ОШтун ЖАШООСУН ООРЛОТКОН ЭСТАКАДАЛЫК КӨПҮРӨ

№595 28-март-03-апрель, 2014-ж

Ош шаарына курулуп баштаган эстакадалык көпүрө учурда түштүк борборунун планы жагынан да, чыры жагынан да негизги орунда турат. Бул кандай болгон көпүрө? Эмне болуп башталып калган? Курулуп бүтөбү же казылган боюнча тура береби? Ушул сыяктуу суроолорго жооп издеп көрдүк.

60 ЖЫЛ ЖАШАП КОЙГОН КӨПҮРӨ
1947-50-жылдарга таандык Ош шаарынын Алишер Навои көчөсүндөгү көпүрөнүн ордуна Илимий изилдөө, долбоорлоо институту тарабынан жаңы көпүрө куруу сунушталган. Автотыгынды азайтуу максатында узундугу 345 метр, туурасы 24 метр, бийиктиги 19 метр болгон эстакадалык көпүрө куруу жергиликтүү бийлик тарабынан жактырылган.
Долбоорду даярдоо боюнча тендердик баасы 31 миллион 200 миң сом, курулуш боюнча 489 миллион 965 миң сомдук баа бычылган. Эстакадалык көпүрө куруу боюнча тендерди Кытайдын «Гуйсюэ» долбоордук компаниясы жеңип алып, долбоорун иштеп чыккан. 2013-жылы 23-сентябрда Ош шаарынын Ленин жана Масалиев көчөлөрүн бириктире турган эстакадалык көпүрөнүн курулуш иштери башталат. Ага байланыштуу Навои, Кара-Суу көчөлөрү жабылып, борбордук базарды да жылдыруу пландалган. 5-октябрда Ош шаарынын күнүндө экс-мэр Мелисбек Мырзакматовдун катышуусунда капсуласы ташталган. Бирок учурда көпүрөнү куруу иштери токтоп, жол бузулган абалында турат.

«ДЕПУТАТТАР МЕНЕН КЕҢЕШҮҮ КЕРЕК ЭЛЕ»
АБДУВАХАБ НУРБАЕВ, Ош шаардык кеңешинин депутаты:
– Бул көпүрө шаардын бюджетинен курулуп жаткандан кийин депутаттарга ортого салыныш керек болчу. Шашылыш түрдө башталып кетти. Эми биздин шаардык бюджетке да, жергиликтүү калкка да зыянын тийгизип жатат. Бул көпүрө башталганда эле катачылыктар кеткен. Шаардык прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгон. Тендер туура эмес жүргүзүлгөн. Долбоордун өзү бүтө электе курулуш иштери башталган. Учурда башка сунуштар түшүүдө. Биз караштырып, элге да, мамлекеттин капчыгына да туура келген вариантын тандап алабыз.
Экс-мэр Мелисбек Мырзакматов бул долбоор бүтө электе эмне үчүн көпүрөнүн курулушун мыйзамсыз баштап алганы боюнча пикир айткым келбейт. Бул маселени карап жаткан органдар бар, алар өз жыйынтыгын чыгарат.

«КООЗДУГУ БАШКЫ ПЛАНГА ЧЫГЫП КЕТКЕН»
НЫЙЗАМ НАСИРДИНОВ, көз карандысыз эксперт, архитектор:
– Биринчи долбоорду караганда ал 345 метр узундукта алынып, астынан жолдор өтүп, кооздугу башкы планга чыгып кеткен. Ош району жактан келаткан жүргүнчү ташуучу коомдук унаалар Кыргызстан көчөсү аркылуу келип, көпүрө менен өтөрдө кайра эле мурдагы көрүнүштө автотыгын боло бермек. Тыгын болбос үчүн эстакадалык көпүрөнүн капталынан, филармониянын астынан чыга турган бир канатын куруу керек. Башында эле көпүрө тыгындын алдын ала албасын байкаганбыз.

«КЫЛЫМДЫН КӨПҮРӨСҮ БОЛМОК»
НУРБЕК БАЕТОВ, Ош шаардык архитектура башкармалыгынын башчысы:
– Мурунку эскилиги жетип, авариялык абалда турган көпүрөнүн өзүн эле оңдоп коёлу десек, ага 150 миллион сом акча каражаты кетет экен. 2012-жылы экс-мэр, шаардык кеңештин депутаттарынын катышуусунда жыйын болуп, эски көпүрөнү бузуп, ордуна жаңы салуу боюнча протоколдор кабыл алынган. Биз ойлонуп шаардын келечеги үчүн бир аз акча сарптап чоңураак көпүрө салалы дегенбиз.
Азыр көпүрө даярдык этабында турат. Тендерден утуп алган кытай компаниясынын лицензиясы Кыргызстандын аккредитациясынан өтө электиги үчүн уруксат берилбеген. Мыйзамсыз тендер өтүп, мыйзамсыз компания тандалып калган болушу мүмкүн. А көпүрөнүн техникалык маселесинде мыйзамсыздык жок.
Бул көпүрө аябай кымбат, бир аз чыдап койсок кылымдын көпүрөсү курулмак. Биринчи долбоордогу көпүрө курулбайт деп эч ким айта элек. Эстакадалык көпүрөнү жокко чыгарып, кичинекей көпүрө кура турган болушса, мен ага шаардык архитектуранын жетекчиси катары уруксат бербейм.

Эстакадалык көпүрөнүн курулушу Мелис Мырзакматовдун демилгеси болчу. Ал шайлоо алдында калк ичинде аброй топтоого жардам бермек. Ойлогону ордунан чыкпай, Мелис Мырзакматов креслодон кур калып, көпүрөнүн курулушу да ортодо калды. Өкмөт болсо «көпүрөнү курууга акча жок» деп кол куушуруп койду. Эми бул чала бышкан боткону ким жээри белгисиз... «Эки дөө кагылышса ортодогу кара чымынга зыян» болуп Ош шаарынын тургундары гана зыян тартып турушат.

«Супердин» сурак бурчу
ПЛАНДАБАЙ ТУРУП КӨПҮРӨ КУРУУ КЕРЕК БЕЛЕ?

Тамара Айдекова, соодагер:
– Көпүрө биздин кийинки муун үчүн абдан керек. Курулушуна каршы эмеспиз, кыйналсак да чыдап койсок бүтүп калат. Бирок учурда курулуш иштеринин токтоп калуусу эң жаман болду. Жолу бузулуп, соода-сатыкка тоскоол болуп жатат. Бирдиктүү келишишип, бүтүрүп коюшса жакшы болмок.

Садыкбай Чоёнов, таксист:
– Жолдун абалын көрүп турасыңар, кары-картаңдар келип, баса албай калышканда көтөрүп четке алып барып коёбуз. Көпүрөнүн артында чоң саясат жүрүп жатат, бирок эмнеси болсо да элге, шаарга көпүрө керек. Эл аябай кыйналууда. Соодасы жүрүшпөй, насыяларын төлөй албай жүргөндөр аябай көп.

Аэлита Бакытбекова, студент:
– Кээ бирлер бул көпүрөнү Мелис Мырзакматовдун жеке кызыкчылыгы үчүн болду дешет. Кызыкчылыгы болсо да жөн коюш керек эле, мамлекеттин, шаардын, элдин кызыкчылыгы көпүрөнүн курулуп калуусу болчу. Эми качан башталып, эмне болот биз үчүн караңгы.

Идирис Кубатбеков, саясий серепчи
:
– Пландалбаган, мыйзамсыз болгон болсо анда тиешелүү органдар укуктук баасын берет. Бул көпүрө экс-мэр тарабынан шаардын кызыкчылыгы үчүн башталган. Аны саясатташтыруунун кереги жок. Бүгүн көпүрөнүн бүтүшү саясатчыларга эмес, карапайым элге зарыл.

Шайыркүл Тыныбекова, шаар тургуну:
– Көпүрөгө муктажбыз, бирок акча жетпесе баштабаш керек эле. Баштагандар деле акыл-эси жайында адамдар да, бир нерсеге көзү жеткени үчүн баштаган. Эгер азыркы жергиликтүү бийлик муну бүтүрө албаса, Мелис Мырзакматовдун өзүнө өткөрүп бериш керек. Башка айла жок.

Нуркасым Аркабаев, окутуучу:
– Кааласак да, каалабасак да ал жер оңдолууга муктаж эле. Келечекти ойлоп эстакадалык көпүрөнү пландашканы туура идея. Эми каражат жагы туура чечилип, курулуп калса шаардагы бир топ жол маселелери чечилип калмак. Бул көпүрөнү эч ким туура эмес башталды деп айта албайт.

Назигай Абдираимова, шаар тургуну:
– Эстакадалык көпүрөнүн курулушу шаар үчүн пайдалуу. Бийликтегилер элди ойлоп коюшса жакшы болмок. Жакшы жагынан бүтө турган иш чыр жана келишпестиктен улам эле артка тартылып жатат деп ойлойм.


Уулбү Каныбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(119)
02.04.2014. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Эмне учун элим-жерим деген инсандарды артака тартышат кайра Мелис Мырзакматовка окшогон инсандарга колдо коргозуп турса биздин Кыргызстан онкумок,биздин бийликтегилер оздорунун камын ойлошот элди ойлобойт.Мелис Мырзакматов болгондо копорода бутмок жана Ош шаарыбыз гулдомок.Мелис Мырзакматов мэр болгондон баштап ош шаары канчалык озгоргонун байкаган болсонуздар керек.
05.04.2014. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
periwtem, Элим жерим деген инсандар эл учун иштейберсе бийликтегилер акча жей албай калышатда эми Мелис мырза милиондорду копуро курганы жумшап койсо бийликтегилер эмнени жейт
09.04.2014. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rebel, Ошон учун биздин Кыргызстан онукпойтда,Алмазбек Атамбайев приздент болгондон бери эмне озгорду?эч нерсе озгоргон жок кыргызстан кайра карыз болуп калды ,элди ойлоп жебей оздорунун ак мээнети менен иштесе болмок бийликтегилер.
02.04.2014. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Оштун жашоосун оорлоткон копуро эмес,Мелис акени коро албагандар оорлоту окшойт?...
03.04.2014. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эмне бир адам баштаган ишти 128 депутат бутуро албайт азырак жеш керек ойлонгула же жоголгула
03.04.2014. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
feruz1, 128 депутат эмес бир Мелис мырзаны коро албастар ордунда иштетип турушканда баары башкача болмок элдин маанайыда зор болмок! Бирок Ош шаардык кенешинин 43 депутынын 24 козу кор кулагы керен саткын коркок депутаттары адилеттик учунда Мелис мырзаны шайлап коюууга жараган жок. Баарыбир ошол саткындар аларга буйрук берген элин ойлобогон жегичтер жооп беруучу кундагы келет..
03.04.2014. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Урматтуу жеп жутарлар азырак жеп ушул копурону бутуруп койгула озу кыргызстан эгемендуу болгондон бери ош шаарына копуро кура елек болсок керек.
03.04.2014. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мелис Мырзакматов мер болуп абдан сонун иштеген экен азыркы мер айтмамат кадырбаев далилдеп койду севеп дегенде жаштарга каршы болуп тирешип атат мелис мырза мындай кадамга барган эмес.мисалга алсак мелис мырзанын демилгеси мен курулуп жаткан копуронун курулушуна деги шаардагы курулуштарга каршы пикирлерин айтып бут тосуп атканы белгилуу болуп атпайбы
03.04.2014. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азыркы учурда бийликтегилер ачык айкын эле жакшы иштеп жаткан адамдарды артка тартып иштен кетирип пайдасы жоок адамдар келип олтурат жарандарды ойлобойбу алар не жарандар жок болсо кимге бийлик кылмак копуро эмес шаарда айрым кочолордун чырагы очуп жада калса конул бурулбай баратат бул факт ош шаарында жашаган жашоочулар билсе керек муну.Эмне болсо да ар бир бийлик башкаручууларыбызга инсап жана ыйман берсин
03.04.2014. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Колунардан келбегенден кийин эмнеге колунан келгенге бут тососунар, Мелисти алдынар бийликке келген мер эшек такалап атабы бутурсун ошол приздентибиздин он колу.
03.04.2014. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Макаланын аталышын "Оштун жашоосун оорлоткон бети жок бийлик" деп атаса дагы жакшыраак жарашмак.Же "Оштун жашоосун оорлоткон обу жок 24 депутат" "Оштун жашоосун оорлоткон бийликтеги Кыргыздын душмандары" десе жарашмак экен..
03.04.2014. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алга Кыргызстан тез-тез онуксунчу.Качан онугот озу?
04.04.2014. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
street,
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек! БАНга!
04.04.2014. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Депутаттар Мелистен улгу алгыла эч уялбагыла эмне учун бизде элим деп жанын берген адамдар иштоого укугу жок бул соз АШАга да тиешелуу
04.04.2014. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мелис бутуром дегенден кийин.. оздору бутуро албашына козу жеткенден кийин бербейби Мелистин озуно
04.04.2014. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эл журт бул жакка коментарий жазып отурбай келгиле андан коро азыркы мэрге Мелис мырза кандай иштеген болсо ошондой иштеп беруусун талап кылып чыгабыз. Бул жакта жазып коюп отура бергенден пайда жок убакыт ото берет экен алардын капчыгын толтуртуп андан коро талап коебуз эмне дейсинер?
04.04.2014. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tyn4ylyk bolso ele butot jakshy kundor da kelet osh shaarybyz en sonun shaar bolot
05.04.2014. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул комуро бутуп калса жакшы болбок
05.04.2014. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Койчу э, ххх мелис, мелис эле дейсинер, ошто андан башка колго урунар адамынар жокпу, мелис минтмек, мелис антмек, жокпу башка адам,
Модератор admin_media түзөттү 07.04.2014 12:52
05.04.2014. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
tiletork, biwkekte kim bar anan ait4y
07.04.2014. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tiletork,
Аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга жол берилбейт! 15 күн БАНга!
05.04.2014. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kyrgyzdar uwintip biri biribizdi artybyzdan chukugandy ele bilebiz
05.04.2014. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мелис Мырзакматовго эч ким жетпейт турабы тугандар жооп кутом
06.04.2014. 01:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
келгиле президент баш болуп ташиев алыстагы мигранттарды митинге чакырбай ушул копурону бутуролу копурону бутуролу деп митинг уюштургула баарыбыз келебиз макетти карагылачы ошубуз гулдойт го эгер бутсо ушул комен-ти деле окусанар керек уйуну деле жанылап бутуруп жашасан кандай сонун акыры шаар уйубуз го
06.04.2014. 01:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ана эл шайлаган депуттар минген машиналарды сатса деле бутот кандай акча жок жонле машинада журсо деле силерди ким карайт шайлоо болоордо бут бардык жерлерди аралап каласынар го анан неге азыр келбейсинер оштуктарды митинге чакырам ушинтип отура беребизби орун алмашууда сумма озгорбой жатат андан коро копурону озубуз куралы ташиев митинге чачкан акчана цемент кум алып копурону бутур омур бою элдин эсинде каласын мелистей болуп
06.04.2014. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми бутпой калат го ушинтип... (
06.04.2014. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ушуларды коруп туруп журок оорулуу боло турган болдум бир жакшына иштеп аткан мээрди алып башкасын койгонун карачы атка минерлердин козу кор кулагы керен болуп калган алар акча берсен корот анан угат эмне деген акмакчылык десен ыя
06.04.2014. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мелис Мырзакматов жакшы иштейт... А кийинки келгенчи атын деле атагандан уяласын оштун мэри десе..
07.04.2014. 02:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Momun-jigit, мен анын атын да билбейм билгим да келбейт Мелис эле келсинчи оордуна жакшы болмок
06.04.2014. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эмнеге бийлик ушунча чырды Мелис иштеп турганда чыгарбады, эмнеге Мелис копурону баштаганда окмот акча жок деп айтпады.Баары Мелис иштен кеткенден кийин айтылып атпайбы, кайран биздин бийликтегилер Акаев айткандай артын чукумай ойунду кучтуу уйронушту.
Модератор admin_portal түзөттү 07.04.2014 10:38
06.04.2014. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мага лично кочонун аты вообше жакпайт бул менин жеке оюм, копуро боюнча айта турган болсом кимде ким жол салса копуро салса соопко калат
07.04.2014. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nora_lelka,
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек. БАНга!
07.04.2014. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Силерге эскертүү!
Mederina11,
Кимдир-бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынат!
alai1987,
Далили жок, адамдын намысына шек келтирген сөздөрдү жазууга тыюу салынат!
10.04.2014. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшыдан башчы койсоң,
элди түзөтөөр, жамандан башчы
койсоң, элди жүдөтөөр деген ушулда.
19.04.2014. 02:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсыздарбы! Ушул комментарийлердин баары бийликтегилердин кулагына жетти бекен е?Жеткени менен да аткара коюушпайт го.Биздин бийлик жарабай калды,баары еле жеп жутаар,картайган ески кишилер,жаштарга оорун беришсе жакшы болмок.Канчалаган жаштарыбыз чет олколордон Жогорку окуу жайларын бутуп келишип жумуш жок аргасыз кайра еле чет олколоп жумуш издеп кетип жатышат.Кыргызстана деле толтура жан дили менен иштейм деген жаштар,мисалы:Мелис Мырзакматов ж.у.с.патриот жигиттер
19.04.2014. 03:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен жаштарды да бийлике бирдей алып кетип иштетсе демек елем,анан Супер инфодон суранмак елем мени да банга жибербейсиздерби?жеке адамдын укугун бузуп,кемсинтип же сын сын пикир айтпадым болуш керек.Коркуп калдым озум жаны еле катталган болчум.
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо