БОЗО КАНДЫ КӨБӨЙТҮП, АДАМДЫ ТОК КАРМАЙТ

№594 21-март-27-март, 2014-ж

Элибиз дандан жасалчу бозонун ден соолукка тийгизер пайдасына карап илгертен салып келет. Азыр көптөр бозо салуу ыкмасын биле беришпейт. Бул жаатта Гүлбарчын Карабаева бозо салуунун сырларын сиздер менен бөлүшмөкчү.

«25 ЛИТР БОЗО САЛЫП, 600 СОМДОЙ ПАЙДА КӨРҮҮГӨ БОЛОТ»
Баш каарманыбыз ГҮЛБАРЧЫН бозо тууралуу мындай дейт:
– 9 жыл мурун 3 эм балдарым туулуп, телчиге баштаганда алардын да, өзүмдүн да кандагы гемоглобинибиз аз экендиги билинди. Ошондо «баарыбыз дары ичкенден көрө, бозо пайдалуу» деп бозо салып баштагам.
Бозону дандардан, мисалы, таруу, буудай, жүгөрү, арпадан салса болот. Мен таруу менен жүгөрүнү аралаштырып жасайм. Жүгөрү шактын килограммын базардан 20 сомдон, таруунукун 35 сомдон сатып алам. Даяр угуттун килограммы 70 сом, ал эми 1 килограмм ундуку 36 сом (1-сорт). 25 литр бозо үчүн 3 килограмм таруу, 3 килограмм жүгөрү шак, 200 грамм угут, 150 грамм ун керек. Тоң май ар үйдөн табылат. Ошондо баары үчүн 184 сом чыгымдайм. Дүкөндөргө литрин 30 сомдон өткөрөм (алар 40 сомдон сатат). Эгер ичпей, баарын сата турган болсом 25 литрден 750 сом түшөт. 750 сомдон 184 сом чыгымды алып салсам, 566 сом таза пайда көрөм. Үйүндө бозо ачыткысы жоктор 1 литр бозо үчүн 184 сомдон тышкары дагы 40 сом чыгым тартат. Бозону күчтүү салгысы келгендер угутту көп салса болот.

КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ АЗЫКТАР:
25 литр бозо үчүн 3 килограмм таруу, 3 килограмм жүгөрү шак, 1 литр ачыткы (мурунку бозодон), 200 грамм угут, 150 грамм ун, 1 аш кашык тоң май, керектөөгө жараша суу.

1-КАДАМ – ШАКТЫ АЧЫТУУ
Алгач бош чакага таруу салынып жуулат.

Жуулган тарууга жүгөрү шак кошулуп, үстүнө 200 грамм ачыткы куюлат.

Булардын үстүнө кол күйбөгүдөй кайнаган сууну куюп, аралаштыруу кажет. Башкача айтканда, шак боткодой болуп чыланат. Эми чаканын капкагын жаап, шакты эртең мененкиге чейин ачытууга коёсуз. Бөлмө муздагыраак болсо, үстүн жылуулап жабууну унутпаңыз.

2-КАДАМ – ШАКТЫ КАЙНАТУУ
Эртең менен газга чоң кастрюлду асып, ысытып алган соң ичине тоң май салынат. Ал эригенде унду салып, кызарта кууруп алуу керек.

Анан үстүнө 1 литрдей кайнак суу куюлуп, толук бир кайнатылат. Кайнаган соң 24-25 литр суу куюлат. Суу шар кайнаганда ачытылган шакты кошуп, түбүнө тартып кетпөө үчүн тынбай аралаштыруу абзел. Шак боркулдап кайнап чыккандан кийин отту жайлатып, 1,5 сааттай кайнатуу зарыл. Анан оттон алып, муздатылат. Даяр болгон шактын үстүнө угутту салып, 800 граммдай ачыткы куюп, аралаштырылат. Үстү жабылып, кайра түнү менен ачытууга коюлат.

Эскертүү! Угутту ысыгында салса, бозо кыйгыл болуп калат.

3-КАДАМ – БОЗОНУ СҮЗҮҮ
Эртеси эртең менен буркулдап ачыган бозо сүзүлөт. Сүзгөнгө капрон баштык жана 3 идиш керектелет (бозо сүзүүгө, сүзгөндө чыккан топту салып турууга жана бозону актоо үчүн кайнатылган жылуу суусу бар идиш).
Шак четинен сузулуп, баштыкка салынып, кол менен мыжылып, сүзүлө баштайт.

Бозо жакшы акпай баштаганда баштыкты ичинде жылуу суусу бар идишке салып, дагы мыжыкса бозо дагы чыга түшөт. Бул бозону актоо делет. Баштыкта калган топ өзүнчө идишке салынат. Иш ушул калыпта уланып, бозо сүзүлүп бүтөт.
Бозо даяр. Акырында бозо акталган суудан бозонун үстүнө куюп, суюлтуп алса болот.

УГУТТУ ӨНДҮРҮҮ
Угут – өндүрүлгөн дандан (арпа, буудай, таруу ж.б.) даярдалган ачыткы. Белгилүү өлчөмдөгү дан баштыкка салынып, ага жылуу суу себилип, жылуу жерге думбаланып коюлат. Дан көөп, өнүп чыга баштаганда жаргылчакка же эт майдалагычка тартылат да, анан кургатылып, сакталат.

КАНДЫ КӨБӨЙТӨТ
Кыргыз улуттук гематология илим изилдөө институтунда бозонун пайдалуу сапаттары изилденген. Анда бозонун курамында белок, май, көмүртек, микроэлементтер, витаминдер бар экендиги аныкталган. Бозо ичтейди ачып, тамакты жакшы сиңирип, кандагы гемоглобинди көбөйтөт. Андыктан аз кандуулукту дарылоодо бозо мыкты суусундук. Ашказан менен ичегини жакшы иштетип, чарчоону жазып, адамдын жалпы абалын жакшыртат.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg


Бозо канды көбөйтүп, адамды ток кармайт

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(80)
24.03.2014. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен Крда эместигиме байланыштуу бозонун ачыткысын таба албай койдум,мындай учурда кантип ачытса болот?
24.03.2014. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Бозону коп ичсен да болбойт,кийин барып спирт ичимдигине тарта баштайт.
24.03.2014. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бозонун пайдасын билген бар,билбеген да бар. Коп нерсеге пайда.
24.03.2014. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
угут эмнеден жасалат
24.03.2014. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ayzharkyn, угут буудайдан жасалат
24.03.2014. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бозо чындыгында канды бат которот. Озгочо спорт менен машыккандарга жакшы булчундарды кенейтет. Кузундо ар турдуу грип ооруларынан сактайт. Нервди жумшартып адамдын тамакка болгон табитин ачат.
24.03.2014. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Dadasdasd эмнеле чала молдо болуп атасын. Бозо биринчиден улуттук суусундук. Эч КАНДАЙ ичимдикке жакындашпайт. Арам менен адалды ажырата бил иним. Болбосо жашоодо коп окуносун
Модератор admin_media түзөттү 25.03.2014 10:11
25.03.2014. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sonun90, бозо ичсе болбойт деп озу чыгарды дейсинби.Чубак ажынын айтканы бар "бозо ичкен арам" деп
24.03.2014. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бозону ошондой эле куручтун акшагынан салса да болот. Тон май кошуу зарыл эмес. Угутту буудайды ондуруп, анан эт туурагычтан тартып, анан кургатылганын айтат угут деп. Уй шартында озубуз деле жасап алсак болот. Эгер зээриксенер базарда сатылат
24.03.2014. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Sonun90, Керек болсо мен мындай дей алам Бозонун, чочконун, арактын, зааранын арам экенинде айырма жок. Улуттук болмоктон болсун. КР муфтияты фатва берек Бозо арам и соз тамам.
25.03.2014. 02:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dadasdasd, сен ичпесен ичпей эле кой, иче тургандар ичет. анда сага кымыз да арам болсо керек, ал да ачытылат , кээ бири бозодон да кучтуу.
25.03.2014. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Dadasdasd,

Кымыз арамга киреби же адал тамакка киреби? Ушул нерсеге так маалымат берип коесузбу. Рахмат.
25.03.2014. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Wave., Кымыз бозого окшоп ар нерсе кошулуп ачытылбайт, бээнин сутунон оз колун менен бышырасын чаначты ургулап, арам эмес так что бозо менен кымызды салыштырба.
27.03.2014. 05:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Byshakov, чаначты ургуласан да акыры орустардын созу менен " брожение" журот, демек эки ичимдикте тен спирт пайда болот. Бозону да оз колун менен жасасан болот.
25.03.2014. 09:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ММММммммм бозо. быйыл мен дагы мамамдын бозосун ичип тилимден кетпей жатат. мамамдын бозосу башкача таттууу мммм
28.03.2014. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zolotiwka, мамандан канча бозо чыгат
25.03.2014. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Шариятта башты айлантып ичти ысыткан ичимдиктер арам делген эгерде оорулууга врач же табып арам делген ичимдиктер дарычылыгы болот десе колдонсо болот оорусунан айыкканча албетте иштердин баардыгы ниеттерге жараша болот Бозону мас болойун же дары кылайын деп жасасан неетиндей болот
25.03.2014. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Manap_kg, Шарият менен озунуз жашаныз , Ар бир адам озу билет , Коз караш шариятыныздын жобоосун тануулап жараян кыла бербегилечи ..
25.03.2014. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Baktyyar,Албетте ар бир адам кыяматта озу учун жооп берет Айтмакчы чон атан ЛЕНИНдей чон молдо болгон го
SUPER.KG видео
25.03.2014. 23:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Кандын азайып кобойгону , кандын курамындагы гемаглобинден коз каранды . Бизге HB болгону эттен гана алабыз. Бозодон HB албайбыз, жок дагы. Анан да бозо исламда ТЫЮУ салынган.
SUPER.KG видео
26.03.2014. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
..."бозо" ачытылып жасалган суусундук, жана мас абалга келтирет...ошондуктан ИСЛАМда тыюу салынып, харам болуп эсептелет !!! Харамдын кобу дагы, азы дагы харам! Ошон учун ичкенге мумкун эмес...кичине ичсе эч нерсе болбойт деп арак, пивону дагы ичип журо бербегиле - ХАРАМ! Ошондой эле бозо дагы ХАРАМ!
P.S. ал эми кымыз харам эмес...биринчиден жаныбардын сутунон жасалып, составында спирт жок жана ичкенде мас кылбайт, а жон эле ныксыратат...
26.03.2014. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ичеби ичпейби ар кимдин оз иши бирок бозо арам ишенип коюнуздар аны дары иретинде колдонсо да арам бул жакта талаш болушу мумкун эмес а кымыз адал муну биз чечкен эмеспиз даже мин эсе кучтуу болсо да кымызда спирт бар бирок ал суттогу спирт. кандай аталарын унутуп калдым бозо пайдасы пайда озунор билгиле
27.03.2014. 05:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tokitok, спирт сутто болобу, аракта болобу, бозодо болобу , баари бир спирт болуп эсептелет. андан анын химиялык формуласы озгорбойт.
26.03.2014. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арам-адал деп талашып аткандар эгер катуу суусап турганынарда жанынарга музздак бозону сунушташса жон эле бир которуп жутуп койосунар.Обу жоктонбогулачы болду!!!
26.03.2014. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бозону кымызды кыргыз эли мусулман дини пайда боло электе ичип келишкен бул ата бабаларыбыздан калган суусундук. Ал эми адал арамга келсек эгерде шариятта адамдын кыгы адал болсо жейт беленер
27.03.2014. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чубак ажы Жалилов айтмакчы:"Бозо -арам,арам жана дагы бир жолу арам".Гемоглобинди башка нерсе менен деле которсо болот,ичин ооруса аракка туз кошуп ич деп,кээ бирине бозо,арак-мин дартка шыпаа болуп баратат.Тообо,бозону адал дегенден коркпогондор кобойду.
28.03.2014. 01:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол эле шариятта бар дартка чалдыгып дарылык иретинде кээ бир тыюу салынган нерсени колдонсо болот деп.Бозонун туру бар жумшак,орто,кучтуу делинип.Кымыз да ошондой.Эми мас болоюн деп ниетинди бузсан ал арам иш.Кыргыздарда деле эч качан ачуу кымыз мн ачуу бозону каалаганча ичип кулап кал деген эмес.Кайсы бир биздин диний кызматкер айткан,кыргызчылык мн Ислам95%окшош деп.Ашынуунун кереги жок.
28.03.2014. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бозобу бозо эмеспи эн негизгиси Аллахты унутпагыла.
SUPER.KG видео
28.03.2014. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ой тобоо,силерге айла жок экен.бозо болбойт,болот деп кырылышкыла.ар ким озуно жооп берет кудай алдында.биринчиден "харам"эмес арам го менимче кырыгзчасы.азыркылардын копчулугу комерсант молдолор,алар ар кандай создорду чыгарып элдин башын айлантып жатышат,чыныгы молдолор баарын тушунуу менен карайт.анда мурун илгеркилер шарап ичип журушкон го алардын курамында "спирт"жок экен да э?койгулачы болбогон созунорду,мусулман болбой калдын дегендерге кошула албай "извините".мен билгендерден эле мурунку
SUPER.KG видео
28.03.2014. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кыз зордоп таштап кеткендер,автомат ойногондор калп молдо болуп журушот.ошондуктан ар бир инсан озуно озу жооп берет,ошондуктан болбогон нерсеге куноого батпай,жакпаса ии ушундйбы деп окуп,коруп койгула достор.тушуном ар ким оз оюн айтат бирок чектен чыгып"харам"деп жаза бербегиле.
SUPER.KG видео
28.03.2014. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бозону итиме да бербейт элем. Алкаш тайган ууга жарайбы?
29.03.2014. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бозо,кымыз,чанкоону кандыруучу улуттук суусундук.Бозо ичуу куноо эмес.Анда кара жузумду да жеген куноо дегиле,андан вино жасалат.Мисалы:Жазылгандарга карай турган болсок жылкынын эти адалга кирбейт,ал ача туяктуу эмес,кымыз да арам болуп калат.Бирок Кудай алдында ден-соолука зыяны жок болсо анын баарын жегенге болот.Баарынан да дилибиз,руханий жан дуйнобуз таза болсун.Кудайым биринчи журокту карайт,денени эмес.
29.03.2014. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
only_progress, Сен кечирип кой. Өнүгүү деп өзүңдү атаганың менен, артта калбайын деп Суперге киргениң менен. Бари бир оюң төмөн экен. Ача туяк деген эрежең шарыятта жок. Чочко ача туяк ко. Анан жүзүм менен ачып, кычып кеткен бозону салыштырба.
29.03.2014. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арам нерсени арам деп айтып силер оз милтенинерди аткардынар.Ал эми жарандар оз денгелине жараша тыянак чыгарып алышат,талашканда пайда жок.
29.03.2014. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бозону харам деп айтууга каршымын! Ден-соолук учун пайдалуу болсо эмнеге четке кагабыз!
Баса, бозо сүзүү үчүн атайы аспап бар! керек болсо мага купуяга жазгыла!
29.03.2014. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
laki, Ошол аспабың менен бешиктеги шимек, пампесртин айылмасы жок. Үчөө тең арам нерсени сүзөт.
15.01.2015. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dadasdasd, арам арам дей бербечи биз озубуз билебиз ичебизби ичпейбизби. Бул биздин ата-бабалардан калган касиеттуу суусундук!
Модератор admin_superstan түзөттү 16.01.2015 10:23
16.01.2015. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
asha302, башкалардын улутун кемсинткен билдирүүлөрдү жазуудан алыс болуңуз.
30.03.2014. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
охо биринин кошуну бирин жеп албагыла бозо арам, адал деп жатып
SUPER.KG видео
01.04.2014. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ии ххх ххх мобу адам. Бозону итиме да бербейт элем дейт. Кана ушундай эле арам болсо Супер инфо да кошумчалап коймок ой эскертуу бул арам деп. Гезитте да мен менен сенден акылдуурак адамдар иштейт. Биз экообуз эле элдин пикирин озгортуп кое албайбыз. Эл билет эмне арам эмне адал экенин
Модератор admin_media түзөттү 01.04.2014 15:01
17.04.2014. 02:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бозону арам деп аткандар,омурунордо бир да ичип корбогонсунорбу ал суусундукту эмне?!Шаардыксынарбы же баарынар?Аларды го тушунсо болот бозону даярдаганга анчалык шарты жок чыгаар.Сендвич менен энергетический напитокторду ичип журо бергиле анда баарын.
16.06.2014. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таттуу бозону( жаны сузулгон) ичсе болот ал башынды айлантпайт. Ачып кеткен бозону ичсе арам деп уккам себеби ал башынды айлантат.
19.03.2015. 07:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен бозо салам бугун, келип ичип кеткиле.
08.08.2016. 01:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бозо эн жакшы суусундук
01.05.2017. 04:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Москвада бозону кандай жасаса болот билгендер айтып койгулачы
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо