САМАРАНЫН КОНЦЕРТИНДЕ АБИДИН ТЕМИРОВ ЫЙЛАДЫ

№593 14-март-20-март, 2014-ж

Өткөн күндөрү – 3-4-5-6-7-8 (2 сеанс)-9-март
Өткөн орду – Ош Улуттук драма театры
Башталышы – 19:45 (20-30-45 мүнөт кечигип жатты)
Көрүүчүлөр – Залдын 100 пайызы
Алып баруучулар – Жаныбек Алыкулов, Гүлжанат Момбекова
Коноктор – Каныкей Эралиева, Гүлнур Асанова, Абидин Темиров жана башкалар
Мыкты номер – Самара Каримованын аспаптардын коштоосунда жандуу аткарган ырлары, Каныкей Эралиева, «Жаз»
Билет баасы – 250 сом

Ырчы Самара Каримова Ошто катарынан 7 күн концерт берерин угуп, Ошко сапар алдым.
Алгачкы күн, 3-март. Сахнанын жасалгасы Рим стилинде экен, өзгөчөлүк ошол деп койдум. Кече ачык деп жарыяланган соң сахнанын чаңын сапырып көк көйнөкчөн Самара карындашым чыга келди. Алгач Рыспай Абдыкадыровдун «Издейм сени» деген ыры менен баштап, залдагылардын баарын термелтти да койду.
Концерттин сценарийин жакшы түзүшүптүр, кайталап барып көргөндүктөн, кайсы учурда эмне болорун жаттап калдым. Алып баруучулар мектеп окуучусундай сценарийде жазылган бир сөздүн да ордун алмаштырышпады. Айрым ырлар аткарылып жатканда сахнада, байкашымча, ырдын маанисине ылайык постановка аткарылып жатты. Бирок аны түз көз менен да, аңтарылган көз менен да карап маанисин эч түшүнбөй койдум. Кыйналып отурсам жанымдагы апа «Эмне болуп жатышат тигилер?» дейт... Ийинимди куушурганга аргасыз болдум. Концертке конок катары Каныкей Эралиева эжекебиз да чакырылган экен. Дүркүрөгөн кол чабуулар бүтпөй, ырчы айым кайра-кайра элге жүгүнүп жатты.
Бир убакта кеченин негизги каарманы башка тилдеги ырлардан созуп кирди. Мен өзүнүн репертуарындагы кыргызча жакшы ырларын көбүрөөк ырдаса деп күттүм эле. Таң калганым, бир ырында эл аралап жөнөп калбаспы. Сценарийде ушундай жазылган белем, күйөрмандар артынан ээрчип, гүл берип эле болбой калышты. Гүл саткандар жыргаган экен деп отурсам, Самара айым көтөрүп кирип кеткен гүл кайра эле күйөрмандар тараптан сахнага чыгып баратат. «Ошто гүлдөр ушунчалык окшошпу?» деп кала бердим.
Бир маалда Самара айымдын иниси чыкты сахнага. Өзү менен тең аккордеонду көтөрүп алып «микробу жок тоолордун арасында, чындык жашайт наристе өңү менен...» дейт таң калтырып. «Жаш экенсиң, иним, микробу көп сахнадан этият бол» дегим келди. 7 күнгө созулган концерттин ар бир кечесинде жаңы жүздөр кошулуп турду. Бир күнү Гүлнур Асанова да пайда болуп калыптыр. Ал эми 8-март күнү шаша-буша аккордеонун көтөрүп «жасанбай калдым» деп Абидин Темиров чыкты. Аяшы Самара Каримованы куттуктап, Ош элин, жерин өзгөчө сагынып келгенин айтып көзүнө жаш алды.
Концерттен кийин күйөрмандарга кулак салсам, баары эле ыраазы болгондой. Сахна, кийген формалары, жандуу үн коноктордун көңүлүнө толсо, орун жетпей калса да кетпей туруп концерт көргөн коноктор Самара айымды кубандырды окшойт. Ошентип, 7 күндүк концерт да аяктап, борборго кайттым.

Толик сынчы


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(45)
17.03.2014. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Ээринбей бир адамдын концертине 7 кун кирген Толик сынчыга рахмат,мен бир концерт буткончо не болуп кетем.
17.03.2014. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
91-жылкы кыз деп эч ойлогон эмес экем, чоон эле эжемдей корунот го, жылдызы бар бирок, стили жакпайт.
17.03.2014. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Самараны аял баалабайм бирок куйоосун улуу деп укканмын. 1991ге окшобойт бирок жузунон 25-30 жаштын аралыгында болсо керек.
17.03.2014. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Толик сынчынын бир созу аябай кулдурду мени. Туз коз менен да антарылган коз менен да деп эзиптир. Самара Каримованын демоорчусу куч экен да. Тем боле Ошто драмды башкарып турса анан 7 кун берет да.
17.03.2014. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жарым жыл эле болду окшойт чыканына бир дагы ырын билбейм. Жети кунда концерт койобу элди жадатып.Куйосу 23 жаш чон болсо атасындай киши экенда.
18.03.2014. 01:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
sergo, ooba. Samara aryk. Al kiwi kara toru, ichi chykkan semiz kiwi. Ayaw atasy bolot eken ele dep ukkanym bar. 7kun koidu. Bul da biznes da. Ijaraga aiyalynan akcha albait. 100% paida. Emi owol tapkan akchasyna katar- katar "odnorazovyi" klip tarttyrywat, korosunor goo))).
17.03.2014. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оа акча болсо ангелде шорпо кыргыздар,драм озунуку болсо конечно коетда.уккулуктуу бир ыры жок
17.03.2014. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Самараны сыйлап, талантына баа берген учун зал толгон эл келди болуш керек. Бирок чындыгында концерт соонун отту, айрыкча гулдордун кайра кайра айланганычы... Жандуу ун менен аккордеондун коштоосунда гана ырдады.
18.03.2014. 01:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
miwka94, janduu un menen yrdagany maga da jakty. Birok, mikrofondu tuura paidalana ailait eken. Samarany syilap barywkan jok. Ozunun, kuioosynun jerdewteri keliwti. Kobuncho uluu muundagy ayaldar barywty. Kuioosu mekemelerge tarkatyptyr ele biletterdi, ailyktan karmatsa aila jok barywty da. Yrchylar bolso kuioosunun taanywtary. Samarany alar kaidan tabywmak ele. Menin janymda olturgan eje bir ele buketti 6jolu berdi, kaira alyp- berip. Choooon 50dogu kiwiler Samara ayawym dewse jaman boldum...
27.03.2014. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Made_in_Mama, чон кишиге турмушка чыгып,ушинтип таанылгандын эмне кереги бар,

17.03.2014. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kudai aai 7 kun konsert koidubu??? Dramdy aiabai ele eelegen eken da. 2 kun az saz mazmuunduu konsert koiboibu andan koro... Kantse da yigilik kaalaim. Bul jaktagy komentterdi okup ele ozumcho jaman korup kaldym go men bul kyzdy)
17.03.2014. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
куйосу улуубу же кичуубу мандайына жазганы ошол болсо керек достор.буйрук да ал,эми концертине келсек 7 кун чын эле коп го.
17.03.2014. 23:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Самаранын концертин билбедимго, бирок Толик сынчыны коргум келип журот. Ушунчалык сонун жазат. Самаранын унуу бар, ал кыз куйоосунун жардамысыз деле ырчы боло алмак, эгер кичине ойонуп иш кылса. Кой этият болойунчу откондо беш кун банда калып, же жаза албайм же сонку кабарын окуй албай, тунгуюкта калат экенсин.
18.03.2014. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aksandyk, ))))
18.03.2014. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ырлары мага жагат жакшы ырдайт коп ырчыларга караганда.
18.03.2014. 01:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
bul yrchi akchanin kuchuno salgandai ele.juma saiyn klip tarttirat go
18.03.2014. 03:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кокууууй Самаранын жолдошу Абидин мырза мн тен болсо баягы Жантай чал мн Моор дегендей эле бп калат го анда))) Самара сулуу айым, ийгиликтер!!!
18.03.2014. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бир да ырын укпапмын. А Толик сынчынын жазгандарын окуп концертке баргандай эле болдум.
18.03.2014. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ачыкы мындай ырчыны биринчи угушум. эмнеси болсода ийгилик.
18.03.2014. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ай сайын клиптери чыгып атса, биринчи жолу корушум дегенинер эмнеси. Мышык майга жетпей сасык дейт болуп атасынар.
18.03.2014. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бир гулду кайра кайра айлантып бергендим эмне пайдасы бар эми. чооон зал болсо экен билинбей калгыдай, драм театрда бат эле билинип калат да, мына уже эле айтып жатышпайбы бир гулду 6 жолу берди деп. пиар кылса да нормальный, чындыкка бир аз коошо турган пиар кылбаптыр да.....
19.03.2014. 01:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ООба туугандар менда Самаранын популярдуу ырын уккум келип жатат, мен озумду маданиятка жакын катары сезем бул кыздын кыргыз элине дун болгон ырын укпадым. Бирок эмнеси болсо да ийгилик каалайм.
19.03.2014. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Самара 1979-жылкы талантын ташкындай берсин
19.03.2014. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ар ким коруп корбой ар кандай пикирди жаза берет экен да.Чындыгында концерт башка коп концерттерге караганда эн сонун отту.Чындыгында таланттуу кыз,уну тунук.Ал эми жеке турмушу ал ар кимдин озунун иши да
19.03.2014. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Драмдын директорунан корккон драмдын артисттери, буту жерге тийбей кызмат кылышты го чиркин 7 кун бою
20.03.2014. 00:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ooba. Tuura aitasyz. Aitykcha akterloru. Jadakalsa Babur teatrynyn akterloru da terdewti). Sebebi, iwteri tuwot da..
Zzz---zzz, Samara 1979jylky emes. 1991jylky bolot.Sejitgazy,
20.03.2014. 02:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Токен катырат да, ушунчалык коргум келип журот Токемди. Сындаганда эле баштайт да "мен да концерт болот деп угуп жоноп калдым" деп.Окуп алып жыргап-жыргап, козумдон жаш аккыча кулом. Токемдин ким экенин а тугул оздорунун кабарчылары да билбесе керек ээ)))
20.03.2014. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бир да ырын уккан эмесмин
20.03.2014. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырлары сонун, чалга тиеби, жаш жигитке тиеби, ал өзүнүн иши. Биз сындай албайбыз
20.03.2014. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Манастагыдай 7 күн ырдаптыр да ))
21.03.2014. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соц тармактарында 1986 жылы торолгон деп турат го
22.03.2014. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Самара 1991-жылкы. Жолдошу озунон 25 жашка улуу. Самара менен бирге окуганмын. Чындыгында таланттуу кыз. Онорун оркундой берсин.
23.03.2014. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бир жума эсалбай карызы бардай койгонго. ийгилик анда!
23.03.2014. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oooi emne keregi bar bir ele buketti jeti jolu berip ozyn ollo zvezda sezgisi kelgen nemego el jurt baaryn koryp turatko aldap emne keregi bar eldi aldai albait ozyn ozy aldagango
24.03.2014. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да бардым Хатуба деп ырдабай эле койбоду.Озубуздун нукура ырлардан созгондо сонун болмок.Драмды ээлеп алып Бек Борбиев сыяктуу ырчылардын концерти Бабурда болду.Акыркы кундору Кыргыз драмда жакшылыктуу эч нерсе болбойкалды Жакында Роза Шукуралиеванын концертине барып уктап буто электе кетип калдык.Толик сындаса болчудай. Самара аяш атасына тийген.Озу 1991 жылкы Демоорчу кучтуу бсо жыйынтык жакшы болот.Бирок 1 чи аялына зээним кейийт!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо