Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ТҮНДҮКТҮК КЕЛИН. ЖЕР ТАНДАБАЙ, ЭР ТАНДА

№594 21-март-27-март, 2014-ж

Кыргыз киносу жанданып, кинотеатрларды көздөй агылган элдин саны көбөйүп баратканы маалым. Катарынан тартылган тасмалардын кайсынысына барарыңызды билбей, тандоо кыйынчылыгында турсаңыз, анда биз сизге «Түндүктүк келин» комедиясына барууну сунуштайбыз. Анткени көтөрүңкү маанай тартуулаган мыкты актёрлордун оюндарын дал ушул тасмадан көрө аласыз.

Рахат Аксултанова, түндүктүк келиндин ролун аткарган:«45 ГРАДУС ЫСЫКТА ТАРТЫЛЫП ЖҮРДҮК»
– Кинодон биринчи жолу үлпөт көйнөгүн кийдим, көшөгөгө отурдум, турмушка чыктым дегендей, мага аябай жакты. Тасмадагы каарманым өзүмдөй эле, мен да түштүк тарапты анча билбейм, Жалал-Абадга биринчи жолу бардым. Образды жаратууда кыйынчылык деле болгон жок, башка кинодогу ролдорумдан бул каарманым өзүмө өзгөчө жакты. Күндүн ысыгы бир аз жүдөттү, 45 градус ысыкта тартылып жүрдүк.

Гүлшайыр Садыбакасова, түндүктүк келиндин кайненесинин ролун аткарган:«МЕН АПАМДЫН РОЛУН ОЙНОДУМ»
– Тасмада мээримдүү, үлгүлүү кайнененин ролун ойнойм. Өзүмдүн апам кинодогудай кайнене эле, мен апамдын ролун ойнодум десем болот. «Кыз-Бурактын» кыздарын тарбиялоодо мен деле кинодогудай ыкманы колдонуп коём. Жалал-Абаддын эли аябай меймандос келишет экен, бизди профессионал актрисалардай кабыл алып, бирөөсү айранын, экинчиси каймагын көтөрүп келишет, айтор, аябай сыйлашты. Кызыгы, Рысбек бизге «ысыкта суусундук болот» деп бир машина дарбыз түшүрүп берген эле, аны биз бир жумада жеп салганбыз.

КӨРҮҮЧҮЛӨР ЭМНЕ ДЕШЕТ?
Анда аталган комедияны кинотеатрдан көрүп чыгышкан көрөрмандарга микрофон сунабыз.

Нурдин Сыдыков:
– Бул кинону көрүп, чынында кыргыз элине ынтымак керек экенин түшүндүм. Түндүк-түштүк деп бөлүнбөй бир болсок гана башкаларга үлгү боло аларыбызды билдим. Анан актёрлор да азаматтар, жакшы аткарышыптыр, боор эзилгенче күлүп алдым.

Рамис Жумалиев:
– Өзүм кыргыз киносунун фанаты эмесмин, бирок негедир «Түндүктүк келинди» жарнамалардан көрүп кызыгып калган элем. Келгениме өкүнгөн жокмун, абдан мыкты тасма болуптур. «Кинонун мыктылыгын кинозалдан чыгып бараткан элдин маанайынан бил» дешет эмеспи, өзүңүздөр көрүп тургандай, маанай беш.

Алтынбек Шадыбеков:
– Түштүк-түндүк болуп элибиз саясатташып, аксакалдарыбыз, башчыларыбыз бириктире албай жатканда жаштарыбыз буга жакшы салым кошушуптур. Мен ойлойм, азыркы жаштар кыргыздын бул жаралуу маселесин жоюшат. Кинодогудай болуп кыз алып, кыз берүүнү күчөтсөк эле түндүк-түштүк маселеси жоюлат, анан ата-энеси мындай тандоого каршы болушпаса. Анткени ата-эненин орду, алардын пикири жаштар үчүн чоң роль ойнойт.

Адилет Акматов, режиссёр-каскадёр:
– Мага аябай жакты, актёрлор жакшы тандалып, сценарий мыкты жазылыптыр, эч бир кынтык таппадым. Техникалык жагынан да кемчилик көрө албадым, оператор азамат, үн коштоо, музыкасы кол чабууларга татыйт. Эми мындай тандоого кезиккен көрөрман өзү үчүн тыянак чыгарат деп ойлойм.

Назира Саалиева, журналист:
– Абдан жакшы таасир калтырды. Залдагылардын баары күлүп жатышты. Кээ бир кинолорду комедия деп коюп эле күлө турган жери жок, кайсы жеринен күлөрүңдү билбей калат эмессиңби, «Түндүктүк келин» комедия дегенге татыктуу болуптур. Режиссёру Рысбек Жабировго рахмат.

Тасмадан түштүк диалектиси менен сөз куржунуңузду толтуруп алсаңыз болот. Анткени каармандардын белгилүү бир аймакка тиешелүү сөздөрүн титрден сизге түшүндүрүп берип турушат.

Лунара Бекиева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(26)
24.03.2014. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ниме дейт
24.03.2014. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менида кызыктырып койду кинонун аты,интернет булактарынан качан коро алабыз?admin.kg
24.03.2014. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Батыраак интернетке чыкса экен
24.03.2014. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен айылда жашайм,атайын кино театрга барып коргонго шартым туура келбейт,сурайын дегеним интернет булактарына качан чыгат болду экен? супер инфо,
24.03.2014. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ZANIA-92, katali,
Саламатсыздарбы, интернетке чыкса медиа-порталга жүктөп коюуга аракет кылабыз. Азырынча белгисиз.
27.03.2014. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
admin_media, супер инфого медиа тармагына кинолор деп да кошуп койсонор сонун болмок эски кинолордон баштап жаны кинолорго чейин мисалы Кызыл Алма эч ким деле корбоптур
28.03.2014. 05:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
alatookg312, кызыл алманы ххх ххх жуктоп алгам. Канча жылдан бери мин чакты иностранецке коргоздум. Аябай кооз кино жана актерлор укмуш. ыйлап жатып кором дайыма.
Модератор admin_media түзөттү 28.03.2014 10:49
28.03.2014. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
kolya121212,
Башка сайтты жарнама кылууга тыюу салынат! 3 күн банга!
28.03.2014. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
alatookg312,
Саламатсызбы! Сиз сунуштаган http://www.super.kg/media/?only=uservideo&category=9 бөлүм бар жана кинолор жүктөлүп турат. Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
24.03.2014. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
4et jakta jurup kinodon da kaldym andyp ele internette oturam kim biroo juktoi salsa men koro salsam dep)))))
25.03.2014. 02:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sumka, мен ойлогонду айттын го я
25.03.2014. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшысы го жакшы дечи... Бирок кээ бир жерлери жарашпай калыптыр
25.03.2014. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин да уоргум келип атат, бирок шарт жок. Кичинекей бала менен бара албай атам...ммммм
25.03.2014. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба,аябай кызыктуу,бизда кулдук,комедия экен.Болгону тойдо карнай- сурнай тарткан жери ашыкча болуп калыптыр,андай жокго бизде,озбектерде ошондой,калганы беш!
25.03.2014. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Менден сурашса анча-мынча сюжет кошуп коймок экенмин. Мен да тундуктук болуп, түштүккө турмушка чыккам.
25.03.2014. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
"Ниме балаа деген келинди алгансынар"деп рекламада туштуктук кайненени ото коркунучтуу корсотупсунор,ошентип ужас катары коунгон кайненеин колуна тундуктук эмес.туштуктук кыз да келин болуп баргысы келбейт.Алысты жакын кылган кыз дейт элибизде,кыздарыбызды чет олколорго сатпай,тундук менен туштуктун байланышын кучотуу керек.
27.03.2014. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Барып коруш экен ай
27.03.2014. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sooonun kino.chynygy bolunup jatkan elibizdi yntymakka chakyrat.men tunduktuk bolgonduktan tushtukko koz karashym ancha emes bolchu.bul kinodon kiin tushtukko tiisem dele jaman bolbosun tushundum))))
28.03.2014. 01:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Tuwtuk eli e4 ka4an bolungon emes. Prosto bul tunduk eli tuwtuktu jaktyrbait da 100% kepildik. 4yndyk a4uu bolot elim BOLUNBO KYRGYZ BOLUNBO!!!!
28.03.2014. 05:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
volk.kg, кошулам
28.03.2014. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
volk.kg, туура айтасын .
30.03.2014. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен да жарнамасын коруп,коргум келген толугу менен.бирок кыргызстанда эмесмин.интернет булактарынан кутобуз.
30.03.2014. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коруш керек экен. Кутобуз!
07.05.2014. 06:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айтор шашып жатабыз көрүүгө.
23.05.2014. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми туштуктук келин деген сонун кино тартсанар, мени главный рольго созсуз алгыла, жакшынакай кызмын тартылып берем.
03.01.2015. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул кинону кутуп журуп каарымак болдум тезирээк чыгарсанар боло
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо