ТАТЫМАЛДАРДЫ САКТООНУН 5 ЭРЕЖЕСИ

№593 14-март-20-март, 2014-ж

Бүтүнү узакка сакталат
Майдаланбаган, тоголок, бүтүн мурч жылдап сакталат, ал эми майдаланып талкаланганы өзүнүн жытын бат жоготот.

Ысыкты сүйүшпөйт
Бардык эле татымалдар температуранын өйдө-ылдый болуп турушун сүйбөйт. Мисалы, бат-баттан ысыкка кабылышса даамы бузулуп, касиети жоголот. Плита же мештин жанындагы шкафта да сактоого жол берилбейт.

Караңгы жерде сактаңыз
Көптөгөн кожойкелер ашканасын татымалдар үчүн чыгарылган тунук өңдөгү чакан банкалар менен кооздоону баалайт. Кайсынысында эмне бар экени да көрүнүп турат. Бирок татымалдардын көп түрү жарык, ошондой эле күн нуру тийген жерде сакталса, өзүнүн баалуу касиетин жогото башташат.
Татымалдардын сакталуучу орду караңгы жерде. Андыктан айнектен же чоподон жасалган, капкагы бекем жабылуучу идиштерди алган оң. Идиштердин сыртында «мурч», «калемпир» сыяктуу жазуулары болсо колдонгонго оңой. Аларды шкафтын ичине тизип, же баарын чоң контейнерге салып, анан аны шкафка салып койсо болот.

Татымалды тамактын үстүнө себелөө туура эмес
Кээ бир адаттар татымалдын жарамдуулугун азайтат. Мисалы, бышып жаткан тамактын үстүнө татымалды себелегенде буудан  улам кургак татымал тоголоктошо түшөт да, жыты менен даамынын канча бир пайызы азаят. Андыктан татымалды кашык менен салыңыз. Кашык кургак болууга тийиш. Анткени суу кашык менен татымалды сузуп алганда, бетине суу тийген калган татымалдар нымдашат. Анан акырындап көгөрө баштайт да, колдонууга жараксыз болуп калат.

Кызыл калемпирди муздаткычта кармаңыз
Кызыл калемпир, анын ичинде паприка, чили калемпири муздаткычта сакталса, даамы менен өңдөрүн жоготушпайт.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(1)
17.03.2014. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кенешиниздерге чоооооон рахмат суперсиздерда.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо