчсиз» деп мени менен катуу талашканы эсимден кетпейт. Аны башка адам экендигиме араң ишендиргем,- деп өз баяны менен бөлүшүп отурду «султан Сулейман».
Айтымында, Серхат мырза өзүнө окшош актёр менен жүз көрүшө элек. «Даңазалуу кылым» тартылып башталганда Халит Эргенчтин жаштыгын ойной турган адамды издеп калышкан экен. Аны уккан досторумдун бири кастинг иштери боюнча директорго сүрөттөрүмдү салып жиберип, алардан «Супер! Укмуш окшош экен» деген жооп келген. Бирок мен Халит Эргенчтен бир жашка улуумун, ошон үчүн да анын жаштык кезин ойнобой калгам»,- деп жылмаюу менен айтып берди.
Серхат Текин Кыргызстанга биринчи ирет келип отурат. «Кыргыз жери чынында кооз экен. Кыргыздын эркектери жаш-кары дебей баары ат мине алганы оозумду ачырды. Элдин меймандостугу өзгөчө баага татырлык. Тамак желип бүтүп, дасторконду жыйнаар учурда бата окулганы кызыктуу сезилди. Бизде мындай көрүнүш жок»,- деди С.Текин.
TRT-1 улуттук телеканалынын «Бекир Девели менен ачылыш убактысы» деп аталган берүүсү өз өлкөсүнүн көрөрмандарынын арасында аябай популярдуу. Дүйнөдөгү түрдүү өлкөлөр тууралуу саякат баянын курган берүүнүн кызматкерлери Кыргызстанга 10 күндүк сапарга келишкен. Алар учурда кыргыз элинин маданий турмушу, өзгөчөлүгү, салт-санаасы менен таанышып, көрсөтүү даярдыгын көрүп жүрүшөт.

Эльвира Караева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(43)
17.03.2014. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Султан Сулейман хан хазиретлери го
17.03.2014. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
окшошпойт

17.03.2014. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кайсы жери окшош тушунгон жокмун.
17.03.2014. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
BEKTUR AZHO,
Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
17.03.2014. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жазат десе жаза береби, 0.0000 грамм да окшобойт экен. Кадимки эле кыргыздарды алдаганы келген эле турк го.
17.03.2014. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Almabek, бул Серхат Текин атайын келмек беле Кыргыздарды алдайын деп. Интервью берген адам алдамчы эмес интервью алган адам алдамчы
17.03.2014. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Okshowpoyt goooo
17.03.2014. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кана эч жери окшошпойт
17.03.2014. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
окшошпой эле турат
17.03.2014. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Окшош экен.
17.03.2014. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окшош экен, бирок Султан Сулеймандын рольун аткарган кишиден жакшынараак экен берки киши.
17.03.2014. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мумкун чыныгы турмушта Сулайман деле ушул кишиге окшоштур, киного тартылганда жасанат да
17.03.2014. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Султан Сулейман Ким деп Сурабай эле койгула да билбесенер,биз айтканда деле кызыксыз да силерге!странные люди
17.03.2014. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой Мынча Окшош мен Халит Эргенчтин эгизи депмин.
18.03.2014. 02:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч жери окшобойтко
18.03.2014. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен сакалымды остурсом бул экоонон сулуу болом чындыгында
18.03.2014. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коменттерди окуп бир жылмайып алдым.
19.03.2014. 09:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окшош экен, мен окшоштурдум.Ийгилик...
19.03.2014. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окшош экен
19.03.2014. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Билбейм окшоштура албадымго,ийгилик эмнеси болсо да.
19.03.2014. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Андай деле окшоштугу жок менимче
20.03.2014. 09:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
балким суротто башкача тукондур аа чындыгын да окшош болушу мумкун!!! себеби дуйнодо озундой 7 адам кездешет деп койушатко.
20.03.2014. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окшобойт экен ...
20.03.2014. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен дагы окшоштугун байкаган жокмун.
20.03.2014. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Окшош эмес
20.03.2014. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окшошбу окшош эмесби мага чын журоктон баары бир.
22.03.2014. 03:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bla, bla, bla
22.03.2014. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
окшош деле эмес экен.
22.03.2014. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окшошсо, окшошоттур. Баары бир экоо тен бир улуттун балдары эмеспи.
22.03.2014. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Билбейм андай деле окошбойт экенго.
26.06.2014. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алдамчыларды эркеги экенго ээ эч такыр окшобойт озубуздун Курманбек БАкиевге жетпейт
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо