КЕНЖЕ КҮЙӨӨСҮН ЖҮГҮНТҮП...

№593 14-март-20-март, 2014-ж

Башталышы – 19:30 (бир саат кечикти)
Көрүүчүлөр – Спорт Ордосунун 100 пайызы
Алып баруучу – Жеңишбек Айтиев
Мыкты номерлер – АГК тобу «Сен улуусуң», Кенже Дүйшеева менен «Жебе» тобунун «9 жаш» аттуу чыгармалары

Билет баасы – 200-300 сом4-мартта Спорт Ордосунда Кенже Дүйшеева менен «Жебе» тобунун концерти болуп өттү. Концертте залга эл батпай, кеч келип ордун тарттырып жибергендер туруп көрүштү. «We ll be» бий тобунун жигиттери кечени ачып берген соң, артынан «Жебенин» жигиттери чыгып, созолонто ырдап киришти. Бали, жигиттер, даярдыкты мыкты көрүшүптүр. Ырдап да, бийлеп да, Кенже эжесин тамашага салып, элди күлдүрүп да жетишип жатышты. «9 жаш» ырын ырдап бүтүп Кенже айым «балдар, ушуну ырдабай эле койбодук, залда ак көз, кара көз деген бар, гезиттин баары ушул жерде отурат» деп мен жакка таш ыргытып жиберди.
Кенженин кийген формаларында кеп жок, өзү да «мындай фигура менен эми бийлебесем болбойт» деп мактанып кетти. Ал эми алып баруучу Жеңишбек ырчыларды сахнага «Маданияттын мыкты кызматкери» деп кайталап чакырып жатып, отургандарды тажатып жиберди. Артымдагы аялдар тажаганынан «Уф, Эл артистин алса биздин кулагыбыздын тарсылдагын жармак экен. Ырчылардын баары эле маданиятка эмгегин сиңирип жиберишкенби?»- деп кобуранганын угуп аргасыз жылмайдым. Чын да, ала элек 5-6 эле ырчы калды окшойт мен билгенден. Концерттин кульминациясы «АГК» тобунун кыздарынын ырында болду окшойт. Ооба, менде да «эл «Кыз-Бурактын» кыздары үчүн келдиби же «Жебе» тобу үчүнбү?» деген күмөн ой жаралды. Айжамал сахнаны катуу сагынып калганбы, айтор, туфлисин чече калып жылаңайлак болушунча секирип бийлеп, алып баруучу айткандай «огороддо жүргөндөй эле чуркады». И баса, концерт соңунда Кенже өмүрлүк жолдошуна арнап «Сен мени, мен сени таптым» деген чыгармасын аткарды. Бийчи кыздарга жолдошунун сүрөттөрүн карматып коюптур. Күйөө баланын ыйманы ысык экен, ал сахнага чыкканда Кенже «мына кыргыз элинин күйөө баласы, эми жаным, жүгүнүп койбосоң болбойт» деп аны Жеңишбек экөө улам-улам жүгүнтүп, айтор, бул жагы өзбек кинолорунан ашып өттү.
Концерт бүтүп эл тарайын деп калганда «Жебе» тобунун жигиттеринин ата-энеси чыгып Кенжеге сарпайларын кийгизе калбаспы. Чынында күтүүсүз болду окшойт. Бул жагдай үчүн ырчы баарынан кечирим сурап өттү.

Толик сынчы


Кенже Дүйшееванын жолдошу кыргыз элине жүгүндү

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  13 
Комментарийлер(133)
17.03.2014. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооба эл артистинберсе болмок ийгилик иштерине,суппер концерт.
SUPER.KG видео
17.03.2014. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Соз жок Кенже эже Жебе тобуна ийгилик. Соз байлыгыныз, койнокторунуз, ырларыныз соонун.
17.03.2014. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
концерт жал.абада да жакшы отту ийгилик сизге маданият министири сизге наам бербесе эл сизге качан эле берген
18.03.2014. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
azamattar.yigilik
18.03.2014. 01:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мыкты айым, кучтуу айым, акылы тунук эмгекчил талантуу, сулуу, намыстуу айым, Кудай Таалам сизге,уй-булонузго доолот, береке, тугонбос бакты таалай, аманчылыкты берсин! "Жебе" тобуна ийгилик!!!
18.03.2014. 06:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
гулшайыр эженин стилигооо суйлогону да
18.03.2014. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жугунткону кызык болуптур.
18.03.2014. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
концерти жакшы болгон окшойт,5млн. кыргыздын куйоо баласын жугунткону сонун болуптур.Куйоосу да азамат жигит экен жугунуп берген.Кыргыздардан болсо кур намыстык кылышып эмнеге жугуном деп чыкмак.Баракелдеее Кенже эже!
18.03.2014. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
соонун болуптур.ийгилик .
18.03.2014. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кенже эжени алыска казактарга кетирбей эле озубуздун кыргыз жигиттерибиз алып калса болмок.
18.03.2014. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмнеге Гулшайыр эже жок. Барибир ошонун тарбиясын алганго. "Тузун жеп, туз баштыгына тукургондор жакпайтда"
18.03.2014. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
жакшыны жакшы, кыйынды кыйын дешибиз керек! Кенже эже кучтуу айымсыз! Бар болунуз!
19.03.2014. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жердеш Мырза Акелик эжебизге ийгилик.Айылынызды унутбаныз .Биздин да Маданят уйубуз бар занграган ошол жерге келип элге маанай тартуулап кетиниз.
19.03.2014. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
супер Кенженин Сен мени, мен сени таптым деген ырын жуктоп коюнуздарчы, сураныч
19.03.2014. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tattygul,
Саламатсызбы! Жакынкы күндөрү жүктөлөт. Түшүнүү менен кабыл алып күтө турасыз деген ойдобуз. Рахмат!
20.03.2014. 02:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
indira.1991, тузун жеди бирок тузуна туз кошту Кенже, чындыкты моюндашыбыз керек, азыр Гулшайыр айым жетектеген топ Кенже жетектеп турган мезгилдегидей популярдуу боло албады. Жон гана ич куйдулук кылуунун кереги эмне;) Кенже акылдуу айым устаты артынан канча уу создорду айтты,а Кенже ага жооп айтып устатынын эл билбеген жактарын, мурунку топтун кадырын кетире турган создорду айткан жок. Устатынын ушак кептерин жон гана игнорировать этип койду, демек акыл-эстуу айым,устаты тууралуу ушак айтып то
20.03.2014. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз эжеке! Бар болунуз!
21.03.2014. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер жигиттер алга силерге ийгилик мен силерди суйом.Молодцы жигиттер бар болгула.
21.03.2014. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы..абдан сонун))Жебе тобу ийгилик силдрге..
SUPER.KG видео
22.03.2014. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Жебе тобунун балдарына ийгилик!Айтып кетчуу нерсе балдар,кыздарга окшоп назик болбостон,кичине спорт мненен машыгып,булчундарынарды чыгарып дегендей мужественный болсонор демекчимин.В жизни я с вами не знакома,но все рано будьте естественными.Вот Медер он серьезный а остальные как-то не знаю.Извиняюсь конечно ни мне судить кому,как себя вести...это мое личное мнение.Капа болбогула а так !!!
SUPER.KG видео
22.03.2014. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин маданият министирлигине тан каласын,хотябы Бишкеке борборубузга бир чоон озгочо кылып концерт коючу сарай курушуп коюшса жакшы болмок,неужели мамлекеттин кучу жетпейт...
22.03.2014. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кенже эже сизге ийгилик сиздин талаттынызды баалаймын ))
22.03.2014. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сарпай кийгизгени учун баарынан кечирим сураганы туура болбоптур.
23.03.2014. 01:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
кемпир болгону калыптырсыз эжекеси.эми ырдабай койсонуз деле болот.каныкейдей кыргыздын талантуу ырчы кыздары турганда
23.03.2014. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кенже эженин таланты жакшы.мындан гийинки жаш ырчы кыздарга айтарым озубуздун эле балдарга турмушка чыгып кыргызстанга эле туяак калтырсанар боло.баары эле кыргыздын жигиттерин тоготпогонсуп чет элге тийишет.бизде деле бар бай мырзалар.
23.03.2014. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
akyrki kiygen kiyimi takirjarawpayt go. bul eje gulshayrin dele chakirbaptir da.ne bolso da iygilik. al emi konsert ayilskiydey korunotta,
24.03.2014. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жебе тообу сиздерге ийгилик
26.03.2014. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргыз жигиттери тың-тың болуп, кыйын кыздарды өзүңөр алып калбасаңар, алар турмушка чыкпай калганча, айла жок, башка жакка турмушка чыгып кетишет да.
Кенже эже азамат! Ийгилик!
30.03.2014. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
pakistanka.....adashasyn konsert sonun boldu
SUPER.KG видео
17.04.2014. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Азаматсынар!!! Кенже, Айжамал, Гулнара айымдар чыныгы таланттар, кыймыл-аракети, жылдыздуу жуздору менен сахнаын коркун, ажарын ачышып, Кыз-Бурактын жылдызын жандырып турушчу эле, бугун да андан эки эсе шан тартуулашыптыр, азаматсынар. окунучтуусу сахнага тез-тез чыкпагандыгы!!
26.04.2016. 04:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айжамал ачыптыр концерт коркун:)
1
2
3
4
5
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо