ЧАҢДАГЫ ГҮЛ

№595 28-март-03-апрель, 2014-ж

(Башталышы өткөн сандарда)

Сөз ушуну менен бүткөнсүдү. Милиция кызматкерлери тергөө иши аяктагыча Тариелди камап коюшту. Самат ачуусу келе, эшикке чыгар замат ар кимге чала баштады. Акыры Айдайдын кайсы соттук-медициналык текшерүү борборго текшерилгенин билип, андан соң ал жакта иштеген таанышын таап, ага телефон чала кетти.
– Ало, кандайсыз? Менин иштерим чыгып жатат. Сизге азыр барып жолуксам болобу, бир аз көйгөй бар.
– Макул, келиңиз. Сизге жардам берүүдөн кантип качалы?
Трубканын ары жагынан токтоо адамдын үнү угулду. Самат Канышайды шаштыра машинага отургузду. Көп өтпөй соттук-медициналык экспертизада иштеген таанышынын иш бөлмөсүнө баш бакты.
– Байке, уулум бир аз шоктук кылып коюптур. Бир жардамыңызды бербесеңиз болбойт.
– Сизден жардамыбызды кантип аямак элек? Айтыңыз, колдон келчү иш болсо жардам беребиз.
Самат окуянын чоо-жайын түшүндүрүп, андан соң кызга «зордукталган эмес» деген бүтүм чыгарып берүүнү суранды.
– Мм, иш чатак экен. Кыздын аты-жөнү ким?
– Аты – Айдай экен, фамилиясы эсимде жок. Тиги кагаздарын аңтарып, бир саамдан кийин үн катты.
– Мм, Айдай деңизчи. Бизге анализ тапшырганы чын экен. Жыйынтыгы эртең чыгат.
Бул сөздү укканда Саматтын шаштысы кете түштү.
– Биздин пайдага чечип бериңиз, суранам. Бала жаштык кылып коюптур...
Тиги бир нерсе үмүт кылып жатканын ачык айта албастан бир аз кысталды. Анан:
– Макул, сиздин суранычыңызды аткарабыз. Бирок бул жакта иштегендердин да оозун жабыш керек болуп калат го...
– Макул, канча берейин?
Самат так кесе суроо узатты.
– Эми, ал жагы өзүңүздүн көңүлүңүз менен...
Ушинтип тез эле чолпондой кыздын тагдырын 1000 доллар чечип койду.

ххх

Айдай башынан өткөн окуяны Заринага төкпөй-чачпай айтып берген. Зарина кантсе да шаардык кыз эмеспи, адвокат таап, Айдайга арыз жазууга түрткү болгон.
Арадан бир ай убакыт өткөн соң сотко чакыруу кагазы келди. Зарина Айдайды жетелеп жөнөп калды. Залда киши толтура. Аңгыча эшик ачылып, сот кирип келди. Тыкылдаган кыз отургандарга кайрылды:
– Урматтуу сот келе жатат. Ордубуздан турабыз!
Бир саамдан кийин эки аскер формачан жигит Тариелдин колун кишендеп, жетелеп келишип, темир торчонун ичине киргизишти. Ушу тапта Тариел менен Айдайдын көздөрү
чагылыша түштү. «Колуңдан келгени ушулбу? Бул жерден баары бир чыгып кетем!» деген көз караш бар эле жигитте.
Сот отуруму эки саатка созулду. Прокурор, адвокаттардын талашы көпкө уланып, ал ортодо жабырлануучу, айыпталуучу, күбөлөргө суроолор берилди. Залда Айдайдын айылдашы, Канышайдын таежеси отурган. Ал Айдайды таанып, өңү бозоро түштү. Жанында отурган Канышай акырын шыбырады:
– Сизге эмне болду?
– Эч нерсе, анан айтам.
Ал акырын шыбырап тим болду. Акырында сот «зордукталган эмес» деген экспертизанын жыйынтыгына таянып туруп, Тариелди актап жиберди. Формачан жигиттер ошол замат Тариелдин колунан кишенди чечип бошотушту.
– Ушундай болмок. Экөөбүз дагы жолугабыз.
Тариел чыгып бара жатып, ыйлап отурган Айдайды карап, кекээрлүү жылмайды.
Соттон соң Саматтын туугандары, тааныштары эшикке чыгып, жеңишин майрамдаганы кафеге жөнөшкөн болчу. Жолдон Канышай менен таежеси экөөнө сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Таежеси билгенин Канышайга тезирээк айтпаса жарылып кетчүдөй. Оңтойу келип, экөө обочороок отуруп калышканда акырын жээнине шыбырады:
– Канышай, тиги Айдайды мен тааныйм.
– Кайдан?
Канышай элейди. Таежеси бир топко кысталып, акыры сөз баштады.
– Айдай биздин айылдагы Керим багып алган кыз. Тагыраагы, сенин таштап кеткен кызың...
– Эмне-е!
Бул сөздү укканда Канышайдын көздөрү чанагынан чыгып кете жаздады. Түркүн ойго кептелип, жүрөгү канап жатты...
Бул учурда Айдай акыйкаттын жоктугуна ыза болуп, ыйлагандан башка арга таппай, жол боюнда отурган.
– Болду эми. Бул шүмшүктөргө Кудай өз жазасын берет!
Жанындагы Зарина да соороткондон башка жардам көрсөтө албады. Аңгыча алардын жанына кийимдери тытылган, жүдөгөн кызуу киши басып келип акча сурай кетти. Ал Айдар эле.
– Кыздар, 5 сом бергилечи?
– Жок!
Зарина ачуусу келе ага бир тийди.
– Кечирип койгула, кыздар.
Айдар кетенчиктей берди. Тиги аракечтин артынан узата карап калган Айдай, так ошол адам өзүнүн атасы экенин билген жок.
– Жүрү, бул жакта отура бербей үйгө кетели. Көп ыйлаба, баары жакшы болот.
– Жок, Зарина, сен бара бер үйгө! Мен бир аз отурайынчы жалгыз.
Айдай тагдырына нааразы боло, бул жашоого жашагысы келбей турду.
– Жинди болбочу, сени таштап мен эч жакка кетпейм.
Зарина чөнтөгүнөн кол телефонун алып чыгып, психолог бир таанышына чала кетти. Аны менен жолукмакчы болуп, Айдайды жетелеп жөнөй бергенде, жанагы аракеч кайра
алдыларынан чыгып колун суна берди.
– Кыздарым, чыныгы сүйүүсүнөн айрылып, жашоодон үмүтүн үзгөн байкеңерге жардам бергилечи!
«Жашоодон үмүтүн үзгөн...» Ушул сөз Айдайдын кулагына шак дей түштү. Азыр бул аракечтен өзүнүн айырмасы жок эле. Экөөнүн тең жашоого тоюп турган чагы болчу. Токтоду да, капчыгын аңтарып, ага 50 сом кармата койду.
– Ырахмат, кызым.
Айдайга эмнегедир «кызым» деген сөз жакшы угулуп кетти. Анткени ал азыр алсыз болуп, атанын мээримине муктаж эле. Ошентип кызы алдында турганын билбей, атасы өз жолу менен, Айдай өз жолу менен кетти.

(Уландысы кийинки санда)

Асхат Субанбеков


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Башка сандарда:
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ (жаӊы сериал) 584-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ (жаӊы сериал) 585-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 586-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 587-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 588-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 589-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 590-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 591-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 592-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 593-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 594-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 596-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 597-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 598-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 599-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 600-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 601-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 602-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 603-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 604-сан
Комментарийлер(19)
31.03.2014. 09:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мынча аз жазасынар..!
31.03.2014. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ыы аз экен чын эле ((((
31.03.2014. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эхх дагы бир аз издену болгондо,жакшы болмок, канышай озунун кызы экенин ушинтип эле билип калабы?
31.03.2014. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Танкы 8ден баштап кутсом ушул эле!
31.03.2014. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кутуу,кутуу,кутуу!!!
31.03.2014. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кобуроок жазгылачы сураныч????
31.03.2014. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эки серияны бир эле жазып коюнуздарчы. Бир жума бою кутсок анан тез эле бутуп калса жаман экен
31.03.2014. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
хммм, дазы бир аз болсо жакшы болмок!
31.03.2014. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кообурак жазгылачы сурааныч
31.03.2014. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми берилип окуп кирсем бутуп калган турбайбы?
31.03.2014. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ай бат эле бутуп калабы?
31.03.2014. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
сураныч супер инфо узунрааак жазгылачы журокту сыкпагылачыыыы
31.03.2014. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айдайга борум ачып жатат бечара. Коптон жазыныздарчы? Тагдыр оюн коптон жазат элениздерго? Бул чота аз?
01.04.2014. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
иииииййй ииий мынча аааз....:((
02.04.2014. 01:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызыктуу жерине келгенде бутуп каланы жаман...эээх тагдыр таш боорсун...
02.04.2014. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куткуло
02.04.2014. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Свет очуп калгандай болдуго
03.04.2014. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Chyn ele,svet ochup,kutturup,anan kayra bir az kuyup-ochup kalganday ele boldu...
06.04.2014. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
iiiiiiiiiiiiiiii juroktu oorutpai kopton jazgylachy suranam.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо