Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Арсен:«ШОУ-БИЗНЕСТЕ АЗГЫРЫК КӨП»

№595 28-март-03-апрель, 2014-ж

Арсенди жаңы чыгармачылыкка аралашканда «ырдай албайт» деп кемсинткендер да болуптур. Бирок ырчы мырза Юрмаладагы «Жаңы толкун» сынагында 4-орунга татып, жандуу ырдап бир нече жолу жеке концертин берип, ал кепти жокко чыгарды. Арсен мырза бул жолу бизге өзүнүн ички сырларын ачып берди.

«МАШИНАНЫН ДӨҢГӨЛӨКТӨРҮ МЕНЕН ОЙНОГОНБУЗ»
– Бала кезден айрымдардай болуп оюнчуктарга бай болуп ойногон жокмун. Биз көчөдөгү балдар менен чүкө ойночубуз. Анан да машинанын дөңгөлөктөрүн алып өзүбүз ар нерсе жасап ойногонубуз эсимде. Чоңойгондо болсо спорт менен катуу машыктым. Бизде, Таласта күрөшкө барбаса адам болбойт деген түшүнүк бар болчу. Ошон үчүн элден калбайын деп мен дагы 5-класстан 9-класска чейин грек-рим күрөшү менен машыктым. Анда классика менен эркин күрөштөгү балдар ортосунда атаандашуу аябай күч эле, эки жаат болуп көп мушташтык. Эркек болгондон кийин спорт менен машыгыш керек деп ойлойм. Азыр деле кесиптеш досторубуз башка командалар менен футбол ойноп турабыз. Кошумча бокс, бий менен алектенем. Кыскасы, убактымды текке кетиргим келбейт.

«МЕКТЕПТИ КӨП АЛМАШТЫРДЫМ»
– Кээде чыгармачылыгымды, азыркы күндөрдү атам көрсө болмок деп аттиң кылам. Ал киши болсо мен мынчалык кыйналбасам керек эле. Жашоо шартка байланыштуу көп жолу мектеп которуп жүрүп, улам жаңы классташтарыма аралаша албай, эрке жаным билинбей түнт болуп кеткем. Мына быйыл, буюрса, 25-майда 10 жылдыгым өткөнү турат. Жакын катышкан досторум деле бар дечи, бирок бир класс болуп майрамдасам кандай сонун болмок. Бир жерде туруктуу окубаганыма байланыштуу 10 жылдыкты да көп классташтарым менен тосо албайм деп өкүнөм.

«ЫРЧЫЛАР МЕНИ КӨП БАСЫНТЫШКАН»
– Таластан 8-классты бүтүп, Бишкекке келип Финансылык техникумга тапшырдым. Ошол жактан досум Омар менен таанышып, чыгармачылыкка кызыгуум артты. Мен жаңы кыргыз эстрадасына аралашып баштаганда азыркы эле айрым кесиптештер көп жерден намысыма тийишчү. Сөз менен болбосо да баскан-турганы менен, бул ырдаганды билбейт дегендей мамиле кылышкан. Мен болсо андай басынтууларга чөгүп калбай, тескерисинче, чыйралып, ырларды жазып, иштей бердим.
Ырчы болгондон кийин азгырык, интрига, ушактар көп болот экен. Ушул кезге чейин менин дарегиме айтылган жагымсыз сөздөргө маани бербей, чыгармачылык менен алпурушуп келем. Мен көбүнчө сүйүү темасында ырдайт эмесминби. Адам өзү билген нерсесин кылыш керек деп ойлойм. Андыктан ырларым аркылуу башымдан өткөн, ичимде болуп жаткан сезимдерди берип келем.

«ҮЙЛӨНҮҮ ТУУРАЛУУ ОЙЛОНУП КАЛДЫМ»
– Мурун жактырган кыздарым болгон, бирок бирөөсү менен да мамиле курган жокмун. Ал кезде өзүмө көп ишене алчу эмесминби, айтор, кыздарга сезимимди билдиргенден ийменет элем. Азыр болсо жүрөгүмдүн ээси бар. Ал кыз менен интернеттеги социалдык тармактардын биринен таанышкам. Чынында, аны мени менен сүйлөшпөсө керек, теңине албаса керек деп ойлочумун. Жөнөкөй кыз экен, балким, ошол жактан экөөбүз бири-бирибизге төп келдик. Ал деле таң кала берет, «мен эч ким менен сүйлөшчү эмесмин. Кантип сени менен байланышып кеттим?» деп. Буйрук окшойт, табышып калдык.
Мурун, чынында, үйлөнүү тууралуу көп ойго келчү эмес. Азыр ойлонуп калдым. Бирок өзүм айтпадымбы, орто жолдо туугандардыкында жүрүп чоңойдум деп, ошон үчүн келечекте үй-бүлөм, балдарым андай акыбалда калышын каалабайм. Кала берсе менин азыр да таяна турган адамым жок. Үйлөнгөнгө жараша келечекти ойлоп, пайдубалды бекем куруп, анан үйлөнөм деп жүрөм.

«МЕНИН СТИЛИМ
– Менин кийинген стилим – кэжуал. Жарым спорттук, жарым классикалык стиль. Бул стилдин мага ыңгайлуулугу жагат. Мода, бренд дегендерге кызыкпайм. Кийим тандаганда да өңү, фасону жакса эле ала берем.

«ТЕМИР ТУЛПАРЫМ»
– Биринчи жолу чыгармачылыкка аралашып калганда БМВ үлгүсүндөгү күмүш түстүү унааны сатып алгам. Анда да досторум «ушул жакшы, сага да ылайыктуу» деп кеңеш беришкен эле. Андан кийин бир жолу эле алмаштырдым, ошол эле үлгүдөгү БМВны кара түстөгүгө. Унаа алмаштырганды жакшы көргөндөр бир жыл ичинде эле 4-5 жолу алмаштырышат эмеспи, мен андай нерсеге көп деле кызыкпайм.

«ЖАШООДОГУ ЭҢ КЫМБАТ АДАМЫМ»
– Менин жашоомдогу эң кымбатым бул – апам. Апам менин чыгармачылыгымды дайым түшүнөт, колдоп, «мен сага ишенем» дейт. Апам 52ге чыкты. Учурда айылда иним менен чогуу турушат.

Гүлжамал Бөрүкулова,
Адилет Бектуров
«Maryotel
» мейманканасына ыраазычылык.
star@super.kg


Арсен: "Кызганбаган кыз таптым"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(60)
SUPER.KG видео
29.03.2014. 22:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
ким бул?
SUPER.KG видео
29.03.2014. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Арсен чыгармачылыгын мындан дагы оркундоп онуго берсин! Арсендин уну, келбети бар болгон учун Кыргызстандын жузун " Новая волна" конкурсунда татыктуу коргозо алган. Арсен андан дагы чон бийиктиктерди багынта бер! Негизгиси турмушта бактылуу бол !
SUPER.KG видео
30.03.2014. 01:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aaaiyyyy.... sonun maek boluptur!!!! molodec!!! respect!!! =) baktyluu bol jana orubai ui-bulondun, dostorundun arasynda juro ber!!!
SUPER.KG видео
30.03.2014. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
???????????????
SUPER.KG видео
30.03.2014. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы маек болуптур, чечкиндуу жигит экени корунуп турат, ишине ийгилик каалайм!
SUPER.KG видео
30.03.2014. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Alga Arsen , aman bol jakshu jigit.
SUPER.KG видео
30.03.2014. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ай ушу болунгону болунгон , бору жеп кетсе экен.
SUPER.KG видео
30.03.2014. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ушул жигит ырдай албайт деле.Ырлару маанисиз и уккулуксуз.Бир дагу адамдун ушунун урларын угуп жатам дегенин уга элекмин. Супер инфо башка ырчулар жок бекен?!
SUPER.KG видео
31.03.2014. 01:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ушул коро албастык сапатты артка эле таштап койгулачы жаштар! Арсен силердин ырыскынарды талашып жаткан жери жок! Арсен оз ырыскысын Алладан алып оз окатын кылып журот! Адамды сыноо учун ошол адамдын денгээлине жетиш керек!
SUPER.KG видео
31.03.2014. 02:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Urmat myrza tuura aitat, kyrgyzdar ozu kichinekei ele elbiz, bolunboston, yntymakta bolup biribiribizdi koldoi bileli. Arsen jakshy bala jana menin ozumdun balamdy Arsendei jakshy bolsun dep atyn Arsen koidum, birok Arsen ekoobuz taanysh bolbosok da baldardan jana elderden ugup ozum da anyn yrlaryn jaktyram,oshol sebepten Arsen maga kyrgyz ideal yrchysy degim kelet
31.03.2014. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бизде да орундуу, маданияттуу суйлогон ырчы жигит бар екенине суйнуп атам.
Модератор admin_portal түзөттү 31.03.2014 15:45
31.03.2014. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Красавчик урматтайм Арсенди!!!!!
31.03.2014. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mikatagaev,
Кимдир-бирөөнү мазактап, кемсинтүүгө тыюу салынат! Эскертүү!
31.03.2014. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Молодец ийгилик!!!!!!!!!!!!
31.03.2014. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мага стили озгочо жакты, ушундай болуп кийинип алгандар жагат да))))
31.03.2014. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таянаарга тоом жок десе ата-энеси бир тууганы жок окшойт депмин апаныз бар экен кудайга шугур.Бактылуу болунуз!!
01.04.2014. 06:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бакыт каалайм. Таланттуу шайыр жонокой бала.
01.04.2014. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Нарцисс
01.04.2014. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Реалдуу создор, кенештер жана максаттар . Эл ичинде сый - урматка татыктуу!
02.04.2014. 02:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Братан адуши ойдогудай анча мынчага пышкандайсын, колдойм чыгармачылык ийгилик! Бактылуу бол!
02.04.2014. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
эээхххх арсен.сенин бир тыныраак ырын барбы деги?????клиптер толтура а бирок уккулуктуу олутту кыйраткан бир да ырын жок.давай досвидания
SUPER.KG видео
02.04.2014. 23:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алып баручуу кыз кундон кунго жагып баратат суйууп калдымго
03.04.2014. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Как же я его люблю...милый ,добрый и всегда улыбчивый!
03.04.2014. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Арсен эн соонун ырларды ырдайт мыктысын!!!
05.04.2014. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
орусча акцент менен ырдагайтко
06.04.2014. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
arsendin bawka yrchylardan unu, stili m.n aiyrmalanat. maga jagat chygarmachy.ga iygilik
SUPER.KG видео
06.05.2014. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Корушпой калдык де?)))
SUPER.KG видео
20.09.2014. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Билидуу чечкиндуу жигит экен.
Медиа-портал
18.03.2015. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арсен азаматсын сага ийгилик биз сени ар дайым колдойбуз! . журналист кызга айтып кетмекчимин кичине жылмайып жагымдуураак болуп суроолорун узатса болмок конулу калган кишидей айла жок сурап аткандай корунот экен рахмат .
Модератор admin_media түзөттү 2015-03-18 10:46:45
Медиа-портал
18.03.2015. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jibulina,
Порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер же сунуштар болсо admin@super.kg электрондук дарегине жазып жөнөтсөңүз болот.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо