Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ТОЙ, ТОЙДОН КИЙИН «БОЙ»

№594 21-март-27-март, 2014-ж

Табиятынан болсо керек, мырзаларыбыз тез эле чогула калып той уюштуруп жибергенге эптүү келишет. Сеп этип алган жигиттер дароо эле арстанга айланып, алдынан ким чыкса да балжа-булжа кылууга даяр болуп калышат эмеспи. Шоу-бизнестин айрым жигиттери менен ушул теманын тегерегинде баарлаштык.

Ынак Осмоналиев:«БИР МАШИНА ТОЛТУРА БАЛАГА ЖАЛГЫЗ ӨЗҮМ ЧЫКТЫМ»
– 2000-жылы Таласта кафеде ырдачумун. Автандил деген досум башын канжалатып, «балдар төпөштөп кетти» деп кирип келди. Алардын кеткен жагын акмалап барып автобекеттен таптык. Алар көп экен, экөөбүздү кайра сабап салышты, менин мурдумду сындыргандары аз келгенсип, башымдагы норка тумагымды да алып кетишиптир.
Дагы бир жолу Кара-Буура районунда гастролдоп жүргөм. Бир айылдан чыгып жолдо баратсак, алдыбызды жүк ташуучу чоң машина тороп калды. Ичи толтура балдар. «Арак куйгула, акча бергиле, анан бийчи кыздарыңарды таштагыла» дешти. Аябай жиним келип, бир машина балага жалгыз өзүм чыктым. Жанымдагы балдар коркуп машинадан чыкпай коюшту. Ошентип, таяк жедим. Бирок андан аркы гастролду көгөргөн бетиме тоналдык крем сүйкөп алып уланта бердим.

 

 

 

Мирбек Иманбеков:«КАЧКАНГА АРАКЕТ КЫЛСАМ ДА БОЛБОЙ КАЛДЫ»
– Ырчы болуп таанылып калганда бир тойго конок катары барып калдым. Той, тойдон кийин «бой» болду да. Тойго келгендердин көбү сыртка чыгып үйлөрүнө тарап жатышкан, досторум да чыгып кетишкен. Мен эмнегедир жалгыз калыптырмын. Чала тааныш балдар мага «секире» башташты. Ошентип, бешөө жабылып ортого алып тепкилеп кетишкен. «Мастан жинди качып кутулуптур» дешет го, качканга аракет кылсам да болбой калган. Убагында кек сактап таарынгам, кийин унутуп калдым.

 

 

 


 

Камчы Сарыбаев:«ТЕПКИЛЕП ТУРУП ЛИФТКЕ САЛЫП ЖИБЕРГЕНБИЗ»
– Андан бери бир топ эле убакыт өттү. Бир жолу «Дем» театрынын жигиттери фестивалга Алматы шаарына барып калдык. Кетчү маал келип, казак актёрлору бизди узатып майрамдап жатканбыз. Элден мурда бирөө мас болуп алыптыр. Бир жерде отура албай, кирип-чыгып бизге тийише берди. «Бир эмес, эки президентти кубалап жибердиңер» эле дей берди, саясатты сүйгөн неме окшойт. «Болду эми тилиңди тарт, токтот» десек деле болбойт, баарыбыздын маанайыбызды түшүрдү. Жиним келип залдан бир чапсам кыйкыра баштады, анан башка номерге алып кирип былчылдатып салдык. Эсин оодарып туруп лифтке салып, ылдыйкы кабатка жөнөтүп жибердик да, өзүбүз кетип калдык.

 

 

 

 

Бакыт Байсариев:«КӨПТӨП КЕТЕБИ ДЕП КОРКТУМ»
– 3 жыл мурун бирөөнүн туулган күнүн куттуктап коёюн деп кафеге киргем. Бир аз отуруп эле чыгып баратсам бирөө келип жөөлөп кетти. Мен «эмне жөөлөйсүң?» деп барып катуу түртсөм жыгылып калбаспы. Ары жактан дагы бирөө чуркап келип, «жүрү сыртка» деп киришти. Сыртка чыкканда көптөп кетеби деп коркуп, бирөөсүн капыстан муштап жибердим. Ал бетин басып отура калды. Дароо досторго телефон чалдым, алар жакын эле жерде болушчу. Тигилер менен жакалашып калганда досторум келишти. Алар келгенде тигилер өздөрү эле четке чыга беришкен.

 

 

 


 

Кутман Жолдошев:«АСКЕРДЕН КЕЛГЕНДЕР ТАЯК ЖЕП КАЛЫШКАН»
– Азыр кандай билбейм, биздин учурда аскерден келгендер менен кетип жаткандар мушташышчу. Аскерден келгендер кетип жаткан бизди тарбиялайбыз дешиптир, эки жак сайдын жээгинде саат мынчада жолугабыз деп сүйлөштүк. Арабызда сеп этип алгандар да бар болчу. Алар бизди эмес, биз аларды тепкилеп салдык. Анткени алар бизге караганда аз болчу. Ал кезде мен спорт менен машыкчумун. Бирок аскерден келгени кичүүлөр менен мушташкан жокмун.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(10)
24.03.2014. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мындай уруштар гоп гездешет бизде колунан гелбей тилинен гелген балдар эч жакбайтда.озу олойун деп турса деле сайыла берет.
24.03.2014. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bilimduu mindi jygat bilektuu birdi jygat
24.03.2014. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Камчынын окуясы абдан жакты да
24.03.2014. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Той,тойдон кийин "бой"деп аталышы эле сонун болуптурда.Негизи бизде тойдон кийин созсуз бой болот эмеспи.Ансыз скучно болуп калса керек
24.03.2014. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
pakistanka meyli debewke arganarda jokda.
24.03.2014. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
RIO.,
Сизге эскертүү! Темага тиешеси жок билдирүүлөрдү купуя менен жазып койсоңуз болот!
24.03.2014. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ии мен темасын окуп кызыгып кире калыпмында
25.03.2014. 00:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Elnuram090, korso chunugu boy eken desen))
27.03.2014. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иманбеков тууралуу баттан кабар берип,жазып турунуздарчы суперлер!Ато коп чыкпайт,сагындырып.
30.03.2014. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чындыгында бизде той, тойдон кийин "бой". Биздин деле баштан коп отот...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо