ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК КЛИПТЕРГЕ АҢЧЫЛЫК КЫЛГАНДАР

№595 28-март-03-апрель, 2014-ж

Ырчылардын негизги визиттик карточкасы ыры жана клиби эмеспи. Алар өзүнүн чыгармачылык дареметин ыр-клип аркылуу билгизе алышат. Бул ирет биз айрым аткаруучулардын эл оозунда плагиат деп айтылып жүргөн эмгектери тууралуу сөз кылабыз. Ага авторлор да, клипмейкерлер да капа болбой, тескерисинче, жаңы күч, эргүү, идея менен чыгармачылыгын улантар деген үмүттөбүз.

АРАБЧА КЛИПТИ КАЙРА ЖАНДАНДЫРГАН АСЕЛ
Мындан 5-6 жыл мурун чыккан ливандык поп ырчы Нэнси Ажрамдын арабча «Enta eih» аттуу ырын унута элексиздерби? Мына ошол ырдын клибине ырчы Асел Кадырбекова жаңыдан жан берди десек жарашчудай. Кантип дейсизби? Аселдин «Кеттиң башкага» аттуу клибин көрсөңүздөр Нэнсинин эмгегин эстейсиздер. Эгер эки клип бир маалда жарык көрсө, мындай окшоштук боюнча, балким, бир учурда эки клипмейкерге бир идея келген болуп жүрбөсүн деп ойлоп көрмөкпүз. Бирок жыл жагынан алганда, ливандык ырчы утуп кетип жатпайбы.
Эми клиптеги окшоштуктарга өтөлү. Кыздын төшөктө жатканынан тарта туулган күнүнө торт көтөрүп келгени, жигиттин башка кызга көз салып, аны белинен имере тартып кучактап каткырып-күлгөнү, айтор, баары уурдалгандай. Мындай «смелый» кадамга клипмейкер Нурсултан Кубатов бардыбы же Аселдин сунушу болдубу, биле албадык.

ЖООДАРБЕШИМДЕН АССОРТИ
Плагиат клиптердин тизмесине Жоодарбешим да куру калбай, «Жан тумарым» чыгармасы менен илинди. Негизи, бул ырчы жигиттин чыкканына аз эле болду. Кала берсе эл оозуна дал ушул ыры менен алынбадыбы. Анан «ме сага» деп башталышында эле уурдалган идея менен чыкканы кызык.
Клипте Жоодарбешим көл жээгине отургучтарды коюп алып, сүйлөшкөн кызы менен көл жээктеп кубалашып ойногон күндөрүн эскерет. Ушул эле кадрлар, эстеп көрсөңүздөр, казак ырчысы Кайрат Нуртастын бир нече жыл мурун чыккан «Арманым» деген клибинде да кездешет. Анан да бул ырдын обонунан орусиялык «Фристайл» тобунун «Ах, какая женщина» деген ырынын «жыты» уруп турганын байкадыңыздар беле?


КЫЗЫКТУУ, БИРОК КӨЧҮРМӨ
Алмаз Шаадаев деген жаш жигит бар, ырчы. Жакында гана «Татынасың» деген ырына жаңы клип тарттырды. Бир көргөндө клиптин сюжети кызыктуудай сезилет. Бирок клип
Super.kg порталыбызга жүктөлөрү менен колдонуучулар плагиат деп шекшип киришти. Чынында эле Алмаз эл билбей калат дегенби, айтор, Фаррух Комилов аттуу өзбек ырчысынын «Тарам-тарам» деген ырынын клибин көчүрүп коюптур. Жүрөкчө сувенирдин ичиндеги бийлеген куурчак жигит, көз айнекчен кыз, баары эле эч ойлонбой көчүрүлгөндөй. Жок, ойлонбой деп туура эмес айтып алдым окшойт. Чыгармачыл топ бир аз ойлонгон сыяктуу, дегеним, клиптин кыргызча вариантынын финалы башкачараак. Бул клипмейкер Элдияр Өмүралиевдин идеясыбы же ырчы жигит Алмаздыкыбы, айтор, кантсе да жигиттерге мындан ары башкаларды туурабаган чыгармачылык эргүү каалап өтөлү.

ОКШОШТУКПУ ЖЕ...
Жогоруда атын атап өткөн Нурсултан аттуу клипмейкердин дагы бир эмгеги плагиатчылыкка «шектелүүдө». Эрнист Сыдыков тарткан Ильяз Абдыразаковдун «Адашкан сүйүү» деген клиби да уурдалгандай. Аны биз эле эмес, сайттын колдонуучулары да байкашыптыр. «Ашыгым, ай, алмашкыс асман, айым, аткан таңым, ай чырайым» деп ай чырайына жалбарган Ильяз машинасы менен шаардын сыртына чыгып кетет эмеспи. Сүйүктүүсүн эскерип отурган ырчы бир маалда эле костюм-шымчан чуркап, тоо бооруна чыгып жайгашып калат. Мына ушул кадрларды биз молдавиялык ырчы Дан Баландын «Эркиндик» («Freedom») аттуу клибинен көрдүк. Дан Балан дагы костюм-шымчан тоо боорунда чуркап аскага чыгып отурган жерлери бар.

star@super.kg


Чет өлкөдөн кынтыксыз уурдалган клиптер

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(95)
SUPER.KG видео
31.03.2014. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эми баштарына идея келбей жатса эмне кылышсын байкуштар.Ильяз туураса деле эн мыкты ырчы.
31.03.2014. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
))))))))))
31.03.2014. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Ильяздыкы кочурмого деле окшобойт
SUPER.KG видео
31.03.2014. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Кутмырза!Каттуу айтын бирок жаман айткан жоксун, бул сындарды жылдыздар туура кабыл алууга тийиш. Дос куйгузуп айтат душман суйундуруп айтат дегендей жылдыздарды аз да болсо ойлондуруп койдун.
31.03.2014. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
уят эле
31.03.2014. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
дан балан клипти францияда тарткан.молдавия денизге чыкпайт.
02.04.2014. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
samat-91, Молдавияда тартылган деген жок.. Молдавиялык деп турат.
02.04.2014. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Photoalbom, молдавиялык экенин уктум.молдавиянын тоолоруна асфальт толшолуптур ошон учун жалпак эле унаа менен келген деген жерин уксан.
SUPER.KG видео
31.03.2014. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
биздин клиптер негизи эле суп сак!!! обязательно кыз,машина,чон уй! андан башка эч нерсе жок.......
31.03.2014. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Изденгиле, жаңы идея ойлоп тапкыла, уят эле, калпы эле жылтылдай бергендин эч кызыгы деле жок. мен мындай клиптердин окшоштуктарын өтө эле көп көрөм, супер инфо деле байкаганын, көргөнүн жазып жатышат, дегеле булар бир бучкагы деңизчи. Кантсе да бул көчүрмөлөрдүн авторлору мындайдан алыстай болуш керек ушундан улам.
31.03.2014. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Uwu bizdikiler k0r0 albagany4y,k04urdubu ko4urbodubu,al bizdin,iw emes.
19.09.2016. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Oceana,коро албаган эмес_талантту адам эч качан мындай плагиат ойго барбаит _эми ошону оилоп кор!!!
SUPER.KG видео
01.04.2014. 00:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ИЛЬЯЗ баарибир супер ырчы!!!
01.04.2014. 01:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уят биздин ырчыларга
01.04.2014. 01:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Канткен менен Ильязды эл суйуп угуп жатат, калын эл тааныйт.
01.04.2014. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
hihihi=)))))))), sozdordu taap taap suilop koiupturgo=) , chyn ele izdengile da kochuro berbei!
01.04.2014. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
асельдин клибин коруп жиним келди.уят эле
02.04.2014. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Diana92kg,
Курамы окшош сайттарды жарнама кылууга же шилтеме калтырууга тыюу салынат! 3 күн банга!
02.04.2014. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
okeana... ,биздин иш эмес дегенин менен эл тараза эл сынчы дейт элибизде, ушул аты аталган ырчыларда туура кабыл алат деп ишенем.Андай боло берсе клиптин баркы кетип маданияттан оспойбуз. Мына элдин алдына чыгып чыкпай жатып биринчи эле клипи башка бироонун клипин уурдап, туура эмес.
SUPER.KG видео
02.04.2014. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дан Баландын клиби Франциянын Сен-Тропе деген курортунда тартылган!
SUPER.KG видео
03.04.2014. 01:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Замир Мырзанын Данияр Эрматов катышкан клипин корсонор озбектин ырчысы Гайрат Усмановдун клипине копия.Бир гана жеринде айырма аныкында кыз фотомодель мунукунда циркачка.
03.04.2014. 08:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
анан кантсин бечара )))
04.04.2014. 00:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ИЛЬЯЗ баарибир супер ырчы!
05.04.2014. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин клипмейкер соройлорубуз сунуштаган да, ырчылар билбейикалышы мумкун, жаны идея деп ырчыга сунуштады, мындай клиптердт корбогон ырчылар, макул болушту, ана эми плагиатты коро бер
05.04.2014. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ильяздын ар бир ырын суйуп угам , клиптери да жагат.
05.04.2014. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаны идея ойлоп тапкыла, анан бири бирин менен макулдашып иш кылсанар. Жети олчоп бир кескиле!
06.04.2014. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эми эмне иляз кандай кийинет силерден сурайбы оз калагандай кийинет да костюм шымды кийбей спортивка кийсе анда да бироо жарымга окшоштурсанар керек эле.
SUPER.KG видео
06.04.2014. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эн сонун ушуга окшогон шоу бизнестин жанылыктарын айтып турсанар жакшы болмок
SUPER.KG видео
09.04.2014. 02:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ekaterinburg bul jaktada kypchylyp jurot bashka ishin jokpu senin ozuno suroo berchi ne ish kyldym dep.en sonun show biznes ushunusu menen kyzyk.
SUPER.KG видео
12.04.2014. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Асельди откондо Эркиндик паркынан кордум,кундун суугуна карабай,жука койнокчон кайра-кайра камеранын алдында иштеп атты,сендвичтен жеп койуп)))).клип тарттырып атты окшойт.эмнеси болсо да биз учун аракет кылып атат да.татына.назик кыз экен.чыгармачылыгына ийгилик каалайм.
SUPER.KG видео
19.04.2014. 00:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошол чет олколук клиптер да туурагандыр ,уурдагандыр башкалардыкынан балким ???? Же бир эле биздин улуттагы эле ырчылар уурдайт бекен ??? Мындай нерсе болуп келген , болуп жатат жана боло берет буйруса !
SUPER.KG видео
04.05.2014. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы молодец дайарга тап дегендей оной болуптур личний расход жок бутуна эрте туруп кетет клип урдаганадар эээ замана качан онолобуз а
SUPER.KG видео
15.01.2015. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nanci Ajram
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо