ЖАН ШЕРИГИҢИЗДИ КАНЧАЛЫК БИЛЕСИЗ?

№595 28-март-03-апрель, 2014-ж

Мырзага «үйлөнгөнүңөргө канча болду?» деген суроону берип көр. Жаңы баш кошкон эле мырза так жооп бербесе, көпчүлүгү датасын эстей албай, эси оойт. Отуз жылдан кийин деле ушул суроону айымга берсең, «баланчанчы жылдын түкүнчөсүндө, мени минтип алып кеткен» деп баарын айтып берет. «Өмүрлүк жар» деген аруу сөздү бири-бирине ылайык көрүп, бир коломтого башын бириктирген ырчы KG Эльмурат менен жубайы Жайнагүл бири-бирин канчалык билишет? Ильяз Андаш жубайы Сүйүүнү канчалык түшүнөт? Алгач суроолорубузду ырчылардын өздөрүнө бердик да, анан ошол эле суроонун жообун келинчектеринен алдык.

– Эльмурат, Жайнагүл кандай белек алганды жакшы көрөт?
Эльмурат: – Айымдардын көбү сөйкө, шакек, чынжырча жакшы көрүшөт го, ошондой болсо керек. «Алып берем» деп убада бергем, бирок алып бере элекмин.
Жайнагүл: – Зер жасалгалардын топтомдору жагат. Эльмуратка «чынжырча алып бер» дегем, унчукпай жатат го.

– Ашканада жардамдашасыңбы?
Э.: – Үйлөнгөнгө чейин аялга тиешелүү иштин баарын өзүм кылчумун. Жайнагүл келгенден бери ашканага аралашпайм.
Ж.: – Мен суранганда эле кирбесе, жардамдашпайт.

– Таарынычтан кийин ким биринчи сүйлөшүүгө барат?
Э.: – «Эмне кереги бар, таарынышпай эле коёлу» деп мен биринчи сөз баштайм.
Ж.: – Экөөбүз тең кайра эле сүйлөй беребиз.

– Сүйүүңөрдү билдирген күн эсиңердеби?
Э.: – Биринчи жолуккан күнү эле, өткөн жылдын ноябрь айында айткам.
Ж.: – Ошто, сөйкө салгандан кийин айтты окшойт, эсимде жок.

– Жиниң келгенде оозуңдан кайсы сөз көп чыгат?
Э.: – Такыр сүйлөбөй коём.
Ж.: – «Ёлки» дейт го.

– Үйлөнгөнгө чейин айтып жүрүп, баш кошкондон кийин көп айтпай калган сөздөр болушу мүмкүнбү?
Э.: – Билбейм, андай сөз жок го.
Ж.: – Баш кошконго чейин «кашың жагат, мурдуң кырдач» дегендей мактоолорду айтып, көңүлүмдү көтөрүп, сүйүнтүп турчу. Азыр анын бири да жок.

– Бут кийимиңдин өлчөмү канча?
Э.: – 39.
Ж.: – 39-40 киет.

– Кандай жанрдагы кинону жактырасың?
Э.: – Мелодрама, комедия.
Ж.: – Боевиктерди жактырат.

– Келинчегиң конокко барарда кайсы көйнөгүн көп киет?
Э.: – Үйлөнгөндө узун көйнөк сатып бергем, ошону жакшы көрүп көп киет.
Ж.: – Эльмурат сатып берген көйнөктү көп кийип барам.

– Кечинде үйгө келе жатканда колуңа эмне ала келесиң?
Э.: «Эмне ала барайын?» деп телефон чалам.
Ж.: – Өзү телефон чалып сурайт.

– Жайна эмнеге талгак болуп жатат?
Э.: – Алманы уйдай эле жеди. Анан «жүзүм» деди. Толтура жүзүм сатып келип берсем, бирди эле жеп, анан «жебейм» деп күйгүзгөнүчү.
Ж.: – Ар нерсени жегим келип жүрөм.

– Кантип эс аласың?
Э.: – Жакындарым менен ал-жай сурашып, же достор менен сүйлөшүп эс алам.
Ж.: – Уктайт, телевизор көрөт.

– Кайсы сөз менен эркелеткенди жакшы көрөсүң?
Э.: – «Кудагый», «Жайнаш» анда-санда «Аяш» деп эркелетем.
Ж: – «Кудагый» дейт, анан кайдагы аттарды таап алып чакыра берет.

– Ильяз, калп айтып кармалган учуруң болду беле?
Ильяз: – Калп айтпайм, түптүз жумушума барам, кайра келем. Калп айтыш үчүн эмгектениш керек да.
Сүйүү: – Калп айтса бетинен билинип калат, кызарып кетет, анан дароо эле «тамашалап койгом» деп актанып кирет.

– Кайсы телекөрсөтүүнү калтырбай көрөсүң?
И.: – Түнкү саат 12де берилчү жаңылыкты өткөрбөйм.
С.: – Жаңылыктарды калтырбайт.

– Компьютерден кайсы оюнду көп ойнойсуң?
И.: – Планета Зомби деген оюнду ойночумун, ал компьютеримди сатып ийгем, азыр ойнобойм.
С.: – Компьютеринде оюн жок.

– Өзүңдөн эмнени аябайсың?
И.: – Курсагымдан аянбайм.
С.: – Машинасын аябай жакшы көрөт, бензинден акчаны аябаса керек.

– Баалаган, сыйлаган адамың ким?
И.: – Ата-энемди аябай сыйлайм. «Алардай адам болсом» деп ар бир кадамдарын көңүлүмө түйүп жүрөм.
С.: – Өзүн кумир тутат.

– Тамак-аш сатып келүү кимдин милдети?
И.: – Акчаны мен кармагандыктан тамак-ашты мен алам. «Эмне керек?» деп сурап турам.
С.: – Ишемби, жекшемби күндөрү чогуу сатып келебиз.

– Кийим сатып алууда кимдин табити роль ойнойт?
И.: – Негизи, өзүбүзгө жаккан кийимдерди алат окшойбуз. Өткөндө бир көйнөк жагып калып, «ушуну алчы» деп сурансам да болбой койду.
С.: – Кийимди кеңешип эле алабыз.

– Кайсы тамакты тамшанып жейсиң?
И.: – Лагманды.
С.: – Лагманды.

– Сүйүү жокто кийимиңди өзүң эле үтүктөп киесиңби?
И.: – Андай учур болот.
С.: – Мен жокто эгер шашып жатса өзү эле үтүктөп алат.

– Шакек белек кылуу үчүн Сүйүүнүн манжасынын өлчөмүн билесиңби?
И.: – 16.
С.: – 16.

– Жубайыңды кантип эркелетесиң?
И.: – «Сүя», «Күчүгүм» деп эркелетем.
С.: – «Күчүгүм», «Сүям» дейт.

– Кандай жаман адатың бар?
И.: – Жаман адатымды деле байкабайм. Жок деле болсо керек.
С.: – Ичпейт, чекпейт, жаман адаты деле жок. Мен үчүн идеалдуу адам.

– Канчанчы өлчөмдөгү кийим киесиң?
И.: – 33-өлчөмдөгү жынсы кием. Көйнөк, свитерлер ХХl.
С.: – Шымдары 33, көйнөктөрү ХХl.

Эльмурат менен Жайнагүл 13 суроонун алтоосуна окшош жооп беришсе, Ильяз менен Сүйүүнүн 8 жообу дал келди.
Ильяз менен Сүйүү Эльмурат менен Жайнагүлдөн 3 ай мурун үйлөнгөндүк кылыштыбы, бири-бирин көбүрөөк билишерин аныкташты.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


Жан шеригиңизди канчалык билесиз?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(63)
SUPER.KG видео
29.03.2014. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу болгула!!!ильяз келинчегине кыргызча уйротушун керек
SUPER.KG видео
29.03.2014. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уй-булолук бакыт каалаймын!
SUPER.KG видео
29.03.2014. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Элмураттын келинчеги ыймандуу экени корунуп турат. элмураттын намаз окуганы ичпегени жактты. баардык ырчылар ыйман жолуна тущконго Алла жардам берсин.
SUPER.KG видео
29.03.2014. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу жубайлар,туболукко бирге жашагыла.
SUPER.KG видео
29.03.2014. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ильяз аялынды кыргызча суйлогонго уйротпойсунбу? ОРусча суйлосо кулакка башкача жаман угулат экен
SUPER.KG видео
29.03.2014. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Элмураттын аялы жылдыздуу экен акылдуу
SUPER.KG видео
30.03.2014. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Оба чындыгында экоонун тен аялдары сулуу экен .
Бирок Элмураттын аялы жылдыздуу шайыр экен бактылуу болгула!!!
SUPER.KG видео
30.03.2014. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Экоонун тен жубайлары орусча суйлойтко, оздору кыргызча. ))))
SUPER.KG видео
30.03.2014. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Элмураттын аялы ыймандуу экени корунуп турат, Иляз кыргызча суйлосо ,аялы орусча суйлоп турат.ошонусу жакпады.Кантсе да бактылуу болгула!
SUPER.KG видео
30.03.2014. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-13
Элмураттын аялы Жакшы экени корунуп турат,иляздын аялы чала кыргызкен)))
SUPER.KG видео
31.03.2014. 07:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Элмурат жонокой жана жакшы адам екени билинип турат бакыт жана игилик
SUPER.KG видео
31.03.2014. 09:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Asanaka2,
Талкуудан алыстабай билдирүү жазыңыз!
SUPER.KG видео
31.03.2014. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ильяз иним келин бала кыргызча суроо берип жататко кыргызча эле жооп берсе болмок билетекенго байкен бактыбек.....
31.03.2014. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмунун аялы жакты.бактылуу болгула.аман эсен коз жарып алсын.кудагый дегени жакты.ото тамашакой бала мектептен эле билем.азаматсын классташ.
SUPER.KG видео
31.03.2014. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ilyazdin kelinchegi vopshe krasavitsaken realno №1 but basat echkimkki jetpei kalatken chininda, molodets Ilyaz
SUPER.KG видео
31.03.2014. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
oruscha koshup azir baarile suiloit kalpele kritikovaitetkender ozdoru uje degen sozdu koshot bolbodu degendele turabi, al oruscha oskon kizdi emi kantip kiynaisin kalagandai kenen suilodu glavnoe
31.03.2014. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эльмурат менен Жайнагүл 13 суроонун алтоосуна окшош жооп беришсе, Ильяз менен Сүйүүнүн 8 жообу дал келди. деген жери видеодогу менен жазылышы дал келбейт экен го, дагы майда-барат жерлерин айтпаганда
31.03.2014. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
GUMU,
Саламатсызбы! Гезит менен Супер ТВнын кабарчысы эки башка жана интервьюну да эки бөлөк алышкан.
31.03.2014. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
иляздын аялы кыргыз болгонсон кыргызча эле суйлобойбу орусча суйлоп озун корсотпой эле койбоптурда орусча суйлоп чыкса кимге жагат экен
SUPER.KG видео
31.03.2014. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
типа жолук менен ыйманду экенин корсотойун дегенго
31.03.2014. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эмнеси болсо да азамат тугойлордон экен. Бактылуу болушсун бир жылдан кийин 90 пайыз окшош жооп берип калышат
SUPER.KG видео
31.03.2014. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
иии биздикилерге сындатып эле тим койсо да, бир кумардан чыгып жыргап калышат. Бироонун устунон жемелеп акыл уйротконубузго эми оскар сыйлыгын тьапшырса болчудай. Ан сезиминерге ушундай томон тушуп болбогон комментарий жазып адамдын аброюна шек келтируудон башка эч нерсе келбейби? Сооонун эле болуп турушат ко экоо тен. Жаш уй-було, жаркылдаган келиндер. Мыкты, "Супер-Инфо" азаматтар
01.04.2014. 01:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Татынакай келинчектер экен)))
01.04.2014. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Орусча суйлойбу кыргызча суйлойбу иши кылып тугойун бактылуу кылса болду...ылайым бактылуу болгула..очогунардын оту очпосун...
01.04.2014. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эльмураттын жубайынын жонокойлугу ыймандуулугунан кабар бергендей.Ылайым бактылуу болгула.Жоопторунар аябай жакты,кулку тартуулап.Суперге да рахмат айта кетейин.Ильяз Андаштын жубайы да ачык айрым неме экен.Озу жаш балага окшой берет,кулумсуроп алып..Бактылуу болгула!!!
02.04.2014. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу еле болгула!
SUPER.KG видео
02.04.2014. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
элмурат тамеки чегет окшойсун эээ
03.04.2014. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
элмурат кж келинчеги жонокой ыймандуу экен.
03.04.2014. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула!!!
SUPER.KG видео
04.04.2014. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Оо кыргыздар кырылышып отосунорго бироонун кемчилигин издебей озунордун кемчилигинерди издесенер(((
SUPER.KG видео
06.04.2014. 02:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
жашоого бираз жакшы коз караш менен карасаңар боло, сынап, жамандап турсаңар эле болду. жакпай жатса корбргуло
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо