ПИЛДИН БАЛАСЫ

№593 14-март-20-март, 2014-ж

Жайдын ысык күндөрүнүн биринде пилдин баласы зеригип кетип, зоопаркка бет алат.
– Ал жакта көп кызыктуу айбанаттар бар. Мен сөзсүз аларды көрүшүм керек.
Кичинекей пил зоопаркка кирери менен тоту кушка кезигет.

– Сен ала-була, абдан кооз экенсиң,- дейт ага.
Анын артынан эле пилге крокодил туш болот.
– Сенин оозуң абдан чоң экен, - деп крокодилге суктанып өтөт.

Андан ары бактын бутактарында асылып турган чоң жылан көзүнө түшөт. Караса эле жылан буралып, абдан кооз көрүнөт.
– А сен болсо абдан узун экенсиң,- деп таң кала өзүнчө күбүрөнүп алат.
Андан соң моюну узун болгон акыраны көргөндө шыпшына жерге отура калат.

Дагы жолун улантып баратып, кичинекей ботону көрүп:
– Сенин эки чоң өркөчүң кызык экен, - деп кызыгуусу андан да арта баштайт.
Өз үйүн чогуу алып жүргөн таш баканы кезиктиргенде «бардык жаныбарлардын өзгөчөлүктөрү бар экен, мен гана жалгыз эч нерсем менен мактана албайм» деп капаланып, үйүнө кайтмакчы болот. Зоопарктан чыгып бара жатканда гана кичинекей пил күзгүдөн өзүн көрүп калбаспы.

Кубанганынан:
– Менде башкаларда жок тумшук бар. Андай пилдерде гана кездешет, - деп сыймыктана кыйкырат.
Ошентип пилдин баласынын капаланганы бат эле тарап кетиптир.
Балдар, силер дагы ар бир жаныбардын өзгөчөлүгүн байкай жүргүлө!

Гүлжамал Бөрүкулова
balakai@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо