Аида Тулебаева, «2013-жылдын супер актрисасы»:«КИНОДОГУДАЙ АМЕРИКАЛЫКТАРДЫ КӨРӨ АЛБАДЫМ»

№593 14-март-20-март, 2014-ж

Жөнөкөй, уяң, ачык мүнөз. Маңдайымдагы маектешимди дал ушундай сүрөттөйт элем. «Актриса болуп калам деп эч ойлогон эмесмин» деген каарманыбыз Аида Тулебаева. Ал «Салам,Нью-Йорк!» тасмасындагы Эриканын ролу үчүн «2013-жылдын супер актрисасы» наамын жеңип алганын айта кетели.

АИДА ТУУРАЛУУ

  • 1988-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн.
  • Кичинесинде дизайнер болгусу келчү.
  • Англис тилинде эркин сүйлөйт.
  • Косметиканы ашыкча колдонгонду жаман көрөт, «Салам, Нью-Йорк!» тасмасынын көпчүлүк эпизоддоруна макияжсыз тартылган.
  • Мода куубайт, тескерисинче эч ким кийбеген кийимдерди кийгенди жакшы көрөт.
  • Уяттуу эпизоддорго тартылбайт, «Салам, Нью-Йорктогу» өбүшкөн жери бар эпизоддордон баш тарткан.
  • Кесиби экономист, үй-бүлөдө эки бир тууган, байкеси бар. Ата-энеси жеке бизнеси менен алектенишет.

– Аида, бизге сени атактуу кылган «Салам,Нью-Йорк!» тасмасына кантип тартылып калганың кызык болуп жатат?
– Тасманын жаратуучулары социалдык тармактан менин сүрөттөрүмдү көрүп «кастингге катышып көрбөйсүңбү?» деп сунуш киргизип калышты. «Барса барып көрөйүнчү» деп эле баргам. Кастингге келгендер толтура экен, анан да бизди биринчи жазып коюшуптур. Мен жалгыз эмес жанымда бир жигит менен аткаргам. Элдин баары карап турса ыңгайсыз болот экенсиң. Ичимден «батыраак бүтсө экен» деп кеткенге шашкан болчумун. Бир айдан кийин тасманын менеджери чалып «сиз өттүңүз, бирок азырынча эч кимге айтпай туруңуз» деп эскертти. Мен сүйүнүп ата-энеме, досторума айткым келип, чыдамым кетсе да сыр кылдым.

– 500 талапкер кыздан башкы ролго эмне үчүн дал сени тандашты деп ойлойсуң?
– Режиссёрдун айтымында буга чейин кинодо роль ойнобогонум жагыптыр. Жаңы жүздөр кызыгууну туудурат эмеспи. Экинчиден «сенин жүзүң Нью-Йоркко жарашат» дешти. Кастингде сулуу кыздар көп эле жүргөн, бирок алар жергиликтүү экени билинип турчу. Мага көбү «сен кыргызга окшош эмессиң» деп айтышат, бирок ата-энем экөө тең кыргыз.

– Кинону тартуу иштерине чейин Нью-Йоркто болгон белең?
– Жок, кинону тартканда алгачкы жолу бардым. Мага абдан жакты. Бирок ал жакта жашаганы калмак эмесмин. Турист болуп барсаң баары идеалдуу көрүнүшү мүмкүн. Нью-Йорктун терс жактарын да көрдүм, адамдар дайыма эле жылмайып жүрө бербесин, ар бир тыйынын эсептеп жашаарын билдим. Мисалы, мен кинодогу америкалыктарды көрө албадым, көчөдө миллиондогон толмочунан келген адамдарды, анан шашып чуркап бара жаткандарды көрөт экенсиң. Минтип чуркап жүрбөсө толуп кетишет окшойт деп ойлоп койдум (күлүп).

– Тасмадагы каарманың Эрика менен окшоштугуң барбы?
– Эриканын ролун ойноо кыйынчылык туудурган жок. Өзүмдү-өзүм ойногондой эле болдум.Тагдырыбыз окшошпосо да мүнөздөрүбүз окшош.

– Тартуу учурундагы эсте калган окуялардан айтып берсең?
– Тартуучу топто жалаң эркектер анан жалгыз мен жүрдүм. Бир чети кыйналат экенсиң, жакамды түздөгөн же келбетимди караган эч ким жок. Дүкөндөргө кирип өзүмдү күзгүдөн карай калам, машинанын ичинен кийинип-чечинем, айтор, кызык болгон. Бир эпизодду жай мезгилиндегидей кылып тартышыбыз керек экен, а биз тартып жаткан учурда күз болчу. Жеңил кийим менен тоңуп калдык. Улам чуркап барып кофе ичип, жылынып жатып, араң тартып бүткөнбүз.

– Нью-Йорктон Кыргызстанга келгенде кызыктай сезимдер болсо керек?
– Сурабаңыз, бир ай депрессия болуп үйдөн чыкпай жаткам. Нью-Йоркто бейиштегидей жашап, каалаганымды кылып, кадимкидей көнүп калыптырмын. Кыргызстанга октябрдын этегинде келген элем. Көзүмө көчөлөрү кир, бопбоз көрүндү. Бирок бул нерсе тез убакытта тарап кетти, кайра мурунку калыбыма келип калдым.

– Актрисалык карьераңды мындан ары да улантып кетесиңби?
– Ушул кесиптин өтөөсүнө чыгам деп чоң максат койбойм. Бирок сунуштар болсо тартылып коём. «Салам, Нью-Йорк!» коомчулукта «бум» жараткан тасмалардан болбодубу, мындан да жогорку ролдор сунушталышын каалайт элем. Анткени майда-чүйдө тасмаларга тартылгым келбейт.

– Кепти жеке жашооңо бурсак?
– Бир жыл мурун турмушка чыккам. Жолдошум экөөбүз бир жерде иштечүбүз, ал фотограф болуп, мен маркетинг бөлүмүндө. Башында бири-бирибизди жакшы көрчү эмеспиз, жумуш үчүн эле сүйлөшкөнгө туура келчү. Ага турмушка чыгып калам деп деле ойлогон эмесмин. Себеби ал башкача адам эле, бирок кийин анын дал ошол өзгөчөлүгүн жактырып калдым. Кыз-жигит болуп жарым жылдай эле сүйлөшүп жүрүп үйлөнүп алдык. Менин жашоом аны менен кызыктуу болорун элестетип койгон болчумун. Анткени ал көп нерсеге кызыгат. Лыжа, сноуборд тебет, парапланда учканды жакшы көрөт, дайвинг менен машыгат. Такыр бир жерде турбайт, кыскасы, менин карама-каршым. Тааныштарыбыз да «экөөңөр бири-бириңерге жарашпайсыңар» деп айтышчу, мына ушул сөздөр үчүн табыштык окшойт (күлүп).

– «Жолдошум жаны тынбаган адам» деп калдың, өзүң кандайсың?
– Мен абдан тынч, акырын жүргөн адаммын. Кичинемде көтөрүп, алпарып бир жерге отургузуп коюшса, кыймылдабай отура берчү экенмин. Абдан уялчаакмын, мени уялтыш оңой эле. Сезимталмын, ыйлатыш да оңой (күлүп).

– Жашоодо дайыма күлүп, позитивдүү маанайда жүрөсүң, капа болгон учуруң болобу?
– Адам кемчилигин айтпаса эч ким деле билбей калышы мүмкүн дешет эмеспи. Жиним келген учурлар деле болот. Бардык эле токтоо адамдар бир силкинип анан калыбына келишет го, ошондоймун. Ал эми дайыма жылмайып жүргөнүм бул – өзүмдү-өзүм тартипке салуу. «Дайыма күлүп жүрүңүздөр» деп окурмандарга да кеңеш берет элем, анткени адамдын маанайы анын жашоосуна таасирин тийгизет.

– Орусча сүйлөйт экенсиң, үйдө кайсы тилде сүйлөшөсүңөр?
– Кыргызча түшүнөм, бирок сүйлөшкөндө кыйналып калам. Үйдө да көбүнчө орусча баарлашабыз, ошондон улам го. Мен го кичине түшүнөм, ал эми кайын журтум тарапта кичинекей балдар да такыр кыргызча билишпейт. Тилибизди балдарыбызга өткөрбөй жатканыбыз – бул биздин улуттун чоң көйгөйү деп эсептейм.

«Жолдошум экөөбүзгө эс алуунун бардык түрү кызыктуу».

«Эриканын ролун мындан да сонун аткарсам болмок деп ойлоп калам».

«Супер актриса» сыйлыгына көрсөтүлгөнүмдү деле билбептирмин».

Лунара Бекиева
star@super.kg


500 кыздын арасынан башкы ролго жолдомо алган Аида Тулебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(61)
SUPER.KG видео
17.03.2014. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарыңарга эскертүү, кимдир-бирөөгө ат коюп мазактоого тыюу салынат! Билдирүүлөр түзөтүлдү!
SUPER.KG видео
17.03.2014. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Токтоо, жонокой, ашыкча боенбогон,жасалма эмес суйкумдуу кыз экен. Аиданын "Салам, Нью-Йорк"тасмасындагы кийинуу стили абдан жагып калган.Жашоодогу ийгиликтерди каалайм
17.03.2014. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Азамат кыз экенсиң.Бирок,кыргызстанда жашап кыргызча билбегениң уят жана өкүнүчтүү.
17.03.2014. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Метистка кыз деп ойлочумун.
17.03.2014. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кырыгз болуп туруп кыргызча билбегени кандай гана окунучтуу курстарга барып уйронсо болотда
17.03.2014. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азамат. Тарбияланган чойросуно карап адам озгоруп калат. Жалан орусча суйлой берсен орустарга окшоп дегендей. Бирок Арстанга кошулам. КЫргыз болгондон кийин намыс учун да эне тилди биринчи ирет мыкты билиш керек анан башка тилдерди.
17.03.2014. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
косметика аз колдоном деп мактанбай эле койсо болмок,оло чаптаптырго бетке козго.
17.03.2014. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшынакай кыз экен
17.03.2014. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эне тилин билбеген башка тилди билип жарытбайт
18.03.2014. 01:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
akilduu ki ekeni korunup turat birok ene tilin bilbegeni okundurdu.anglis tilinde erkin suilop uirongon kiz kantip kirgizchani uirono albai kalsin?????
18.03.2014. 03:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
австрияда немец тилинде 25 чон чыгармаларды окуп чыгып, ошого сочинение жазып, (албетте грамматикалык каталыктары жок) чыкканда гана сени жогорку окуу жайга алат, кайсыл улут болбосун. А биздин посолдор да кыргызча сулобойт экен ( бирге олтуруп калып, байкадым). Уят эле, алар биздин чет жердеги жузубуз да. Бул жакта бул нерсеге чон конул бурушат, анткени эне тилин жакшы оздоштургон адам гана чет тилди эн жакшы оздоштурот деп . Кыргызча так суйлогон кыргыздар, бат немец тилин уйронуп кеттик,
18.03.2014. 05:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
PeRa, Avstriyada jashaysynby je Germaniyadaby?
18.03.2014. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
B.GULNARA,
Саламатсызбы! Рахмат, ката түзөтүлдү.
SUPER.KG видео
18.03.2014. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Псевдопатриоттор жаман күйгүзүшөт да! Кыргызча түш жоруп, бирок адам өлтүрүп, жашы жетелек секелектерди зордуктап, атүгүл улгайган апаларды зордуктап айбанчылык кылып жаткандар бар. Ошолор жакшы кыргызбы же бул кызбы? Айткан ою, сүйлөгөн сөзү ордунда, элге жакшылык каалаган инсан. Кыргыз сыймыктана турган тасмада жакшы бир адамдын образын мыкты ачып берди. Дагы эмне керек деги бизге?!!
SUPER.KG видео
18.03.2014. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Oi_pikir Сенин тушунугун бойюнча кыргыз эмес башка тилде суйлогондор айбанчылык кылбайбы?Кыргыздарда андай кылгандар аз эле.Кичине ойлонуп. кыргызды жамандабай озундун созунду ондоп жур. Ал эми Аида кыргызча таптак эле суйлойт.
18.03.2014. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bashka elder korso kysyk ele go shurnalist kyrhyscha suroo berse al oruscha shoop berip shatkany. Chet eldik bolso bir shon.ujat ele.
18.03.2014. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оз тилин билбесе уят эле,айтбай эле койсо болмок намыс учун.
18.03.2014. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эне тилин билбеген эси жогун аныктайт, эне тилин суйбогон элин суйуп жарытпайт, дечу беле....
18.03.2014. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Men suilaim abdan nazik jana stili jaktu azamatsn . Respekt
18.03.2014. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орус тили жылдызда,Биздин улуу заманда... Бирок кыргыз кыргызча, Сүйлөбөсө жаман да! Эне тилин билбеген, Эси жогун аныктайт, Эне тилин сүйбөгөн, Элин сүйүп жарытпайт
SUPER.KG видео
18.03.2014. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орус тили жылдызда,Биздин улуу заманда... Бирок кыргыз кыргызча, Сүйлөбөсө жаман да! Эне тилин билбеген, Эси жогун аныктайт, Эне тилин сүйбөгөн, Элин сүйүп жарытпайт
18.03.2014. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кекиртеги эркектикине окшош экен
SUPER.KG видео
19.03.2014. 02:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Толерантная кыргызчасын билбейм ))) Этикети кучтуу , сабырдуу анан дагы акылдуу айым экен. Аял затына баардык касиети бар экен. Азамат!!!
19.03.2014. 03:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшынакай кыз ,мага аявай жагат!!!
19.03.2014. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Англис тилинде эркин суйлойт имиш!!! Озунун эне тилиндечи? Уй-було аты(Фамилия чет тилинен келген-Америкада кээ бир сурамжылоо кагаздарында Family Name деп жазылат бул деген Фамилия же кыргызчасы Уй-було аты) Тулебаева эмес Түлөбаева эле болсо крк, бирок биз баягыдай эле баарына ынгайлаша беребиз да. Аябай окунучтуу. Келгиле, кыргыздар шаарда ар-бирибиз орусча суйлогонго кыргызча жооп берели. Баары бизден жонокой адамдардан башталат. Мен муну ар дайым аткарам ж-а ийгиликтуу да болот
SUPER.KG видео
20.03.2014. 00:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Англис тилинде эркин суйлойт имиш!!! Озунун эне тилиндечи? Уй-було аты(Фамилия чет тилинен келген-Америкада кээ бир сурамжылоо кагаздарында Family Name деп жазылат бул деген Фамилия же кыргызчасы Уй-було аты) Тулебаева эмес Түлөбаева эле болсо крк, бирок биз баягыдай эле баарына ынгайлаша беребиз да. Аябай окунучтуу. Келгиле, кыргыздар шаарда ар-бирибиз орусча суйлогонго кыргызча жооп берели. Баары бизден жонокой адамдардан башталат. Мен муну ар дайым аткарам ж-а ийгиликтуу да болот
20.03.2014. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эх!, Кыргызымдын тегерек бет айдай кыздары азайып,европалашып кеттикби? Айтор ишине ийгилик,жакшынакай кыз экен
22.03.2014. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оз тилин билбеген башка тилди жакшы оздоштуро албайт деп уккан жерим бар,бирок ар бир адамдын жондому ар башка.
22.03.2014. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызгызча эле суйлосо болмок.
SUPER.KG видео
31.03.2014. 02:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жайдары,так,уккулуктуу суйлойт экен.Жакшы интервью болуптур.
SUPER.KG видео
06.04.2014. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздар кыргызча билбеген жана кыргызча акцент менен суйлогонун угуп алып ичим эзилди,тоодо журуп андай адамга жолукпаган экенмин.Тооба ушундай да болобу.Башка мамлекетте чонойуп жашаса дагы мейли эле.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо