Нурлан Насип, «Супер ырчы мырза» наамынын 2 жолку ээси:«ҮЙЛӨНГӨН ЫРЧЫЛАРДЫН ӨЧҮП БАРАТКАНЫН КӨРҮП ЧОЧУДУМ»

№594 21-март-27-март, 2014-ж

Нурлан Насип жаңыдан сахна босогосун аттаганда ушул жаатта өнүп-өссөм, мага куттуу сахнадан насип кылсын деп Насип деген ысым менен чыккан. «Жаштын тилегин берет» дегендей, ырчы андан бери канчалаган хит ырларды жаратты, күйөрман күттү.

– Нурлан, Америкага кетип жатыптырсың, кепти ушундан баштасак...
– Ооба, Америкадагы мекендештерибизди Нооруз майрамы менен куттуктап, чоң программадагы шоу-концерт тартуулайбыз. Эки айдан бери эле жүрөгүм дүк-дүк болуп даярданып жүргөм. Көптөн бери күткөн күн да келип жетти.

– Америкада калып калуу оюңда жокпу?
– Мекенимди сүйөм, кетпейм. Буюрса, үйлөнсөм келинчегим менен АКШнын тузун татып, суусун ичип, таттуу мүнөттөрүбүздү өткөрсөм дейм.

– Келинчек демекчи, жеке жашоо кандай?
– Жеке жашоо гүлдөп жатат. Жаз келип, кыздар ачыла баштады дегендей. Алар менен таанышып, сүйлөшүп чогуу жүрсөң азгырылып кете бересиң, ошондуктан убактымды, багытымды, өзүмдү чыгармачылыкка арнайын деп чечтим. Үйлөнөйүн деген ойлорумду жакынкы күндөргө бышырып койгон элем, бирок шартка жараша кайра артка жылдырдым.

– Эмне себептен артка жылды?
– Эмнегедир үй-бүлөлүү болууга шашыла берчүмүн. Анан үйлөнгөн ырчылардын чыгармачылыгы өчүп баратканын көрүп, коркуп кеттим. Шашылбай, андан көрө көбүрөөк иштеп алайын деп калдым.

– Ырчы Асел Кадырбекова экөөңөрдүн кыз-жигит экениңерди билебиз, качан ачыкка чыгасыңар?
– Асел экөөбүз чыгармачылыктагы жакын достордонбуз. Кимибиз кандай ыр жазсак чогуу угуп, сын-пикир айтышып, колдоо көрсөтүп келебиз. Ортобузда эч кандай мамиле жок.

– Сүйүүдө кандай адамсың?
– Ачыгын айтсам, кыз жандуумун. Сулуу кыз көрсөм бурулуп карамайынча кете албайм. Бирок канча сулуу мени арбабасын, бура бастырбай артыман ээрчибесин, жүрөгүмдү энчилеп койгон адамымды унутпайм.

– Кандай кыздардан ирээнжийсиң?
– Өзүн шалтак-балтак алып жүргөндөрдү көргөндө кыйналып кетем. Сүрөткө түшөлү дегенде кыздардын көңүлүн оорутуп албайын деп баш тартпайм. Ошол кыз мындай чыгып эле тамеки тартып, сөгүнүп жатканын көрүп жүрөгүм түшүп калат.
Апам – менин кумирим. Дайыма «тарбиясы жакшы кыз ал» деп какшайт. Анын сөзүн эки кылбайм деп ойлойм. Апама окшош кыз алсам өкүнбөйм.

– Адам ишинде кайсы бир деңгээлге жеткенде өзгөрүүгө туш болот, сен мындай учурду башыңдан өткөрдүңбү?
– Мен билем, адамды көп акча, мактоо, атактуулук өзгөртөт. Биякка келсең «сен укмуш болуп жатасың» деп макташат, тиякка барсаң акчаң көп, анан адам өзүн көзөмөлдөй албай калышы мүмкүн. Мен дайыма өзүмө анализ жүргүзүп турганга аракет кылам. Бирөө жарымдын үстүнөн чоң сүйлөп аламбы деп корком.

– Ошентсе да мурунку Нурлан менен азыркынын айырмасы бар да...
– Жаңы чыгып жатканда ким кайсы көрсөтүүгө чакырбасын жетине албай сүйүнүп, болгонун болгондой төкпөй-чачпай айта берчүмүн. Азыр жеке жашоомду жаап-жашырып, жымсалдап калдым.

– Белгилүү болушуңа продюсериңдин салымы чоң болуш керек?
– Албетте, ал кишинин эмгеги чоң. Канат байкенин (ред. Канат Кадыржан) «ишти мындан баштайлы, муну мындай кылалы» деген идеяларын угуп, жаагым ылдый түшүп калган болчу. Беш жылда көптөгөн ийгиликтерди багынттык. 2 жолу жылдын «Супер ырчы мырзасы» наамын алдым.

– Бирок иштешпей калбадыңарбы...
– Анткени ортодогу келишимибиз аягына чыкты. Жалгыз иштеп көп адамдар менен бетме-бет сүйлөшүп калат экенсиң. Гастролдоп жүргөндө, интервью бергенде үстүмөн бирөө көзөмөлдөп турчу, азыр андай эмес. Бир чоң дептер алып алгам, унутуп калбаш үчүн күнүмдүк жасалчу иштеримди, чакырыктарды жазып коюп жатам. Эртең менен ишим дайыма ошол дептеримди кароодон башталат. Бирок жакынкы убакытта кайрадан иштешүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

– Айрым ырчылар продюсеринен кеткенде дароо чыгармачылыгы солгундай түшөт. Сен да төмөн түшүп кетпейсиңби?
– Адатта ал ырчыларга продюсери бут тосот. Мага Канат байке «Кудай алдында сөз бердим, сага бут тоспойм» деди. Экөөбүз башкалардай урушуп-талашкан жокпуз. Жакшы ырларды жаратсам деле бут тосуулар болсо жок болуп кетишим мүмкүн. Бирок мындан коркпойм. Анткени мени унутпай турган күйөрмандарым, элим бар.

– Ырга кызыккан жаштар жардам сурап кайрылышабы?
– Андайлар көп. «Мен ырчы болгум келет, жакшы ырдайм, мындай ыр чыгаргам» деп эле телефондон ырдап киришет. Андайда өзүмдү аябай кызыктай сезем. «Бек Борбиев сыяктуу улуу агаларыбызга барып көрбөйсүңбү, мен деле жаңы чыгып келе жатам го» дейм. Кафеге ырдагысы келсе, студия издеп жатса багыт берип, кеңешимди айтам.

– Ырларыңдын бардыгынын мазмуну сүйүү темасында, башка темаларга деле кайрылуу оюңда барбы?
– Бул табияттын талабы окшойт. Жаштык, бойдокчулук, кыз жандуулугум сүйүү темасына кааласаң да, каалабасаң да алып келип коёт экен. Олуттуу темаларга кайрылуу туурасында апам да айтты. Апам – менин айылдагы продюсерим. «Айылың, Токтогул жөнүндө качан ырдайсың?» дейт. Кезектеги ырым туулган күн жөнүндө. Угармандарым жакында күбө болушат.

– Айылга барганда каалагандай эле басып-тура бересиңби?
– Айылга барганда кооз кийимдерди кийип, машинаны чаң ызгытып айдап элге көрүнгөндү жактырбайм. Кадимкидей малды сугарам. Үйүм мектептин жанында, бир жолу өтүк кийип мал сугарып жатсам, окуучулар келип мени карап турушат. «Сизди теледен көрдүк, тиги ырды ырдадыңыз» деп жатышты. Өзүмдү абдан ыңгайсыз сездим. Эл караса эле туура эмес кийинип алдымбы, бир жерим айрылып калган жокпу деп ойлоно берем. Жыл сайын жазында Токтогулга концерт коюп барганда, туулган айылым Терек-Сууда бекер концерт берип, бата алып келем. Быйыл да ошондой болот.

– Рахмат маегиңе.

«Чогуу иштешип жүрүп, продюсерим экөөбүз далай бийиктиктерди багындырдык».

«Кумириң ким?» деген суроо берилсе, «апам» деп жооп берет элем. Ал мен үчүн идеалдуу адам».

«Жакындарымдын айтканын, мага берген баасын кулагымдын сыртынан кетирбейм».

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Продюсерим "бут тоспойм" деп сөз берген" дейт Нурлан Насип

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(74)
SUPER.KG видео
24.03.2014. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурлан чынында мыкты жигит, мыкты аткаруучу!!! Ар дайым бар бол!!! Ал эми бул интервью алып жаткан кыз ото эле жасалма. Ар бир сөзу жаттап алган, баарлашуу, диалог катары алып барса балким кызыктуурак болмок алган интервюлары. Байкуш Нурлан эле күлүп, жандуу кылганга аракет кылыптыр!!!!
SUPER.KG видео
24.03.2014. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик каалайм.
24.03.2014. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыгармачылыгын осо берсин,ийгилик азаматсын!!!!!
24.03.2014. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аккоердон кармаган атасы окшойт,аябай окшош экен. Ийгилик
24.03.2014. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик каалайм,иничек.
24.03.2014. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен суйоом Нурланды
26.03.2014. 23:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Oceana, мага да абдан жагат.тиштеп эле койгун келет.шипширин бала да.уйлонбой тур азыр эрте.
24.03.2014. 21:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Азамат,Америкада копчулук жердештерин суйунуп жаттык эле коробуз деп, Алтынай эже баш болуп концерт койот деп, майрамдык маанайыбыз очуп калды, ийгиликтер коштоп журсун!!!
24.03.2014. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жонокой сон-нун жигит да
25.03.2014. 00:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аябай жөнөкөй жигитда сүйөмго ушуну
25.03.2014. 00:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик !!!Сыймык Бейшекеевтей олуттуу ырчы бол!!!
25.03.2014. 01:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nyrlan krsavchik suilaim julduzdyy jigit.
25.03.2014. 01:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик чыгармачылыгын оркундой берсин.Ар дайым эл алдында жакшы ырларды жаратып журо бер!
25.03.2014. 01:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыгармачылыгына ийгилик!дагы да осо бер.
25.03.2014. 08:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул жигит суйлогонду уйронуш керек экен. мыкты суйлоо учун китеп коп окуу керек. силер эл адамы экенинерди унутпагыла.
25.03.2014. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мынча сонунсуз байкеси...Эх)))
25.03.2014. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озунчо эле жожо да жожо кебетесинен го
26.03.2014. 08:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы алга
26.03.2014. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурлан чынында эле жылыга туулган айылы Терек-Сууга келип бекер концерт коюп турат,ушундан жазба иничек.
26.03.2014. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын красавчик алга!
27.03.2014. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйом го суйом..))
27.03.2014. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nargizkesha,
Саламатсызбы! Насипбек атасынын аты http://www.super.kg/article/?article=14525
27.03.2014. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молодчик
27.03.2014. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Маек курганды эми кичине өздөштүрө баштаптыр, мурда өзү айтмакчы, баарын төгүп-чачып коёт болчу.
Ушул баланын жүрүм-турумун негедир кызга эле окшото берем.
Анан дагы намаз, дин жөнүндө кеңири түшүнү бар болуп туруп, ырдап чыкканы адамды таң калтырат..
28.03.2014. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сахнадан насибинди терип жеп журобер.Ийгилик калайм.Дайим жаны ырларды кутуп калабыз
SUPER.KG видео
28.03.2014. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сыртынан жакшы бала деп ойлочумун. Откондо америкада барда бир кыз менен коргондон кийин ойлор озгорду. А так зор жигит
SUPER.KG видео
29.03.2014. 01:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага да уну аябай жагат, ийгилик!!!
SUPER.KG видео
29.03.2014. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Борончуга окшоп кетет,бирок жылдыздуу бала.
SUPER.KG видео
06.04.2014. 03:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
америрикага жашагысы келет го баланын ушуну айтпай эле койсо болот эле жигиттер ушинтип сатып жатса калганын билбейм
07.04.2014. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aselya kadyrbekova ayabay tatynakay, anan da jakshyyy kyz, bash koshup baktyluu bolgula, Nurlan menen Aselya biri-birine jarashkan tugoylor. Silerdi syilaym))))
07.09.2014. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
гитарада ойнобу
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо