МАЛАЙЗИЯДАН ЧЫККАН УЧАК ДАЙЫНСЫЗ ЖОГОЛДУ

№594 21-март-27-март, 2014-ж

7-марттан 8-мартка караган түнү Малайзиянын Куала-Лумпур шаарынын аба майданынан Кытайдын Пекин шаарына сапар тарткан Боинг-777-200 учагы 239 кишиси менен дайынсыз жоголду. Алардын 12си экипаж мүчөлөрү. «Malaysia Airlines» компаниясына тиешелүү учак асманга көтөрүлгөндөн 2 саат өткөн соң байланыш үзүлгөн. Акыркы жолу радар бетинен Вьетнам жана Малайзиянын ортосундагы Түштүк-Кытай деңизинин үстүндө учуп бара жатканы көрүнгөн.

ЖОГОЛГОН УЧАКТЫ 26 ӨЛКӨ ИЗДӨӨДӨ
"Деңизден учактын калдыктары табылды" деп 2 жолу маалымат тараганы менен, ал калдыктар жоголгон учакка тиешелүү эмес болуп чыкты.
Бул аралыкта Пекин телеканалдарынын биринен бир жигиттин борттогу агасына телефон чалганы, чакырык кетип, бирок эч кандай жооп болбогондугу тууралуу видеотасма көрсөтүлгөн. Айрым жүргүнчүлөрдүн телефонуна чалганда, "абоненттин телефону өчүрүлгөн же жеткиликтүү эмес" деген маалымат келип жатканы айтылууда.
Учакка башка адамдарга тиешелүү паспорт менен азиат түспөлүндөгү 2 жүргүнчү отурушканы да маалым болду. Бул паспорттор 2012-2013-жылдары Таиландда жоголгон европалык 2 жаранга тиешелүү экени тастыкталган.
Учак түндүк-батыш тарапка багыт алып, Борбор Азия өлкөлөрүнүн аба мейкиндиги аркылуу өтүшү ыктымал. Малайзиянын премьер-министри Нажиб Разак Кыргызстандан да жоголгон учакты издөөгө көмөк көрсөтүүнү суранып, учактын учуу багытын аныктоодо пайдаланылышы мүмкүн болгон маалыматтардын баарын билдирүүнү өтүндү.
Учурда жоголгон учакты 26 өлкө издөөдө.

БУГА ЧЕЙИН ДА СЫРДУУ ЖОГОЛГОН УЧАКТАР
Учактардын мындай табышмактуу жоголуп кетиши биринчи жолу эмес. Аба майданында из калтырбай дайынсыз болуп кеткендер сейрек болсо да, кездешип турат. Буга чейин таптакыр белгисиз болуп кеткен учактар жөнүндө төмөндө кыска маалымат:

  • 1962-жылы 16-мартта америкалык 107 аскери бар "Flying Tiger Flight" авиакомпаниясынын «Учкуч жолборс» аттуу учагы Калифорниядан Вьетнамды көздөй сапар алган. Учак акыркы жолу Гуам аралдарынан байланышка чыгып, Филиппин деңизинен дайынсыз жоголгон. Изилдөө иштери эч майнап бербей, учак ошондон бери дайынсыз.
  • "Атлантика океанынын мүрзөсү" деп аталган атактуу Бермуд үч бурчтугу учак, кеме жоголуу боюнча эч бир жерди алдына чыгарбай келет. Алардын бири 1945-жылдын 5-декабрында катталып, анда америкалык 5 бомбалоочу учак дайынсыз жоголгон. Учактар Флорида штатындагы Форт-Лотердейл базасынан учуп чыккандан 1 жарым саат өткөн соң байланыш таптакыр үзүлүп, андан ары бул учакты эч ким көргөн эмес. Андан да таң калычтуусу, жоголгон учактарды издөөгө чыккан учактардын бири да дайынсыз жоголгон.

Адилет Керимбек уулу
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(11)
24.03.2014. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайып булак
24.03.2014. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аман эсен табылса экен деп умуттонуп турайын
24.03.2014. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын тан кала турган окуя, кандайча
24.03.2014. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шумдугуң кур дегенден башка сөзүм
24.03.2014. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
денизге эле тушуп кеткен болуш керек
24.03.2014. 23:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Денизден да таппай жатышпайбы.... Ошончо изилдоочулор...жогоруда айтылгандай 2 жаран башкалардын паспорту менен самелетко чыгышкан екен...балким бул терорлордун ишидир....
25.03.2014. 08:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tarelka alyp ketken degen imiwter bar
26.03.2014. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тооба кайда кетиши мумкун кызык эсен аман табылсын деп чыдамсыздык мн кутуп олтурам
27.03.2014. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уже табылыптыр,Индия океанынын устундо жарылып андагы адамдардын баары каза болуптур...Кантип,эмне болуп жарылганы аныктала элек экен
30.03.2014. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оооба тан каларлык окуя, бирок жоголгон учактар кайра табылышы мумкунбу
07.04.2014. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tabylgan, baary tiruu
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо