Салтанат Аширова:«КЫРГЫЗСТАНДА МЫНДАН АРЫ ӨСӨ АЛБАЙМ»

№595 28-март-03-апрель, 2014-ж

Бүгүнкү каарманым Салтанат Аширова «ар бир үй-бүлөдө музыкага жакын жок дегенде бир адам болот. Биздин үйдө да баарыбыз караокеде ырдай алабыз»дейт. Ырчы айым менен болгон баарлашуу назарыңыздарда.

САЛТАНАТ ТУУРАЛУУ

  • Бишкек шаарында чоңойгон.
  • Улуттук консерваториянын эстрадалык бөлүмүн аяктаган.
  • «Жаңы толкун» сынагына 2 жолу жолдомо алып, бири 24-мартка, экинчиси 7-апрелге туш келип, революциялардын айынан барбай калган.
  • Эки жыл «Элес» тобунда ырдаган.
  • Учурда жаңы чыгып келе жаткан Аяна Касымова, Айыма Айылчиева аттуу кыздарга устат.
  • Михаил Булгаков, Пауло Коэльо, Жером Сэлинжер, Жек Лондондун чыгармаларын кызыгып окуйт.

– Саламатсызбы? Берген маектериңизде дайыма «атактуу болгонго аракет кылбайм» деп айтасыз, бирок учурда телеберүүлөргө активдүү катышып, эл көзүнө көрүнүп, атактуулукту көздөй бара жатасыз, буга эмне дейсиз?
– Саламатчылык. Ооба, атактуулукка жулунбайм. Учурда атым чыгып, эл таанып жатканы – менин музыкага болгон сүйүүмдүн гана жыйынтыгы. Мен өзүмдү атактуулуктан эмес, музыкадан издейм. Биздин коомдо статусу жогору адамдар бааланат. Бирок минген Лексусуң, кымбат баалуу кийимиң сен жашаган чөйрөгө жарашпаса эмне кыласың? Ал үчүн баары ошол нерсеге төп келиши керек да. Андыктан мен өзүмө эч качан ушул ырды жаздырып, клип тарттырып жылдыз болуп кетем деп максат койгон эмесмин.
Мен көп концерттерде ырдайм, улам-улам чакырышат, уккусу келишет. Ошонун артынан көбү таанып калышты окшойт мени. Эгер сүйгөн жумушумду сапаттуу аткарып, ал нерсе мени атактуулукка жетелесе эмнеге болбосун, ал эмгегимдин жемиши да.

– Сахнада өзүңүздү абдан эркин алып жүрөсүз, сиздеги ташкындаган позитив атайын сахнадагы образыңызбы же жашоодо да ошондойсузбу?
(Каткырып) Жок, азыр маңдайыңыздарда кандай болсом, сахнада деле ошондоймун. Шоу-бизнесте назик, сулуу кыздын образы менен жүргөндөр көп, бирок алар реалдуу жашоодо андай эмес. Антип кыйналгандын эмне кереги бар? Мени көптөр «зажигалкасың» деп айтышат. Анткени көрүүчүлөрдүн менден эмнени каалап жатканын билем, алар каалаган нерсени бергим келет. Биздин коом ансыз деле кыйын күндөрдү башынан кечирип жатат, акча, жумуш, бүтпөгөн көйгөй деп жүрүп эс алганга же чер жазып музыка укканга убактысы жок. Аларга биз, ырчылар, позитив, энергия бербесек ким берет?!

– Сиздин кыргыз шоу-бизнесиндеги максатыңыз?
– Чынын айтсам, максатым деле жок, жөн гана жаштарга сапаттуу музыканы тандоого жол көрсөтсөм дейм. Биздин эл музыканы жакшы түшүнөт, ким жасалма, ким чын жүрөгүнөн ырдап жатканын билип коёт. Сулуу келбетиң, чымыр дене түзүлүшүң менен сахнада кармалышың мүмкүн, бирок убактылуу гана. Анан да өзүбүздү бир калыпка сала бербешибиз керек, ар бир адам өзүнүн уникалдуулугун түшүнсө деп ойлойм. Каалаганыңды кыл, кемчиликтериңден уялба, эл сөз кылат деп коркпо, көп китеп оку, дүйнө таанымыңды өзгөрт, айтор, өзүң бойдон кал. Жеке принцибим ушундай.

– Кайрымдуулук концерттерге активдүү катышып, социалдык видеороликтерге көп тартыласыз, мындай иштер сизге эмне берет?
– Социалдык видеороликтерге чакырышат, чын дилимден барып бекер тартылып берем. Азыр адамдар кайдыгер болуп калышкан, андай оор кырдаал өзүнүн башынан өтпөсө болду, ага тиешеси жоктой жүрүшөт. Мен муну менен «келгиле, адамдар, биригели, коомдо ушундай көйгөй болуп жатат, бири-бирибизге кайдигер карабайлы» деген ойду айткым келет. Кээде өзүм кайрымдуулук иштерин уюштуруп жиберем. Жакында эле карылар үйүнө барып концерт коюп келдик. Досторум тамак жасашып, мен эски ырлардан аткарып берип карыларга аз да болсо жакшы маанай тартууладык.

– Өзүңүздү чет өлкөдө сынап көргүңүз келбейби?
– Казакстанга барганда бизди профессионал музыканттар деп абдан сыйлашат. Орусияда да көп ырчылар мени таанышат. Леонид Агутин, Владимир Пресняков, «А’Студио» менен чогуу ырдап калгам.Чет өлкөдөн талантымды сынагым келет, «X-фактор», «Голос» сыяктуу берүүлөрдөн. Эгер мени колдоочулар табылып, аталган сынактарга катышып келсем жакшы болмок. Менин продюсерим же бай демөөрчүм жок, бирок талантым бар. Жолдошум чыгармачылыгымды колдойт дечи, бирок миллионер эмес да. Ал эми Кыргызстанда дагы каякка өсөм, Улуттук консерваторияны бүттүм, мектепте вокалдан сабак берем, өзүмдүн окуучуларымды тарбиялайм. Ырчы Нурлан Мамбетов экөөбүздүн «The M.A.P» деген тобубуз бар, алар менен чакырууларга барабыз, мына ушул менин ийгиликтерим.

– Сиздеги ырчылык талант кимден өткөн?
– Атамдан өттү го дейм. Атам Эмил Аширов барабанда ойночу, Чоро Кожомжаров, Алтынбек Сапаралиев менен филармонияда чогуу иштеп, мурунку Совет өлкөлөрүн кыдырып гастролдоп эле жүрчү. Мен атама окшошмун, ал дагы атактуулукка кызыкпаган киши болчу. Мен ырчы болом деп жүргөндө «кыз кишиге ырчы болуу кыйын, башка эле тармакты тандасаңчы» деп көп айтчу. Тилекке каршы, 2001-жылы атам каза болуп калды. Үй-бүлөдө эки бир тууганбыз, кичүү сиңдим бар.

– Жеке жашооңузда жагдай кандай?
– Баары сонун, жолдошум Руслан экөөбүздүн үйлөнгөнүбүзгө беш жыл болуп калды. Эки жарым жаштагы Раян деген уулубуз бар. Жолдошум чыгармачылыгымды колдойт, мен жөнүндө сындар айтылса, мага жан үрөп күйгөн адам. Берген маектеримде аны мактап койсом, кадимкидей сүйүнүп калат. Башында Руслан үй жумуштарына такыр кол кабыш кылчу эмес, көпкө чейин көнө албай жүрдү. Тажаганда «колдон келген жардамыңды берчи, мен жетишпей жатам» деп сурандым, ошону түшүнүп, азыр үй жумуштарына кол кабыш кылып калган.
Ал эми уулум Раян англисче, орусча тамгаларды жатка билет, Айпадды өзү ачып, оюндарды ойнойт. Иреттүүлүктү жакшы көрөт, оюнчугун алган жерине коёт, бейбаш эмес. Жакында уулумду атасына калтырып, досторум менен Таиландга барып эс алып келгем, атасы ыр жаттатыптыр. Аны уулум мага телефондон айтып берип жатпайбы, сүйүнгөнүмдү сураба.

– Эс алуунун кандай түрүн тандайсыз?
– Мага эс алуунун кереги жок, музыка мени эс алдырат. Бирок кээде тынчтыкты каалап калганда жакшы түш көрсөм эс алып калам. Негизи, кичинекей баласы бар энелердин эч качан уйкусу канбайт. Ошон үчүн аталар апалар үчүн деп атайын эс алуу күнүн белгилеп койсо кана эми?.. Ошол күнү апасын жалгыз калтырып, уулун жетелеп сейилдеп кетсе чоң жеңилдик болмок.

– Бардык айымдар сыяктуу эле кийимди модасына карап тандайсызбы?
– Адамда табит деген нерсе болот. Ошого жараша кийинсе эле адам жаңылбайт. Жарашпаган кийимди деле мода деп кийип алсаң уят болосуң го. Айымдар үчүн түбөлүк модада бул – көйнөк. Анткени көйнөк айымды назик, келишимдүү көрсөтөт. Бирок мен көйнөк көп кийбейм, анткени көп чуркайм, иштерим көп, ошон үчүн өзүмө ыңгайлуу кийим кием. Кечээ жакында ФИФАнын президенти келиптир, ошол жактагы чакырууга көйнөк кийип бардым.

«Жолдошум экөөбүз уулубузду жакындарга гана ишенип таштайбыз, болбосо өзүбүз карайбыз».

«Атам «Арашан» эстрадалык ансамблинде музыкант болуп иштечү».

«Мектепте окуп жүргөндө эле ырдачумун».

Лунара Бекиева
star@super.kg


"Элес" тобунун мурунку ырчысы Салтанат Аширова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(47)
01.04.2014. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ой кудай ай дагы ким болуп кетти бул?
01.04.2014. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Таныбайт экем
SUPER.KG видео
01.04.2014. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+26
Как приятно слышать позитивного челевека,без всякого пафоса, фальши.Вы Настоящий Профессионал своего дела.Уверена 100%, Вы ещё споёте песни на родном языке, которые станут Хитами.Успехов Вам во всём и Удачи!
Очень понравился новый образ- яркий, теплый как солнышко)))
SUPER.KG видео
01.04.2014. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
Моя любимая Салтанат Аширова! Как же я вас люблю! A дуэт Нурланом Мамбетовым the best! Отличное интервью! Вы не только талантливая певица но и прекрасный педагог ваши ученицы Аиыма и Аяна тому пример)
SUPER.KG видео
02.04.2014. 01:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Она молодец, уважаю таких людей!
02.04.2014. 06:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин каалаганыбызды берсе,бергиси келсе анда кезек жетпей калат го мага.
SUPER.KG видео
02.04.2014. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Салтанат, мен сенин тексттериңди бекер которуп берүүгө даярмын.
02.04.2014. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Биринчи жолу корушум кайсы ырды созот?
02.04.2014. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
kurguz..., Аткарган ырлары коп угуп корунуз, мага жагат ырдаганы
http://www.super.kg/media/?search_term=Салтанат+Аширова&search_author=0&media_search=1&x=0&y=0
SUPER.KG видео
02.04.2014. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
ОО, ушундай адамдар коп болсо... Позитив тартуулайт экен. Жон эле ха-ха, хи-хи эмес, а коп окуп, копту билген адам экен. Азыр мындай адамдар озгочо, ой жугуртуусу башкача деп эсептелип калбады беле. Анын сынарында, башкача адам экен )))
SUPER.KG видео
02.04.2014. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Чыныгы профессионал, чыныгы талант, бирок эн башкысы акылдуу, сонун,оз кесибин суйгон, кастарлаган инсан!Жандуу ырдаганын угуп, калын калкка кенири таанылса деп журдум эле.Россиянын "Голос"деген беруусуно катышуунузду каалайт элем.Ийгилик сизге!)
02.04.2014. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Дагы бир,белгисиз "звезда".
SUPER.KG видео
02.04.2014. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
мага да жагат ушул кыз.
SUPER.KG видео
02.04.2014. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Жагымдуу, сонун маек болуптур.Биздин сахнадагы ырчылардын кобунон так жана даана айырмаланын турат экен, анткени кобу сахнаны акча табуу булак катары корушот б.а сый жок. Билимдуу жана аркыл ойлонгон Салтанат айым абдан туура, маанилуу кенештерин бериптир.Чыгармачылыгыныз оркундоп осо берсин!!!
SUPER.KG видео
02.04.2014. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-14
замандаштар айткылачы эмнеге оз тилинде суйлобойт? орус тили бизди аксаттыго деги баары эле чала кыргыз болуп.
02.04.2014. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Таланты кучтуу кыз!
SUPER.KG видео
02.04.2014. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
bargo de4i axaxa
SUPER.KG видео
02.04.2014. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
болтушка сонун суйлойт экен,ийгилик сага азаматсын,бирок окунучтуусу кыргызча билбегени.озу айтып откондой уйронуп кетсе андан мыкты болот го.
SUPER.KG видео
02.04.2014. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Эне тилин билбеген,Элин суйуп жарытпайт!
03.04.2014. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Кыргызстанда осо албаган чет олкодо осот имиш.
SUPER.KG видео
03.04.2014. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
опять жарма-патриоты про язык.. (
SUPER.KG видео
03.04.2014. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Салтанат у тебя Шикарный голос, но уммоляю тебя приведи себя в форму, похудей и на лицо косметологические процедуры или подтяжку чтонибудь сделай, хочется твои песни и клипы знал чтоб весь мир, но гордость за твой голос уменьшает твоя внешность, не обижайся, но лучше горькая правда чем сладкая ложь! Ты так добьешься еще большего!
SUPER.KG видео
03.04.2014. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
мен темиштин созуно кошулат элем,эгерде мумкунчулугунуз болуп калса ошол рассиянын "голос"деген беруусуно озунузду сынап корсонуз демекмин себеби сизде чыныгы голоту кордум ал жерге сизге окшогон таланттуулар барып ырдап чыгып жатышат,сиздин стилиниз,жасалма эмес экениниз айырмаланып турат ушунуздан жазбаныз,чыгармачылык ийгилик.
03.04.2014. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Тааныбаймын...
04.04.2014. 03:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Кыргызча ырдабайтко бул патриотка.
04.04.2014. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Ким бул?
SUPER.KG видео
04.04.2014. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бизде ушундай таланттуу ырчылар коп эле,мындай таланттууларыбызды озубуздо сактап отура бербей эл аралык фестиваль конкурста алып чыкса жакшы б-т эле окунучтуусу андай конкурстарга кайдан жайдан эле эч ким коруп укпаган ырчыларды таап чыгып эле жоното беришет Салтанат айымга окшогондорду мамлекет тарабынан атайы даярдап чет жерлерге чыгарса кыргыздын атын да чыгарып маданиятына чооон авторитетти алып келеерине 100пайыз ишенет элем
05.04.2014. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Биринчи жолу коруп атам бул кызды. Озун шоу-бизнесиндемин, жылдызмын деп ойлойт окшойт. 2-3 ырды ырдасале болду жылдызмын деп жатып калышат.
05.04.2014. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Билбейм, тааныбайм дегендер күйгүзшөт. Издеп таап окуп, угуп көрүп анан таасын бир ою болсо айткандын ордуна. Кызыл өрүк, тикодон башканы укпасаңар тааныбайсыңар да. )
05.04.2014. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
мактанчак экен ото
SUPER.KG видео
06.04.2014. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
эмнеге эне тилин билбеген элин суйуп жарытпайт дегенге минис коюп жатасыздар? таланты бар болсо да кыргыз элине кереги тийбейт го дейм? орусча суйлоп, орусча ырдаса кетип эле калбайбы россиясына
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо