Жылдыз Осмоналиева:«ЖОЛДОШУМ МЕНЕН АЖЫРАШКАН СОҢ ЖАҢЫ ЖАШОО БАШТАЙМ ДЕДИМ»

№594 21-март-27-март, 2014-ж

«Жайдын бир гана толук кезинде, Адырлуу тоонун бетинде...» деп 90-жылдары «Азия дауысы» фестивалында мекенибиздин намысын коргогон Жылдыз Осмоналиева эсиңиздедир. Акыркы убакта көрүнбөй кеткен Жылдыз айым менен байланышып, маек курдук.

– Саламатсызбы, Жылдыз эже, учурда эмне менен алексиз?
– Саламатчылык. Учурда Москвада жашайм, себеби бул жакта менин уулдарым билим алышат. Ошондуктан мен алардын жанында болуум керектигин туура көрдүм. Андан сырткары жеке ишкер катары иш алып барып жаткан учурум. Ресторандык бизнес менен алектенем.

– Сизди көптөн бери чоң сахнадан көрбөй жатабыз. Сахнаны сагындыңызбы?
– Мен сахнанын адамы бойдон калдым. Аны эч ким өзгөртө албайт. Азыр деле Кыргызстанга барганда концерттерге катышып турам. Андан сырткары Москвада, Санкт-Петербургда мага жаккан долбоорлордон сунуш түшсө сөзсүз түрдө катышам.

– Мурдагы Жылдыз Осмоналиева менен азыркы жеке ишкер Жылдыз Осмоналиеванын айырмасы бар болду бекен?
– «Убакыт өзүнүкүн алат» дейт эмеспи. Келбетимде гана айырмачылык болбосо мурункудай элемин (күлүп). Анан албетте, жыл өткөн сайын турмуштук тажрыйбаң көбөйүп, жашоого болгон көз карашың өзгөрөт экен, акылдуураак кадамдарды жасап дегендей. Калганы ошол бойдон, бала кезден чогуу өскөн досторум дале жанымда, алардын айтымында, мурдагы эле Жылдыз бойдонмун.

– Эки уулуңуз эмне менен алектенишет? Алардын сахнага умтулганын байкайсызбы?
– Уулдарым азыр студент. Улуу уулум Давлет Москванын Психологиялык-социалдык институтунда, кичүү уулум Давран болсо Федералдык коопсуздук кызматынын академиясында билим алып жаткан учуру. Давлеттин рэп айтууга шыгы бар. Менин оюмча, бул убактылуу гана кызыгуу. Бирок рэпти катыра айтат. Эгерде келечекте чыгармачылыкты тандаса, мен аны албетте, колдойм.

– Москва шаарында сиздин жакын курбуңуз, «Город 312» тобунун мүчөсү Светлана Назаренко да жашайт эмеспи. Аны менен жолугуп турасыздарбы?
– Ооба, көрүшүп турганга аракет жасайбыз. Бирок Света гастролдордон бошобойт. Орусияда аталган топ аябай суроо-талапка ээ. Ошондуктан алардын ийгилигине кубанып гана жүрөм.

– Кыргызстанды сагынасызбы?
– Албетте сагынам, ошондуктан 2-3 айдан ашпай мекенибизге барып-келип турам. Эч кандай чет өлкөнүн керемети, эң мыкты деген чет элдик курорттор Кыргызстаныбыздын бир тамчы суусуна татыбайт. Мекенибизге барганда бир башкача эс алып кайтам. Анын үстүнө ал жакта менин ата-энем, бир туугандарым жашайт эмеспи.

– Айтыңызчы, сиздин жашооңуз мындай бурулушуна эмне түрткү болду?
– Турмушка чыктым, 2 балалуу болдум. Буга байланыштуу үйдө көп отуруп калдым. Бошой калсам эле ыр жаздырып, жыйнактарды чыгарып турар элем. Тилекке каршы, жолдошум менен ажырашып кеттик. Туңгуюкка кептелдим, эми эмне жумуш кылам деген. Ошондо гана акырындан түшүнө баштадым, адам ар дайым өсүшү керек экенин. Китепти көп окуй баштадым, көп нерсени билген билимдүү адамдар менен баарлашууга умтулдум. Ошентип отуруп Орусиядагы Дипломатиялык академияны аяктаганга үлгүрдүм. Бул менин акыркы билимим деп айта албайм. Себеби адам баласы дайыма жаңы бийиктиктерди багынтып туруусу зарыл экен. Жашообузга жаңычылдык кирген сайын көнүмүш турмуш жаңы түскө боёлуп, кызыктуу боло баштаары чын турбайбы... Мисалы, мен өзүмдү эч качан карыганда жер казып, гүл эгип, короодо күбүрөнүп-шыбыранып жүргөн кемпир катары элестете албайм. Өмүр бою маданият жаатында эмгектенип өтөм деп ойлойм.

– Дагы орундалбаган тилектериңиз калдыбы?
– Баарына ыраазымын. Себеби тилегенимдин баары орундалды деп айта алам.

– Мындан ары кандай максаттар менен жашайсыз?
– Мен үчүн карьера, акча, бийлик, байлык деген нерселер маанилүү эмес. Болгону жашоомдун ар бир көз ирмемине кубанып, жөн гана өзүм каалагандай өмүр кечирүү негизги максатым. Ар бир көз ирмемден рахат алуу, жашоонун кереметин сезүү турмуштагы эң негизги нерсе экенин түшүндүм. Сөзсүз түрдө керемет жашоо кечирүүмө мага музыка жардамга келет. Себеби ал жашоомдогу эң негизги нерселердин бири, музыка дайыма каным менен тең жүгүрүп, тирүүлүктүн көркүн ачып турат. Мен музыка аркылуу ой жүгүртөм жана дем алам.

– Маегиңиз үчүн ыраазычылык.
– Рахмат сиздерге.

«Чыгармачылык менен тынбай алпурушуп жүргөн жаштык кез».

«Светлана экөөбүздүн устатыбыз Рафаил Сарлыковду туулган күнүндө Москвага жубайы экөөнү чакырып коноктогонбуз».

Гүлнара Тойгонбаева, ырчы:«ЭСКИ ЫРЛАРДЫ ЖАҢЫРТЫП ЫРДОО ЖЫЛДЫЗДАН БАШТАЛГАН»
– Биз Жылдыз менен 80-жылдары таанышканбыз. Анда Жылдыз «Аракет» аттуу топто ырдачу. Ошондон бери жылуу мамилени сактап келебиз. Ар бир учурдун өзүнүн оригиналдуу адамдары болот эмеспи. Биздин учурдун өзгөчөсү Жылдыз эле, себеби кийимге болгон табити такыр башкаларга окшошчу эмес. Анан да эски ырларды жаңыртып ырдоону Жылдыз баштады десем болот.
Жылдыз сахнадан биротоло кеткен жок. Азыр жеке ишкер катары да иш алып барууда. Эгерде чыгармачылык негизги кесиби болсо, мындан да чоң бийиктиктерди багынтмак деп ойлойм. Бирок азыркы жетишкендиктери деле аз эмес. Азыр мен Москвага барган сайын жолугушуп турабыз, анын үйүндө конок болуп дегендей. Жадакалса 1-2 жолу уюштуруучу Жылдыз болуп Москвадагы жердештерибизге концерт да коюп келгенбиз.

Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(29)
24.03.2014. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тааныбайт экем
24.03.2014. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
aiba_00, мен да сени тааныбайт экем. деги эле ушинтип коммент. жазыштын кимге кереги бар!?
26.03.2014. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aiba_00, siz Jenishbek Aytievti taanisaniz jetishtuu go deym, "Aityp koichu tansaga" degen yryn tamshanip ugup)))
24.03.2014. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ырчылар озу бир турмуш курган бойунча жашап калышбайтда сосуз ажырашышат.10% эле жашайтко ажырашбай менин ойумча.
24.03.2014. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ар дайым бар болунуз Жылдыз эже. Сиздин ырдаганыныз аябай жагат да. 90-ж кийинкилер анча тааныбайсынар да анан. Эже акыркы кундору сахнадан эмнеге корунбой кетти десе бизнес леди болуп кетиптир да
24.03.2014. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен дагы бала кезимде теледен коп угуп калчумун ырларын. Аябай жакчу голосу. Ойлонуп жургом азыр эмне менен алектенет экен супер инфо интервью алса деп, чоон рахмат сиздерге. Жылдыз эжеге ийгиликтерди каалайм, уулдарынын сый урматын корсун!!!
24.03.2014. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз! "мен өзүмдү эч качан карыганда жер казып, гүл эгип, короодо күбүрөнүп-шыбыранып жүргөн кемпир катары элестете албайм", ушул создору аябай жакты... себеби келечегине бардык жактан кам коруптур. Уулдарыныздын бактысына аман болуп, дагы коптогон ийгиликтерди жаратыныз, жашоонуз ар дайым тустуу болсун!
24.03.2014. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
90н кийин тааныйбай калганда эмес,тааныйбыз эле Жылдыз эже ийгилик сизге тим эле тааныбай,билбей калгандардыбы эх адамда.
24.03.2014. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Москвада "Салам" деген кафесине барганмын,кайсы метродокенин унутуп калдым,озу ошол жерде отуруп козомолдойткен,тамактары жаккан.
24.03.2014. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишиниз оркундой берсин.
24.03.2014. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Павелецкая метродо бул эженин кафеси.
24.03.2014. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Озбекке тийген болчу, ажырашып кетиптирда э
28.03.2014. 04:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
temirlan85, кайсы озбеке? Кошо жашап койгондой айтыпсыз го.
25.03.2014. 01:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргыздарга деле коп жакшылыгы жок кафе арендага алып иштетет адамкерчилиги пас адам
25.03.2014. 02:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Beise, сен тааныйсынбы аны?
25.03.2014. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Beise, сага БЕКЕР тамак берсе дуйнодогу эн жакшы адамга айланмак да ээ!?
26.03.2014. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
RIO., кайырчы эмесмин бирок ыйлап кордук кордук деп жургон аялдарды оз козум менен коргом сурасам ырчы жылдыз осмоналиева дешкен бул факт аялдар посолго арызданып кире албай журушкон бакиевдин убагында посольствонун кафесин иштетчу бир досу экоо кийин ал досун да кууп жиберген го
28.03.2014. 04:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Beise, значит досу иштей албай койгондур да. Москвада ото кыйын да бизнес кылыш, дос чар, тууган урук деп оозун ачып конулуно карап отура берсен иш алга журбойт да. А ал эми бул эжебиз эки баласын багып окутушу керек. Тиги аялдар посольствого кире албаса, анда кайтагы самтыраган озуно озу болуша албаган немелер го.
25.03.2014. 02:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай адам экенин билбедим го,бирок таланттуу эже экенин билем.
25.03.2014. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мунозун озумо окшоштуруп койдум!Ийгилик Жылдыз эжени коштосун!!!
25.03.2014. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Москвада салам деген кафеси бар Павелецкий менен пролетарская метронун ортосунда тамак ашы жакшы музыканттары начар ийгилик сизге унунуз тунук жакшы ырдайсыз
25.03.2014. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жылдыз эже саламатсызбы! кафенизге ырчы же болбосо колунуздан устат чыгарбайсызбы, анткени мен жашоомдогу бир максатым ушул.
25.03.2014. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
бул ырчы сорой эжеша бизди москвада жумушсуз калтырган. посольстванын кафесин тартып алган. ал жерде 40 дай кыргыздар иштечу элек баарыбызды куураткан бул катын. тартып алгандан кийин озунун орус досторун иштеткен(((((
28.03.2014. 04:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurperi8981, посольстванын кафесинде орустар иштегенин корбогон экем. Кантип эле 40кыргызды айдап орусту алып алсын. Айдаган чакта да бир себеби бардыр. Мумкун жакшы иштебегендирсинер. Азыр заман ушундай болуп калбадывы. Колунан келсе тартып ал, иштет бироону, башкар, башта. Бирок адамгерчиликти унутпоо керек.
25.03.2014. 21:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Юлдуз Усманованын кафеси экен деп, барсак Жылдыз Осмоналиева озу отурат козомолдоп, озу айткандай жонокой эле экен,бошогон столдорду жыйнап келгендерди отургузуп официанттардай эле жургонун коргом.
25.03.2014. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бекер тамак сураган кайырчы эмесмин кафесинде иштеп акысын ала албай ыйлап посолго кирип арызданабыз деп жургон аялдарды оз козум менен коргом кылык жоругун угуп тан калгам аябай
26.03.2014. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
союздун убагындагы ырчы 2-3 ыры бар сурангандарга ошону ырдай берет деп угам чындыкты бетке айткан жакшы
28.03.2014. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой тообо , силерге мурду эмне кылып жатат эми ? Баарыбызды кудай жараткан , келбетине сын такканга акыбыз жок !
28.03.2014. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kolya121212, lolo,
Кимдир-бирөөнүн өздүгүнө асылып, кемсинтүүгө тыюу салынат! Эскертүү!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо