Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ТИРҮҮСҮНДӨ ЛЕГЕНДАГА АЙЛАНГАН БЕКМАМАТ ОСМОНОВ

№595 28-март-03-апрель, 2014-ж

«Бекмамат Осмонов президент болчу киши эле» дегендер көп. Эл ичинде шамалдай тараган мындай кеп кезинде бүтүндөй борбордук бийликтин аймактык лидерге каршы ачык жана тымызын согуш жүргүзүүсүнө себеп болгондур. Президент Аскар Акаевдин кийлигишүүсү аркылуу Осмоновду облустук жетекчилик кызматынан алып түшүү операциясы эгемендүү Кыргызстандын тарыхында урунттуу окуя катары калары бышык.
Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Өзүн таанып-билгендер жашап турганда адам өлбөйт» деген накыл кеби бар. Ош облусунан бөлүнүп чыгып, 1991-жылы жаңыдан түзүлгөн Жалал-Абаддын алгачкы губернатору Бекмамат Осмоновдун жүрөгү какпай калган жылы төрөлгөндөр быйыл 17 жашка чыгышат. «Убакыт унуткарат» деп коюшат, бирок калктын калың катмары «кыргызда Бекмаматтай лидер төрөлөр бекен» деп бүгүн да үмүт артат, бирге иштешкен досу «Бекем космополит киши болчу» дейт, ал эми уулу «атамды жоктогон жүрөк азыр да тына элек» деп эскерет.

ЖЫЛКЫЧЫНЫН УУЛУ
Бекмамат Осмонов жылкычынын үй-бүлөсүндө, сегиз эркек бир туугандын ичинен төртүнчүсү болуп 1945-жылы 24-майда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Беш-Бадам айылында туулган. Балалыгы жайлоо менен кыштоонун коюнунда өтүп, 1-класска ушул эле райондогу Акман айылынын мектебине барган. 1963-жылы Фрунзе шаарына келип, Айыл чарба академиясына тапшырып, ал жерден зоотехник кесибине ээ болуп чыккан.

КАРЬЕРАЛЫК ӨСҮҮ
Эмгек жолун Ош облусундагы асыл тукум кой заводунда зоотехник болуп иштөөдөн баштап, 26 жашында Чоң Алай совхозунун башчысы болууга жетишкен. Андан ары көтөрүлүп отуруп, Алай райондук аткаруу комитети, Ош облустук комитети, Токтогул райондук комитети, Жалал-Абад облустук кеңешинде жетекчилик кызматтарда иштеген. Жогорку Кеңештин 2 чакырылыштагы, анын ичинде «легендарлуу парламенттин» депутаты.

САЯСИЙ БУРУЛУШ
1991-жылы Жалал-Абад дубанынын биринчи губернатору болуп шайланган. Дал ушул кызмат орду Осмоновду чоң тандоо жасоого түртөт. Анын күн санап калк ичинде кадыр топтоосу борбордук бийликке жакпай, губернаторду кызматтан алып түшүү үчүн кутумдар менен жалаа жабуулар башталат. «Мен бийликтегилердин маданиятынын пастыгынан кеттим» деп маектеринин биринде Осмоновдун айтканы бар. Ошентип, бийликтин кысымы менен бул кызматтан отставкага кетүүгө мажбур болгон.

КҮТҮҮСҮЗ АКЫРЕТ
Көзү өтүп кеткенге чейин Токой башкаруу агенттигинин төрагасынын орун басары болуп турган. Осмоновдун демилгеси менен Жалал-Абад телерадиокомпаниясы негизделген. Анын жетекчилигинин алдында Токтогул Сатылгановдун 125 жылдыгы, Жоомарт Бөкөнбаевдин 80 жылдыгы өткөрүлгөн.
Бекмамат Осмонов жүрөгүнө жасалган операциянын эртеси, 1997-жылы 28-октябрь күнү дүйнөдөн кайткан.
Төрт уул, эки кыздуу болгон. Учурда 6 небереси бар.

Айтмамат Осмонов, иниси:«КОЙЧУГА ДА, ЧОҢГО ДА ТЕҢ МАМИЛЕДЕ БОЛ»
– Бекмамат акем экөөбүздүн ортобуздагы айырма 5 жаш болчу. Бир туугандар биригип калсак, анекдот айтып боорубузду эзип коёр эле. Шайыр мүнөз, бирөө жарымдан кысынып, жасакерлик кылмай жагы жок, дайыма шайдоот жүрчү. Студент кезинде лекция жазбай эле, сынакты бешке тапшырып салчу экен. Анткени эске тутуусу ушунчалык күчтүү эле. Жашы өтүп, кызматта жүргөн кезинде юридикалык факультетке тапшырды. Анда да сабак калтырбай окууга барып жүрдү. Бир жерде сүйлөгөн сөзүн экинчи жерде колдончу эмес, мунусу көп окугандыгынан болсо керек.
Балдарын да китепке абдан жакын тарбиялады, аларды качан караба энциклопедия кучактап отурушкан болор эле. Камкор аталыгын ушундан бил, бала-чакасын Кызыл-Үңкүр деген жайлоого чейин алып барып, таштан тизип очок жасап, өз колу менен аларга тамак жасап берчү.
Анан мен айыл өкмөтү болуп иштеп калганда, мага «аким же губернаторго барганда аларга бөжөңдөп, анан койчунун алдына барганда мурдуңду көтөрүп, бой көтөрбөгөн жетекчи бол. Кой кайтаргандар менен чоң кызматтагы адамдарга бирдей мамиле жаса» дегени эсимде.
Орусияга операция жасатууга кетерде атамдын үйүнө чогулдук. Ооруп жатканын деле сезбептирбиз, бизге эч нерсесин айткан жок да. Жадырап-жайнаган бойдон кетип, анан эле кайтпай калды.

Парад Салибаев, таякеси, мугалими:«ТҮН БИР ООКУМГА ЧЕЙИН ЧЫРАКТЫН ЖАНЫНДА ОТУРЧУ»
– Бекмаматтын апасы Алима бир тууган эжем болот. Жездем жылкычы болгондуктан, Акман айылынан алыс турушчу. Аларга жакын мектеп 3-класска чейин гана окутканы үчүн адегенде үйүмө экинчи уулу Эрмаматты ээрчитип келип, кийин анын арты менен башка бир туугандары да меникинде жатып окуп калышты. Эжемдер бешинчи уулу 1-класска барганда балдарынын окуусунан улам Акманга биротоло көчүп келишти.
Осмоновдор үйүмдө окуп жүргөн мезгилде бүгүнкүдөй жарык жок болчу, сабактарын чырактын жанында даярдашар эле. Бекмамат окууга өтө дилгир чыкты, балдардын баары уктагандан кийин да китеп окуп отура берчү.
Кийин ишине чечкиндүү, элине күйүмдүү жана кайрымдуу болуп, айылдын эскирген мектебин жаңыртуу демилгесин көтөрүп, көчөлөрүнө асфальт төшөтүп, электр энергиясын тарттырып келип, соода борборун курдурду.

Муканбек Алыкулов, классташы:«АНЫ «КУРКУ» ДЕП КОЁР ЭЛЕМ»
– Бекмамат экөөбүз 9-класстан баштап Базар-Коргондогу Ломоносов мектебинде окуп калдык. Жатакананын курулушу кеч бүтүп, кыздар мектептин ичинде, Бекмамат болуп балдар эшикте түнөп жүрдүк. Бир кар жаагандан кийин гана жатаканага кирдик. Жашоонун ысык-суугун чогуу тартып, кийин жакын достордон болуп кеттик.
Түз жүргөн, чынчыл, бетке сүйлөгөн, сөккөндү сөгүп, урганды урат болчу. Досум өтө курч жана тайманбас эле. Башкадан кетпесе, өзү эч кимге тийишчү эмес. Ал мени «кореец» десе, «сен куркулдай бересиң» деп мен аны «курку» деп койчумун. Көптү билгенинен жадакалса дасторконго келген тамак-аштан өйдө кайсыны кантип жеш керектигинен бери айтып берчү.
«Оорудум» деп ооз ачканын уккан эмесмин. Мага «досуң өтүп кетиптир» деп чалышса, түк ишенбей, бир кыйлага нес болуп отуруп калгам. Сыртынан алибеттүү көрүнүп турса, дарттан кайтыш болот деп ким ойлоптур? Досум күтүүсүз кете берди. Сөөгүн Шермамат деген агасы, Айтмамат деген иниси менен чогуу алып келгенбиз.

Жумабек Молдокадыров, кесиптеши:«ОСМОНОВ БАКИЕВДИ КЫЗМАТТАН АЛГАН»
– Өңү-түсү, сүрү да айкөл деп айтууга жарашчу ыраматылык киши эле. Аны менен 1986-жылы Ош облустук комитетинде иштеп жүрүп таанышып калгам. Обкомдун алдында айыл чарба, өнөр жай комплекси жана тамак-ашты кайра иштетип чыгаруучу бөлүм ачылып, Бекмамат Осмонович ошого башчы болуп келди. Насип буйруп, мен анын орун басары болуп калдым. «Иш дегенде жеген ашын жерге койгон» деген сөз ушул кишиге айтылса керек.
Cоюз ыдырап кеткенден кийин кызматсыз калдым, анан туулуп өскөн жериме, Чүйгө кайтып келейин деп, Осмонов менен коштошкону кирдим. Ага чейин эле «Беке, Чүй тарапка кадр керек болуп калса, мени эске ала жүрчү» деп калчумун. «Жумаке, сени жибере албайм» деп сөзүн баштап барып «Машина, үй алдың беле?» деп сурап калды. «Жок» дедим. «Туугандарыңдын жүзүн кантип карайм, ушунча жыл эмгектенип, жөө келиптир дешпейби» деген ыраматылык киши кол алдындагыларга «машина тапкыла» деп буюрду. Ошентип, биринчи менчик машинаны, Москвичти Бекем мингизип, анан мени жөнөткөн эле. Кең пейилдигин жеке мага эле көрсөткөн эмес, ал баарына ошондой мамиле кылчу.
Бир сөз менен мүнөздөө керек болсо, мен аны космополит киши демекмин. Ал жакындарынын, тууган-туушкандарынын, уруулардын эмес, жалпы элинин, мамлекетинин кызыкчылыктарын жогору койчу. Азыркылар партияларга чейин бөлүнө башташпадыбы, Бекемдин ой жүгүртүүсү район же облус менен чектелбей, масштабдуу чөлкөмдү камтып, бүгүн же эртеңки күн менен жашабай, жок дегенде, бир же эки жыл алдыга план коюп иш алып барар эле.
Бекем мырзалык сөөлөтүнө жараша «со вкусом» кийинчү. Чач-мурутун карага боёп, ак костюм-шым менен шляпаны кондура кийген жетекчилер бүгүн барбы? Ал киши мына ошондой болчу.
1987-жылы Бекмамат Осмонов Токтогул районунун 1-катчысы болуп кетти, кийин Жалал-Абад облусунун губернатору болуп шайланды. Ошол мезгилде экинчи президент (ред. Курманбек Бакиев) анын орун басары болуп келип калат. Иш боюнча кайсы бир маселелер чыгып, тагыраагы, орун басарынын билимине байланыштуу шек пайда болуп, жетекчи катары Осмонов Бакиев бүткөн окуу жайга сурам жиберет. Ал жактан «окуу жайды бүткөн эмес» деген маалымат келген экен. Ушундан уламбы, Бекем орун басарын кызматтан алып койгон дешет. Бирок ал мезгилде номенклатура деген бар эле, кызматка дайындоо жана бошотуу борбордон чечилчү. Бийлик «Бизден уруксат сурабай эмнеге иштен алып коёт?» деп, Бакиевди Тогуз-Торого аким кылып жөнөтүшкөн.
Акыретти деле ойлогон эмес болчу, кайтыш болор жылы экөөбүз Ысык-Көлдө 10 күндөй эс алганбыз. Ал мага «Жумаке, ушул жерден эки бөлмөлүү үй алып коюш керек экен» деп айтып, жакын арадагы пландары менен бөлүшүп отурган. Каза болуп калганын укканда мен таптакыр ишенген эмесмин.

Темирбек Бекмамат уулу:«АТАМДЫН ӨТҮП КЕТКЕНИНЕ МОЮН СУНУУ ООР БОЛДУ»
– Атам жөнүндө айта берсем сөз түгөнбөйт. Анын адамдык сапаттарына токтолсом, мактангандай болуп калсам керек. Жасаган иштерин, жакшылыктарын ар жолкусунда ар түрдүү адамдардан угуп келем. Элдин ушул кезге дейре унутпаганына рахмат айтам.
Айбаттуу сүрүнөнбү, атамдын үйдө кандай болгондугу көбүн кызыктырат. Өтө баласаак эле, убактысы боло калса биз менен өткөрүүгө шашчу. Чарба иштеринен улам биз ойгоно электе жумушуна кетип, кайра үйгө уктап калганыбыздан кийин келгенин билбейбиз да, түшкү тамакка келгенде «ата, биз менен жатып кетиңиз» деп суранар элек.
Аскерге СССР боюнча алдыңкы орундагы кавалериялык Таман дивизиясына барган. Ага атка жакшы мине алгандарды тандап алчу экен. Атам спортко жакын киши болгон, апам экөө күндө эртең менен чуркашчу.
1970-жылы апам Сажида Ош шаарындагы педагогикалык институтту аяктап жатканда атам менен таанышып калат. Бир-эки жолу жолугушуп, атам өзү эзиле берчүлөрдөн эмес болчу, дароо эле үйлөнүптүр. 27 жыл чогуу жашашты. Апам үйдүн оокатын, балдардын тарбиясын да колго алып, 20 жылдан ашуун математикадан сабак берди. Таң атпай атама ысык тамагын даярдап, кайра иштен келгенден кийин бүт ыңгайлуулугун түзүп берип турчу.
Бүгүнкү кесибимди тандап калуума (ред. Темирбек Бекмамат уулу учурда башкы прокурордун 1-орун басары) атамдын салымы чоң. Байкап жүрсө керек, мага «юрист бол» деген. Максатка умтулууну, ар бир маселеден туура жол таап чыгууну бизге жакшы үйрөткөн. «Прокуратурада иштейсиң» деп калчу, бул тармакка атамдын көзү өткөндөн кийин келдим.
Чоң кызматтан, ошол эле губернаторлуктан кетип калган күндөрү чүнчүй түшкөнүн көрбөдүк. Эмгегине мамлекет тарабынан туура эмес баа берилгенине капачылык орун алгандыр, бирок аны байкаткан эмес. Атам тирүү кезинде эле легендага айланган экен. Иши жок отуруп калган күнү болбогон. Кабагы көтөрүңкү, тике карап, бир калыпта жүргөнүнөн жазбады.
Саясий куугунтуктоолор кимге болсо да терс таасирин тийгизет. Ошол учурда бийликте тургандар атамды атаандаш көрүп алышкан. Жүрөгү ооруп калгандан кийин өлүмүнө ар кандай себеп болушу мүмкүн экенин айтышты. Бирок анык себеби бизге азыр да чоң табышмак. Киши колдуу болдубу же жокпу, ал тууралуу эч нерсе айта албайбыз. Андай жагдай убагында иликтенбей калып кеткен.
Ар бир адам үчүн атасынын орду ыйык. Аны эч ким толуктай албайт, ошондой эле бизге да күтүүсүздөн көз жумуп кетүүсү чоң жоготуу болгон. Эң улуубуз 26да, эң кичүүбүз 15инде атасыз калдык. Мен анда окуу жайын бүтө элекмин. Аза күтүү жылдарга созулуп, атамдын бул тирүүлүк менен коштошуп кеткенине моюн сунуу оор болду. Азыр да жүрөк тына элек. Элеси бүгүн да күчтүү, жаныбызда эле жүргөндөй сезилет.
Атам «Инжилде Муса пайгамбар 963 жыл жашаган деп жазылган. Бирок бир дагы адам ошончолук жашай албайт, чынында, пайгамбардын өзү эмес, анын идеясы ошончо өмүр сүргөнүн түшүндүрөт» деп айтчу. Атамдын да идеялары тирүү болгону үчүн эл ичинде унутулбай келет. «Бекмамат Осмоновдун уулу турбайбы» деп калышканы, атама болгон сый мамиле бизге да көрсөтүлүп турганы чоң жардам берет.

БЕКМАМАТ ОСМОНОВГО

Сагынбай Оруналиев

Бүркүт кабак, бекем эле айбаты,
Бекмаматтын зор болуучу кайраты.
Мындай адам көзү өтүп кетсе да,
Мүмкүн эмес эл эсинде калбашы.
Өткүрлүгүн кайран гана жигиттин,
Өзгөчө эле, аны айтууга тийишмин.
Өзү турчу калк ичинде тоого окшоп,
Өтсөң дагы, Бекмаматым, бийиксиң.
Элиң үчүн дилдиреген жүрөгүң,
Эмнеликтен токтогонун билемин.
Ажал алса сени оору жиберип,
Алда кандай күдүк ойдо жүрөмүн.
Бекмаматым, бой-келбетиң келишкен,
Бул дүйнөдөн эрте кеттиң неликтен?
Эл ичинде кеп-сөз жүрүп калды эле,
Эмки ушул, президент дегизген.
Күркүрөгөн жолборс сымал үнүңөн,
Коркчу көптөр, жалтанбаган сүрүңөн.
Так ушундай мүнөздөгү адамды,
Таппай азыр турганыма күйүнөм.

Аймактык лидерден улуттук лидерге айланып бараткан Бекмамат Осмонов Аскар Акаевге татыктуу оппонент эле...

Баласаак ата уулдары менен.

«Апам таң атпай атама ысык тамагын даярдап, ишке узатчу».

Эльвира Караева,
Гүлмайрам Сабырбекова,
Уулбү Каныбекова
(Сүрөттөр үй-бүлөлүк архивден алынды)
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(44)
31.03.2014. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бекмамат Осмонов бул кишиден Аллаа ыраазы болсун жаткан жерин жаннаттан берсин Оомин!Мен бир жонокой айдоочу элем Бишкекте Жалал Абад чайканасында жоолукканбыз,азырга чейин эсимде обед кылып отурганмын анан эле жаныма бир солидный кийинген чачын артка тараган бир караган кишиге сурдуу корунгон киши келип , эски таанышындай салам берип учурашты. Анан жанымдагы орундук бошпу деп сурап жаныма олтуруп , иштерими сурап,бала чакамы сурап , суйлошуп олтуруп чай ичти . Мен сурашып ошондо билдим Жалал Аб
31.03.2014. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жалал Абадтын губернатору экенин Мына чыныгы инсандык адамдарга болгон мамиле Артында калган женеге,балдарына,неберелерине ден соолук каалайм! Ал кишини эч качан унутпайм!!!
31.03.2014. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бекмамат Осмонов жонундо бут айыл бут кыргызстандан жалан гана жакшы соз угам
31.03.2014. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Базар коргондон Бекмамат Осмонов, Омурбек Текебаев, Чубак ажы Жалиловго окшогон азаматтар Кыргызстандын тарыхында озулорунун ордун таба алды деп айтсам жалган болбос..
31.03.2014. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бекмамат Осмонов президент болгондо Кыргызстандын аброю дуйнолук денгээлде Орто Азия, СНГда баарынан ойдо болмок, баары биз менен эсептешмек, эмнеге азыркы ххх чиновниктер ушул адамдын жакшы жактарын алышпайт.
Модератор admin_media түзөттү 31.03.2014 17:09
31.03.2014. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
almazik2012,
Кимдир-бирөөнү мазактоого тыюу салынат! Эскертүү!
31.03.2014. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы ададар, мамлекетке керектуу адамдар эч качан коп жашаган эмес же коп жашатышкан эмес, бул адамзаттын илгертен келаткан каада-салты, илгери деле ушинтип козун тазалап коюшкан да. Керек болсо илгери козу ачыктары айтса, хандар бешикте жаткан наристени деле же крсакта жаткан туйулдук маалында деле олтуруп салышкан.
31.03.2014. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Туштон кийин мактана жана мактай бергендин эмне кереги бар.
03.04.2014. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Altyn10076, Ойлонбой суйлой ххх бергенин туура эмес, кыргыздын тарыхий инсандарын унутпашыбыз керек. Сен тарыхыны тапанча менен атсан, келечек сени замбирек менен ыргыта атат.
Модератор admin_media түзөттү 04.04.2014 10:21
04.04.2014. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
guragan,
Эскертүү! Ар бир колдонуучу эреженин талабына ылайык өз ой-пикирин жазып калтырууга укугу бар! Башка колдонуучунун өздүгүнө асылбай билдирүү жазыңыз!
31.03.2014. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ehhh kozdon jash agatko, ichim achyshyp ele kaldy. Azyr ushul maalda,ushul ubaktarda barbolso Kyrgyz elin karangylyktan suurup chykmak.
31.03.2014. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жайы жанаттан болсун. Бул инсанды жакшы жасаган иштерин эл айтып жургон маалда мен мектеп окуучусу элем. Бирок жакшы адамдар эрте кеткени ичти ачыштырат да
31.03.2014. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Супер инфого терен ыраазычылык билдирем. Элдин чыгаан инсандары козу отуп кетсе да алардын идеялары жасаган ак иштерин гезит аркылуу бутундой калкка жайылтуу менен бирге жаш муундарга да жеткирип турганыныздарга. Бар болунуздар ар дайым
31.03.2014. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
аябай окунучтуу президент боло турган эле мындай адамдар менен сыймыктанышыбыз керек менин баламдын аты ушул кишинин атына койулган Бекмамат Осмоновдой адам болсун деп койгонбуз азыр 18 жашта
31.03.2014. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бетмаматов Осмонов мыкты лидер адам болгон, мен Б.Осмоновду кумир тутуп 11-класстагы эскеруу дептерлерине суротун чаптап чогулткам, азыр арадан 16 жыл отсо да сактап журом. Уушундай мыкты инсанды жок кылган А.Аакаевди жек кором.
31.03.2014. 23:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
биз кыргыздар козу откондон кийин барктайбыз.уулу да атасындай адам болсун атасынын атын улаган

01.04.2014. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
акаев заказной олтурткон деген создорду угушп калчу элем мурда, ким билсин?
01.04.2014. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kyrgyzdyn 4ynygy baatyry. Bizdin N:5- mektep-gimnazi9 uwul kiwinin naamynda. Syimyktanam
01.04.2014. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Melis akeda uwul kiwidey jetek4i . Oo ALLAH ozun Melisti saktai kor.uzun omur bere kor
Oomin
02.04.2014. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бекмамат агадай мекенчил, ишке чын дили менен берилген, эли учун жанын сайган адам чанда кездешет. Азыркы бир аймактын же партиянын тын чыкмаларын ал адам менен салыштырып болбойт. Мелис анын жанында, чымындай эле болуп калат
02.04.2014. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтайым ушул кишини.
02.04.2014. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жайы жаннаттан болсун.
02.04.2014. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Азыркы замандын Осмонову,Мелис Мырзакматов!
03.04.2014. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kykesh, Сен кулук атка эшекти салыштырба..
02.04.2014. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бекмамат Осмонов Ельсиндин башын сууга малып койгон деген создуда уккан жыйым бар эле туурабы ошол
03.04.2014. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Стол сүздүрүп сабайт болчу дешет, ката кетирген депутатыбы башкасыбы. Өңгөсүбү дөңгөсүбү. Акыйкат эли үчүн күйгөн киши дешет, аттиң өмүрү кыскалыгын айт.(((
03.04.2014. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ельцин Кыргызстанга келгенде,А.Акаев аны сыйлайм деп алдан тайып,тең келе албай калганда атайын Б.Осмоновду чакырткан экен. А киши кыргыздын дүйүм даамын ала келип, таң аткыча отуруп,Ельциндин жарпын жазыптыр.Эртеси кебелбей туруп,самолет м-н ишине жөнөгөн экен. Борис Ельцин аябай баа берип,мыкты президент болчудай экенсиң дептир.
03.04.2014. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн кызыгы бийликке Осмоновду Жалал-Абаддын губернаторлугунан кетирууго озунун эле жердеши Калматов Тойгон(эки жуздуу саткын) жардам берген.
05.04.2014. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
азыр биздин бийликке Б осмонвтун характериндей адам керек
05.04.2014. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ошол кзде Ельцинди колдо сыйлап жатышып Акаев масболуп калса ельцин башына кашык менен ургулап ойногон екен ошондо Осмонов Елциндин галстугунан муунта кармап ты че нашего президента оскарбляеш деп отургуза турткон екен дешкенин уккам
05.04.2014. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ЖАЛАЛ- АБАДДА губернатор болуп иштеп турганда ошондогу ишин аткаралбаган раистарди кабинтине камап алып сабачукен дешет
05.04.2014. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аттин дуйно.мындай адамдар кылымда бир жаралат окшойт ко.
06.04.2014. 09:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай Б.Осмоновдой адам азыр кыргыз бийлигинде көрө албайм.
Мындай адам 100 жылда бир жаралчу.
Жайы жаннаттан болсун.
Балдарынын өмүрү узун болсун!!!
07.04.2014. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Осмонов Токтогулда аким болуп турганда, малчыларды кыдырып барганда багажнигине дайым резина отук салып журушчу дешет.Сарайларга чыланы кечип кирип кетчу дешет, жанында баргандар айласы жок туфлиси менен артынан басышчу дешет, эх кайран киши.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо